Просмотр содержимого документа
«Химия 8-класс. Оксиддер»
ХИМИЯ 8-класс. Химиялык реакциялар. Кычкылтек . Оксиддер
1. 9г суу ажыраганда пайда болгон кычкылтекте канча молекула бар ? А)8*1023 Б)9*1023 В)3*1023 Г)1,5*1023 Д) 4,5*1023
2. Массасы 28г болгон темирди күйгүзгөндөн алынган темир (III) оксидинин массасы канча болот? А)40г Б)44г В)4,0г Г)3,9г Д)4,2г
3. 2г магнийдин оксиди аракеттене алган (г) туз кислотасынын массасы (г) : А)1,83 Б)24,9 В)2,6 Г)3,65 Д)2,18
4. 1,96г цинк менен реакцияга кириш үчүн канча көлөм (мл) 22%түү туз кислотасы (р=1,1 г/см3) керек болорун аныктагыла. А)9,9 Б)9 В)4,5 Г)36,5 Д)2,18
5. Кайсы реакция сүрүп чыгаруу реакциясына кирет? А)CaCO3 →CaO+CO2 Б) Fe+S→FeS В) Fe+CuCL2 →Cu+FeCL2 Г)Na2 SO4+BaCL2→BaSO4+2NaCL
6. Төмөнкү оксиддердин кайсынысы негиздик жана кислоталык да касиеттерге ээ? А) P2O5 Б)CO2 В)MgO Г)AL2O3 Д) NO2
7.Кайсы оксиддердин тобу суу менен аракеттенгенде кислота алынат? А) негиздик оксиддер Б) амфотердик оксиддер В) кислоталык оксиддер Г) катуу оксиддер
8. Татаал зат. А)CaS Б)O3 В) Br2 Г) CL2
9. (F2, CF4) Татаал заттын салыштырмалуу молекулалык массасын аныктагыла А) 88 Б)28 В)44 Г) 72
10. Химиялык кубулуш. А)сүттүн ириши Б)кардын эриши В)канттын эриши Г)суунун тонушу
11. Литийдин кычкылтектик бирикмесинин формуласындагы атомдордун санын аныктагыла . А)4 Б)3 В)2 Г) 5
12. Жаратылышта кайсы зат үч абалда кездешет A )кычкылтек B) суутек C) суу