Просмотр содержимого документа
«Химия. Металлдар темасы боюнча тест. 9-класс»
К.М
ХИМИЯ. 9-КЛАСС МЕТАЛЛДАР темасы боюнча тест
1.Металлдык кристалдык торчодогу атомдор жана он заряддалган иондордун жана бош электрондордон турган электрондук газдын ортосунда пайда болгон байланыш:
А) коваленттик байланыш Б) иондук В)металлдык
2.Эн ийилчек металл А)күмүш Б) алтын В) калай
3.Кыйынчылык менен балкып эриген металлдардын балкып эрүү температурасы : А) 500о С дан жогору Б)1000оСдан жогору В)1000оС дан төмөн
4.Эн оной балкып эриген металл: А) сымап Б)калай В)вольфрам
5. Жумшак металлдар болуп саналат : А)Na, Ca, Al Б)Na, K, Li В)K, Mg, Al
6. Жер бетинде кенири тараган металл: А)темир Б)алюминий В)никель
7 . Коррозияга учурабайт: А)щелочтуу металлдар Б)асыл металлдар В)щелочтуу жер металл
8.Көпчүлүк метеориттердин составына кирет : А)алюминий Б)кальций В)темир
9.Эн оор металл: А)осмий Б)ванадий В)цезий
10.Өчүрүлбөгөн акиташтын формуласы : А)CaO Б)Na2O В) MgO
11.Төмөнкү туздардын кайсынысында калийдин %тик саны көп? А)KCl Б)KBr В) KNO2 Г) KClO3
12.Суунун шордуулугун кайсы туздардын иондору пайда кылат? А) Na+ K + Б)Mg 2+ Ca2+ В)Al3+ Ca2+ Г)Ca2+ K+
13.Н.ш. 2моль щелочтуу металды сууда эриткенде канча көлөм суутек бөлүнүп чыккан? А) 22,4л Б)11,2л В)5,6л Г)2,8л
14.Химиялык жактан активдүү болгон кайсы металлды керосин астында сактайт? А) Hg Б)Mg В)K Г)Cu
15. Эмне себептен алюминийден жасалган буюмдарды сымап жана анын кошулмаларынан алыс кармаш керек? А) амальгама пайда болот Б)үстүнкү бети карарат В)суутек бөлүнүп чыгат Г)оксид пайда болот Д)дат басат
16. Негиздик алюминий карбонатындагы Al OHCO3 алюминийдин жана көмүртектин массалык үлүшүн % менен аныктагыла А) w(Al)-18.2% , w(C)-10% Б ) w(Al)-24,3%, w(C)-11,84% В)w (Al)-38% , w(C)-22,2% Г)w(Al)-26%, w( C)-11,53%
17. Өнөр жайда кайсы металлды балкыган оксидин электролиздөө жолу менен алынат? А)Na Б)Mg В)Al Г)Zn Д)W
18. Металлургия канча тармакка бөлүнөт? А)3 Б)2 В)12
19. Чоюн болоттон кайсы заттын көп болушу менен айырмаланат? А) Mo Б )Ni В) C, Si
20.Металлдарды өнөр жайда алуунун теориялык негиздерин окутуучу илим бул -. А) коррозия Б) металлургия В) кендер
21. Кара металлургияга кирет... А )темир жана анын куймалары Б) алтын В) күмүш
22. Коррозия деген эмне? А)дат басуу Б)чирүү В)буулануу
23.Темир кендеринин кайсынысында темир көп? А)Fe2O3 Б)Fe3O4 В)FeS2
24.Жез менен никелдин куймасы эмне деп аталат? А) коло Б)латунь В) мелхиор
25.Домна мешиндеги химиялык процесстердин теориялык негиздерин ким иштеп чыккан?А) Г.Бессмер Б) М.А.Павлов В) П.П.Аносов