СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Химия 9-класс Тема: Металлдар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Металлдарга жалпы мүнөздөмө 

Просмотр содержимого документа
«Химия 9-класс Тема: Металлдар»

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты Химия мугалими: Кимсанова Максуда Металлдар

№ 11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернаты

Химия мугалими: Кимсанова Максуда

Металлдар

Металлдар Металлдар  (гр. Mettallon — жерден казып алам) — кадимки шартта электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору, согуп иштетүүгө ийкемдүү «металлдык» жалтырактыкка жана башка касиеттерге ээ болгон жөнөкөй заттар. Мисалы, мындай касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосунда кыймылдуу эркин электронунун болушуна байланыштуу.

Металлдар

  • Металлдар  (гр. Mettallon — жерден казып алам) — кадимки шартта электр жана жылуулук өткөрүмдүүлүгү жогору, согуп иштетүүгө ийкемдүү «металлдык» жалтырактыкка жана башка касиеттерге ээ болгон жөнөкөй заттар. Мисалы, мындай касиеттерге ээ болушу алардын кристаллдык торчосунда кыймылдуу эркин электронунун болушуна байланыштуу.
Металлдарга жалпы мүнөздөмө Сырткы энергетикалык деңгээлинде 1, 2 же 3 электрону бар элементтер металлдарга кирет. (Суутектен, гелийден жана бордон башкасы. Металлдар элементтердин мезгилдик системасында негизги жана кошумча подгруппаларда жайгашкан). Аларга жылуулук жана электр өткөргүчтүк, согууга элпектик, ийилгичтик жана зымдай созулуу касиеттери таандык . Бардык металлдар кадимки температурада сымаптан башкасы катуу абалда болот, металлдык жалтырактыкка ээ жана алтындай сары, күмүш сымал-боз түстө, ал түгүл көгүш түстɵргɵ боелуп, кубулуп турат.

Металлдарга жалпы мүнөздөмө

  • Сырткы энергетикалык деңгээлинде 1, 2 же 3 электрону бар элементтер металлдарга кирет. (Суутектен, гелийден жана бордон башкасы.
  • Металлдар элементтердин мезгилдик системасында негизги жана кошумча подгруппаларда жайгашкан).
  • Аларга жылуулук жана электр өткөргүчтүк, согууга элпектик, ийилгичтик жана зымдай созулуу касиеттери таандык .
  • Бардык металлдар кадимки температурада сымаптан башкасы катуу абалда болот, металлдык жалтырактыкка ээ жана алтындай сары, күмүш сымал-боз түстө, ал түгүл көгүш түстɵргɵ боелуп, кубулуп турат.
Бул касиеттер металлдардын атомунун түзүлүшүнө жана түйүндөрүндө нейтралдык атомдор менен бирге оң заряддалган иондор жайгашкан кристаллдык торчолордун жаратылышына да байланыштуу болот. Ал эми электрондор (электрондук газ) түйүн аралык мейкиндикте жайгашат. Типтүү металлдар-калыбына келтиргичтер, бирок алар амфотердик касиеттерге (металлдык да металл эместик да касиети) да ээ болот.
  • Бул касиеттер металлдардын атомунун түзүлүшүнө жана түйүндөрүндө нейтралдык атомдор менен бирге оң заряддалган иондор жайгашкан кристаллдык торчолордун жаратылышына да байланыштуу болот.
  • Ал эми электрондор (электрондук газ) түйүн аралык мейкиндикте жайгашат.
  • Типтүү металлдар-калыбына келтиргичтер, бирок алар амфотердик касиеттерге (металлдык да металл эместик да касиети) да ээ болот.
Металлдардын үлгүлөрү

Металлдардын үлгүлөрү

 Металлдар касиеттери боюнча бир нече топторго биригишет: щелочтук металлдар (Li, Na, K, Rb,Cs, Fr), щелочтук жер металлдар (Ca, Sr, Ba, Ra), түстүү металлдар (Ag, Au, Cu, Mn, Co, Ni, Cr), кара металл–Fe жана анын куймалары), асыл металлдар (Ag, Au, Pt,Ru, Rh,Pd, Os, Ir), жеңил металлдар – тыгыздыгы 5 г/см 3  төмөн жана оор металлдар – тыгыздыгы 5 г/см 3  жогору болгон. Металлдардын тыгыздыгы 0,53 г/см 3  болгон литийден 22, 7 г/см 3  болгон осмийге чейинки мааниге ээ болот.

Металлдар касиеттери боюнча бир нече топторго биригишет:

  • щелочтук металлдар (Li, Na, K, Rb,Cs, Fr),
  • щелочтук жер металлдар (Ca, Sr, Ba, Ra),
  • түстүү металлдар (Ag, Au, Cu, Mn, Co, Ni, Cr),
  • кара металл–Fe жана анын куймалары),
  • асыл металлдар (Ag, Au, Pt,Ru, Rh,Pd, Os, Ir),
  • жеңил металлдар – тыгыздыгы 5 г/см 3  төмөн жана
  • оор металлдар – тыгыздыгы 5 г/см 3  жогору болгон.
  • Металлдардын тыгыздыгы 0,53 г/см 3  болгон литийден 22, 7 г/см 3  болгон осмийге чейинки мааниге ээ болот.
Бир нече металлдардын жана металл эместердин аралашмасынан турган куймаларда металлдардын жеке касиеттери толугу менен өзгөрүп кетет. Алар катуу эритмелер, интерметаллиддер жана механикалык аралашмалар болушу мүмкүн. Куймалар бекем болот, кыйынчылык менен эрийт, алардын балкып эрүү температурасы кескин төмөндɵйт, кислотага, щелочко туруктуу болуу менен жаңы касиеттерге ээ болот.
  • Бир нече металлдардын жана металл эместердин аралашмасынан турган куймаларда металлдардын жеке касиеттери толугу менен өзгөрүп кетет.
  • Алар катуу эритмелер, интерметаллиддер жана механикалык аралашмалар болушу мүмкүн.
  • Куймалар бекем болот, кыйынчылык менен эрийт, алардын балкып эрүү температурасы кескин төмөндɵйт, кислотага, щелочко туруктуу болуу менен жаңы касиеттерге ээ болот.
Щелочтук металлдар Li, Na, К , Rb, Cs, Fr   металлдары суу менен аракеттенишип, щелочторду–сууда эрүүчү негиздерди пайда кылгандыгы үчүн щелочтуу металлдар деп аталат. Бардык щелочтуу металлдардын S –электрондук катмарында 1е толот, ошондуктан калыбына келтиргичтер катары металлдык касиеттерди алып жүрɵт, кычкылдануу даражасы  +1  барабар, I валенттүү болот. Балкып эрүү температурасы төмөн (tбал) болот, мисалы, цезий адамдын колунун жылуулугунан эле балкып эрийт.

Щелочтук металлдар

  • Li, Na, К , Rb, Cs, Fr   металлдары суу менен аракеттенишип, щелочторду–сууда эрүүчү негиздерди пайда кылгандыгы үчүн щелочтуу металлдар деп аталат.
  • Бардык щелочтуу металлдардын S –электрондук катмарында 1е толот, ошондуктан калыбына келтиргичтер катары металлдык касиеттерди алып жүрɵт, кычкылдануу даражасы  +1  барабар, I валенттүү болот.
  • Балкып эрүү температурасы төмөн (tбал) болот, мисалы, цезий адамдын колунун жылуулугунан эле балкып эрийт.
Бул металлдардын туздары жалынды мүнөздүү ар түрдүү түстөргө боёшот: литий – ачык кызыл , натрий– кызгылт сары , калий – кочкул, рубидий– кызыл , цезий – көгүш түскө .

Бул металлдардын туздары жалынды мүнөздүү ар түрдүү түстөргө боёшот: литий – ачык кызыл , натрий– кызгылт сары , калий – кочкул, рубидий– кызыл , цезий – көгүш түскө .

Щелочтуу металлдар Франций – туруксуз изотобу бар радиоактивдүү элемент. Щелочтук металлдар реакцияга активдүү киргендиктен, жаратылышта эркин түрдɵ эмес, туздардын курамында кездешет.  Алардын ичинен эң кеңири таралганы NaCl (таш тузу, кайнатма туз, галит) болуп саналат. Ал эми соданы (Na 2 CO 3 ) адамдар байыртадан эле билишкен. Калий селитрасы (KNO 3 ) мылтыктын дарысынын курамына киргендиктен, адамзаттын тарыхында чоң мааниге ээ болгон. Щелочтук металлдар балкыган хлориддердин же гидроксиддерди электролиздөө жолу менен алынат.

Щелочтуу металлдар

  • Франций – туруксуз изотобу бар радиоактивдүү элемент.
  • Щелочтук металлдар реакцияга активдүү киргендиктен, жаратылышта эркин түрдɵ эмес, туздардын курамында кездешет.
  • Алардын ичинен эң кеңири таралганы NaCl (таш тузу, кайнатма туз, галит) болуп саналат.
  • Ал эми соданы (Na 2 CO 3 ) адамдар байыртадан эле билишкен.
  • Калий селитрасы (KNO 3 ) мылтыктын дарысынын курамына киргендиктен, адамзаттын тарыхында чоң мааниге ээ болгон.
  • Щелочтук металлдар балкыган хлориддердин же гидроксиддерди электролиздөө жолу менен алынат.
Щелочтуу металлдар башка заттар менен реакцияга кубаттуу киргендиктен, аларды керосиндин астында сакташат.

Щелочтуу металлдар башка заттар менен реакцияга кубаттуу киргендиктен, аларды керосиндин астында сакташат.

Щелочтуу металлдар Бардык щелочтуу металлдар жумшак, тыгыздыгы төмөн болот. Литий (0,53 г/см 3 ) жана натрий (0,97 г/см 3 ) суудан жеңил болот, суу менен реакцияга киргенде анын үстүндө сүзөт. Бардык металлдар күмүш сымал ак түстө болушат, электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрүшөт. Жумшак, бычак менен кесүүгө болот. Суутек, күкүрт, көмүртек жана хлор менен реакцияга кирет. Калий жана натрий кычкылтек менен реакциялашканда өтө кычкылды (Na 2 O 2 ), суу менен реакцияга киргенде гидроксиддер–щелочторду (LiOH, NaOH, KOH) пайда кылат.

Щелочтуу металлдар

  • Бардык щелочтуу металлдар жумшак, тыгыздыгы төмөн болот. Литий (0,53 г/см 3 ) жана натрий (0,97 г/см 3 ) суудан жеңил болот, суу менен реакцияга киргенде анын үстүндө сүзөт.
  • Бардык металлдар күмүш сымал ак түстө болушат, электр тогун жана жылуулукту жакшы өткөрүшөт. Жумшак, бычак менен кесүүгө болот.
  • Суутек, күкүрт, көмүртек жана хлор менен реакцияга кирет. Калий жана натрий кычкылтек менен реакциялашканда өтө кычкылды (Na 2 O 2 ), суу менен реакцияга киргенде гидроксиддер–щелочторду (LiOH, NaOH, KOH) пайда кылат.
Щелочтук жер металлдар Ca, Sr, Ba, Ra  металлдарынын гидроксиддери эритмелерде щелочтук касиетке ээ болгондуктан, алар «щелочтук жер металлдар» деп аталат. Ал эми алардын оксиддери кыйынчылык менен эригендиктен «жер» деп аталган оор металлдардын оксиддерине жакындашат.

Щелочтук жер металлдар

Ca, Sr, Ba, Ra  металлдарынын гидроксиддери эритмелерде щелочтук касиетке ээ болгондуктан, алар «щелочтук жер металлдар» деп аталат. Ал эми алардын оксиддери кыйынчылык менен эригендиктен «жер» деп аталган оор металлдардын оксиддерине жакындашат.

(Mg) – магний, (Ca) – кальций, (Sr) – стронций, (Ba) – барий металлдык касиетке ээ болот. Күмүш сымал ак түстөгү бардык металлдар жылуулукту, электр тогун жакшы өткөрүшөт, алардын тыгыздыгы мезгилдик системада жогортон төмөн карай жогорулайт, ал эми балкып эрүү температурасы төмөндөйт. Алар абадагы кычкылтек менен кычкылданып кетпеши үчүн щелочтуу металлдар сыяктуу эле керосиндин астында сакталат. Жумшак, бычак менен кесилет. Жалынды мүнөздүү түстөргө боёшот.  
  • (Mg) – магний, (Ca) – кальций, (Sr) – стронций, (Ba) – барий металлдык касиетке ээ болот. Күмүш сымал ак түстөгү бардык металлдар жылуулукту, электр тогун жакшы өткөрүшөт, алардын тыгыздыгы мезгилдик системада жогортон төмөн карай жогорулайт, ал эми балкып эрүү температурасы төмөндөйт.
  • Алар абадагы кычкылтек менен кычкылданып кетпеши үчүн щелочтуу металлдар сыяктуу эле керосиндин астында сакталат. Жумшак, бычак менен кесилет. Жалынды мүнөздүү түстөргө боёшот.

 

М еталлдар жаратылышта эркин түрдө кездешпейт, алар CaCO 3  • MgCO 3  – доломит, CaCO 3  – бор, акиташ, мрамор, CaSO 4  • 2H 2 O – жаратылыш гипси, Ca 3  (PO 4 ) 2  – фосфорит туздарынын курамында кездешет.  Кальций жана магний хлориддерди электролиздөө, ал эми стронций жана барий алюминотермиялык жол менен алынат. Бардык металлдардын сырткы энергетикалык деңгээлинде 2ден е болот, ошондуктан алар 2 е оңой эле берип, күчтүү калыбына келтиргич болуп калат, алардын кычкылдануу даражасы +2 барабар, металлдык касиеттери (ЭМС) жогортон төмөн карай жогорулайт. Щелочтук жер металлдар суутек, кычкылтек, күкүрт жана хлор менен реакцияга кирет, суу менен активдүү реакциялашат.
  • М еталлдар жаратылышта эркин түрдө кездешпейт, алар CaCO 3  • MgCO 3  – доломит, CaCO 3  – бор, акиташ, мрамор, CaSO 4  • 2H 2 O – жаратылыш гипси, Ca 3  (PO 4 ) 2  – фосфорит туздарынын курамында кездешет.
  • Кальций жана магний хлориддерди электролиздөө, ал эми стронций жана барий алюминотермиялык жол менен алынат.
  • Бардык металлдардын сырткы энергетикалык деңгээлинде 2ден е болот, ошондуктан алар 2 е оңой эле берип, күчтүү калыбына келтиргич болуп калат, алардын кычкылдануу даражасы +2 барабар, металлдык касиеттери (ЭМС) жогортон төмөн карай жогорулайт.
  • Щелочтук жер металлдар суутек, кычкылтек, күкүрт жана хлор менен реакцияга кирет, суу менен активдүү реакциялашат.
Кальцийдин оксиди суу менен реакцияга киргенде курулушта кеңири пайдаланылган өчүрүлгөн акиташ алынат. Щелочтук жер металлдар кальций (Ca 2+ ) жана магнийдин (Mg 2+ ) катиондорунун сууда болушу суунун шордуулугуна алып келет».  «Шордуу сууда»  (Ca 2+ ) жана ( Mg 2+ ) көп болгондуктан, самын көбүрбөйт, алар жогорку карбон кислоталарынын эрибеген туздарын пайда кылат. Бул учурда чай жакшы демделбейт, эт эзилип кетет. Шордуу суу кебер пайда кылгандыктан, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарды муздатууга жана буу казандарын иштетүүгө жараксыз болуп саналат.  Шордуу сууну тамакка колдонуудан бөйрөктө таш пайда болушу мүмкүн. Сууну жумшартуунун заманбап жолу – натрийдин иондорун кальцийдин иондоруна алмаштырууга жɵндɵмдүү болгон чайырларды–катиониттерди колдонуу болуп саналат. Кальций – сөөк тканынын жана тиштин негизги компоненти болуп саналат.
  • Кальцийдин оксиди суу менен реакцияга киргенде курулушта кеңири пайдаланылган өчүрүлгөн акиташ алынат.
  • Щелочтук жер металлдар кальций (Ca 2+ ) жана магнийдин (Mg 2+ ) катиондорунун сууда болушу суунун шордуулугуна алып келет».  «Шордуу сууда»  (Ca 2+ ) жана ( Mg 2+ ) көп болгондуктан, самын көбүрбөйт, алар жогорку карбон кислоталарынын эрибеген туздарын пайда кылат. Бул учурда чай жакшы демделбейт, эт эзилип кетет.
  • Шордуу суу кебер пайда кылгандыктан, ичтен күйүүчү кыймылдаткычтарды муздатууга жана буу казандарын иштетүүгө жараксыз болуп саналат.
  • Шордуу сууну тамакка колдонуудан бөйрөктө таш пайда болушу мүмкүн. Сууну жумшартуунун заманбап жолу – натрийдин иондорун кальцийдин иондоруна алмаштырууга жɵндɵмдүү болгон чайырларды–катиониттерди колдонуу болуп саналат.
  • Кальций – сөөк тканынын жана тиштин негизги компоненти болуп саналат.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!