СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Келечек сыры (психология)

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Келечек сыры (психология)

Азыр жасап жаткан кичинекей нерселериңиз, сиздин оюңуз, сиздин 20 жылдан кийинки жашооңузду аныктайт. Ошентип, бактылуу жана дени сак келечекти камсыз кылуу үчүн бүгүн эмне кылуу керек деген суроо?.

Келечек жөнүндө ойлонуу абдан коркунучтуу болушу мүмкүн, бирок чындык, келечек жөнүндө ойлонуу ар дайым эле боло бербейт, себеби бүгүнкү күндүн убактысы жок, эртеңки күн бүгүнкүдөй болбойт, бул убакыттын зымырап учканы. Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет деп ойлобой койбостон, убакытты туура пайдалануу зарыл.

Кантип? -Биз бала бакчада тарбияландык, мектепте окуп тарбияландык, окуу жайларда окуп тарбияланып кесип алдык. Мектепти 11-классты бүтүрөбүз же бүтүрүп иштеп жатабыз. Демек, мектепти бүткөнгө чейинки убакытты эсепке алалы. Эрте менен ата-энебиз тургузуп окууга жөнөтчү, окууда сабак бүткөндөн кийин мугалимдер үйүңөргө жакшы жетип алгыла, түз барып ата-энеңерге жардам бергиле деп кайтарчу, туурабы? Эми убакыт өткөндөн кийин өз оюуңарга коюулуп, ким эмне каалаганын жасап жүрөт, кимдир бирөө иштейт, бирөөсү убактылуу иштейт-иштебейт, бирөө үй тиричилиги менен үйүндө жүрөт, кимдир бирөө жамбашы талыса да жатат, башкача айтканда даңгыраган турмуш мейкиндигине чыгып өз каалагандарын жасап жүрүшөт. Тартип-ийгиликтин башаты, себеби баардык кыйынчылыктан чыгуу, жакшылыкка жетүү үчүн же бир ишти баштоого өз эрежелерин сактоо кармоо зарыл. Демек эреже бул тартип. Бул жашоонун эрежелери сөзсүз түрдө убакыттарды талап кылат. Убакытты туура пайдалануу үчүн аны иретке келтирүү зарыл. Кайсыл жумушту аркалаба жумуштубу, мейли жашоонубу иретке келтирүү үчүн регламент түзүү жана аны туура пайдалануу.

Жашоо регламенти- убакытты туура пайдалануу үчүн бир күндүк, айлык, жылдык жашоо регламентин түзүү. Аны туура пайдаланып иштетүү жана балдарды да ошого үйрөтүү бул үй бүлөгө, коомго, өлкөгө салым кошуунун бирден бир бөлүгү деп белгилесек болот.

28-32 жаш - бул энергиянын деңизин сезип, ар бир күнүнө ыраазы болуп, кийинки жылдарга жер даярдай турган учур. Бул сизди бүгүн гана эмес, келечекте да бактылуу кыла турган жашоону баштоо үчүн эң сонун убакыт!

33-40 жаш отурукташып кемчилдиктерди түзөтүп толуктоо.

Көптөгөн адамдар 30 жашында эмне кыла аларын сурашат, ооба регламент түзүү убактытты туура пайдалануу бул жеңил жашоонун рычагы жана келечеги.

Бул жерде сиз 50 жашыңызда ыңгайлуу, дени сак жана бактылуу болуу үчүн эмне кылышыңыз керектиги.

Улгайган жашыңызда сизге пайда алып келе турган 30 жашта кыла турган 20 нерсе.

  • "Оңдоо" жана үй-бүлөлүк мамилелерди жакшыртуу.

Адамдардын карыганда эң көп өкүнгөн нерселеринин бири – үй-бүлөсүнө, сүйүүсүнө, колдоосуна, кечиримине убакыт таппай калганы.

  •   Эшикте убакыт өткөрүңүз.

Сыртта убакыт өткөрүүдө сергитерлик жана тынчтандыруучу нерсе бар. Табияттын койнунда убакыт өткөрүү. Кызыктуу жерлерде, дарыя суунун четинде, тоолордо, чөптөрдө жана бак-дарактардын четинде сейилдөө, алардан сезимдер аркылуу жаратылыштын сулуулугун баалоого убакыт бөлүү.

  •   Денени кыймылдатуу.

Үзгүлтүксүз көнүгүү оптималдуу ден соолуктун жана узак өмүрдүн ачкычы болуп саналат. Муну биринчи орунга коюп, ден соолукка кам көрүү менен болушунча тез-тез кыймылда болууга убакыт бөлүү.

  •  Тамак-ашты убактысы менен жегенге өтүү.

Кайра иштетилген продуктуларды табигыйга алмаштыруу. Калориялуу тамактануу.

  •  Тамеки чегүү, шарап, спирт ичимдигин токтотуу.

Тамеки чегүү эрте өлүмдүн негизги себептеринин бири болгону менен, миңдеген адамдар таштоодон баш тартышат. Бирок тамеки чегүүчүнүн өпкөсүнө тамекиден кирген көптөгөн химиялык заттарды эске алганда, тамекини таштоо керек. Спирттик ичимдиктер унутчаактыкты пайда кылып нерв системасынын бузулушуна алып келгендиги үчүн токтотуу керек.

  • Акчаны үнөмдөө.

Бул учурда, ден соолукка, бүлөөгө, коомго керек эмес аракеттерди жана чыгымдарды жасабоо. Сизде бар акчаны үнөмдөөнү адатка айлантуу, күнүмдүк чыгымдарга кереги жок болгон сумма болсо муктаж болгондорго берип туруу же жардам көрсөтүү жашоодо ырахат алуу.

  • Учур чакта болууну үйрөнүү.

Дайыма өткөндү ойлоп, келечекти ойлоо, учурду жогтуу. Бактылуулукка жана канааттанууга жетүү үчүн толугу менен учурду пайдалануу. Медитация кылыңыз, ачык абада убакыт өткөрүү жана сиз үчүн маанилүү болгон кичинекей нерселерден ырахат алуу.

  • Максаттарды кой.

Максаттарды коюп, аларды өчүрбөңүз. Эң негизгиси ийгиликтүү болсоңуз, үмүтүңүздү үзбөңүз! Максат коюу - бактылуулуктун ачкычы.

  • Уйку.

Түнкүсүн 8 сааттан кем эмес уктоо. Сөзсүз түрдө саат 21-30же22-30да жатуу эрте мененки күн чыга электе туруп таза абадан жутуу сейилдөө гимнастика жасоо бул жаңы жашоонун рахаты.(өзүңүздү сынап көрүңүз, андай кыла элек болсоңуз баштап көрүңүз жашооңуз бүтүндөй өзгөрөт)

  • Тишке кам көрүү.

Адам, жаныбарлардын эң биринчи тамактануу куралы, ички органдарын сактоо бул тиш. Эмне болсо да тиштеп көрөбүз, көптөгөн оорулар тиш гигиенасын сактабагандыктан келип чыгат. Тишке үзгүлтүксүз кам көрүп, аларды жакшы формада кармоо үчүн табигый ыкмаларды колдонуу.

  • Материалдык нерселер эмес, эскерүүлөр

Материалдык байлыктан ырахат алуунун ордуна эс-тутумдарды жаратууга көңүл бурган адамдар көбүрөөк канааттануу жана ийгиликтүү болоору илимий жактан далилденген.

  • Башкаларга кам көрүү.

Камкордук энергияңызды көтөрүп, кыйынчылыктарыңыздан арылуу менен башкаларга жардам берүүдөн кубаныч табууга жардам берет. Башкаларга кам көрүү үчүн убакыт бөлүүдөн артык эч нерсе жок. Бул келечектеги сый.

  • Коркуткан нерселер.

Сизди коркуткан нерседен качпоо! Коркунучтуу нерсеге каршы баруу коркуу сезимин башкаруун. Караңгы жерден өтүү ал жерде эч нерсе жок, ал сиздин оюңуз коркуу сезими үстөмдүк кылганы. Күндүзү көргөн жер түнү деле ошондой. Коркуу ой жүгүртүү менен элестетип окшотуунун негизинде пайда болот ал жок нерсе.

  • Окуу.

Китептер азыркы, өткөн жана келечек менен байланыштырып, дүйнө таанууну кеңейтип, акылдуу кылат. Көргөн телешоу эсте калбашы мүмкүн ж.б, китеп акылды кеңейтип, жаңы идеяларга толтурууга көмөктөшөт.

  • Саякатка көңүл буруу.

Саякаттоо жана ар кайсы жерлерге баруу, жаңы жерлерди изилдөө, жаңы адамдар менен таанышуу жана жаңы идеяларга убакыт бөлүү.

  • Өзүн сүйүү жана кемчилдигин түшүнүү.

Өзү менен убакыт өткөрүү, сүйгөн нерсе менен алектенүү жана өзүн бактылуу кылуу. Эң маанилүүсү МЕН экенди унутпоо жана ачуулукка алдырбоо.

  • Күндөлүк жасоо(регламент).

Тажрыйбаларды жазуу жана ал жөнүндө кийинчерээк ой жүгүртүп, канчалык деңгээлде жашоодо кандай өзгөрүүлөр болгонун көрүү үчүн.

  • Достор менен убакыт өткөрүү.

Достор менен убакыт өткөрүү жана керек болсо аларга кам көрүү. Азыркы мамиле кийинки кайтарым. Чоң канааттануу алып келиши.

  • Таштандылардан арылуу.

Керексиз нерселерди муктаж болгондорго тартууну адатка айлантуу! Тазалыкка артыкчылык маани берүү. Кызык жери, бул оңой дем алууга жана акыл-эсти, таза сезим пайда болушуна жардам берет.

  • Бак отургузуу - чыныгы бакча.

Өсүмдүктөрдү жана мөмөлүү дарактарды отургузуп, өсүү системсын жаратуу. Улгайган жашка барганда баардык аталган нерселердин үзүрүн көрө баштайсыз бул рахат.

Академик Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту,

педагог-психолог, Нурдинов Б.Ж.

Просмотр содержимого документа
«Келечек сыры (психология)»

Максаттарды коюп, аларды өчүрбөңүз. Эң негизгиси, ийгиликсиз болсоңуз, үмүтүңүздү үзбөңүз! Максат коюу - бактылуулуктун ачкычы.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!