СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Калый Молдобасановдун өмүрү жана чыгармачылыгы.

Категория: Искусство

Нажмите, чтобы узнать подробности

Калый Молдобасановдун өмүрү жана чыгармачылыгы. музыка дүйнөсүнүн алпы Калый Молдобасанов. 

Просмотр содержимого документа
«Калый Молдобасановдун өмүрү жана чыгармачылыгы.»

Асылзат Кудайбедиева ФМОМ(Б)-1-20 тайпасы

КАЛЫЙ МОЛДОБАСАНОВ

МУЗЫКА ДҮЙНӨСҮНҮН АЛПЫ

Ар бир улуттун руханий турмушунда, маданиятында чыныгы залкар сүрөткерлер болору жана алардын чыгармачылыгында инсандын көркөм гениалдуулугу менен заман таламы, улуттук көркөм өнөрдүн бийик инсанияттуулугу менен терең сезимдүүлүк, таасын интернационалдуулук менен элге кеңири таанымалдуулук айкалыша жүрөрү белгилүү.

Азыркы күндөгү музыка өнөрүнүн мына ушундай Устаты жана Чебери – СССРдин эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, композитор, дирижер, профессор Калый Молдобасанович Молдобасанов. Анын көп кырдуу көркөм өнөрү дүйнөлүк музыкалык маданияттын казынасынын жаркын барагына айланып, планетардык масштабдагы көрүнүшкө айланганы жалпыга белгилүү жана талашсыз.

Калый Молдобасанов 1929-жылы 28-сентябрда Нарын областынын Ак-Талаа районундагы Терек айылында, атактуу элдик музыкант, манасчы Молдобасан Мусулманкуловдун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Өнөрү элге кеңири таанымал белгилүү манасчы, төкмө, ырчы, комузчу атасынын өмүрү Калый үчүн адеп-ахлактын идеалы, ардактуу, асыл өнөр-Музыкага кызмат өтөөрүн чыныгы үлгүсү болуп келүүдө.

Калый Молдобасановдун балалык жана өспүрүм чагы атасы айткан “Манас”, “Семетей” эпосторунун, санжыранын, аткарган ыр, күүлөрдүн гана таасиринде өспөстөн, алардын үйүнө дайыма келип турушкан Калык Акиев, Муса Баетов, Абдылас Малдыбаев, Муратаалы Күрөңкеев, Шаршен Термечиков, Жумамүдүн Шералиев, Саид Бекмуратов, Карамолдо Орозов, Атай Огонбаев сыяктуу белгилүү элдик музыка чеберлеринин да таасирине кабылган жана байыган. Андагы көңүл эргиткен аңгеме дүкөндөрдүн ой чордону албетте музыка болгон. Калый Молдобасанов аларды “өзүмө өзгөчө бир музыкалык университетим”-деп бекеринен эстебесе керек. Табиятынан бай музыкалык шыкка ээ баланын “канына” сиңген бул таасирлер, Молдобасановдун келечектеги чыныгы сүрөткерлигин, театрды терең түшүнүү күчүн, өтө бай жана бийик сезимталдыгын, улуттук эпоско болгон терең урматтоосун шарттаган.

Болочок композитор Калый Молдобасановдун өмүр тизиминде, Кыргызстанда оркестрде аткаруучулук өнөргө жана музыкалык билим берүүгө негиз салган инсан, Кыргыз Мамлекеттик филармониясынын Эл аспаптар оркестринин түзүүчүсү Петр Федорович Шубинге өтө чоң роль таандык. Ондогон аспаптарда ойной билген көп кырдуу музыкант, дирижер, таланттуу педагог өзү түзгөн оркестрдин аткаруучуларына музыка илиминин “алиппесин” үйрөтүү менен катар, билимге ынтызар, шыктуу баланын музыкалык сабатын ачып, музыканын сырдуу дүйнөсүнө жол көрсөткөн, келечекте улуу музыкант болоруна ишеним пайда кылган. 1942-жылы, согуштун каардуу мезгилинде он үч жашар Молдобасанов Шубиндин айтуусу боюнча элдик орткестрдин катарына комузчу болуп кабыл алынат. Оркестр менен бирге элге концерт тартуулап бүткүл Кыргызстанды жөө кыдырып чыккан. Себеби оркестрдин өз унаасы болгон эмес, ал эми жалгыз арабага оркестрдин музыкалык аспаптраы араң баткан. Оркестр койгон концерттер угуучулар тарабынан өтө жылуу кабыл алынган. Анын репертуарын элдик обондор, М.Күрөңкеевдин, П.Шубиндин чыгармалары, орус эл ырлары,Э.Григдин, П.Чайковскийдин классикалык эмгектери түзгөн.

Калый Молдобасановдун 1945-жылы Фрунзедеги музыкалык окуу жайынын скрипка классына кириши анын өмүрүндө жана чыгармачылыгында белгилүү бир этап болуп калды. Эки жылдан кийин достору Сейдалы Медетов, насыр Давлесов менен бирге жаңы уюштурулган дирижерлук бөлүмдө да окуй баштайт. Бул адистик боюнча классты ачуунун демилгечиси жана биринчи окутуучусу, өзүнүн окуучуларына музыкага болгон сүйүү менен катар өзүнө чоң талап коё билүүн үйрөткөн сергек музыкант Ростислав Георгиевич Миронович болгон. 1950-жылы окуу жайды аяктоо учурунда дипломдук иш катары Калый Молдобасанов Р.Мироновичтин жетекчилиги астында М.Брухтун скрипка жана оркестр үчүн жазылган концертинин 1-бөлүмү скрипкачы катары аткарса, дирижер катары Н.Римский-Корсаковдун “Испан каприччиосун”, М.Мусоргскийдин “Жайдак тоодогу түн” аттуу чыгармаларын аткарган. Айта кетчү нерсе, эки чыгарманын партитурасын Молдобасанов өзү оркестрлештирип, партияларын жазып чыккан. Төрт жылдан соң, П.И.Чайковский атн. Москва мамлекеттик консерваториясын Л.М.Гинзбургдун классы боюнча аяктап жатып, Молдобасанов дипломдук концертте П.И.Чайковскийдин “Франческо да Римини” аттуу чыгармасын жана А.И.Хачатуряндын скрипка жана оркестр үчүн концертин аткарган.

Салт болуп калгандай улуттук музыка өнөрүнүн классикасы болуп калган А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин “Айчүрөк” операсы менен ачылган Кыргы опера жана балет театрынын 1954-жылдагы сезону Калый Молдобасановдун дирижерлук бет ачары жана элүу жылга жакын созулган чыгармачылык жолунун башталышы болду. Улуу музыка өнөрүнө кызмат өтөөнүн чыныгы рыцары, жаны менен бир болуп калган Кыргыз опера жана балет театрына бүткүл дили менен берилген Молдобасанов, аны эн татаал, бурулуш мезгилдеринде көркөм жетекчи жана башкы дирижер катары жетектеп келүүдө. Дал мына ушул жылдардагы чыгармачыл ишмердиги менен кыргыз театры “Советтик опера жана балеттин лабораториясы” деп таанылган, ал эми көпчүлүк композиторлор болсо өз чыгармаларынын премьерасын Кыргыз театрына тапшырышкан.

Көп кырдуу музыкант, кайталангыс жаркын талант ээси, дирижер Калфй Молдобасанов кыргыз сценасында улуттук музыкаык маданият үчүн чоң мааниге ээ болгон бир катар опералык чыгармаларды коюуну ишке ашырды. Алардын ичинде А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин "Манас", М.Мусоргскийдин "Борис Годунов", Дж.Вердинин "Отелло", "Риголетто", Дж.Россининин"Севильялык чачтарач", К.Молчановдун "Белгисиз солдат" сыяктуу опералары бар. Коюлган чыгармалардын дээрлик бардыгы өзүнүн музыкалык-театрдык жогорку маданияты, жеке аткаруучулардын, хор жага оркестр коллективдеринин чеберчилиги, көркөм-сценалык айкындык менен белгиленет.

Өз сценага алып чыккан чыгармаларында Молдобасанов өзүн жаңы типтеги сүрөткер дирижер, автордун оюн жеткирүүдө жаңычыл изденүүчү, композитор менен угуучунун ортосун өтө кылдат байланыштыргыч чоң талант катары тааныта алды. Өзгөчө, ал дирижер-коюучу катары башкарган спектаклдердин өзөгүн толук иштелип бүткөн музыкалык-сценалык образдар түздү. "Мага көптөгөн чет өлкөлүк жана биздин атактуу дирижерлорубуз менен ырдоого туура келди,- деп эскерет СССРдин эл артисти Б.Миңжылкиев, - бирок ошонун ичинен Калый Молдобасанович менен бирге эмгектенүү өтө жаркын жана унутулгус таасир калтырды. Ал кишиге, ар бир чыгарманын стилдик өзгөчөлүгүн таамай сезе билүү, композитордун айтайын деген оюн терең түшүнүү, ар бир чыгармага өзүнчө мамиле жасоо мүнөздүү. Өзүнүн чыгармачылык жеке өзгөчөлүгүн композитордун ою жана аткаруучулук салттар менен айкалыштыра билүүсү тамшандырбай койбойт. Молдобасанов дайыма музыкага таянат, аны менен иштөө өтө жеңил, себеби ырчы үчүн музыка, жаңыдан жаратып угуучуга жеткирүүчү музыкалык образ калат. Менин эсимде өзгөчө "Борис Годунов", "Риголетто", "Манас", "Севильялык чачтарач" операларында бирге иштөө сакталып калды. Кийинчерек мен Бористин партиясын дүйнөнүн көпчүлүк театрларында ырдадым, бирок аны өздөштүрүү жана алгачкы ирет ырдап чыгуу Молдобасановдун жетекчилигинде ишке ашырылган".

Кыргыз театрына келген мезгилден тартып эле Молдобасанов балеттерге дирижерлук кыла баштаган. 1956-жылы ал композитор Польскийдин "Теремок" аттуу балет-операсын сценага алып чыккан. Бул Жаркын тамашалуу, эң сонун музыкалык комедиялык оюн театрда чейрек кылымдан ашык мезгил коюлуп келди. 1957-жылы В.Власов, В.Ференин "Анар" балетинин дирижерлук кылган. Мына ошондон тартып ар бир балеттик премьера дирижер Калый Молдобасановдун жетекчилиги астында өтө баштайт. Кыргыз театрынын репертуарынын негизин түзгөн А.Крейндин "Лауренсия", Г.Окунев менен К.Молдобасановдун "Куйручук", П.Чайковскийдин музыкасына коюлган "Франческа да Римини", Н.Римский-Корсаковдун музыкасына коюлган "Испан каприччиосу", А.Аренскийдин "Египет түндөрү", Ф.Шопендин чыгармаларына коюлган "Шопениана", Д.Шостаковичтин бир актылуу "Бийкеч жана тентек" аттуу балеттери дирижер-коюучу Молдобасанов тарабынан эң жогорку деңгээлде ишке ашырылган. Ар бир чыгарманын хореографиялык өзгөчөлүгүн жана аткаруучулардын деңгээлин, алардын бийлөө ыкмасын, күчтүү жактарын жана мүчүлүштүктөрүн мыкты билген дирижер аларды бүгүнкү күндүн талабына төп келтире сценага алып чыккан. Аткаруучулардын түрдүү муундары Молдобасанов жетектеген спектаклдерде бийлөөнү самашат жана ага жетүүгө умтулушат, анткени спектакль учурунда ар бир аткаруучу жана оркестр дирижердун ар бир кыймылынан өзгөчө мамилени, руханий көмөк көрсөтүүнү сезип турушат. Элибиздин улуу бийчиси Бүбүсара Бейшекалиева Ч.Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" повестинин мотиви боюнча жаралган В.Власовдун "Асел" балетин коюуда дирижер-коюучу Молдобасановдун өзгөчө ролун баса көрсөткөн. Дүйнөгө Айтматовдун чыгармачылыгынын балетке жакындыгын тааныткан, Кыргыз театрынын иштиктүү ийгилиги болгон бул балеттин коюлушу менен көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру Калый Молдобасанов башкарган театр биринчиден замандаштардын образын сценага алып чыгуудагы чыгармачылык изденүүлөрүн жыйынтыктады, экинчиден жаңы багыттары тактап, ушул жагдайда иштөөгө жөндөмдүү жаш сүрөткерлерди аныктады. Ушул балетти коюу менен театрдын мыкты бийчилеринин бири Уран Сарбагышев хореограф катары тушоосун кести жана Калый Молдобасановдун мындан аркы чыгармачыл өнөктөшү, анын хореографиялык чыгармаларын сценага алып чыккан бирден бир сүрөткерге айланды.

Молдобасановдун дирижер катары кыргыздын музыкалык театр өнөрүнө кошкон олуттуу салымын, республикабыздын музыка жаатындагы аксакалдарынын бири, СССРдин эл артисти А.Жумахматов жогору баалаган: "Молдобасановду жаркын таланттуу, өз алдынча чыгармачыл багыты бар дирижер деп эсептейм. Ал эң мыкты эрудицияга ээ көп кырдуу музыкант. Мага эч бир тартынбастан классиктердин, азыркы советтик композиторлордун, улуттук чеберлердин эң татаал партитураларын өздөштүрүүгө, аткарууга жасаган аракети өтө жагат. Анын М.Мусоргскийдин "Борис Годунов", Дж.Вердинин "Риголетто", "Отелло", Дж.Россининин "Севильялык чачтарач" операларын, К.Молчановдун "Белгисиз солдат", А.Крейндин "Лауренсия", В.Власо, В.Ференин "Анар", В.Власовдун "Асел", өзүнүн "Саманчы жолу", Г.Окунев менен бирге жараткан "Куйручук" сыяктуу чыгармаларды сахнага алып чыккандыгын мен чоң чыгармачылык ийгилик деп эсептейм. Мындан тышкаркы Молдобасанов симфониялык дирижер катары көп жана үзүрлүү иштеп келет".

Кыргыздын улуттук телекөрсөтүүсүнүн жана радиоуктуруусунун алтын фондусунда да дирижер Молдобасановдун башкаруусунда жазылган чыгармалар, А.Малдыбаев, В.Власов, В.Ференин СССРдин эл артисти Б.Миңжылкиев, башка белгилүү опера аткаруучулары катышкан “Айчүрөк” операсы, М.Раухвергердин “Чолпон”, К.Молдобасановдун “Маңкурт жөнүндө баян” балеттери бар.

Калый Молдобасанов музыка жазууга ачгач П.И.Чайковский атн. Москва мамлекеттик консерваториясында окуп жүргөн мезгилинде кайрылган. 50-жылдарда жазылган чыгармаларынын ичинен “Кызыл топ” аттуу ырды, элдик ыр “Паризатты” иштеп чыгуудагы ийгилигин Абдылас Малдыбаев жана Ростислав Миронович жогору баалашкан. Бүгүн Калый Молдобасанов көптөгөн чыгармалардын автору, алардын ичинде симфониялык чыгармалар жана ораториялар, балеттер, симфониялык сюиталар менен кантаталар, камералык-аспаптык пьесалар, аваздык циклдер, үйлөмө аспаптар оркестри үчүн марштар, хорлор, романстар, ырлар жана башкалар бар. Бул катарга ошондой эле кыргыз эл аспаптар оркестри үчүн иштелип чыккан күүлөрдү, театр спектаклдеринде, кинофильмдерге жазылган музыканы да кошуу керек.

Композиторлордун чыгармалары аткаруучулардын репертуарларынан түшпөй келет, музыкалык эфирде, симфониялык эстрадада дайыма жаңырууда. Молдобасановдун түркүн жанрдагы ар бир чыгармасы, кыргыз адистик музыка өнөрүнүн жанрдык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу түшүнүктөрдү кеңейтти, анын беделин көтөрдү. Бул чыгармаларында композитор ХХ кылымдын музыкасына мүнөздүү жаңы техникалык жана технологиялык каражаттарды колдонуу менен катар аларда улуттук өзгөчөлүктү да сактап кала алды.

Калый Молдобасановдун көптөгөн чыгармаларынын ичинен балеттерге өзгөчө орун тийиштүү. Г.Окунев менен бирдикте жазган алгачкы “Куйручук” балетинде эле композиторго мүнөздүү музыкалык көркөмдүк каражаттардын жаңылыгы, мурда кезикпеген жаңы ыкмалардын молдугу, оркестрдин түрдүү мүнөздө пайдаланышы, гармониялуулуктун, обондуулуктун байлыгы байкалган. Куудул, акылман, элдин сүйүктүү коргоочусу, кедей-кембагалдар урматтаган Куйручуктун образы реалдуу турмуштан алынган. Элдин эсинде сакталып келаткан тарыхый инсан, кыргыз куудулу Кудайберген Өмүрзаков Куйручуктун прототиби болгон. Балетте анын образы Петрушка, Алдар Көсө, Тиль Уленшпигель сыяктуу көптөгөн элдик каармандардын жалпыланган образына айланган. Куйручукту куудулдугу, сөз тапкычтыгы үчүн кыргыздын Кожо Насреддини деп аташкан.

Балеттин ар бир көрүнушүнүн музыкасында башкы каарман Куйручуктун образы негизги орунда турат. Башкы каармандын жаштардын бийин элестетке, тамашалуу жана куйкумдуу лейтмотиви ар бир сценада пайда болуу менен спектаклдин таасирдүүлүгүн арттырат, темпераментин күчөйт, окуялардын өтүшү ылдамдайт. Бири-бирин иунук сүйгөн эки жаш – Зейнеп менен Садыктын музыкалык темалары элдик музыкага таянат. Ал обондордо өтө ийкемүү жана жагымдуу, көңүл көтөргөн шаттуулук өкүм сүрөт. Фольклордук темалар бүгүнкү күндүн гармониялык табылгалары менен коштолуп турат.

Оң каармандардын музыкалык темаларына каршы коюлган Сарыбай байдын темасы балетте үйлөмө жез аспаптардын катуу үнү аркылуу орой жаңырат. Бул теманын пайда болушу менен спектаклдин өнүгүүсүндө каардуу, эзүүчү күчтөрдүн образы пайда болот. Атайын коюлган элдик-турмуштук, массалык жана мүнөздүү бийлер өзгөчө ыргак, кооз обон менен ачык-айкын, таасын көрсөтүлгөн.

1962-жылы Жаш композиторлордун бүткүл союздук кароосунда 3-орунга татыган “Куйручук” балети кийин бир нече жолу жаңыланып коюлган. 1977-жылы Молдобасанов У.Сарбагышев менен бирдикте балетти музыкалык-хореографиялык жактан жаңылап жана сценарийин кайра редакциялап сценага алып чыккан. Балеттин музыкасынын жалпы жаркын тону, К.Молдобасанов башкарган оркестрдин кооз, көркөм жаңырышы окуялардын өнүгүүсүндөгү динамизми, каармандардын образдарынын толук кандуу сүрөттөлүшү спектаклдин ийгилигин аныктаган.

Кыргыз адистик музыкасынын өнүгүү тарыхында Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” повестинин негизинде 1975-ж. Жазылган К,Молдобасановдун балет-ораториясы өзгөчө орунга ээ. Либреттонун овторлору М.Ахунбаев жана М.Баялинов жазуучунун эн трагедиялуу чыгармасына кайрылышкан.

Балет-ораториянын гумандуулук пафосу согушсуз келечекке, адамзат жана жер жүзүндөгү жашоо үчүн жан кыюу идеясы менен тастыкталат.

Ч.Айтматовдун “Саманчы жолу” повестинин өзөгүн кары аялдын Жер-Эне менен бирдикте өзүнүн узак жана татаал өмүр жолун эскерүүсү түзөт.

Айтматовдун чыгармасынын көп катмардуулугу балет-ораториянын архитектоникасынын образдык татаалдыгын шарттаган. Толгонайдын эскерүүсү жана бүгүнкү күн... Булар, турмуштун түрдүү жагын камтыган чоң эпикалык чыгарманын негизин түзгөн. Чыгарманын ар бир көрүнүшү Толгонай менен Жер-Эненин диалогунан башталат. Ал диалог Айтматовдун прозалык текстинин симфониялык оркестр коштогон ырчынын аткаруусунда жаңырышынан жана ага жооп берген хордон – Жер-Эненин жообунан тузүлгөн. Мындай эне менен Жердин лирикалык, трагедиялык жана бийик пафостуу үч аңгемеси көрүүчү-угуучулардын өтүр жаткан окучларга сүңгүп киришине түрткү берет. Андан аркы окуялардын өнүгүүсүн хореографиялык көрүнүштөр толуктап, өткөндү көз алдыга тартат.

Бул чыгарма жанрлардын айкалышуусунан жаралган. Бул терең синтездик мүнөздөгү спектакль – балет-оратория кыргыз музыкасынын тарыхында чыныгы ачылыш болду. Балет-ораторияда хор (Жер-Эненин үнү), ырчылар (жалгыз аялдын үнү), декламациялык речитатив (кары Толгонай) жана көп түрдүү хореографиялык көрүнүштөр биримдикте жаңырат.

Молдобасанов чыгарманын музыкалык драматургиясын чебердик менен ишке ашыра алган. Анда Толгонайдын, Жер-Эненин, Алимандын жаркын образдарына Согуштун, Өлүмдүн суук кабарын айтуучулардын образдары карама-каршы коюлган. Спектаклдин образдарынын толук кандуулугун жана элестүүлүгүн кенири иштелип чыккан обондуулук, горманиянын молдугу жана көркөмдүгү, аспаптарды пайдалануудагы чеберчилик өтө күчөтүп турат.

Сөз, добуш, драмалык монологдор, хордун кубаттуу үнү, бийдин бай пластикасы сценалык аракеттерге эмоциялык курчтук жана бөтөнчө өзгөчөлүк берип турат. Балет-ораториянын эпикалык башаты элдин добушу болгон хордон угулат. Бул чыгармага эпикалуулук да, тарыхый да маанай берип, аны терен маани жана баатырдык мүнөз менен толуктаган.

Айрым бир чочулоолорго карабай авторлордун идеясы көркөмдүк жактан ишенимдүү болуп чыкты. Мындай чочулоолор өзгөчө балет-ораториянын музыкасы менен таанышууда эле жок болуп кетти. "Менин оюмча дейт Айтматов,- балет-ораториянын жаралышы биздин республика үчүн гана зор окуя болгон жок. Ушундай болору оркестрлик партиясы даяр боло электе, Калый Молдобасанов балеттин музыкасын фортепианодо аткарганда эле сезилген. Бир чоң жанылык алып келүүчү жакшынакай чыгарма жаралат деген үмүт пайда болгон. Чынында эле эмгек үзүрлүү жыйынтыкка, ийгиликке алып келди. Ал ийгиликтин өзөгүн теренң психологизм менен күчтүү сезимге толгон, көзгө элестүү көрүнүш алып келген музыка түздү. Мына ошонун негизинде кызыктуу чыгарма угуучу көрүүчүгө тартууланды".

"Саманчы жолу" балет-ораториясы сценанын мыйзам ченемин мыкты билген композитор жана дирижер Молдобасанов тарабынан зор шыктануу менен жаралды. Ал өзүнүн обондуулугунун кооздугу, таасирдүүлүгү, драмалык сезимге сугарылгандыгы, улуттук фольклордун жаңыланып жана түрлөнтө иштелип чыккандыгы, бийге абдан ынгайлуулугу менен айырмаланат. Кыргыз композиторлору жараткан чыгармаларынын ичинен бул балет-ораторияда музыкалык драматургия менен симфониялык өнүгүүнү айкалыштыруу маселеси ийгиликтүү чечилген. Музыкалык-сценалык окуялардын өнүгүү логикасы чыгарманын ар түрдүү денгээлдеринде: композициялык өзүнчө фрагменттерде, сценаларда же актыларда сезилип турат. Чыгарманын жалпы масштабында мындай логика сюжеттик жана структуралык байланышта чечилет. Эгерде биринчи, согушка чейинки турмушту сүрөттөгөн актыда өнүгүү логикасы дивертисменттик бийлер менен "токтотулуп" турса (Толгонай, Суванкулдун жана уулдарынын үй-бүлөлүк бакыт сценасында эркектердин жеке бий сюитасы), ал эми экинчи жана үчүнчү акттар өнүгүүнүн тынымсыз жүрүшү, күчтүү сезимдердин күчөшү менен өзгөчөлөнөт. Музыка, бий өтө татаалданып кульминацияга ишенимдүү жеткирилет.

Молдобасановдун бөтөнчөлүгү ачык көрүнгөн жаркын музыкасын У.Сарбагышев жогорку чеберчиликте хореографиянын тилине которо алган. Бийдин ийкемдүү партитурасы классикалык хореографиянын ар кыл формаларына гана таянган эмес. Сарбагышев аларды эркин жана кызыктуу түрдө өзгөртүп, бири бирине айкалыштырып, улуттук бийдин элементтери менен байытат. Толгонай менен Суванкулдун, Алиман менен Касымдын бийлери жөнөкөй, түшүнүктүү жана көңүлдү эргите алат. Ал эми эки жесирдин дуэтинде болсо, Сарбагышев Суванкул менен Касымдын курман болгондугун уккан кайнене менен келиндин ички дүйнөсүн, кайгысын өтө жогорку сезимде көрсөтө алган. Андан кийинки "кош дуэт" болсо өткөндү мундуу эстөөгө арналган. Анын хореографиялык көрүнүшүндө, кыймылдарында "согушка чейинки" бактылуу бийдин, Толгонай менен Суванкулдун, Алиман менен Касымдын сүйүүсүнүн гүлдөгөн учурун көрсөткөн бийдин элестери байкалат. Бирок хореограф бул бийлерди жай ыргактагы темпке салып, музыкадагы кайгылуу сезимди күчөтөт. Бул кайгылуу маанайды "жалгыз аялдын добушу", аялдын таза жүрөгүнүн символу катары хордун коштоосунда аткарылган сопранонун вокализи дагы тереңдетет.

Алимандын чабан жана Касым менен триосу өзгөчө трагедиялуу мүнөзгө ээ. Чабанды өзүнүн сүйгөнү деп адашкан Алиман, анын, өзгөчө өзүн кечирүүдөн качкан образы көрүүчү угуучуларга бөтөнчө таасир калтырат.

Композитор менен хореограф Толгонай жана анын өнөктөштөрүнүн согуштан кайтып келбей калган каармандар менен болгон квинтет-сценасында өтө бийик драматизмге жете алышкан. Суванкул жана анын балдары Касым, Жайнак, Майсалбек Толгонайдын элесинде тирүүлөрдөй көрүнөт. Алар Толгонайды бийик көтөрүп, назик мамиле жасашат. "Жалгыз аялдын" мундуу үнү менен өтүп жаткан окуянын ой-элес экендиги дагы күчөтүлөт, карангылай түшкөн сценадан Толгонайдын эң жакын адамдары акырындап тунгуюкка түшкөндөй жок болот. Ал жалгыз калат...

Жалпы бийлер - эгин чабуу, темир жол бекетинде фронтко кетип жаткан аскер эшалону, жоокерлерди тосуу композитор жана хореограф тарабынан өтө тыкан иштелип чыгып, каармандардын монолог жана диалогдору менен бекем ширетилген. Бул көрүнүштөрдүн бардыгында сюжеттик багыт гана өнүкпөстөн, каармандардын ички сезимин ачып берүү да ишке ашырылган. Мындай ийгиликти камсыз кылууда балет-ораториянын сүрөтчүсү Н.Золотаревдун үлүшү да чоң. Өзгөчө түрдүү түстөрдүн партитурасы жана ага жараша жарык берүү чон роль ойнойт. Балеттин окуялары эгин талаасынын фонунда өтөт, ал фон окуяларга жараша өзгөрүү менен сценалардын ички мазмунун байытып, андагы ойду, маанисин кеңейтет, жарыктын улам өзгөрүшү да таасирдүү элес калтырат.

Тынчтык мезгилдин эгин таласын көрсөткөн бий сценасы өтө масштабдуу берилген. Андагы иреттүү бир кыймылга баш ийген чалгычылар, алардын чок ортосунда Суванкул уулдары менен. Алардын ишенимдүү бирдей кыймылдары жалпы элдик эмгек майрамдын, шаттыктын элесин көз алдыга тартат. Эркектердин катарына эгин боолаган кыз-келиндер келип кошулат. Өз жеринде көңүлдүү эмгектенген элдин образы бий аркылуу бийик поэтикалык денгээлге көтөрүлөт. Мындай шандануу хор, оркестр жана түркүн жарык берүү ыкмалары аркылуу дагы күчөтүлөт. Бирок, согуш тынч эмгекти токтотот... Согуш мезгилиндеги эгин оруу сценасында болсо бир да эркек көрүнбөйт, жалаң аялдар. Алардын кыймылынан бир жагынан чымыркангандык, эрктүүлүк байкалса, экинчи жагынан согуштан кайтпай калган жарлары, бардары, бир туугандары үчүн жүрөк сыздаткан тымызын кайгы, муң кайгыруу, капалануу сезими сезилет. Алардын чок ортосунда: "Сенин эле башына ушундай иш түшкөн жок, бүткүл журт, эл башына кыйынчылык түшүп турат. Эл менен бол, эл катары чыда" (Ч.Айтматов), деп башкаларды колдоого алып, көнүлүн жубатып Толгонай жүрөт.

Балет-ораториянын эң таасирдүү сценаларынын бири жоокерлердин кайтып келиши. Аялдардын тобу жолдон өтүп бара жаткан жоокерлерди чоң үмүт менен жабыла тосуп чыгышат. Тилекке каршы алардын айылынан жалгыз гана жоокер кайтыптыр. Аны утурлап чыккан энелердин, келиндердин, жесирлердин кайгы-муңуна сугарылган "жалгыз жоокер" өзүнүн жан аябаган бийинде кайтпай калган жоокерлердин эрдигин даңктап, аялдарды турмуштан үмүт үзбөөгө, келечекке ишенүүгө чакырат. "Саманчы жолу", алибетте, улуттук бий өнөрүбүздүн жандуу жана күчтүү образдарды жарата алуучу көптөгөн чеберлерин жалпы коомчулукка таанытты. Алардын ичинен өзгөчө орун Толгонайдын образын жаратышкан А.Токомбаева менен Р. Чокоевага тийиштүү. Алар эмгек адамынын ички дүйнөсүнүн байлыгын өтө чебер жана устаттык менен ачып көрсөтө алышты. Улуттук көркөм өнөрүндө жаралып, элдерди тынчтыкка чакырган бул образ дүйнөдөгү миллиондогон энелердин жүрөгүнөн орун тапты. "Саманчы жолу" балет-ораториясы республикабыздын чегинен өтүп Саратов, Днепропетровск, Челябинск, Брно, Острава, Пловдив сыяктуу шаарлардын театрларында коюлду. 1984-жылы бүткүл союздук телекөрсөтүү тарабынан көрсөтүлдү. Кыргыз опера балет театрынын жана Н.Г.Чернышевский атн. Саратов опера жана балет театрынын Москвада өткөн гастролдорунда (1975, 1984) көрсөтүлдү. Кыргыз музыкалык театр өнөрүнүн "кат белгисине" айланган "Саманчы жолу" балет-ораториясы дээрлик 20 жыл республикабыздын маданий турмушунун өзгөчөлүгүн мүнөздөп, шарттап турду. "Саманчынын жолу" балет-ораториясынын жаратуучулары композитор жана дирижер К.Молдобасанов, бийлерди коюучу У.Сарбагышев, Толгонайдын ролун аткарган А.Токомбаева, Р. Чокоева 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болушкан.

Молдобасановдун музыкалык чыгармаларынын эң мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири инсандын ички дүйнөсүнө көнүл буруу, аларды көркөм каражаттардын жардамы менен изилдөө, бүткүл адамзаттын дөөлөтүнө айлануучу маселелерди кое билүү. Айтматов-жазуучу сыяктуу эле Молдобасанов-композитордун эстетикасында да инсандын мезгил жана урпактар алдындагы жоопкерчилиги эң башкы нерсе болуп саналат. Доорубуздун мыкты жазуучусу Ч.Айтматовдун чыгармаларынын ички драматизми, терең эмоциялуулугу, чыгармаларынын түзүлүш тактыгы композиторго "Кылым карыткан бир күн" романына кайрылууга түрткү болду. Романдын Аалам жана Киши, Аалам жана Жаралуу деген көп кабаттуу татаал көркөм түзүлүшкө ээ мазмунунан композитор К.Молдобасанов, либреттонун автору М. Баялинов Манкурт жөнүндөгү уламышты тандап алышты. "Манкурт жөнүндөгү баяндын" башкы карманы жуанжуандардын туткунуна түшкөн найман кулуну Жоломан. Ал күндүн мээ кайнаткан ысыгында акылга сыйбаган кыйноодон улам акылынан ажырап, күчтүү, кайраттуу жигиттен шөмтүрөгөн кулга айланат. "Кулунум" деп боздоп аны апасы Найман-Эне гана тынбай издейт. Бирок Манкурт аны тааныбайт. Өзүнүн жуанжуан кожоюнунан гана корккон Манкурт жаа менен энесин, Найман- Энени как жүрөккө атып өлтүрөт.

Балеттин партитурасы карама-каршы эки күчтүн күрөшүнө негизделген. Бир күч Найман-Эненин образы аркылуу берилген жашоонун, жарыктыктын күчү, экинчи күч каардуу жуанжуандардын образында музыкалык гротеск аркылуу өтө элестүү чагылдырылган ырайымсыздыктын күчү. Бул жогорку мааниге ээ мазмундун улуттук музыкалык көркөм өнөргө таянуусу ачык-айкын байкалат, ал ошондой эле күнүмдүк жашоонун динамикасы менен шартталган азыркы учурдун ыргактарына да сугарылган.

"Манкурт жөнүндөгү баян" балети музыкалык хореографиялык чечилишинин көп кырдуулугу жана татаалдыгы менен айырмаланат. Каармандардын монолог, диалогдору, наймандардын жалпы бийи У.Сарбагышев тарабынан негизинен классикалык бийлердин лексикалык бирдиктерин кенири колдонуу аркылуу чечилип, кыргыздын улуттук бий өнөрүнө мүнөздүү болгон элементтер менен байытылган, кеңейтилген жана түрлөндүрүлгөн жуанжуандардын башчысынын жана анын аскерлеринин кыймыл-аракетине таандык гротесктен, өзгөчөлөнгөн мүнөздөмөлөрүнөн кескин айырмаланып турат. Алардын образдары жалпы символикалык ыкмада ишке ашырылган. Ал символдун маңызы каардуу катаал кара күч. Ал бирде наймандарга каршы багытталса, бирде жапайы бийге айланат. Андагы бий кыймылдары орой, каардуу келип, аялдардын бир беткей кыймылы менен күчөтүлөт.

Спектаклдин жүрүшүндө Найман-Эне менен Жоломандын образдары терендетилген психологиялык жана хореографиялык өзгөрүүлөргө дуушарланат. Алгач Найман-Эне А.Токомбаева, жаш, эне болуу бактысына татыган каарман. Анын бий кыймылында, обондук кайрыктарында ички дүйнөсү назик, таза, өз жарын берилип сүйгөн жаш жубайдын образы көрүнөт. Ал өзүнүн жары Дөнөнбайдын баатырлыгына, шамдагайлыгына суктанат. Композитор Молдобасанов "Бакыт түнү" деп атаган Найман-Эне менен Дөнөнбайдын адажно-дуэти чексиз созулчудай көрүнөт. Бирок Найман-Эненин бул бактысын жуанжуандардын кол сальшы, Донөнбайдын өлүмү бузат.

Жакындап келе жаткан каргашанын илеби каармандардын экинчи дуэтинин алгачкы аккорддорунан эле сезилет. Жоломан атасынын өчүн алуу үчүн жортуулга чыгат. Уруусунун женилишин, Дөненбайдын өлүмүн башынан кечирген Найман-Эне каардуу душмандын опол тоодой каардуу күчүн, кыйраткыч кубатын жүрөгү менен сезет. Манкурттун өз энесинин, Найман-Эненин жүрөгүн жара атышы балеттин чыныгы трагедиялуу кульминациясы болуп саналат. Бул сцена өзүнүн катаалдыгы жана кара мүртөздүгү менен таңдандырат.

Отуз тогуз музыкалык, бий, кыймыл-аракет көрүнүштөрүнөн турган “Манкурт жөнүндөгү баян" балетинде көптөгөн өтө баалуу хореографиялык, режиссердук жетишкендиктер кезигет. Бул чыгарманын жаратуучулары композитор жана дирижер К.Молдобасанов, либретточу М.Баялинов, балетмейстер У.Сарбагышев, сүрөтчү С.Бенедиктов, балетин труппасынын таланттуу чеберлери Ч.Айтматовдун чыгармасындагы өзүнүн дүйнөдөгү ордун кайра баштан аныктоого мажбур болгон инсан өткөндөгүлөрдү билбесе, өз элинин, башка элдердин тарыхый тажрыйбасына таяна албаса эч качан алдыга өсө албайт, бүгүнкү күн менен гана жашап калат деген негизги ойду тастыкташты.

Композитор Молдобасанов театрда иштөөгө зарыл болгон, Россиянын белгилүү композитору, театр үчүн да, кино үчүн да көптөгөн музыка жазган А. Петров "алтынчы сезим" же "сценалык сезим" деп атаган өзгөчө талантка эгедер. Молдобасановдун театр үчүн жазылган чыгармалары адатта музыкалык драматургиялык өзөктү түзүп, музыкага катылган эмоциялык күчтү спектаклде айкын ачып берүүгө режиссерго өбөлгө болуучу касиетке ээ. Ошондуктан анын кульминациясы дайыма логикалуу, дайыма ынандырарлык. Композитордун Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетей", "Сейтек" драмаларына жазылган музыкасы өзүнчө бир эмоциялык өзөктү түзүп, автордун үнү катары жанырат. Ал драмалык спектаклде айтылуучу ойду толуктап, тигил же бул сценанын, айрым учурда бүткүл көрүнүштүн купуя жактарын айкындап, ички чечилишин өзүнө камтып турат, ал эми анын ыргактуулугу музыкалык жана пластикалык башатты өзүнө камтып, оюндун жогорку театралдуулук касиетин көрсөтүү менен синтездик спектаклдин эстетикасын аныктайт.

Молдобасановдун музыкасына динамикалуулук, ийкемдүүлүк жана пластиканын музыкалуулугу өтө мүнөздүү. Молдобасановдун "Манастын ордосунда" симфониялык поэмасы (1978) хореограф М.Асылбашевдин коюшунда бир актылуу балеттин денгээлине көтөрүлө алды. Белгилүү баатыр Манас, анын аялы Каныкей, Манастын чоролору жана Манасчы башкы каармандар катары чыгат. Композитордун темпераменттүү, образдуу музыкасы жаркын, күчтүү сценалык образдарга ширелишип, кыргыз элинин тарыхынын бир үзүмүн сүрөткердин сыйкырдуу күчү көз алдыңа алып келип көрсөтүп жаткандай элес калтырат. "Манастын ордосунда" эпикалык сүрөттөмөсү Бүткүл союздук "Мелодия" фирмасы тарабынан К.Молдобасановдун 1980-ж. чыккан автордук табагына жазылып, кеңири таралган.

Композитор К.Молдобасанов Н.Давлесов менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Гимнинин да автору болуп саналат.

Калый Молдобасановдун чыгармачылыгы көп кырдуу жана ар кыл. Композитордун чыгармаларынын ичинен балдарга арналган музыкасы өзгөчө айырмаланып турат. Балдар музыкасы чыгармачылыктагы эң татаал көрүнүш болгондугу менен көптөгөн улуу композиторлорду өзүнө тартып келет. Молдобасанов кыргыз композиторлорунун ичинен алгачкылардан болуп балдар үчүн "Фортепиано үчүн жазылган 24 пьеса" жыйнагын жараткан. Ал 1965-ж. басмадан жарык көргөн. Ошондой эле "Көз ирмемдер" пьесалар цикли, "Ой толгоо" фантазия-импровизациясын (1975), элдик темаларга жазылган балдар үчүн пьесалар жыйнактарын (күүлөрдү иштеп чыгуу), балдарга арналган аваздык цикли (сөздөрү А.Токомбаев, Т. Үмөталиев, Э.Турсунов, А.Токоев, С.Абдыкадырова, Т.Кожомбердиев ж.б.), башка чыгармалары да бар. Бул чыгармаларында композитор терең психолог, адамдын жан дүйнөсүн билгич, назик лирик, айлана-чөйрөнү балдардын көзү менен көрө билген, алардын ой-кыялын таамай чагылдыра алган чебер сүрөткер катары көрүнөт. "Фортепиано үчүн жазылган 24 пьеса" цикли миниатюралык музыкалык пьесалар болуп эсептелет. Анын ар бири ар кандай темалар жана образдар менен байланышкан өзүнчө ойго ээ. Андагы музыкалык көркөм каражаттар нукура элдик обондук типтердин, ладдык боектордун, өлчөмдүк өзгөчөлүктөрдүн жыйнагы болуп эсептелет. Бул жыйнактын өзгөчө баалуулугу анын пайда болушу менен алгачкы улуттук окуу-педагогикалык колдонмо пайда болгондугунда. Ал азыр республикабыздын музыкалык мектептеринин программаларынан туруктуу орун алып, балдар конкурстарында, кароолорунда дайыма аткарылып келе жатат.

"Көз ирмемдер" пьесалар цикли жана фортепиано үчүн жазылган "Ой толгоо" фантазия-импровизациясы белгилүү бир денгээлдеги чеберчиликке ээ аткаруучуларга арналган.

Молдобасановдун элдик темаларга жазган пьесаларынын эки жыйнагы ("Элдик темаларга сегиз пьеса", "Элдик темаларга он үч пьеса"), кыргыздын комуз, темир комуз, кыяк сыяктуу музыкалык аспаптарынын күүлөрүн элестеткен өзүнчө бир "сүрөттөмөлөр" болуп эсептелет. Молдобасановдун "кайрыктары" балдарга элдик көркөм өнөрдүн үлгүлөрүн тартуулап, алардын мүнөздүү өзгөчөлүктөрү менен тааныштырат. Ар бир пьеса чыныгы элдик обон болуп эсептелет. Алардын ар биринде кыргыз эл обондоруна мүнөздүү болгон ладдык, интонациялык, өлчөмдүк, ыргактык, аспаптык, тембрдик чеберчиликте бере алган.

Калый Молдобасановдун аваздык чыгармаларынын тематикасы, жанрдык диапазону өтө кеңири. Алардын катарында шандуу кантаталар, баатырдык-патриоттук мүнөздөгү чыгармалар, романстар, трагедиялуу монологдор. лирикалык, ж.б. көп түркүн ырлар бар. Молдобасанов ар бир аткаруучудан, мейли ал ырчы болсун, же аспаптык аткаруучу болсун, музыкалуулукту, аваз дык партия менен коштоонун шайкештигин, ыргактын тактыгын, обондун текст менен болгон толук биримдигин талап кылат.

Молдобасановдун музыкасы дайыма эфирден жаңырып, симфониялык эстрададан түшпөй келет. Анын "Бактылуу балалык" аваздык цикли көп жолу аткарылып, чондордун да, балдардын да сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жатат. Композитордун ырлары, романстары Б.Минжылкиев, Х.Мухтаров, Т.Сейталиев, К.Сартбаева сыяктуу белгилүү ырчылардын репертуарынан кеңири орун алган.

Калый Молдобасанов 1955-жылы Күрөңкеев атн. Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайына окутуучу болгондон бери тынымсыз зор педагогикалык ишмердикти да аркалап келет. 1975-жылдан бери Б. Бейшеналиева атн. Искусство институтунда окутуучу, доцент, ал эми 1984-жылдан профессор болуп эмгектенген.

Молдобасанов Б. Бейшеналиева атн. Искусство институтунда ректор болуп эмгектенген жылдарда (1983-1989) бул окуу жайынын, анын илимий- педагогикалык потенциалынын калыптанышына, кадрларды, республиканын маданият жана искусство ишмерлерин даярдоого чон салым кошо алды. Бүгүнкү күндө болсо К. Молдобасанов Кыргыз улуттук консерваториясынын опералык даярдоо кафедрасын жетектейт.

Кыргызстандын композиторлор союзун жетектоо Молдобасановдун өмүрүндөгү жана чыгармачылык жолундагы эң маанилүү окуялардан болуп эсептелет. Ал 1964-жылы Союздун Башкармасына мүчө, 1967-жылдан Башкарманын орун басары болуп, ал эми 1979-1995-жылдарда Башкарманы жетектеп турган. Бул жылдар республикабыздын бул чыгармачыл уюмунун ишинин жогорку денгээлге көтөрүлгөндүгү, улуттук музыкалык маданияттын бекемделиши менен мүнөздөлөт. Өзгөчө вокалдык-симфониялык жанрлар жакшы өнүккөн. Республиканын композиторлору тарабынан 10 симфония, көптөгөн симфониялык поэмалар, сүрөттөмөлөр, сюиталар, увертюралар, фантазиялар, ошондой эле 150дөн ашык кантаталар, ораториялар, аваздык- симфониялык поэмалар жаралып, камералык-аспаптык жанрларга кызыгуу арткан. Массалык жанрлар да кенири өнүгүүгө ээ болот, анын ичинде ырларга башкы орун таандык.

Молдобасанов жетектеген композиторлор уюму театр үчүн жаралуучу чыгармаларга өзгөчө чоң көңүл бурган. Н.Давлесовдун "Курманбек", С.Осмоновдун "Сепил", В.Гусевдин "Атанын тагдыры", "Матёра менен коштошуу" опералары, "Диалог" рок-опера-балети, “Жалган-Нерон" балети, К.Молдобасанов менен М.Бурштиндин "Жаныл Мырза", С.Полуэктовдун "Бастилия", В.Романдын "Эрөөл", Э.Джумабаевдин "Жомоктон кийин", "Күүнүн сыры" балеттери жазылган. Композиторлор уюмунун чыгармачылык казынасында бүгүнкү күндө 40 ашык опера, 16 балет, 100гө жакын театр үчүн жазылган музыка, 70ке жакын киномузыка ж.б. бар. Улуттук музыка таануу мектеби да калыптанган. Союзда музыка таануу, музыкалык сын, аскердик-патриоттук, жаштар музыкасы, балдарга жана өспүрүмдөргө музыкалык-эстетикалык тарбия берүү секциялары, фольклордук комиссия, ошондой эле музыкалык театрдын, симфониялык музыканын жанрдык комиссиялары иш алып барган. Кыргызстандын композиторлор уюмуна Д. Шостакович, А.Хачатурян, Т.Хренников, В. Власов, В.Фере, М. Раухвергер сыяктуу атактуу композиторлор, В. Виноградов сыяктуу музыка изилдөөчүлөр чоң көмөк көрсөтүшкөн. К. Молдобасанов көптөгөн коомдук милдеттерди да аткарып келген. 1975- жылдан ал Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 9-10-11-чакырылыштарынын, ал эми 1989-ж. СССРдин эл депутаты болуп шайланган.

Ата мекенибиз Калый Молдобасановдун композитор, дирижер, педагог, көрүнүктүү коомдун ишмердин көп кырдуу ишмердигин улуттук музыка өнөрүн өнүктүрүүдө синирген эмгегин жогору баалады. 1967-ж. ага Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, 1974-ж. Кыргызстандын эл артисти, ал эми 1979-ж. СССРдин эл артисти деген ардак наам ыйгарылган. "Саманчынын жолу" балет-ораториясы үчүн 1976-жылы СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына арзыган. 1991-ж. К.М. Молдобасановго Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардак наам ыйгарылып, Ленин ордени, Орок жана Балка медалы, СССР Жогорку, Советинин Президиумунун грамотасы тапшырылган. Молдобаса- нов "Ардак белгиси" (1958), Эмгек Кызыл Туу (1986) ордендери, Лениндин 100-жылдыгы медалы (1970), Кыргыз ССРинин Ардак Грамоталары менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаевдин Указы менен Калый Молдобасановго III даражадагы "Манас" ордени тапшырылган.

Молдобасанов, ар бир жаны чыгармасы менен чыгармачылыгын жаны денгээлге көтөрө алган, чеберчилигин арттыра алган композиторлордун ката рына кирет. Анын чыгармачылыгында поэзиянын жана сулуулуктун гимни катары жанырып туруучу лирикалык-драмалык багытты, көңүл эргиткен лириканы ырааттуу, терен жана стилдик жактан таза алып жүрөт. Ал эми композитордун музыкалык чыгармаларындагы каармандардын трагедиялуу кубаттуулугу, жогорку патетикалуулугу, сезимдерге толгон драматизми, алардын жан дүйнөсүндөгү ой-толгоолордун укмуштудай тактыгы жана толуктугу ме нен көрүүчү-угуучуларды тамшандырат жана тандантат.

Калый Молдобасановдун музыкасындагы чыныгы инсанаттуулук, жаркын оптимизм, көркөмдүк жактан толук иштелип бүткөндүк анын чыгармаларынын узак жашоосунун жана кенири таралышынын өбөлгөсү болуп саналат.

Молдобасановдун чыгармачыл дараметинин терендеги эң алгачкы башаты анын коп кырдуу мезгилдин маанайын өтө сергек жана курч сезе билгендигинде. Молдобасанов бүткүл ааламдын денгээлинде ой толгогон композитор. Ал чыгармаларында өз элинин руханий турмушун, сезимдеринин, ой-кыял- дарынын бүткүл дүйнө элдерине түшүнүктүү, жаркын жактарын ачып берүүгө умтулуп келет. Канчалаган турмуштук кыйын, татаал, оор таасирлерди башы нан кечирсе, аларды жүрөгү аркылуу өткөрүп, чыгармачылык изденүүсү, жаркын табылгалары менен аларды женип келе жатат. Композитордун угуучуларга кубаныч, сүйүү тартуулаган музыкасы дайыма анын жүрөгүнөн чыгып, анын зор талантына таазим кылгандарга ырахат тартуулап келет.

Ойдун, жүрөктүн, сезимдин тазалыгына кызмат кылуу композитор Ка- лый Молдобасанов өз музыкасы үчүн мындан арткан бакыт жок деп эсептейт. Ал өзүнүн бүткүл чыгармачылык өмүрүндө ушуну туу тутуп келет.

НЕГИЗГИ ЭМГЕКТЕРИ

Музыкалык театр үчүн жазылган чыгармалар

"Куйручук", 2 кошоголүү балет (Г. Окунев менен бирдикте, жаны редакциясы К.Молдобасановдуку, 1978 ж.). Либреттосу Н.Түгөловдуку.

"Саманчы жолу", 3 көшөгөлүү балет-оратория. Либреттосу М.Ахунбаев менен М.Баялиновдуку.

"Жаныл Мырза", 3 көшөгөлүү балет /М. Бурштин менен бирдикте/. Либреттосу К.Бөкөнбаевдики.

"Манкурт жөнүндо баян", 3 кошоголүү балет. Либреттосу М. Баялиновдуку.

Оркестр үчүн жазылган чыгармалар

Симфониялык бийлер: "Жаштык", "Эмгек бийи", "Жоогазындар бийи", "Жазгы вальс", "Лирикалык бий".

  1. бөлүмдүү балеттик сюита (Г.Окунев менен бирдикте).

"Биздин күндүн кишилери", хореографиялык сюита.

"Манастын ордосунда", эпикалык баян.

Симфониялык оркестр үчүн "Легенда".

"Майрамдык күү".

"Жаныл-Мырза" балетинен № 1, № 2 симфониялык сюиталар (М.Бурштин менен бирдикте).

"Манастын уулу Семетей", симфониялык сюита.

"Манкурт жөнүндө баян" балетинен № 1, № 2 симфониялык сюиталар.

"Баатырлар маршы", тромбон жана симфониялык оркестр үчүн концерттик пьеса.

Скрипка жана симфониялык оркестр үчүн рондо-скерцо.

Эл аспаптар оркестри үчүн пьесалар.

Үйлөмө аспаптар оркестри үчүн марш.

Гобой жана оркестр үчүн концерт.

"Манастын уулу Семетей" спектаклине музыка.

Кинофильмдер үчүн музыка.

Вокалдык жана хор үчүн жазылган чыгармалар

"Данктан Кыргызстан" (созу Т.Кожомбердиевдики), солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн оратория.

"Шандан Кыргызстан", солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантата.

"Гүлдө Кыргызстан", солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантата.

"Гүлдөгөн борбор шаарым", солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн кантата.

"Кыргызстан", солисттер, хор жана симфониялык оркестр үчүн ода.

"Балдар үчүн ырлар цикли" (Сөздөрү Т.Элеманов менен А.Мамбетовдуку).

"Чиркей жана тоо жөнүндө баллада" (Сөзү Т.Кожомбердиевдики), бас жана фортепиано үчүн.

"Бактылуу балдар" (созу Т.Кожомбердиевдики), сопрано жана фортепи ано үчүн ырлар цикли.

Б. Абакировдун сөзүнө жазылган балдар үчүн 16 ыр.

Ырлар, романстар, хорлор.

КАМЕРАЛЫК АСПАПТЫК ЧЫГАРМАЛАР

Гобой жана фортепиано үчүн 6 пьеса.

Флейта жана фортепиано үчүн 5 пьеса.

Жыгач үйлөмө аспаптар үчүн скерцо.

Виолончель жана фортепиано үчүн "Романс" жана "Юмореска".

Скрипка жана фортепиано үчүн пиццикато.

Виолончель менен фортепиано үчүн 5 пьеса.

"Алгачкы кадамдар", скрипка менен фортепиано үчүн пьесалар цикли.

"Кайрык", виолончель менен фортепиано үчүн.

Фортепиано үчүн жазылган 24 пьеса.

"Ой толгоо", фортепиано үчүн фантазия-импровизация.

"Көз ирмемдер", фортепиано үчүн пьесалар цикли.

Фортепиано үчүн төрт кол менен ойнолуучу 4 пьеса.

Фортепиано үчүн элдик темаларга жазылган 8 пьеса.

Жети полифониялык пьеса. Жыгач үйлөмө аспаптар үчүн 3 пьеса.

"Легенда", виолончелисттер ансамбли үчүн.

Скрипка жана фортепиано үчүн 8 пьеса.

НОТАЛАР

"Кызыл той", "Өткүн", "Улак", "Кополок", Советтик балдар ырлары антологиясы жыйнагында, 10-чыгарылышы. М., Музгиз. 1962; "Комузчу", "Ой, бой, бой", "Пахтачы кызга", "Жашырба", "Жүрөк ырдайт", "Ай нуру", "Жаш чабанга", "Бийлик берсе", "Анын үйү" Үн жана фортепиано үчүн ырлар, романстар жыйнагында. М., Сов. композитор. 1962; "Бакыт ээси партия", "Жаштар маршы", Достук үн менен жыйнагында. Фрунзе, "Мектеп", 1965; "Көл вальсы" "Ала-Тоо обондору" жыйнагында. Фрунзе, Кыргызстан, 1968; Кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган 8 ыр. "Кыргыз обондору" жыйнагында, Фрунзе, "Кыргызстан" 1973; Ырлар жана романстар. Фрунзе, "Кыргызстан" 1973; "Бакыт ээси партия", "Ленин" "Гүлдө Кыргызстан" жыйнагында, Фрунзе, "Кыргызстан", 1974; "Данктайбыз сени кеменгер", "Жыргал заман" "Ырдайлы достор" жыйнагында, Фрунзе, "Кыргызстан", 1976; "Канаттуу кылым", "Жаан күтөм" Кыргыз композиторлорунун ырлары жана романстары жыйнагында, М., Музыка, 1976; "Саманчынын жолу". Балет-оратория. Клавир, М; "Сов.композитор", 1980; "Бешик ыры", "Койчунун ыры", "Айлампа", "Куурчактын бийи", "Эски обон", "Селкинчек", "Кичинекей добулбасчы", "Оюн", "Вальс", "Так-теке", "Көпөлөк", "Көнүлдүү жөжөлөр", "Сатыке", "Көңүлдүү марш", "Ооган", "Арман", "Ыр", "Кожожаш мерген", "Бургуй", "Орус кайрык" Кыргыз композиторлорунун фортепианолук альбому. Фрунзе, Мектеп, 1979; "Көз приемдер" (Жети прелюдия) - Фортепиано үчүн пьесалар жыйнагында, 9 чыгарылышы. М.; "Сов. композитор", 1981; "Ноктюрн", "Юморески".-Тромбон жана фортепиано үчүн жазылган советтик композиторлордун пьесалары жыйнагында. М.; "Сов. композитор" 1982; "7 полифониялык пьеса" Фортепиано үчүн полифониялык пьесалар жыйнагында. 1-чыгарылышы. М; "Сов. композитор" 1982; Балдар үчүн 24 фортепианолук пьесалар. М.; Сов.композитор. 1982; "Эскерүү", "Жай вальс", "Конгуроо", "Оюн" ж.б. үйлөмө аспаптар менен фортепиано үчүн жазылган чыгармалар жыйнагында, Фрунзе, Мектеп, 1982; "Ой толгоо"/фан- тазия-импровизация/ - Фортепиано үчүн пьесалар жыйнагынца. М., Сов. ком- позитор 1983; "Симфониялык оркестр үчүн майрамдык бий" Кыргыз композиторлорунун оркестр үчүн жазылган чыгармалары жыйнагында. 9-чыгарылышы. М.: Сов. композитор, 1983; "Бешик ыры", "Эски обон", Чакан күү, "Жаш кернейчилер", "Прелюдия", "Кайгы", "Токата-экспромт" Кыргыз композиторлорунун балдар пьесалары жыйнагында, М.: Сов. композитор, 1984; Кыргыз акындарынын сөзүнө жазылган 24 ыр. Балдар ырлары жыйна- гында, Фрунзе, Кыргызстан, 1985; "Күз" Алты кылдуу гитара үчүн чыгармалар. 1-чыгарылышы, М.; Музыка, 1986.

ДИСКОГРАФИЯ

"Пахтачы кыз", "Кыздын ыры", "Көл вальсы" Азыркы кыргыз музыкасынын антологиясы 2-табак. 2-жагы.; Кыргыз композиторлорунун ырлары жана романстары. МЗО-3573-34; "Вальс", "Куйручук" /Балеттен сюита/- СССР элдеринин өнөрү. Ала-Тоонун обондору. Д-03218182; Комузчу, "Жигиттер бийи" / "Куйручук" балетинен/ - Кыргыз үнү. МЗО-3991718; "Кыздын ыры". Д 00029 301-02; Өрттөнсүн бозой жалынга. Д-00029301-02; "Достук бийи", Симфониялык бийлер. Д-029135; "Бактылуу балалык", "Меке", ж.б. К.Мол- добасановдун ырлары. М 32-39579-80; "Тил алса" 29708-09; "Саманчы жолу", "Куйручук" балеттеринен фрагменттер, "Манас ордосунда" симфониялык сүрөттөмө С 10-12573-74; "Бешик ыры", "Бактылуу жаштык", "Кызгалдак", Симфониялык бийлер. МЗО-35 739-40-004; "Селкиге" М90-46027-002; "Жа- лыныңа күйгөмүн" М90-46035-004; Труба жана фортепиано үчүн скерцо. М90- 46031-005. "Саманчы жолу". З көшөгөлүү балет-оратория /2 табактан турган комплект/ С 10-24647-50-007.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!