СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия. Кычкылтек . азот топчосу боюнча тест

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Кычкылтек , азот топчосу боюнча кайталоо 

Просмотр содержимого документа
«Химия. Кычкылтек . азот топчосу боюнча тест»

ХИМИЯ. КЫЧКЫЛТЕК, АЗОТ ТОПЧОСУ боюнча тест 9-класс

1.Кычкылтектин кычкылдануу даражасы -1 ге барабар болгон зат: а)О2 б)Н2О в)Н2О2 г)СО д)Н2SO4

2.Көмүртек менен суутектен турган 16г затты күйгүзгөндө 44г көмүртектин (IV) оксиди жана 36г суу алынган. Реакцияга кирген кычкылтектин массасын (г) аныктагыла. а)44 б)80 в)64 г)16 д)60

3.Кайсы кошулмада күкүрттүн кычкылдануу даражасы +6? a)H2S б)H2SO в)NaHSO3 г)FeS2 д)H2SO4

4.Күкүрт кислотасын контакттык жол менен өндүрүүдө кайсы катализатор колдонулат? а)Cr2O3 б)AICI3 в)Ni г)Mn2O7 д)V2O5

5.Күкүрт кислотасын алууга мүмкүн болгон реакция: а)SO3+H2O= б)SO2+H2O в)H2S+O2= г)S+H2O= д)Na2SO4+H2O=

6.400г 10%-түү күкүрт кислотасы менен 2,61г барий нитратынын аракеттенишүүсүнөн канча г чөкмө пайда болот? а)233г б)23,3г в)2,33г г)0,233г д)0,0233г

7.Суютулган күкүрт кислотасы кайсыл зат менен аракеттенишет? а)күмүш б)темир в)алтын г)күкүрттүн (IV) оксиди

8.Суутек менен кычкылтектин аралашмасын ширетилген айнек идиштин ичинде 300оС температурада кармаса, бир канча күндөн кийин суу пайда болот. Эгерде температураны 500оС ге жеткирсе,анда суу бир канча сааттын ичинде пайда болот. Көрсөтүлгөн тажрыйбада эмненин таасиринен реакциянын ылдамдыгы өзгөрдү? а)реакцияга кирген заттардын концентрациясы б)температура в)реакцияга кирген заттардын бетинин чондугуна г)катализатор

9.Эки пробиркага бирдей цинктин кичинекей бөлүкчөлөрүн салып, бирине массалык үлүшү 20% күкүрт кислотасын, экинчисине массалык үлүшү 10% болгон күкүрт кислотасын куюшкан. Көрсөтүлгөн тажрыйбанын негизинде кандай тыянакка келүүгө болот? а)реакциянын ылдамдыгы температурага көз каранды б)реакциянын ылдамдыгы катализаторлорго көз каранды в)реакциянын ылдамдыгы реакцияга кирген заттардын концентрациясына көз каранды г)реакциянын ылдамдыгы реакцияга кирген заттардын беттерине түз пропорциялуу.





10.Реакция төмөнкү схемада жүрөт: N2+O2→2NO реакциянын ылдамдыгына кандай таасир этет эгерде: 1)N2 концентрациясын эки эсеге көбөйтсө; 2) N2 концентрациясын эки эсеге көбөйтсө, а О2 нин концентрациясын эки эсеге азайтса? а)1. Эки эсеге көбөйөт 2.төрт эсеге көбөйөт б)1. Эки эсеге азаят 2.өзгөрбөйт в)1. Эки эсеге көбөйөт 2.эки эсеге көбөйөт г)1. Өзгөрбөйт 2.эки эсеге көбөйөт д)1. Эки эсеге көбөйөт 2.өзгөрбөйт

11.Н.ш 0,5 моль азоттон жана -,25 моль хлордон турган аралашма кандай көлөмдү ээлейт? а)22,4л б)4,8л в)9,6л г)16,8л д)11,2л

12.Азот менен 1,5г суутек аракеттенишкенде канча литр аммиак пайда болот? а)11,2 б)17,8 в)14 г)15,6 д)16

13.Аммоний туздарынын спецификалык касиеттери боюнча ажыроодо бөлүнүп чыккан зат: а)O2 б)NH3 в)N2 г)H2 д)N2O5

14.Концентрацияланган азот кислотасын магнийге таасир этүүдө кайсы газ бөлүнүп чыгат? а)NO б)NO2 в)N2O3 г)NH3 д)N2O

15.Төмөнкү фосфор кислоталарынын кайсынысы метафосфордук болуп аталат? а)НРО2 б)НРО3 в)Н3РО3 г)Н3РО4 д)Н4Р2О7

16.Төмөнкү заттардын кайсынысын таасир эткенде, фосфат иону сары чөкмөнү пайда кылат? а)CuSO4 б)Hg(NO3)2 в)CaCI2 г)KI д)AgNO3

17.Ag3PO4 тузун алыш үчүн кайсы туздардын эритмелерин кошуу керек? а)AgCI; Na2HPO4 б)Ag2SO4; Ca3 (PO4)2 в)AgNo3; K3PO4 г)AgBr; AIPO4 д)CH3COOAg; Ba3 (PO4)2

18. 40% кальций фосфаты бар 10кг сөөк унунда канча кг фосфор болот? а)0,4 б)0,6 в)0,8 г)1,0 д)1,2

19.Мочевинанын (NH2)2CO составында канча % азот бар? а)24,5 б)32,2 в)40,8 г)46,6 д)50,4

20.Заттардын кайсынысы селитра болуп эсептелбейт? а)KNO3 б)NH4NO3 в)(NH4)2SO4 г)Ca(NO3)2 д)NaNO3




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!