ХИМИЯ 8-КЛАСС ГАЛОГЕНДЕР
1.Ашказан зилинде кайсы кислота бар? А) HF Б)HCI В) HBr Г) HJ Д) H2S
2.Кайсы галоген эн чон терс электрдүүлүккө ээ? А) фтор Б) хлор В) бром Г) йод Д ) астат
3.Уулуу ,кызыл-күрөн түстөгү, жыты жагымсыз оор суюктук кайсы галоген? А) фтор Б) хлор В) бром Г) йод Д)астат
4.Кайсы галогенид –ион AgNO3 түн эритмеси менен чөкмөнү пайда кылбайт ? А) F Б) CI В) Br Г ) J
5. 508 г иодду калий иодидинен сүрүп чыгарыш үчүн н.ш. канча литр хлор керек? А)11,2 Б) 22,4 В)33,6 Г)44,8 Д)56
6.Галогендердин подгруппасынын кычкылдандыруу касиеттеринин жогортон төмөндү карай төмөндөшү эмнеге байланыштуу?
А) атомдук масса Б)сырткы электрондук катмардагы электрондордун санына
В)электрондордун жалпы санына Г)галогендердин атомундагы энергетикалык денгээлдердин санына Д) ядронун зарядына
7.Кайсы галогенид-ион AgNO3 түн эритмеси менен чөкмөнү пайда кылбайт? А) F- Б) CI- В) Br- Г) J-
8.Туз кислотасы алынуучу реакция: А) AgCI+H2CO3= Б) H2 +CI2= В) NaCI+H2 = Г) CI2+NaOH=
9.Хлор менен суутек аракеттенгенде н.ш.67,2л HCI алынган. Реакцияга кирген CI2 массасын (г) тапкыла? А)106,5 Б) 35,5 В)426 Г)21,6 Д)71
10. 0,5 моль хлор менен суутектин аракеттенишүүсүнөн канчалитр HCI пайда болот?
А) 1л Б)44,8 В)11,2л Г)22,4л Д)2,24л
11.Атомдун түзүлүшүнүн планетардык моделин ким,кайсы жылы аныктаган? А)Г. Мозли,1913 Б)Д,Д,Иваненко,1932 В)Э.Резерфорд,1911 Г)Д.И.Менделеев,1869 Д)Гейзенберг ,1930
12.Бир эле химиялык элементтин изотопторунун эмнеси окшош болот?
А) атомдук массасы Б) протондун саны В)молярдык массасы Г) нейтрондордун саны Д) массалык саны
13.Атом кандай элементардык бөлүкчөлөрдөн турат? А) ядро жана электрондордон Б)нейтрондордон жана протондордон В) электрон жана протондордон Г)нуклондордон Д)электрон жана нейтрондон
14. Плавик кислотасы же фторлуу суутек кандай кислота HF А) күчтүү Б) орточо В) начар
15.Литий атомунун сырткы энергетикалык катмарындагы электрондордун саны: А)4 Б)1 В)2 Г)3 Д)7
16.Мезгилдерде элементтердин катар номеринин өсүшүнө жараша, алардын оксиддеринин касиеттеринин өзгөрүшүн көрсөткүлө. А)оксиддердин негиздик касиети күчөйт Б)оксиддердин негиздик касиети начарлайт, кислоталык касиети күчөйт В)оксиддердин негиздик касиети күчөйт, кислоталык касиети начарлайт Г)оксиддердин кислоталык касиети начарлайт
17.Уюлсуз коваленттик байланыш деген эмне? А)терс электрдүүлүгү бирдей болгон атомдордун ортосундагы байланыш Б)жупталган электрондор аркылуу пайда болгон химиялык байланыш В)иондордун ортосундагы байланыш Г)терс электрдүүлүгү менен анча-мынча гана айырмаланган атомдордон п.б. химиялык байланыш д)молекулалардын ортосундагы байланыш
18.Төмөнкү заттардын кайсыларынын молекулалары уюлсуз коваленттик байланышта? А) HCI, CI2, H2O Б) H2, O2? CH4 В) H, HBr,HCI Г) H2,O2,N2 Д) CH4,CI2,H2
19.Кайсы кошулмада коваленттик байланыш донор-акцептордук механизм боюнча түзүлгөн? А)N2 Б)HCI В)NO2 Г)NH3 Д)NH4CI
20.НВг-молекуласындагы жалпы электрондук жуп кайсы элементтик атому жакка топтолот? А)бромдун атому жакка Б)суутектин атому жакка В)өзгөрбөйт