СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

« Кайнатма тузду тазалоо» Практикалык иш №2

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Өнөр жайда кайнатма тузду алуунун бирден-бир булагы болуп таш тузу саналат.

            Казылып алынган  кайнатма  туз ар түрдүү  аралашмалардан турат: кум, чопо ж.б. бул аралашмалардан  таза тузду бөлүп алуу үчүн  биринчиден, эрибеген заттардан, андан кийин эриген заттардан арылтуу керек.

            Азыр силер аткара турган практикалык-иштин алдында өз алдынча  ишти аткаруунун планын  түзүүгө жана керектүү  лабораториялык  курал-жабдыктардын  тизмесин  түзүүгө аракеттенгиле жана коопсуздук техникасынын эрежесин эске салгыла.

Просмотр содержимого документа
«« Кайнатма тузду тазалоо» Практикалык иш №2»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: « Кайнатма тузду тазалоо» Практикалык иш №2

Сабактын методу: көрсөтмөлүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: практикалык сабак

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Кайнатма тузду тазалоо ыкмаларын практика жүзүндө көрүп, таза зат менен аралашмалардын касиеттерин салыштырып окуп үйрөнүшөт.

  • Кайнатма тузду тазалоодо аралашмадан таза заттарды бөлүп алуу ыкмаларын айтып жана практика жүзүндө көрсөтүп бере алышса;

  • таза зат менен аралашмалардын касиеттерин салыштырып айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Таза заттар, аралашмалар, аралашмалардан таза заттарды бөлүп алуу ыкмалары, химиялык идиштер, химия кабинетинде иштөөдөгү коопсуздук эрежелери боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга, ынтымактуу болууга тарбияланышат.

  • Таза заттар;

  • Аралашмалар;

  • аралашмалардан таза заттарды бөлүп алуу ыкмалары;

  • химиялык идиштер;

  • химия кабинетинде иштөөдөгү коопсуздук эрежелерин айтып бере алышса;

  • өз алдынча жана топ менен иштей алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Кайнатма тузду тазалоодо аралашмадан таза заттарды бөлүп алуу ыкмаларын айтып жана практика жүзүндө көрсөтүп бере алышат;

  • таза зат менен аралашмалардын касиеттерин салыштырып айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): аралашмалардан таза заттарды бөлүп алуу ыкмаларын практика жүзүндө көрүшөт. Таза заттардын жана аралашмалардын касиеттерин салышытырып айырмалап таанып билүү боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): таза зат, таза заттардын касиеттери, аралашмалар, аралашмалардан таза заттарды бөлүп алуу ыкмалары боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Сүрөттөгү жакшы көргөн гүлдү тандашат. Ал гүлгө туура келген мүнөздөмөнү окуп берүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. Эритмеден кайнатма тузду кантип бөлүп алууга болот?

2. Үй-тиричилигинде кездешкен, колдонулган аралашмалардан мисал келтиргиле.

3. Ылай сууну кандайча тазалашат?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Булагныч кайнатма тузду тазалоо

Кайнатма туз деӊиз суусунун курамында кездешет жана ошондой эле жер бетинде таш тузу деп аталган кен байлыктарды пайда кылат (мисалы, Кочкор районунда таш тузу бар).

Өнөр жайда кайнатма тузду алуунун бирден-бир булагы болуп таш тузу саналат.

Казылып алынган кайнатма туз ар түрдүү аралашмалардан турат: кум, чопо ж.б. бул аралашмалардан таза тузду бөлүп алуу үчүн биринчиден, эрибеген заттардан, андан кийин эриген заттардан арылтуу керек.

Азыр силер аткара турган практикалык-иштин алдында өз алдынча ишти аткаруунун планын түзүүгө жана керектүү лабораториялык курал-жабдыктардын тизмесин түзүүгө аракеттенгиле жана коопсуздук техникасынын эрежесин эске салгыла.

Курал жабдыктар.Лабораториялык штатив шакеги менен, куйгуч, бир башына кыска резина түтүгү кийгизилген айнек таякчасы, химиялык стакан 92 даана), фарфор таякчасы , кашыкча сүзгүч кагаз, суу куюлган колба, ысытуучу курал жабдыктар (спирт шамы, газ оттугу же электр плита)

Заттар. Булганыч кайнатма туз, дисстирленген суу.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Баштапкы тазаланбаган туз менен сүзүлгөн эритмени бууландыргандан кийин алынган тузду салыштыргыла.

2. Кандай айырмачылыгы бар деп ойлойсуӊар? Эмне үчүн?



Үйгѳ тапшырма:

Бөлүп алуу ыкмаларын аныктап келгиле:

Темир-күкүрт

Суу-чопо

Суу-май

Темир-жез (таарындылары)

Суу-туз

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!