СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия боюнча мисал чыгаруу

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Химия боюнча мисал чыгаруу»


КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТЕРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Табият таануу жана география факультети

Табигый-математикалык билим берүү кафедрасы

“БЕКИТЕМИН”


КПИнин усулдук кеңеши

Төрага____________________

“____”______________2018жыл.



СТУДЕНТТЕРДИ ОКУТУУ ПРОГРАММАСЫ

(Syllabus)

8-9-класстын химиясы боюнча окуу-усулдук комплекс


Даярдоонун багыты

Адистиги: 550100 – Биология

Окуунун түрү: күндүзгү



Окуу планы боюнча сааттардын планы


Дисциплинанын аталышы,

семестр

Сааттар

Отчеттуулук

Бардыгы

Аудиториялык

СРС

Аудит.

Лекция

Лабор. Семин.

8- семестр

экзамен

8-9-кл. химия

8-семестр

60

(2 кред)

28

16

6 6

32


Окуу – усулдук комплекс жогорку профессионалдык билим берүүнүн 550100 “Табигый илимий билим берүү” багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын жана БатМУнун 550100 “Табигый илимий билим берүү” багыты боюнча бакалаврды даярдоочу жумушчу окуу планынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.


Табигый – математикалык билим берүү кафедрасынын протокол №1 04.09.2018-ж. отурумунда талкууланып, сунуш кылынган

Кафедра башчысы: Абдибайитова А.А.


Тузгөндөр: Абдибайитова А.А, Ташов А.П.






  1. Дисциплинанын аталышы: “8-9-класста химия”

Окутуучулар жөнүндө маалымат: Абдибайитова А.А., Табигый – математикалык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу, кафедра башчысы, жалпы эмгек стажы – 36жыл, БатМУда – 11жыл. Каб 103

  1. Байланыш үчүн маалымат: кафедрасы 207

Иштөө мөөнөтү: жадыбал боюнча

Тел.: моб. 0777305061

Электрондук дарыги: [email protected],


Учурдагы көзөмөл тууралуу маалымат:

1-модуль үчүн учурдагы көзөмөл 2 жолу жүргүзүлөт, 2-модуль үчүн дагы 2 жолу учурдагы көзөмөл жүргүзүлөт.

1. Түшүндүрмө кат

Курстун максаты: студенттерге жалпы жана органикалык эмес химия боюнча түшүнүк берүү, маңызын ачып көрсөтүү, мисалдарды иштеп үйрөтүү.

Курстун милдеттери:

  • Органикалык эмес химия негизги илимий теориялык жана илимий изилдөөнүн усулдары менен тааныштыруу аркылуу студенттердин илимий дүйнө таанымын калыптандыруу;

  • Студенттердин негизги химиялык түшүнүктөр менен тааныштыруу;

  • Табиятта жүргөн химиялык жана физикалык кубулуштардын мааниси тууралуу даана түшүнүк берүү:

  • Тирүү организмдерде жүргөн химиялык процесстердин мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүү.



  1. Окуу усулдук комплекстин аннотациясы

    1. Негизги билим берүү программасындагы дисциплинанын орду

8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” боюнча окуу усулдук комплекс 550100 “Табийгый илимдер боюнча билим берүү” багытында“Биология” адистиктерине бакалавр даярдоо үчүн иштелип чыкты.

Окуу – усулдук комплекс жогорку профессионалдык билим берүүнүн 550100 “Табийгый илимий билим берүү” багыты боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын жана БатМУнун 550100 “Табийгый илимий билим берүү” багыты боюнча бакалаврды даярдоочу жумушчу окуу планынын талаптарына ылайык иштелип чыкты.

“Табийгый илимдер боюнча билим берүү” академиялык даражасы бакалавр – квалификациясы үчүн бул дисциплина базалык болуп эсептелет, окуу программаларынын вариативдик бөлүмүнүн базалык (Б.З.- жалпы профессионалдык) айлампасына кирет жана 550100 “Табийгый илимий билим берүү ” багытындагы бакалаврды профессионалдык даярдоодо эң маанилүү орунду ээлейт. Сунушталып жаткан “8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” боюнча окуу усулдук комплекс студенттердин профессионалдык багытын жана орто мектепте химия курсун окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлдү.

Окуу планы боюнча 4-курстун 8-семестрине 2 кредиттик саат пландалып, жалпы эмгек сыйымдуулуктун жалпы көлөмү 60 саатты түзөт. Анын ичинен:

Лекция 16

Семинардык сабак 6 саат

Лабораториялык сабак 6 саат

32 саат студенттердин өз алдынча иштери (студенттердин мугалимдин көзөмөлү менен бирдиктеги өз алдынча иштери – 16 саат, студенттердин өздөрүнүн гана аткарган өз алдынча – 16 саат), башкача айтканда бардык аудиториялык саат – 28 саат, бардык аудиториядан тышкары саат – 32 саат.

Пререквизиттер.

“8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” курсу студенттердин мектептеги алган

билимдерине негизденээри калетсиз. Мектеп программасындагы органикалык эмес химиянын, биологиянын, географиянын, физиканын жана табият таануунун негиздеринин маанилери, маңызы, материалдары эсепке алынат. Студент аталган курстардын маселелерин, суроолорун заманбап теориялардын көз карашында анализдей, синтездей жана чечмелей алуусу керек.

Постреквизиттер:

Берилген программада химиялык татаал эсептерди чыгаруунун жолдорун үйрөнөт, биологиялык, органикалык химияны, биохимияны, кванттык химияны, химиялык экологияны, биогеографияны, геоэкологияны, табигый илимдердин негиздерин өздөштүрүүдө түздөн-түз зарыл болгон маселелерге, маанилүү темаларга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Программанын материалдары предметтер аралык байланыштарды да эсепке алуу менен тандалды.


1.2. Курсту окуп үйрөнүүнүн максаттары жана милдеттери “8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” предметин окутуунун максаты болуп студенттерде дүйнөгө болгон химиялык көз карашты өнүктүрүү, жалпы жана органикалык эмес химиянын негизги жоболору, закондору боюнча терең билимге, заттар менен эсеп иштөө көндүмдөрүнө, ыктарына ээ болуу эсептелет. “Органикалык эмес химия” курсу 550100 “Табигый илимий билим берүү” багытындагы “Биология” профилдери боюнча даярдоодо студенттерге билим берүүнүн бүтүрүүчү жылындагы эң негизги фундаменталдык химиялык дисциплиналардын бири болуп эсептелет.

Курстун милдеттери:

  • Химиялык тилдин (органикалык эмес заттардын номенклатуралары) жана химиялык классификациянын негиздерин сабакта эсеп чыгарууда академиялык тилде туура сүйлөөгө үйрөтүү.

  • Элементтердин жана алардын кошулмаларынын касиеттеринин өзгөрүү закон ченемдүүлүктөрү жөнүндө студенттердин негизги түшүнүктөрүн калыптандыруу.

  • Студенттердин химиялык лабораторияда иштөөнүн жана органикалык эмес заттарды синтездөөнү эсеп чыгарып, маселени туура жүргүзүү көндүмдөрүнө ээ болуусу.


  1. Дисциплинаны окуп үйрөнүү боюнча усулдук сунуштар


Дисциплинанын мазмуну органикалык эмес жана координациялык кошулмалардын номенклатурасы жана классификациясына байланышкан негизги суроолорду камтыйт. Химиядагы негизги түшүнүктөр жана закондор. Атомдордун жана молекулалардын түзүлүшү. Химиялык байланыштар. Эритмелер. Электролиттик диссоциация. Кычкылдануу-калыбына келүү реакциялары. Мезгилдик закондун жана элементтердин мезгилдик системадагы алган ордунун негизинде элементтердин касиеттеринин закон ченемдүү өзгөрүүлөрү, химиялык элементтердин жана алардын кошулмаларынын химиясы. Элементтердин жана алардын кошулмаларынын химиясын системалуу окутуу мезгилдик системанын кыска мезгилдик варианты боюнча жүргүзүлүп, группанын жалпы мүнөздөмөсүн, элементтерди алуунун негизги сырьелук булактарын жана аларды кайрадан иштетүүнүн жолдорун, элементтердин эң маанилүү кошулма кошулмалардын негизги түрлөрүнүн түзүлүшүн жана алардын физико-химиялык мүнөздөмөлөрүн, элементтердин биологиялык ролун жана кодонулушун, элементтердин кошулмаларынын жана жөнөкөй заттардын химиялык касиеттерин кучагына алат.

Элементтердин кошулмаларынын химиялык касиеттерин кароо алардын кычкылдануу даражалары боюнча жүргүзүлүп, үч маанилүү мүнөздөмөнү камтыйт: кислоталык – негиздик, кычкылдануу – калыбына келүү касиеттери. Элементтердин кошулмаларынын химиялык касиеттери мезгилдик системанын закон ченемдүүлүктөрүнүн негизинде каралат. (кислоталардын жана негиздердин диссоциациясынын, стандарттык электроддук потенциалдардын, комплекс пайда кылуунун константтары).

Жогорку профессионалдык билим берүү мекемелеринде ар түрдүү маданий, улуттук, социалдык группалардын өкүлдөрүнөн турган студенттер окушат. Ошондуктан окуу планынын ар бир предмети боюнча мугалимдер окуу процесси менен тарбиялоо иштерин айкалыштырып иштөөдө көп кырдуу маданияттуу тарбия берүү багытында иш алып баруулары тийиш.

Окуу дисциплиналарында көп кырдуу маданияттын компоненттеринин болушу кош маселени чечүүгө мүмкүндүк берет:

Студенттердин жаңы билимди алууга кызыгуусун арттырат жана ошол эле мезгилде курчап турган дүйнөгө болгон ар түрдүү көз карашты сунуштайт. Студенттердин өз алдынча иштерин уюштурууда, оюн сабактарын уюштурууда студенттердин көп кырдуу маданияттуулуктарын эске алып, аларды көп кырдуу маданий тарбиялоо иштерине багыттоо зарыл.

Дисциплина ПК-2, ПК-3, ПК-4, ПК-5, ПК-6, ПК-9 сыяктуу профессионалдык компотенциялардын түзүлүү максатын көздөйт.

Дисциплинаны окутуу төмөндөгүдөй окуу процессин уюштуруунун формаларын камтыйт: лекциялар, семинардык сабактар, лабораториялык практикум сабактары (лабораториялык иштер жана синтездер), студенттин өз алдынча иштери.


Окуу-усулдук комплекстин материалдарын пайдалануу боюнча сунуштар


Окуу – усулдук комплексти колдонууда адегенде курстун мазмуну жана структурасы жөнүндө жалпы түшүнүк алуу максатында дисциплинанын жумушчу окуу программасын окуп, үйрөнүү зарыл. Дисциплинаны окууда өз алдынча иштер маанилүү роль ойнойт, анткени ал маалыматтардын булактарын билүүгө, аларды аныктоонун усулдарынын, көрсөткүчтөрүнүн системасын билүүгө арналат.


Дисциплинанын айрым темаларын окуп үйрөнүү боюнча сунуштар

Дисциплинаны окутуу окуу процессинин төмөндөгүдөй уюштуруу формаларын карайт.

  • Лекциялар

  • Семинардык сабактар

  • Лабораториялык практикум

  • Студенттердин өз алдынча иштери

Лекциялардын курсу үч бөлүмдү камтыйт:

Химиялык маселелердин түрлөрү жана анын чыгарылышы жөнүндө

8-класстын мисал жана маселелерин иштеп чыгаруу

9-класстын мисал жана маселелерин иштеп чыгаруу

Лекциялык сабактар мультимедиалык техника, демонстрациялык эксперименттери пайдалануу менен жүргүзүлсө максатка ылайыктуу болот. Лекциянын мазмуну, материалдары дайыма учурдун илимий басмаларында жарык көргөн илимдин жаңылыктары , изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен толукталып туруусу тийиш.

Семестр ичинде студенттер менен окутуучунун катышуусу менен болгон талкуу түрүндө өтүүчү семинардык сабактар өтүлөт. Мында окутуунун интерактивдик формаларына көбүрөөк орун берилет. Семинардык сабактарда ар түрдүү группаларда жайгашкан элементтердин химиясынын өзгөчөлүктөрү айкын чагылдырылган, ар түрдүү даражадагы татаалдыктагы маселелер жана суроолор талкууланат.

Лабораториялык практикум 8-9-класста химия боюнча мисал иштөө курсунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелип, лабораториялык практикумду өткөрүүдө студенттер теориялык алган билимдерин пайдаланып, тажрыйба жүргүзүүнүн ыкмаларын өздөштүрүшүп, көндүмдөргө ээ болушат. Практикум химия кафедраларынын эң жакшы жабдылган лабораторияларынын базасында VIII семестр ичинде окутулат.

Ар бир студент элементтердин жана алардын маанилүү кошулмаларынын мүнөздүү касиеттерин тереңирээк чагылдыруучу лабораториялык жана органикалык эмес синтездин методдорун өздөштүрүүгө, алынган затты идентификациялоого максат кылып коюлган иштерди аткарышат. 8-9-класста химия боюнча мисал иштөө курсун ийгиликтүү өздөштүрүү үчүн студенттин өз алдынча ишинин негизин түзүүчү тапшырмалар (модулдар) сунуш кылынат. Модулдарды ар бир студент өз алдынча лекцияларынын конспектилерин же сунуш кылынган адабияттарды пайдалануу менен аткарып, белгиленген мөөнөттө мугалимге жыйынтыктарын тапшырат. Модулдук тапшырмалардан тышкары, студенттин өз алдынча иштери семинардык, лабораториялык сабактарга даярдануусун камтыйт.


3. Дисциплинанын жумушчу программасы


Б.З

8-9-класста химия боюнча мисал иштөө Химиянын негизги түшүнүктөрүнүн жана закон ченемдүүлүктөрүнүн мүнөздөмөсү, органикалык эмес заттардын негизги класстары, атомдун түзүлүшү, химиялык реакциялардын типтери, химиялык элементтердин мезгилдик закону жана мезгилдик системасы, эритмелер, химиялык элементтердин касиеттери, химия илиминин өнүгүүсүнүн келечеги жана жаратылышты коргоонун стратегиясы; социалдык маселелерди чечүүдөгү химиялык билимдердин ролу жана маанисин чагылткан мисал, маселелерди чыгаруу




3.1 Дисциплинаны өздөштүрүүнүн деңгээлине болгон талаптар


“8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” дисциплинасын окугандан кийин студент төмөндөгүдөй компетенцияларга ээ болуусу тийиш:

  • Органикалык эмес химиянын теориялык фундаменталдык бөлүмдөрүнүн негиздерин билүүсү (ПК-2);

  • Информациялык маалыматтардын базасын пайдаланып, алынган натыйжаларды талкуулоодо химиянын негизги закондорун пайдаланууга жөндөмдүү болуусу (ПК-3);

  • Химиялык заттарды алуунун синтетикалык, аналитикалык методдорунун аларды изилдөөнүн негиздеринин реакцияларды, химиялык эксперименттин көндүмдөрүнө ээ болуусу (ПК-4);

  • Химиялык өнөр - жайлык өндүрүштүн сырьелук жана энергетикалык сарптоолорун эске алуу менен анын химиялык, физикалык жана техникалык негиздерин билүүсү (ПК-5);

  • Химиялык тажрыйбаларды жүргүзүүдө заманбап окуу – илимий приборлорду жана жабдууларды иштете билүүнүн көндүмдөрүн ээ болуусу (ПК-6);

  • Химиялык заттарды анын физикалык, химиялык касиеттерин билүү менен колдоно билүүсү болуп, кетүүчү тобокелдиктерге баа берүү, химиялык лабораторияда иштөөнүн коопсуздугу боюнча көндүмгө, ыкмаларга ээ болуусу (ПК-9);

“8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” дисциплинасын окуп бүткөндөн кийин

студент төмөнкүлөргө ээ болушу тийиш:

  • органикалык эмес кошулмалардын классификациясын жана номенклатурасын, органикалык эмес химиянын теориялык негиздерин (жөнөкөй заттардын жана алардын кошулмаларынын составы, түзүлүшү, физикалык, химиялык касиеттери, алынуу жолдору) билүүсү;

  • кислоталык-негиздик жана кычкылдануу калыбына келүү комплексти пайда кылуу реакцияларынын химиялык теңдемелерин туура жаза билүүсү, химиялык эсептөөлөрдү жүргүзүүсү; химиялык лабораторияда эксперимент жүргүзүүнү пландоосу; эксперименталдык жыйынтыктарды туура интерпретациялоосу тийиш;

  • Элементтердин мезгилдик закону жана мезгилдик системасынан келип чыгуучу закон ченемдүүлүктөрдүн негизинде заттардын касиеттерин сыпаттай алуусу;


Калыптанган компетенциялар

8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” дисциплинасын өздөштүргөндөн кийин студент төмөндөгү компетенцияларга ээ болуусу зарыл:

· Жалпы илимий (ОК):

  • Маалымат жыйноо, анализдөө жана алынган маалыматтарды интерпретациялоо көндүмдөрүнө ээ болуу жана аларды журналга түшүрүү (ОК-1);

  • Илимдин ар түрдүү тармактары боюнча билимдердин базасына ээ болуу (концепциялар, теориялар, методдор, технологиялар) жана аларды толуктап турууга жөндөмдүү болуу (ОК-2);

  • Алынган билимдерди практикада ийгиликтүү колдоно билүү (ОК-3);

  • Изилдөөнүн планын иштеп чыгып, аны аткаруу жана изилдөө процессин түзөтүүгө (жетекчинин жардамы менен) жөндөмдүү болуу (ОК-4);

  • Профессионалдык маселелерди чечүү үчүн билген тажрыйбаларын жана идеяларын бере билүү (ОК-5);

  • Проектерде иштөө ишмердүүлүгүнүн көндүмдөрүн пайдалана билүү (ОК-6);

  • Билим алууга жана өнүгүүгө дайыма даяр болуу (ОК-7);

· Инструменталдык (ИК):

  • Жеке ишмердүүлүгүнүн сапатына жоопкерчиликтүү болууга жөндөмдүү (ИК-1);

  • Мамлекеттик жана расмий тилде кесиптештери жана башка кызыкдар адамдар менен мамиле жасай алат, маселени чечүүгө байланыштуу тема боюнча ооз эки жана жазуу жүзүндө өз оюн айта алат (ИК-2);

  • Жаңы кырдаалга жана анын натыйжаларына баа берип, ал кырдаалга ыңгайлаша алат (ИК-3);

  • Класстын, мектептин деңгээлиндеги маселелерди чечүүдө системалуу негиздеп, баалап, лидердик көндүмдөрүн көрсөтүп, башкаруучулук чечимдерин кабыл алууга жөндөмдүү (ИК-4);

  • Компьютер менен иштөөнүн эркин көндүмдөрүнө, билгичтикке ээ (ИК-5);

· Социалдык –инсандык жана жалпы маданий компетенциялар (СЛК)

  • Ар түрдүү кызматтарды аткаруу менен командада эффективдүү иштейт (СЛК-1);

  • Көп маданияттуу коомдогу мамилелерди жөнгө салып туруучу этикалык жана укуктук чен мерчемдерди билет жана маданият аралык айырмачылыктарына карабастан окуучулар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзөт (СЛК-2);

  • Маданият аралык компетенциялардын көндүмдөрүнө ээ (СЛК-3);


· Жалпы профессионалдык компетенциялар (ОПК)

  • өзүнүн профессиясынын социалдык маанилүүлүгүн түшүнүү (ОПК-1);

  • ар түрдүү илимдерден алынган системалаштырылган теориялык жана практикалык билимдерди пайдалануу (ОПК-2);

  • Профессионалдык кеп маданиятынын негиздерине ээ болуу (ОПК-3);

  • Профессионалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары үчүн жоопкерчилик (ОПК-4);


· Педагогикалык ишмердүүлүктүн алкагындагы профессионалдык компетенциялар (ПК):

  • Окуу программаларын ишке ашырууга жөндөмдүүлүк (ПК-1);

  • Заманбап усулдарды жана технологияларды колдонуу (ПК-2);

  • Окуу-тарбиялык процесстин жыйынтыктарын билүүнүн заманбап усулдарын колдонуу (ПК-3);

  • Социалдык өнөктөштөр, кесиптештер, ата-энелер менен өз ара мамиле жасоого даяр болуу (ПК-6);

  • Окуучулардын жана тарбиялануучулардын, студенттердин ден-соолугун жана өмүрүн коргоону камсыздоо (ПК-8);

Атайын компетенциялар (СК):

  • материяны уюштуруунун химиялык формаларынын өзгөчөлүктөрүн, жердин эволюциясындагы органикалык эмес жана органикалык системалардын ордун, литосферанын, гидросферанын жана атмосферанын бирдигин, жер жүзүндөгү заттардын химиялык көп түрдүүлүгүнүн ролун түшүнүүгө жөндөмдүү болуу (СК-1);

  • Негизги химиялык жана физикалык түшүнүктөрдү, химиянын жана физиканын фундаменталдык закондору жөнүндө билимдерди, химияда жана физикада окутулуучу процесстерди жана кубулуштарды эң жакшы билүү (СК-2);

  • Химиялык кошулмалардын жана жөнөкөй заттардын составы, түзүлүшү жана химиялык касиеттери жөнүндөгү билимдерге ээ, атомдордун жана молекулалардын электрондук түзүлүшү жөнүндө түшүнүктөрү бар, заттардын химиялык айланууларынын закон ченемдүүлүктөрүн билет (СК-3);

  • Заттарды анализдөөнүн классикалык жана заманбап усулдарын билет; тажрыйба жүргүзүүгө, лабораториялык изилдөөлөрдү баалоого жана анализдөөгө жөндөмдүү (СК-4);

  • Организмдердин биорегуляциясынын химиялык негиздери жана органикалык дүйнөнүн өнүгүүсүнүн закон ченемдүүлүктөрү жөнүндөгү билимдерге ээ (СК-5);

  • Химиялык өндүрүштөрдүн технологиялык процесстеринин негизги принциптери жөнүндө билимдерге ээ (СК-6);

  • Адамдын айлана-чөйрө менен коопсуз туруктуу өз ара мамилесин камсыздоо боюнча чечимдерди билет жана химиялык чөйрөнүн агрессивдүүлүгүн баалоо жөнүндө көндүмдөргө ээ (СК-7);


3.2 Дисциплинанын түзүлүшү жана эмгек сыйымдуулугу


Иштин түрү, семестр

күндүзгү

IV курс, VIII семестр


Жалпы эмгек сыйымдуулук аудиториялык саат

Лекция

Практикалык сабак (семинар)

Лабораториялык иштер

өз алдынча иштер

курстук иштер же проекттер

Рефераттар (бар болсо)


Аудиториядан тышкары өз алдынча иштер (эсептик-графикалык тапшырмалар, типтүү эсептер ж.б.).

Өз алдынча даярдануу (теориялык материалды өз алдынча окуу, практикалык сабактарга текшерүүлөргө ж.б. даярдануу).


60 саат

16 саат

6 саат

6 саат

32 саат


+ студенттин тандоосу боюнча аткарылуучу СӨИ

+




60 саат


Текшерүүнүн түрлөрү (атагыла).

№1 модулдук текшерүү, 8-семестр, №2 модулдук текшерүү 8-семестр, №3 модулдук текшерүү – 8-семестр.

Жыйынтыктоочу текшерүүнүн түрү

Экзамен 8- семестр


Дисциплинанын технологиялык картасы

VIII семестр


бардыгы

Ауд. сааттар

СРС

1 модуль

(8 с 30 б)

2 модуль

(8 с 30 б)

Жыйынтыктоочу көзөмөл (40 б)

Аудиторн. сааттар

СРС

РК-1 (учурдагы көзөмөл)


Ауд. сааттар

СРС

РК-2

лекциялык

лабораториялык

семинардык

СРС

Жыйынтык.көзөмөл

Лекциялык

Семинардык

Лаборатория

лык

Лекциялык


Семинардык

Лаборатория








60

28

32

8

3

3

16

8

3

3

16







Баллдар

8

6

6

10

30

8

6

6

10

30

10

6

6

18

40

Бардыгы 100 балл

К1 =8+6+6+10=30 балл


К2=8+6+6+10=30

балл

К3=10+6+6+18=40 балл


3.3 Дисциплинанын тематикалык

планы

Бөлүмдөрдүн жана темалардын аталышы

Окуунун түрү: күндүзгү

Сааттын саны

лекция

Практ.

сабак

семинар

Лабор

сабак

өз

алдынча иштер

Тема боюнча бардык сааттар

1 Модуль






Киришүү. Химия предмети жана анын милдеттери.

Атом-молекулалык окуу.

Негизги химиялык түшүнүктөр.


1

1


2

4

Стехиометриялык закондор. Заттардын массасынын сакталуу закону. Составдын туруктуулук закону. Эселик катыш закону. Авогадронун закону. Молярдык көлөм. Эквивалент закону.

2


1

3

4

Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону жана системасы. Мезгилдик системанын түзүлүшү. Атомдордун касиеттеринин мезгилдүүлүгү.

2

1

1

4

4

Атомдун түзүлүшү. Атомдун түзүлүшү боюнча Томсондун жана Резерфорддун моделдери. Атомдордун электрондук структурасы. Кванттык сандар.


2

1


3

2

Химиялык байланыш. Химиялык байланыштын түрлөрү: Коваленттик, иондук, металлдык жана суутектик.

1


1

2

2

2 Модуль

8

3

3

14

16

Эритмелер. Эритмелердин түрлөрү. Заттардын эригичтиги. Эритмелердин составын туюнтуунун жолдору.

1

1


2

4

Электролиттер. Электролиттик диссоциация теориясы. Суунун иондук көбөйтүндүсү. Суутектик көрсөткүч. Туздардын гидролизи.

2


1

3

4

Кычкылдануу – калыбына келүү реакциялары. Кычкылдануу-калыбына келүү реакцияларынын теңдемелерин түзүү. Коэффициенттерди тандоо.

2

1

1

4

4

Суутек. Физикалык химиялык касиеттери. Суу. Суутектин перекиси. Инерттүү газдар.

2

1


3

2

Жетинчи группанын р-элементтери. Галогендер. Физикалык химиялык касиеттери. Галогендердин суутектүү кошулмалары. Туз кислотасы.

1


1

2

2


8

14

16


16

6

6

28

32




3.4 Дисциплинанын бөлүмдөрүнүн жана темаларынын мазмуну

Дисциплинанын теориялык бөлүмү

Дисциплинанын теориялык бөлүмү менен студенттер негизинен лекцияларда таанышышат. Лекцияларда “8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” дисциплинасынын мазмуну химиянын учурдагы абалын, ошондой эле өнүгүүсүнүн келечегин эске алуу менен ачылат. Программанын бул бөлүгү мамлекеттик стандарттын жогорку профессионалдык билим берүүнүн 550100 “Табийгый илимий билим берүү” багытындагы даярдоонун талаптарына ылайык түзүлгөн.

550100 “Табийгый илимий билим берүү” багытындагы студенттер үчүн “Биология”, профили боюнча педагогдорду даярдоодо жалпы атайын нормативдүү дисциплиналардын бири болуп саналат. Окуу планы “8-9-класста химия боюнча мисал иштөө”нү окуп үйрөнүү үчүн 60 академиялык саат болот, анын ичинен аудиториялык саат 28 саатты түзөт, калган 32 саат материалды өз алдынча окууга пландаштырылган. Органикалык эмес химияны окуган мезгилдеги үйрөнгөн, алынган көндүмдөр, билгичтиктер андан ары текшерүү, курстук, дипломдук иштерди аткарууда зарыл болот: жалпы 8-9-класста химия боюнча мисал иштөө курсу 3 модулга бөлүнгөн. Химияны көргөзмө куралсыз окуп үйрөнүүгө мүмкүн болбогондуктан –көпчүлүк бөлүмдөр лекциялардын конспектилерине караганда дагы көп маалыматты өзүндө алып жүргөн иллюстрациялар, таяныч материалдар (лекциялардын слайддары, видеофильмдер, ж.б.) менен камсыз болгон. Басылманын көлөмү чектелүү болгондугуна байланыштуу кээ бир бөлүмдөр жалпыланып берилген. Мына ошентип, берилген лекциянын конспектиси окуу аудиториясында берилген лекциялык материалдын баарын камтый албайт, болгону ал материалды өздөштүрүүнү жеңилдетет. Мындан тышкары, химиялык элементтердин касиеттери, таралышы, химиялык булгоочулардын таасирлери жана туруктуулугу жөнүндөгү толук маалыматтарга ээ болуу үчүн негизги булактарды окуп үйрөнүү өтө зарыл (алардын тизмеси берилген).

Теориялык курстун мазмуну темаларды логикалык ирээттүлүк менен окуп үйрөнүүдө ачылат. Ар бир теманын өзүнүн аты болот.


1 Модуль

Тема 1. Киришүү. Химия предмети жана анын милдеттери. Атом-молекулалык окуу. Атомдук жана молекулалык массалар.

Лекциянын максаты: “Табийгый илимий билим берүү” багытында билим алып жаткан студенттин ой-чабытын түзүүдөгү химиянын маани, маңызын негиздеп, түшүндүрүү.

Лекциянын милдети:

  • органикалык эмес химия предмети жана анын усулдары менен тааныштыруу

  • заманбап илимий көз караштын чагылышы катары химиядагы системалуулукту көрсөтүү.

Лекциянын суроолору:

  1. Химиянын предмети. Химиядагы негизги түшүнүктөр.

  2. Химиянын башка табигый илимдер менен болгон байланышы. Химиянын тарыхынан кыскача маалыматтар.

  3. Атом-молекулалык окуунун негизги жоболору.

Ар теманын болжолдуу планы берилди. Лекциянын темасы боюнча аннотация берүүгө болот. Ар бир окутуучу лекциянын планын, милдеттерин өз алдынча түзөт.


1. Киришүү

Материя жөнүндө түшүнүк. Материянын кыймылынын химиялык формасы. Химия предмети. Заттын химиялык жана философиялык түшүнүгү. Химияда окутулуучу заттын түзүлүү деңгээлдери: атомдор, молекулалар, конденсацияланган системалар. Химия илимдеринин системасында органикалык эмес химиянын алган орду. Химиянын башка табийгый илимдер менен байланышы. Химиядагы илимий изилдөөлөрдүн методдору: байкоо, тажрыйба, моделдештирүү, теориялык алдын ала айтуу (прогноз). Химиялык тажрыйбалардын жыйынтыктарын тактоо. Абсолюттук жана салыштырмалуу каталар, химиянын өнүгүү этаптары. Химиянын өлкөнүн эл чарбасындагы мааниси. Адамды калыптандыруудагы химия предметинин мааниси. Улуу окумуштуу-химиктердин педагогикалык ишмердүүлүктөрү.


2. Атом-молекулалык окуу

Негизги химиялык түшүнүктөр жана закондор

Атом молекулалык окуунун пайда болушу жана өнүгүүсү.

Атом-молекулалык окуунун пайда болушу жана өнүгүүсү. А.Лавуазье жана М.Ломоносовдун эмгектери.

Массанын сакталуу закону жана анын химиядагы мааниси. Химиялык жана ядролук процесстердеги массанын жана энергиянын өз ара байланышы. Ж.Прусттун составдын турактуулугу закону. Эквивалент закону. Химиянын өнүгүүсүндөгү стехиометриялык закондордун мааниси. Көлөмдүк катыш закону. Авогадронун закону жана андан чыккан натыйжалар.

Атом-молекулалык окуунун негизги жоболору. Атомдор, молекулалар. Химиялык метрология. Массанын атомдук бирдиги. Салыштырмалуу атомдук жана молекулалык массалар.

Заттын саны жөнүндө түшүнүк. Моль-заттын санынын бирдиги. Авогадро саны. Заттардын молярдык массасы жана молярдык көлөмү.

Химиялык формулалар боюнча эсептөөлөр. Жөнөкөй жана татаал заттар. Аллотропия. Химиялык реакциялар жана алардын классификациясы. Химиялык реакциялардын теңдемелери. Органикалык эмес кошулмалардын классификациясы жана номенклатурасы. Атомдун түзүлүшү. Атомдун түзүлүшү боюнча Томсондун жана Резерфорддун моделдери.

3. Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону

Д.И. Менделеевдин мезгилдик системасынын ачылышы (1869). Мезгилдик закондун жаңыча формулировкаланышы. Мезгилдик системанын кыска жана узун формасы. Химиялык элемент жөнүндө жалпы түшүнүк. Типтүү элементтер. Негизги жана кошумча подгруппалар. Элементтердин касиеттеринин мезгилдүү өзгөрүүсү, алардын атомдук электрондук катмарларынын түзүлүшү менен болгон байланышы. Атомдордун радиусу жана алардын чоңдуктарынын өзгөрүү закон ченемдүүлүгү. Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону органикалык эмес химиянын өнүгүшүнүн негизи катары жана анын философиялык мааниси.

4. Химиялык байланыш

Валенттүүлүк жана химиялык байланыш түшүнүктөрүнүн өнүгүшү. Валенттүүлүктүн формалдуу мүнөздөмөсү (кычкылдануу даражасы).

Иондук байланыш. Оң жана терс электроваленттүүлүк. Оң жана терс заряддалган иондордун өлчөмү (чоңдугу). Иондошуу потенциалы (ионизациялык потенциал). Электронго болгон тектештик. Электртерстүүлүк түшүнүгү. Электроваленттик байланыштардын багытсыздыгы жана каныкпагандыгы.

Иондордун кристаллдык структурасынын анын размерине көз карандылыгы. Негизги кристаллдык структуралар.

Коваленттик байланыш. Валенттик байланыш методу жана молекулярдык орбиталь методу жөнүндө түшүнүк. σ- жана - байланыштар. Жөнөкөй 2 атомдуу молекулалардын түзүлүшүнүн молекулярдык орбиталь методу менен түшүндүрүлүүсү. Орбиталдардын гибриддешүүсү. Коваленттик байланыштардын багыты жана каныгуусу (каныккандыгы). Жупташкан электрондук жуптардын коваленттик молекулалардын геометриясына тийгизген таасири. Координациялык жана дативдик байланыштар коваленнттик байланыштын формасы катары. Көп борборлуу байланыштар (үч центрлүү) диборандын, күкүрттүн диоксидинин жана озондун мисалында). Чыныгы (анык) бирикмелердеги атомдордун коваленттик жана электростатикалык өз ара аракеттенишүүсү (уюлдуу байланыш). Уюлдуу бирикмелердеги атомдордун эффективдүү заряды. Иондук, уюлдуу жана коваленттик байланыштагы заттардын физикалык касиеттериндеги айырмачылыгы (кайноо, эрүү температурасынын маанилери, уюлдуу жана уюлсуз эриткичтердеги эрүү чоңдуктары). Ван–дер-Ваальс күчтөрүнүн жаратылышы.

Атомдордун жана иондордун поляризациялануу түшүнүгү. Катиондор менен аниондордун поляризациялануусунун жана поляризация аракетинин иондун зарядынан жана анын электрондук катмарынын түзүлүшүнөн көз карандылыгы. Контраполяризациянын эффектиси, кошумча поляризациялануу таасири. Элементтердин аналогдук катарындагы белгилүү составдагы бирикмелердин касиеттеринин өзгөрүү мүнөзүн сапаттуу түшүндүрүү үчүн уюлдашуу теориясынын колдонулушу.


5. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы, химиялык процесстердин энергетикасы жана багыттуулугу


Химиялык реакциянын ылдамдыгы жана анын реагенттердин жаратылышынан, концентрациясынан, t0 – дан болгон көз карандылыгы.

Химиялык реакциянын механизми жөнүндөгү түшүнүк. Химиялык реакциялардын татаал механизмдерине мисалдар. Реакциялардын ирээти жана молекулярдуулугу. Ар түрдүү катардагы реакциялардын ылдамдыктарынын константаларынын константаларынын өлчөмү. Массалардын аракеттенишүү законунун кинетикалык жол менен чыгарылышы жана анын колдонулуу шарттары.

Биринчи катардагы бир багыттуу реакциялар. Баштапкы заттардын жана реакциялардын продукталарынын концентрациялары үчүн кинетикалык ийри сызыктар. Биринчи катардагы реакциялардын ылдамдыгынын константаларын чыгаруунун жолдору (методдору). Биринчи катардагы, бир багыттуу реакциялардын ылдамдыктын константаларын чыгаруу. Биринчи катардагы катарлаш (последовательные) реакциялар.

Ылдамдыктын константасынын t0 - дан болгон көз карандылыгы. С.Аррениустун теңдемеси. Түз жана кайталанма (тескери) реакциянын ылдамдыгына катализатордун таасири. Активация энергиясы, анын физикалык мааниси, аны аныктоонун тажрыйбалык жолдору. Активдүү кагылышуулар теориясы. Химиялык реакциянын потенциалдык бети түшүнүгү. Реакциянын абсолюттук ылдамдыгы, теориясы түшүнүктөрү (активдүү комплекс теориясы).

Химиялык реакциялардын кайталануучулугу. Тең салмактуулук абалдын t0 – дан, басымдан жана концентрациядан көз карандылыгы. Тең салмактуулук абал жана реакциянын жылуулугунун ортосундагы байланыш.

Химиялык тең салмактуулуктун константасы. Массалардын аракеттенишүү законунун термодинамикалык чыгарылышы. Тең салмактуулуктун константанталарынын эркин энергиянын өзгөрүү чоңдугу менен байланышы. Энергиянын стандарттык өзгөрүүлөрүнүн чоңдуктарынын жана энтропиянын тең салмактуулуктун константасын табууда колдонулушу. Диссоциациянын, комплекс пайда кылуунун, эригичтүүлүктүн көбөйтүндүсүнүн константалары тең салмактуулуктун жекече түрү катарында каралышы. Начар эрүүчү бирикмелерди эритүүнүн жана чөктүрүүнүн эрежелери. Оствальддын суюлтуу (разведение) закону.

6. Суу

Суу – негизги, маанилүү эриткич катары. Суунун иондук көбөйтүндүсү. Суутектик көрсөткүч. Туздардын гидролизи жана сольволизи. Гидролиз реакциясынын тең салмактуулук константасы, гидролиздин механизми (протолиттик реакциялар). Гидролиз реакциясынын тең салмактуулук константасына таасир этүүчү факторлор. Суу – суутектин эң маанилүү бирикмеси. Биосферадагы жана геосферадагы суунун ролу. Суунун молекуласынын түзүлүшү. Суунун молекуласынын суутектик байланыштын негизинде ассоциацияланышы. Суунун синтезинин чынжырлуу реакциясы.

Радиациянын (радиолиз) таасири астында суунун ажыроосу жана анын гидроксил радикалын, суутектин перекиси, молекулярдык кычкылтекти, гидратташкан электронду пайда кылуусу. Кадимки суунун жана оор суунун физикалык, химиялык касиеттери. Суунун термикалык диссоциациясы.

Сууну тазалоо проблемалары. Химиялык жактан таза суунун алынышы. Термикалык турактуулук жана кислоталык диссоциация. Суутектин перекисинин алынуу жолдору жана колдонулушу.


2 Модуль


7. Эритмелер

Суюк (суу, суу эмес), катуу жана газ абалындагы эритмелер. Эритмелердин концентрацияларын туюнтуунун жолдору. Идеалдык жана чыныгы (реалдуу) эритмелер. Эритмелер өзгөрүлмө состав катары.

Система, компонент, фаза, эркиндик даражасынын саны түшүнүктөрү. Гиббстин фазалар эрежеси суунун абалдык диаграммасы.

Бинардык эритмелердин буусунун басымы. Раульдун закондору. Криоскопия жана эбулиоскопия молекулалык массаны аныктоонун методдору катары. Осмос кубулушу. Электролит жана электролит эместер үчүн Вант – Гоффтун жана Раульдун закондору. Изотоникалык коэффициент.

Күчтүү жана күчсүз электролиттер. Электролиттик дисоциациянын даражасына таасир этүүчү факторлор. Күчтүү электролитдин диссоциация даражасы. Суунун жана суу эритмелеринин тоңуу процесси крилгтдрат жана кирогидраттык чекит. Туздардын кристаллогидратынын учуп кетүүсү.


8. Электролиттер. Аррениустун электролиттик диссоциация теориясы

Суунун иондук көбөйтүндүсү. Суутектик көрсөткүч. Туздардын гидролизи.



9. Кычкылдануу калыбына келүү реакциялары.


Кычкылдануу калыбына келүү реакциялары. Электроддук потенциалдар. Чыңалуу катары жана анын термодинамикалык негизделиши.

Кычкылдануу калыбына келүү реакциялары. Электроддук потенциалдар. Чыңалуу катары жана анын термодинамикалык негизделиши. Кычкылдануу калыбына келүү потенциалдары. Нернсттин формуласы. Гальваникалык элементтер. Электролиз процесстери.


10. Элементтердин химиясы

Элементтердин жер кыртышында жана космосто таралышы. Тирүү организмдерде элементтердин кармалышы. Элементтердин классификациясы жана алардын биологиялык ролу. Элементтердин концентрациясынан организмдин физиологиялык абалынын көз карандылыгы: гипо-жана –гипер элементозы. Элементтердин синергизми жана антагонизми. Биогеохимиялык провинциялар жөнүндө түшүнүк. Антропогендик ишмердүүлүктүн натыйжасында айлана-чөйрөнүн булганышы. Чектүү нормадагы концентрация жөнүндө түшүнүк (ПДК).


11.1 VIIА группанын элементтери

Суутек

Суутек – мезгилдик системанын 1 – элементи. Суутектин атомдорунун түзүлүш өзгөчөлүктөрү. Суутектин изотоптору (протий, дейтерий, тритий). Суутектин изотопторунун ядролук техника үчүн мааниси. Суутектин жаратылышта таралышы, анын жаратылыштагы кездешүү формалары. Суутектин валенттик абалдары. Атомдун жана иондун өлчөмдөрү.

Молекулярдык жана атомдук суутек, анын физикалык жана химиялык касиеттери. Суутектин лабораторияда жана техникалык жол менен алынуу ыкмалары. Суутектин сакталышы. Суутек менен иштөөдөгү коопсуздук эрежелери. Суутектин колдонулушу.

Гидриддер – суутектин металлдар жана металл эместер менен болгон бирикмелери. Иондук, коваленттик байланыштагы гидриддер. Суутектик байланыш жана анын суутек кармаган бирикмелерге тийгизген таасири. /ч борборлуу байланыштагы гидриддер. Суутектин металлдардагы эригичтүүлүгү. Суутектин химиялык аккумуляторлору (лантан – никель - 5 куймасы). Гидриддердин химиялык жана физикалык касиеттери. Гидриддердин алынышы жана колдонулушу.


VIIIА группанын элементтери

Инерттик газдардын атомдорунун электрондук түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү. Инерттүү газдардын эки атомдуу молекулаларынын туруксуздугу ( гелийдин мисалында, МО методу боюнча). Инерттик газдардын физикалык касиеттери. Инерттик газдардын бирикмелеринин ачылышы (Б.А.Никитин, Н.Бартлетт). Ксенондун дифториди, тетрафториди, гексафториди. Ксенондун (III) оксиди. Перксенат - иону. Ксенондун фтордуу жана кычкылтектүү бирикмелеринин кычкылдандыргыч касиеттери.

Инерттик газдардын жана алардын бирикмелеринин фтор – кычкылдандыргыч катарында радиохимияда колдонулушу.


12.2 VIIА группанын элементтери

Галогендердин мезгилдик системадагы алган орду. Галогендердин атомдорунун түзүлүшү. Жаратылыш минералдарындагы галогендердин изотоптук составы. Галогендердин таркалышы. Фтордун маанилүү минералдары (фторапатит, флюорит, криолит), хлордун (таш тузу, сильвинит). Кайнатма туздун, деңиз суусунан бөлүнүп алынышы. Бромдун бирикмелерининжер астындагы суулардан, деңиз балырларындагы иоддун туздарынан алынышы.

Галогендердин атомунун чоңдугу, фтордун, хлордун, бромдун, иоддун мүнөздүү валенттик абалдары. Галогендердин катарындагы терс электрдүүлүктүн өзгөрүшү.



    1. Жазуу жүзүндөгү өз алдынча иштердин тематикасы жана аталыштары


Дисциплинанын темасынын катар номери

Отчеттуулуктун түрү

Баллдын саны


Модуль №1



1.

Салыштырмалуу атомдук жана молекулалык массалар

Маселелерди чыгаруу

4

2.

Стехиометриялык закондор


4

3.

Оксиддерди, кислоталарды, негиздерди жана туздарды алуу

реферат

4

4.

Атомдун түзүлүшү. Кванттык сандар.

Элементтердин атомдорунун электрондук формулаларын жазуу

4




16


Модуль №2



5.

Эритмелер. Ар түрдүү концентрациядагы эритмелерди даярдоо.

Маселелерди чыгаруу


4

6.

Туздардын гидролизи

Маселелерди чыгаруу

2

7.

Кычкылдануу – калыбына келүү реакциялары

Көнүгүүлөр жана маселерди чыгаруу

2

8.

Суутекти алуу. Суунун касиеттерин изилдөө.

Текшерүү иш

2

9.

Инерттүү газдар

Көнүгүүлөр жана маселерди чыгаруу

2


Бардыгы


28 балл


4. Дисциплинанын окуу-усулдук жана материалдык-техникалык камсыздалышы


4.1 Сунушталуучу адабияттардын тизмеси


Негизги

  1. Некрасов Б. В. Основы общей химии: в 2-х томах. М., 1973.

  2. Ахметов Н.С. Неорганическая химия. М., 1975

  3. Коттон Ф., Уилкинсон Дж. Современная неорганическая химия. В 3-х ч. М., 1969.

  4. Менделеев Д.И. Основы химии: в 2-х томах М.,1947

Кошумча

  1. Реми Г. курс неоганической химии: в 2-х томах, М.,1972, 1974.

  2. Карапетьянц М.Х., Дракин С.И.. Общая и неорганическая химия. М. 1981, 632 с

  3. Сайто К. Химия и периодическая система. М., 1982.320с.

  4. Дикерсон Р., Грей Г., Хейт Дж. Основные законы химии: в 2-х т. М.,1982.

  5. Берсукер И.Б. Электронное строение и свойства координационных соединений: Введение в теорию. М., 1977.

  6. Воробьева О.И., Немкова О.Г., Тамм Н.С. Вопросы, упражнения и задачи по неорганической химии. М.,1975

  7. Мартыненко Л.И., Спицын В.И. методические аспекты курса неорганической химии. М. 1983.

  8. Спицын В.И., Субботина Н.А., Санталова Н.А. Руководство к лекционным демонстрациям по неорганической химии. М., 1977.

  9. Лавут Е.А., Полунина Г.П. Перфокартный контроль знаний по неоганической химии. М., 1979.

  10. Скорик Н.А., Кумок В.Н. Химия координационных соединений. М., 1974.

  11. Поллер З. Химия на пути в третье тысячелетие. М., 1982.

  12. Р.М.Голубева, Н.Д.Свердлова, Е.А.Алферова, Е.Ю.Раткевич, Г.Н.Мансуров. Практикум по общей химии. Москва. 1988.

  13. Мурзубраимов Б., Турдубаева Г., Сүйүнбекова А., Сатыбалдиев Д..Р., «Химиялык элементтерге кыскача баян» 2003ж., Ош.

  14. Эргешбаев Ж., Алишерова Ч.Т., «Жалпы химия» 2010ж., Ош.

  15. Мурзубраимов Б., Сагындыков Ж. Жалпы химия. 2004ж.

  16. Рысмендеев К. Жалпы химиянын негиздери 1988ж.

  17. У.Асанов., Т.Кудайбергенов «Жалпы химия» Бишкек-1998ж.

18. Саркулов А.Т. «Химиялык маселелерди чыгаруунун усулу» I,II,III китеп. Ош-2010, 2012жж.

Интернет ресурстар:

  1. himikatus.ru – прекрасный помощник для преподавателя и студента. В этом разделе сайта представлены видеоуроки по химии – видео лабораторных химических опытов.

  2. himiya-video.com на этом сайте представлены видео уроки п онеорганической и органической химии.

  3. chem.msu.su

  4. twirpx.com Строение атома. Химическая связь

  5. www.fen.nsu.ru.

  6. www.fen.nsu.ru⁄genchem.

  7. Химический Интернет-портал www.chemport.ru

  8. twirpx.com


4.2 Нормативдик-укуктук документтердин тизмеси

Бул “8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” боюнча окуу-усулдук комплекс 550100 “Табийгый илимий билим берүү ” багытындагы окуган студенттер үчүн:

  • 550100 “Табийгый илимдерди окутуу” багытындагы жогорку профессионалдык билим берүүнүн мамлекеттик окуу стандартына ылайык;

  • Кыргыз Республикасынын “Билим берүү” жөнүндө мыйзамына жана башка билим берүү алкагындагы КРнын нормативдик укуктук актыларына ылайык;

  • 2013-2017 жылдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясынын программасына ылайык;

  • 2012-2020 жылдардагы Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн өнүгүү концепциясына ылайык;

  • 2012 жылдын 23-мартындагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы өнүгүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө” деген токтомуна ылайык иштелип чыкты.


4.3. Көргөзмө куралдар:

Таблицалар, сүрөттөр, слайддар-лекциялар үчүн, видеофильмдер, реактивдер, приборлор, жабдуулар, интерактивдүү доскалар, мульти-проекторлор ж.б.

4.4. Окутуунун жана билимди текшерүүнүн программалык, техникалык жана электрондук каражаттары.

Компьютердик жана мультимедиалык жабдуулар.

Окуу багытындагы жабдуулар жана приборлор:

Университеттин китепканасындагы электрондук библиотекада негизги колдонулуучу окуу китептер электрондук түрдө; ошондой эле традициялык окуу китептер; лекциялардын электрондук текстери, таяныч конспектилер, теориялык материалдарды өздөштүрүү үчүн усулдук колдонмолор ж.б.

Интернет-ресурстар (адабияттардын тизмесинде берилди).




  1. Дисциплина боюнча ар түрдүү иштерди аткаруунун усулдук көрсөтмөлөрү

5.1. Студенттерге усулдук көрсөтмөлөр

Усулдук көрсөтмөлөр студенттерге теориялык курсту (же анын бөлүмдөрүн), практикалык (семинардык) сабактарды, лабораториялык иштерди (практикумдарды) окуп үйрөнүү, өтүлгөн материалдын практикалык колдонулушун, өз алдынча иштерди аткаруу, маалыматтык технологияларды пайдалануу боюнча окуу ишинин мүнөзүн жана ирээтин ачып берүүсү тийиш. Усулдук көрсөтмөлөр студентти өз алдынча иштерди аткарууга багыттайт жана ал окуу адабияттарынын ордун алмаштыра албайт.

Студенттердин сабактарга даярдануусу жана өз алдынча аткаруусу үчүн сунушталуучу окуу-усулдук басылмалардын аталыштары, ошондой эле кагаздагы же электрондук алып жүрүүчүгө түшүрүлгөн усулдук материалдар көрсөтүлөт. Бул окуу-усулдук материалдар кафедранын окутуучулары тарабынан чыгарылып, студенттерге сабактардын учурунда берилет:

  • студенттердин жумушчу дептерлери;

  • көргөзмө куралдар;

  • (дисциплинанын тематикасы боюнча терминдердин сөздүгү) глоссарий;

  • Лекциялардын тезистери;

  • Таркатуучу материалдар ж.б.

Семинардык (практикалык) сабактарга көрсөтмөлөр.

Семинардык (практикалык) сабактарга даярдануу боюнча көрсөтмөлөр төмөндөгүлөр болуусу тийиш:

  • сабактын түрүн көрсөтүү менен, сабакты өтүүнүн планы (маселелер иштөө, оюн сабак, конкреттүү кырдаал), сабакта өтүлүүчү теманын ирээттүүлүгү, ар бир теманы өздөштүрүүгө керек болгон аудиториялык сааттын көлөмү;

  • семинардык (практикалык) сабакта талкуулануучу суроолордун маңызы менен студент тааныш болушу үчүн ар бир тема боюнча кыскача теориялык көрсөтмөлөр, каралуучу суроону окуп үйрөнүүгө мүмкүндүк берүүчү окуу-усулдук материалдарга шилтемелер берилиши тийиш;

  • студенттин семинарга даярдануусунун жүрүшүндө, анын максатка багытталган ишмердүүлүгүнө керек болуучу, талкууга коюлуучу суроолор жана белгилүү беттери көрсөтүлгөн адабияттардын тизмеси;


Студенттердин өз алдынча иштери (СӨИ)

Аудиториялык сабакка пландаштырылбаган же окутуучу тарабынан өтүлгөн материалга кошумча толуктоолор, бышыктоолор зарыл болгон темалар, бөлүмдөр боюнча студенттерге өз алдынча иштөө үчүн тапшырмалар берилет.

Өз алдынча иштөө үчүн студенттерге берилген тапшырмалар төмөнкү формаларда аткарылат:

  • негизги жана кошумча адабияттардан темалар боюнча конспект түзүү;

  • маселелерди иштөөгө, оюн сабактарындагы жана тема боюнча талкууга катышууга, семинарда баяндама жасоого даярдануу, илимий, окуу адабияттар боюнча түзүлгөн лекциялардын конспектилерин иштеп чыгуу;

  • билим берүү боюнча закондор жана нормативдик документтер менен иштөө;

  • электрондук маалыматтардын булактары жана илимий басылмалар боюнча жалпы тематикаларга ылайык материалдарды жыйноо, алар жөнүндө жыйынтыктарды даярдоо;

  • курстук иштерди, чыгармачылык долбоор, тапшырмаларды, текшерүү иштерин аткаруу;

  • көнүгүүлөрдү иштөө, маселелерди чыгаруу;

  • реферат (эссе) жазуу;

  • өзүн текшерүү үчүн суроолор жана тесттер менен иштөө;

  • чет тилдерден материалдарды которуу жана аларды чет тилдерге которуу;

  • конкреттүү проблемалык кырдаалдарга анализ берүү же моделдештирүү;

  • статистикалык маалыматтар менен иштөө;

  • фактылык жана статистикалык маалыматтарды анализдеп, жүргүзүлгөн анализдердин негизинде жыйынтыктарды чыгаруу;

Студенттердин өз алдынча иштери системалуу жүргүзүлүп, алар үчүн кызыктуу жана жагымдуу болуусу тийиш.

Өз алдынча иштердин жыйынтыктары окутуучу тарабынан көзөмөлдөнүп жана студенттерди аттестациялоодо эсепке алынат (экзамен, зачет, модулдардын учурунда). Ал үчүн системалуу түрдө тестирлөө, семинардык жана практикалык сабактарда оозеки суроо, жазуу жүзүндөгү текшерүү иштери башкача айтканда химиялык диктанттар, студенттердин өз алдынча “окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү” проектисинин стратегияларын колдонуу менен аткарган иштеринин (синквейндерин, кластерлерин, Венндин диаграммаларын, эсселерин, концептуалдык таблицаларын жана өздөрү чыгармасылык менен темалар боюнча түзгөн химиялык кроссворддорун) жыйынтыктарын текшерип, студенттердин өз алдынча иштеринин аткарылышын жазып туруучу журналга белгилеп туруу зарыл.


5.2 Окутуучуларга усулдук сунуштар

Дисциплинанын бөлүмдөрүн теориялык жана практикалык жактан терең билүү менен окутуучу окутуунун өтө зарыл деп эсептелинген усулдарын жана студенттердин өз алдынча иштеринин формаларын лекциялардын жана семинардык сабактардын түрлөрүн өтүү үчүн максатка ылайык иштеп чыгуусу тийиш.

Дисциплинаны окууну аяктап жатып, студенттердин ал дисциплинаны жогорку деңгээлде өздөштүрүүлөрү үчүн өз алдынча иштердин формаларын өнүктүрүүү маселесине окутуучу кайдыгер карабоосу керек. Өз алдынча иштер үчүн тапшырмалардын топтомун семестрдин башында берип, аларды аткарып, тапшыруунун мөөнөтүн аныктап коюу зарыл. Өз алдынча иштердин тапшырмалары дисциплинанын сөзсүз окулуучу жана факультативдик башкача айтканда аудиториядан тышкары аткарылуучу бөлүктөрүнөн түзүлүшү абзел. Өз алдынча иштерди уюштуруу менен студенттерди мындай иштерди аткаруунун усулдарына, көндүмдөрүнө дайыма, системалуу үйрөтүү керек.

Мисалы, биз өз иш тажрыйбабызды студентерди төмөндөгү көндүмдөргө жана билгичтиктерге үйрөтүп келүүдөбүз.

Ар бир бөлүм боюнча лекцияны окуунун жүрүшүндө эле студенттерге өз алдынча иштер үчүн да тапшырмалар берилет. Аны студент кийинки сабактарга өз алдынча жазуу жүзүндө, таблица, схема, химиялык формулалар түрүндө же электрондук конфигурациясын жазып, химиялык теңдемелерди жазуу менен, окумуштуулардын өмүрү чыгармачылыгы тууралуу эссе түрүндө жазып келип окутуучуга тапшырат. Бул өз алдынча иштерди аткаруу үчүн студент “Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ойлоону өстүрүү” проектисинин төмөндөгү стратегиялары боюнча көндүмдөргө окутуучунун жардамы менен ээ болгон:

Ал стратегиялар төмөндөгүлөр болуп эсепетелет:

  1. Кластер

  2. Эйр Венндин диаграммасы

  3. Илгерилетилген лекция

  4. Чаташкан логикалык чынжырлар

  5. Эссе

  6. Синквейн

Синквейн

Синквейн – француз тилинен которгондо 5 саптан турган ыр дегенди түшүндүрөт. Синквейн – бул эреже боюнча төмөнкүдөй:

1-сапта тема – зат атооч

2 – сапта – эки сын атооч, теманы сүрөттөө

3 – сапта – үч этиш, теманын аракети

4 – сапта – төрт сөз же бир фраза, темада жазылганга карата мамиле.

5 – сапта, бир сөз, темага синоним.

Синквейндер абдан пайдалуу, ар бир студент, окуучу – жазуучу, акын, философ боло алат, синквейнди теманы жакшы өздөштүргөн ар бири жаза алат жана ошондой эде:

Ар бир студенттин, окуучунун сөз байлыгы көбөйөт

Ар бири кыскача айтып бергенди үйрөнөт.

Ар бир идея баалуу, ар бир ойду сыйлоо керек деген түшүнүк пайда болот.

Кадамдар: 1) теманы аныктоо; 2) синквейнди түзүүнүн жазуу схемасын көрсөтүү; 3) студенттин тексти үстүнөн болгон жекече иши; 4) кызматташтык, жуп-жубу менен иштөө; 5) түзөтүүлөрдү киргизүү; 6) үнүн чыгаруу менен окуу. Көрсөтүлгүөн эрежелерди так сактаганда текст өзүнүн ритмине ачык айтылышына ээ болот.


Синквейндер

1.Менделеев

2. Акылдуу, күчтүү

3.Табат, изилдейт, сунуштайт.

4.элементтердин мезгилдик системасын жараткан

5.илимпоз

1.Суу

2. Тунук, даамдуу

3. кайнайт, токтобойт, колдонулат

4. Суу-бул жашоонун булагы

5. Суусундук

1. Атом

2. Көп, кичине

3. кыймылдайт, кошулат, көрүнбөйт

4. заттын эң кичинекей бирдиги

5. Бөлүкчө

Эссе

  1. Конкреттүү себеп же суроо боюнча жекече таасирлерди жана ойлорду билдирген анча чоң эмес өлчөмдөгү жана эркинкомпозициядагы, ошондой эле аныктаган жана толук предметтин трактовкасына алдын-ала талапкерлик кылбаган прозаикалык сочинение.

  2. Жазма иштин түрү. Ар түрдүү жанрдагы окуучунун сочинениелери. Америкалык билим берүү системасында пайдаланылат. Мындай түрдөгү жазуу боюнча ата мекендик усул “сочинение” деген аталышты бекитти. Сочинение да, эссе да негизинен окууга жакын функцияларды аткарышат.

Чаташкан логикалык чынжырлар

Прогноз (алдын ала болжолдоп айтуу) жүргүзүүнүн бир ыкмасы. Окуялардын хронологиясын калыбына келтирүүгө, текстеги себептүү-издүү байланыштар жөнүндө ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Стратегиянын кадамдары: 1) Даярдануу иши: курамында фактологиялык да, концептуалдык да маалыматты кармаган текстти тандоо. 2) Мугалим барактын белгилүү тилкесине тандап алган текстен 5-6 цитатаны жазат. Булар фактыларды, окуяларды, хронологиялык же алардын ортосундагы себептүү-издүү байланыштарды чагылдырган цитаталар болушу мүмкүн. 3) Цитаталар жазылган барактын тилкелери класста ар кандай жерлерге илинет. 4) Окуучулар 4-5 адамдан турган топторго бөлүнүшөт. 5) Мугалим окуучуларга цитаталарды дептерге жазууну жана тапто корутундулап жана талкуулап окуянын өсүшүнө карата аларды катары менен номерлөөнү сунуштайт. 6) Ар бир топтон бир өкүл тактага чыгып, ага топ кабыл алган ирээти менен цитаталарды илет. Андан кийин өзү берген окуялардын ирээти менен өсүүсүн корутундулап “цитаталар боюнча түзүлгөн аңгемесинин” вариантын көргөзөт. Топтун өкүлдөрү жолдошуна жардам бере алышат. 7) Ар бир топтун ишин уккандан кийин мугалим окуучуларга текстти окууну, андан кийин текст боюнча жана андан соң тактадагы окуялардын чыныгы өсүүсүн ирээттөөнү сунуштайт. 8) Бул этапта окуучуларга текстти кайра айтып берүүнү сунуштаса болот, же сабакты белгилүү болгон резюмелер (эссе) менен аяктаса болот.

Эйр Венндин диаграммасы

Фактыларды, кубулуштарды, идеяларды салыштыруу үчүн пайдаланылган эки бири-бирине жабышкан тегерек түрүндөгү схема. Тегерек диаграмма. Ар бир тегеректеги бош орундар айырмачылыктарды жазуу үчүн пайдаланылат; тегеректегилер кошулушкандагы түзүлгөн жалпы бөлүгү – эки салыштырылган кубулуштардагы (фактылардагы, түшүнүктөрдөгү ж.б.) жалпылыкты белгилөө үчүн англиялык логик Веннанын атында аталган. Жекече жана топтук иште пайдаланса болот.

Илгерилетилген (продвинутая) лекция

Студенттердин маалымат менен, мугалим менен, бири-бири менен өз ара мамилелери үчүн керектүү маалыматтарды берүүдө атайын токтоолорду көздөгөн модификацияланган интерактивдүү лекция.

Стратегиянын кадамдары: Мугалим студенттерди лекция угууга даярдайт: лекциянын мазмунуна кайрылат, чакыруу стадиясындагы суроолорду түзөт. Адегенде суроолорго жекече жооп берүүнү өтүнөт, андан кийин өздөрүнүн ою менен топто бөлүшүүнү сунуштайт. 2. Лекциянын биринчи бөлүгүн окуу. 3. Лекциянын биринчи бөлүгү боюнча жыйынтык чыгаруу. Талкулоо. 4. Мугалим лекцияда чагылдырылган проблемалардын бирөөсүнө көңүл бурат. Студенттерден идеяларын жазып, топто бөлүшүүлөрүн суранат. 5. Мугалим лекциянын экинчи бөлүгүн окуйт. Лекциянын бул бөлүгү боюнча жыйынтык чыгаруу. Лекциянын 1-бөлүгүндө сунушталган ойлорду эске алуу менен талкулоо жүргүзүү. 6. Он мүнөттүк эссе же бөлөк резюмиелештирүүнүн түрү.

  1. Кластер

Идеяларды чагылдыруудагы графикалык уюштуруучу. Сызыктуу эмес ойломдук ишти чагылдыруу ыкмасы. Кандайдыр бир темадагы идеаларды эркин жана бат чогултууга жардам берген педагогикалык стратегия. Ал бат унутулуп кала турган идеяларды графикалык сүрөттөө менен кагаз үстүнө белгилөөгө мүмкүндүк берет.

Кластердин мүмкүнчүлүктөрү жана түрлөрү ар кандай “кластер суроолор менен” (идеялардын ордуна суроолор жазылат), “кластер-табышмак”(кластердеги теманын же өзүнчө түшүнүктөрдүн ордулары толтурулбай бош калтырылат, ошол тегеректерди толтуруу менен окуучулар теманы же жетишпеген түшүнүктөрдү аныкташы керек).

Кадамдар: 1. Теманы таңдап алуу жана аны тактага же дептерге жазуу. 2. Бардык сөздөрдү, түшүнүктөрдү, ассоциацияларды анализдебей жана сындабай туруп жазуу. Идеялар теманын тегерегиндеги тегерекчелерге түшкөн сайын жазылып турат. 3. Жазуу жүргүзүү процессинде түшүнүктөрдүн ортосунда байланыштарды түзүү. 4. Жазуу ишке берилген убакыт же идеялар түгөнгүчө жргүзүлөт. 5. Окуучулар (студенттер) жекече жасаган кластер, түгөйү менен талкууланат жана андан кийин бүт топко айтылат. 6. Кластерди келээрки иште кантип колдонуу жөнүндө ойлонуш керек.


ЖОЖдогу лекция – окутуунун дидактикалык айлампасынын негизги бөлүгү. Анын максаты - өз алдынча иштөөнүн натыйжасында берилген материалдарды андан ары өздөштүрүү үчүн студенттерге багыттоочу негизги түшүнүктөрдү пайда кылуу. Лекциянын мазмуну төмөндөгү дидактикалык талаптарга жооп берүүсү тийиш:

  • материалды жөнөкөйдөн татаалга, белгилүүдөн белгисизге карай түшүндүрүп берүү;

  • материалды так, ачык, логикалык ирээттүүлүктө берүү;

  • студенттердин ишмердүүлүгүн активдештирүү максатында баарлашууга (диалог), талкууга (дискуссия), түйүндүү маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүү;

  • лекциянын мазмунун окуялардын, кубулуштардын, статистикалык маалыматтардын тууралыгына таянышы;

  • теориялык жоболордун, практикалык жыйынтыктардын жана студенттердин келечектеги профессионалдык ишмердүүлүгүнүн тыгыз байланышы.

ЖОЖдогу лекциялык курстарды окуган окутуучу педагогикалык илимдеги лекцияларды жана аны практикада колдонууну, анын дидактикалык, тарбиялык мүмкүнчүлүктөрүн, окутуу процессинин түзүлүшүндөгү ордун билүүсү тийиш.

Лекцияны окууда, дээрлик маалыматтын жарымы интонация аркылуу берилээрин унутпоо зарыл, студенттердин көңүл буруусунун алгачкы төмөндөшү 15-20 мин.ут өткөндө, экинчи төмөндөшү – 30-35 минутада байкалат.Төмөнкү курстун студенттери менен жогорку курстун студенттеринин лекцияны кабыл алуусу абдан өзгөчөлөнүп турат, себеби алардын даярдыктары, билгичтиктери, көндүмдөрү ар түрдүү деңгээлде болот.

Семинар окуу программасынын түйүндүү, татаал суроолору боюнча өткөрүлөт.

Ал бир лекциянын материалы же жалпылоочу лекциянын мазмунун, же алдын-ала лекция окулбаган белгилүү бир тема боюнча жүргүзүлөт. Ар кандай семинардын башкы жана аныктоочу өзгөчөлүгү – талкуунун, жүйөлүү маселенин, баарлашуунун элементтеринин окутуучу менен студенттердин жана студенттердин өздөрүнүн ортосунда болушу.

Классикалык семинарга даярданууда төмөндөгү алгоритмди сактоо максатка ылайыктуу:

а) окуу-усулдук материалды иштеп чыгуу;

- Мамлекеттик стандартка жана программага ылайык теманы коюу;

- Сабактын дидактикалык, тарбиялык, түзүүчүлүк максатын аныктоо;

- семинарды өткөрүүнүн усулдарын, ыкмаларын жана каражаттарын тандоо;

- окутуучу жана студенттер үчүн адабиятты тандоо;

- эгер зарыл болсо, студентер үчүн консультацияларды өткөрүү;

б) Окутуучунун жана окуучунун даярдануусу:

- 3-4 суроодон турган семинардын планын түзүү;

- Семинарга даярдануу үчүн студенттерге 4-5 күн мөөнөт берүү;

- Адабияттарды окуп үйрөнүүнүн ирээттүүлүгү тууралуу сунуштарды берүү (окуу китептер, окуу колдонмолор, токтомдор жана мыйзамдар, жоболор жана жетектөөчү көрсөтмөлөр, лекциялардын конспектилери, макалалар, сурап-алма маалыматтар, маалыматтык жыйнактар жана бюллетендер, статистикалык маалыматтар ж.б.);

- Көргөзмө куралдардын жыйнагын түзүү;

- Семинардын жыйынтыктарын чыгарууда, жоопторду баалоонун төмөндөгүдөй көрсөткүчтөрүн (критерийлерин) пайдаланууга болот:

- жооптун так жана толук болушу;

- айтып берүүнүн логикалык ирээттүүлүг;

- теориялык жоболордун практика менен байланышы;

- берилген маалыматтардын, жоболордун далилдүүлүгү жана негиздүүлүгү;

- сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдүн болушу;

- мисалдар, тарыхый далилдер түрүндө жоопторго иллюстрациялардын, таблицалардын, схемалардын жана башкалардын болушу;

- сүйлөө маданиятынын деңгээли;

- көргөзмө куралдарды ийкемдүү колдоно билүүсү;

Семинардык сабактын аягында өтүлгөн бүтүндөй семинардык сабакка баа берүүдө төмөнкөлүргө өзгөчө маани берүү зарыл:

  • даярдыктын сапаты;

  • билимди өздөштүрүүнүн даражасы;

  • активдүүлүк;

  • студенттердин сабактагы аткарган иштеринин жакшы жактары;

  • баалуу жана конструктивдүү сунуштар;

  • студенттердин иштериндеги кемчиликтер;

  • кемчиликтерди жоюунун жолдору жана милдеттери;

Биринчи семинардык курсту өткөргөн соң, жаш мугалимдер үчүн жасалган иштерге жалпы анализ жасап, анын пайдалуу жактарын көрө билиши максатка ылайыктуу.

Студенттерди аттестациялоодо, билимин баалоодо жана көзөмөлдөөдө эң негизги принцип – бул системалуулук, обьективдүүлүк болпу саналаарын окутуучу унутпоосу тийиш. Студенттин билимин текшерүүдө, көзөмөлдөөдө жана баалоодо студенттин окуу процессиндеги ишмердүүлүгүндөгү жекече сапаттарын, жөндөмдүүлүктөрүн эсепке алуу зарыл. Билимди баалоонун көрсөткүчтөрүн сөзсүз окутуучунун жана студенттин туура түшүнүүсү абзел.

  1. Аттестациялык сыноолор үчүн текшерүүчү-ченөөчү, өлчөөчү материалдар

6.1. Баалоонун критерийлери

“8-9-класста химия боюнча мисал иштөө” дисциплинасын окутуунун кредиттик технологиясы боюнча студенттердин билимдеринин сапатын текшерүү төмөндөгүдөй жүргүзүлөт:

  1. (Лабораториялык жана курстук иштерди жана башка коргоо) учурдагы көзөмөл;

  2. Аралык көзөмөл (текшерүү иштер, тестирлөө);

  3. Дисциплина боюнча экзамен.

Жыйынтык баа рейтингдин баалары менен жыйынтыктоочу көзөмөлдүн баасынын суммасынан экзаменде коюлат.

Баалоонун механизмдери:

Ар бир аудиториялык саат (ар бир катышкан сабак) үчүн бардыгы 6 балл жана аны пландаштырылган жана өтүлгөн сабактын санына бөлүү керек (ар бир сабак үчүн 0,5 балл).

Активдүүлүк үчүн (ар бир аудиториялык саат) – бардыгы 6 балл жана аны пландаштырылган жана өтүлгөн сабактын санына бөлүү (ар бир сабак үчүн 0,5 балл).

Өз алдынча иштер үчүн – 12 балл (ар бир модулдагы бардык ӨАИ үчүн эң жогорку балл көрсөтүлгөн).

Учурдагы көзөмөл (модулдар):

№1 модуль: 25 балл анын ичинен 12 балл СӨАИ үчүн +4 балл сабакка катышкандыгы жана активдүүлүгү үчүн.

(Бардыгы 29 балл, анын ичинен 13 балл аудиториялык иш, 12 балл СӨАИ, 4 балл катышуусу жана активдүүлүгү үчүн).

№2 Модуль : 24 балл, анын ичнен 12 балл ӨАИ үчүн +4 балл катышуусу жана активдүүлүгү үчүн.

(Бардыгы 28 балл, анын ичинен 13 балл аудиториялык иш, 12 балл ӨАИ үчүн, 4 балл катышуусу жана активдүүлүг үчүн)

Жыйынтык балл: 40 балл (экзамен).

Бардыгы 100 балл

Ушул баалоолордун негизинде студенттерди баалоонун 20 баллдык системасы колдонулат. Ал төмөнкү таблицада берилди:


Студенттердин билимдерин баалоо

Баасы

Тамгалар баюнча эквиваленти

Пайыз менен %

Балл менен

Эң жакшы

А

95-100

20-19


А-

90-94

18,8-18

Жакшы

В+

85-89

17,8-17


В

80-84

16,8-16


В-

75-79

15,8-15

Канааттандырарлык


С+

70-74

14,8-14


С

65-69

13,8-13


С-

60-64

12,8-12


D+

55-59

11,8-11


D

50-54

10,8-10


F

0-49

9,8-0


Рейтингди баалоого төмөнкү шарттарда жол берилет:

  • дисциплинанын программасы толук аткарылгандан кийин;

  • иштердин бардык түрлөрү боюнча толук отчеттуулук бар болсо;

  • ийгиликтүү тестирлөөдөн өтсө;

Жогорудагы шарттарды студент аткарбаса, ага “канааттандырарлык эмес” деген баа коюлат.

Кайрадан тестирлөө жана экзамен тапшыруу дисциплинаны кайрадан окугандан кийин гана жүргүзүлөт.

Окууда студенттердин жетишүүсүн баалоо төмөндөгүдөй функцияларды аткарат:

Социалдык, билим берүү, тарбиялык, эмоционалдык, маалыматтык, башкаруучулук билим берүүчү.

6.2 Аттестациялык сыноолордун жана пайдаланылуучу текшерүүчү өлчөөчү материалдардын аталыштары

Аттестациялык сыноолорго: семинардык сабак мезгилиндеги билимди баалоо үчүн учурдагы көзөмөл; бир нече темалар боюнча модулдук көзөмөл – аралык аттестация; дисциплина боюнча экзамен кирет.

Студенттердин билимин баалоо критерийи


Текшерүүнүн формасы

өткөрүү мезгили

Баллы

1-рейтинг

9-жумада өткөрүлөт

30

2-рейтинг

14-жумада өткөрүлөт

30

Жыйынтыктоочу контроль

Экзамен

40

Баары


100


а) дисциплина боюнча жыйынтык баа проценттик катышта төмөндөгү формула боюнча коюлат: Х0,6+ЭХ 0,4

Мында: Р1-биринчи рейтингдин баасынын проценттик мазмуну;

Р2-биринчи рейтингдин баасынын проценттик мазмуну;

Э-экзамендик баанын проценттик мазмуну.

Семестрдин ичинде 2 рубеждик текшерүү жүргүзүлөт (9-, 14- жума). Ар бир рубеждик текшерүү үчүн максималдык балл – 30.

Студенттердин билим, көндүм жана ыктары төмөндөгү система боюнча бааланат:

б) Билимди баалоонун көп баллдык тамга системасы

Традициялык





Тамгалык

% менен

Балл менен

Эң жакшы

А

95-100

4,0


А-

90-94

3,67

жакшы

В+

85-89

3,33


В

80-84

3,0


В-

75-79

2,67

канааттандырарлык

С+

70-74

2,67


С

65-69

2,0


С-

60-64

1,67


D+

55-59

1,33



50-54

1,0

Канааттандыраарлык эмес

F

0-49

0

Лабораториялык жумуштардын болжолдуу темалары

Төмөнкү суроолорду лабораториялык сабактарда кароо максаттуу:

  1. Химиялык лабораторияда иштөөнүн негизги эрежелери. Коопсуздук эрежелери. Заттарды тазалоонун жолдору.

  2. Элементтердин атомдук жана эквиваленттик массалары. Газ абалындагы заттардын молекулярдык массасы. Маселе чыгаруу.

  3. Химиялык байланыш. Атомдордун электрондук түзүлүшү. молекулярдык орбиталь методу боюнча жөнөкөй гомонуклеардык молекулалардын түзүлүшүн түшүндүрүү.

  4. Кычкылтек. Суутек. Суутектин перокисди. Суутек менен жогорку температура иштөөнүн техникасы. Кычкылдануу калыбына келүү реакцияларынада коэффициенттерди коюунун эрежелери.

  5. Химиялык тең салмактуулук. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы. Маселе чыгаруу. Тең салмактуулук константалары (диссоциациялардын, туруктуулуктун, гидролиздин, эригичтүүлүктүн көбөйтүндүсүнүн). Гидролиздин жүрүшүнүн жана токтоп калуусунун себептери. Чөкмөлөрдүн эрүү жана чөгүү эреэжелери.

  6. Галоген топчосунун элементтери. Галогендер менен иштөөнүн техникасы. Галогендердин салыштырма мүнөздөмөлөрү, алардын суутектик жана кычкылтектик бирикмелери.


Студенттердин окутуучу менен бирдикте аткаруучу өз алдынча иштеринин болжолдуу темалары.

  1. Негизги химиялык түшүнүктөр.

  2. Химиядагы стехиометриялык закондор.

  3. Атомдун түзүлүшү.

  4. Энергетикалык деңгээлдер, деңгээлчелер, атомдук орбиталдар.

  5. Кванттык сандар.

  6. Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону жана системасы.

  7. Мезгилдик закон жана атомдун электрондук катмарынын түзүлүшү.

  8. Химиялык байланыштар жана алардын жаратылышы, типтери.

  9. Химиялык реакциялардын ылдамдыгы.

Химиялык тең салмактуулук.

  1. Химиялык реакциялардын энергетикасы жана багыттуулугу.

  2. Эритмелер. Эритмелердин составын туюнтуунун жолдору.

  3. Электролиттик диссоциация теориясы. Эригичтиктин көбөйтүндүсү.

  4. Электролиттердин эритмелериндеги иондук реакциялардын механизмдери.

  5. Суутектин мезгилдик системадагы алган орду.

  6. Суу жана анын касиеттери. Суу проблемасы-XXI кылымдагы негизги проблема.

  7. Галогендердин суутек менен болгон бирикмелерин алуунун технологиялары.

  8. Галогендердин кычкылтектүү кислоталарынын өзгөчөлүктөрү.

Иоддун организмдеги орду.








Дисциплинаны окуу-усулдук жана материалдык-техникалык камсыздоо

Адабияттар

Негизги

  1. Некрасов Б. В. Основы общей химии: в 2-х томах. М., 1973.

  2. Ахметов Н.С. Неорганическая химия. М., 1975

  3. Коттон Ф., Уилкинсон Дж. Современная неорганическая химия. В 3-х ч. М., 1969.

  4. Менделеев Д.И. Основы химии: в 2-х томах М.,1947

Кошумча

  1. Реми Г. курс неоганической химии: в 2-х томах, М.,1972, 1974.

  2. Карапетьянц М.Х., Дракин С.И.. Общая и неорганическая химия. М. 1981, 632 с

  3. Сайто К. Химия и периодическая система. М., 1982.320с.

  4. Дикерсон Р., Грей Г., Хейт Дж. Основные законы химии: в 2-х т. М.,1982.

  5. Берсукер И.Б. Электронное строение и свойства координационных соединений: Введение в теорию. М., 1977.

  6. Воробьева О.И., Немкова О.Г., Тамм Н.С. Вопросы, упражнения и задачи по неорганической химии. М.,1975

  7. Мартыненко Л.И., Спицын В.И. методические аспекты курса неорганической химии. М. 1983.

  8. Спицын В.И., Субботина Н.А., Санталова Н.А. Руководство к лекционным демонстрациям по неорганической химии. М., 1977.

  9. Лавут Е.А., Полунина Г.П. Перфокартный контроль знаний по неоганической химии. М., 1979.

  10. Скорик Н.А., Кумок В.Н. Химия координационных соединений. М., 1974.

  11. Поллер З. Химия на пути в третье тысячелетие. М., 1982.

  12. Р.М.Голубева, Н.Д.Свердлова, Е.А.Алферова, Е.Ю.Раткевич, Г.Н.Мансуров. Практикум по общей химии. Москва. 1988.

  13. Мурзубраимов Б., Турдубаева Г., Сүйүнбекова А., Сатыбалдиев Д..Р., «Химиялык элементтерге кыскача баян» 2003ж., Ош.

  14. Эргешбаев Ж., Алишерова Ч.Т., «Жалпы химия» 2010ж., Ош.

  15. Мурзубраимов Б., Сагындыков Ж. Жалпы химия. 2004ж.

  16. Рысмендеев К. Жалпы химиянын негиздери 1988ж.

  17. У.Асанов., Т.Кудайбергенов «Жалпы химия» Бишкек-1998ж.

18. Саркулов А.Т. «Химиялык маселелерди чыгаруунун усулу» I,II,III китеп. Ош-2010, 2012жж.

Интернет ресурстар:

  1. himikatus.ru – прекрасный помощник для преподавателя и студента. В этом разделе сайта представлены видеоуроки по химии – видео лабораторных химических опытов.

  2. himiya-video.com на этом сайте представлены видео уроки п онеорганической и органической химии.

  3. chem.msu.su

  4. twirpx.com Строение атома. Химическая связь

  5. www.fen.nsu.ru.

  6. www.fen.nsu.ru⁄genchem.

  7. Химический Интернет-портал www.chemport.ru

  8. twirpx.com


31



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!