СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Келечек сенин колуңда

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Келечек сенин колуңда»

Чоң-Алай району Нажимидин Кармышев атындагы орто мектебинин

математика мугалими Коңурбаева Гүлшан Жалалидиновна

Сабактын темасы: Келечек билимдүү жаштардын колунда!

Сабактын максаты: Бүтүрүүчүлөр келечектен туура жолду табууга, максаттарын ишке ашырууга өбөлгө түзүүгө, абийирдүү, ыймандуу болууга тарбияланышат

Сабактын жабдылышы: ватман, маркерлер, учкул сөздөр, банка, чоң таштар, майда таштар, шагыл, суу, топурак, ж.б

Сабактын жүрүшү:

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

1.Уюштуруу

2.Саламдашуу

3. Атым- пейилим –жагымдуу маанай менен сабакты баштайбыз


1. Классты иретке келтиришет

2. Саламдашышат

3. Атым- пейилим оюнуна активдүү

катышышат.М: Мен Гүлшан- гүлдөймүн

Класстагы окуучуларды үч топко бөлүү үчун түстүү галстуктар таркатылат


Мугалим: 1- топко ватман, маркерлерди

2- топко бөтөлкө, кашык ,суу

3- топко банка, суу , боёк

берип, ватманга маркелер менен түрдүү сызыктарды сызууну , бөтөлкөгө сууну

кашыктап куюуну, боёктор менен сууну

аралаштырууну сунуштайт.

Мугалим: Кана балдарым , жасаганыбыздан эмнени байкадык, жана эмнени түшүндүк?

Окуучулардын ойлорун угуп, комментарий берет.

  1. Таза барак бул силердин келечегиңер. Келечекте силерди ар түрдүү жолдор күтөт. А ушул жолдорду түзүүчулөр өзүңорсүңөр

  2. Жашоодо абийир ыйман аз- аздан этияттап чөйчөккө куюлган суу сыяктуу.Аны эби жок жүрүм турум, олдоксон кыймыл менен төгүп алууга болот.

  3. А бул боёктор силердин мүнөзүңөр, жүрүм турумуңар. Таза суу – болсо бул силердин жашооңор.

Демек , балдар жашоону жалаң жакшы түстө алып жүрүүңөр керек. Келечекте жашооңордо жалаң жакшы сызыктар, абийир , ыйман жаркын маанай жакшы түс силерди ар дайым коштоп жүрсүн деген аруу тилек максат мене мен бүгүнкү сабагымды баштаймын.




Галстуктардын түсүнө карап, балдар 3 топко бөлүнүшөт

  1. топ жашыл

  2. топ кызыл

  3. топ сары





Окуучулар мугалимдин тапшырмасын топтордо аткарышып, доскада лидер окуучулар презентация кылышат

Жаңы тема: Келечек билимдүү жаштардын колунда!

Мугалим: САбакты баштоодон алдың ар бириңер бактылуу балалыгыңарды бир эстегилечи,мектепте эсте калган кызыктуу окуялар болдубу?

Окуучулардын эскерүүлөрүн уккандан кийин:

Мына ошол кайталангыс көз ипмемдей болгон бала чагыңар менен коштошуу алдында турасыңар.Силердин алдыңврда жаркыраган келечек күтүп турат. Мына ушул учурда ар бириңердин алдыңарда белгилүү бир мүдөө максат болуш керек.Келгиле чогуу ойлонуп талкуулайлы

( Топторго тапшырма берилет)

1-топ

2- топ

3- топ

Максатты кантип туура коёбуз?

Максат ишке ашуу үчүн эмне кылуу керек?

Жаркыраган келачекти кантип элестетебиз?

Мугалим толуктап турат.Мисалы:

1.Ишке аша

турган

2. Талантка

карап

3.

4. ж.б

1. Аракет

2. План

3. Мүмкүнчүлүк

4. Уйрөнүү

5.

6. ж.б


1.Жакшы

жашоо

2. Чың ден

соолук

3.Жакшы

жумуш

ж.б




Мугалим:1.” Максатты туура коё албаган кемеге

эч бир шамал жардам бере албайт”,-деп Конфуций айткандай эң оболу максатты туура

коюууну үйрөнөлү

2. Демек,инсан ар дайым максатын акылында жана жүрөгүндө туя алганда ал аткарылат.

3. Жаркыраган келечек адамдагы асыл сапаттар менен толукталат.




Балдар кызыктуу окуяларды айтып беришет.







Окуучулар топто талкуулап, презентация кылышат.


Сабакты бышыктоо

Мугалим үч топко бирдей тапшырма берет:

Кана балдарым бул бош банканы толтурабыз(Банка,суу,чоң таштар, майда таштар,

шагыл, топурак берилет)

Мугалим көз салып байкап турат.Суроо:

-Көргөнүбүздөн жана жасаганыбыздан эмнени түшүндүк?

Балдардын талкуусунан кийин мугалим жыйынтыктайт: Балдар, бул бош банка силердин өмүр жолуңар деп элестетели, чоң таштар чоң максаттарыңар, өмүрүңөрдөгү чоң таштарды аныктап алгыла, банканы майда таштар, шагылдар, суу, топурак менен толтуруп алсаңар өмүрдү майда иштер менен өткөрүп жиберсиңер, чоң иштер аткарылбай калат.

Силердин алдыңарга койгон максаттарыңар аруу тилек үмүттөрүңөр ылайым эле аткарылсын деген тилек менен мен бүгүнкү сабагымды аяктаймын.

Көңүл бурганыңар үчүн рахмат!







Окуучулар тапшырманы аткарышат.





Талкууга активдүү катышып.




Өз ойлорун айтышат




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!