СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Изохинолин алкалоиддери лекция

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Изохинолин алкалоиддери лекция»

Тема:ХИНОЛИН АЛКАЛОИДДЕРИ

Сабактын максаты: Хинолин группасындагы алкалоиддер жана алардын дары каражаттары боюнча теорялык түшүнүк берүү.

Окутуунун натыйжалары: Студенттер хинолин группасындагы алкалоиддер жана алардын дары каражаттары боюнча теорялык түшүнөт.

Хинолин группасындагы алкалоиддик препараттардын алынышын,өздүгүн аныктоону, медицинада колдонулушун билет.

План:

  1. Хинолин жана анын туундулары боюнча маалымат.

  2. Хинолин алкалоиддеринин систематикасы, алынышы.

  3. Хинолин туундуларынын препараттары.

Хиноли́н (бензопиридин) – гетероциклдикдик органикалык бирикмелерге кирип,дары каражаттарды алууда, күкүрттү, фосфорду эритүүдө, органикалык боёчу заттарды синтездөөдө колдонулат.

Эмпирикалык химиялык формуласы: C9H7N

Структуралыкформуласы;

Молярдык массасы 129,16 г/моль

Тыгыздыгы 1,093 г/см³

Эрүү температурасы -150С

Кайноо температурасы 237,10С




Хинолин алкалоиддери молекуласында хинолин же анын туундуларын кармайт. Өсүмдүктөрдүн 14 уруусунун өкүлдөрүнөн,жаныбарлардын жана микроорганизмдерден 300дөн ашуун өкүлдөрү бөлүнүп алынган. Айрыкча руттар (Rutaceae), марендер (Rubiaceae), парнолистниктер (Zygophyliaceae) жана татаал гүлдүүлөр (Compositae) урууларында көп кездешет. Хинолин алкалоиддери төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт:

1) жөнөкөй хинолиндер (жалпы формуласы I; R=Н, ОСН3, R'= алкиларил), 4-хинолондор (II; R = Н, СН3, R' = Н, алкиларил) и 2-хинолоны (III; R = Н, СН3, R' = Н, алкил, алкенил);

2). гемитерпеноиддик жана терпеноиддик трициклдик туундулары IV-Х;

З). Фуранохинолиндер, буларга негизинен диктамнин туундулары кирет (XI; R = ОСН3) и соед. типа ХII;

4). Димердик  алкалоиддер, мисалы, ХIII. Булардан чырткары хинолинден башка  хинуклидин калдыктарын кармаган (хинин) , -карбонил (XIV) ж.б.

Хинолин алкалоиддерин изилдөөдө спектралдык методдор колдонулат. ИК-, Уф- спетрлериндеги максималдуу хинолин алкалоиддеринин кайсыл группага кирээрин аныктап алууга болот.

Хинолин алкалоиддери жогорудагы өсүмдүктөрдөн тиешелүү экстрагенттер менен экстракциялоо жолу менен алынат.

Хинолин алкалоиддери кеңири физиологиялык активдүүлүккө ээ болушат. Алардын көпчүлүгү борбордук нерв системасына таасир этүү менен тынчтандыруучу,айрымдары мисалы, флиндерсин (X), антифиданттык касиетти көрсөтөт. Хинин жана эпоксихини (II; R = CH3, R' = Н) борбордук жана перифериялык нерв системаларын стимулдаштырат.

Көпчүлүк учурда синтезделип да алынат. Сырьё катары таш көмүрдөн, нефтиден алынган фенолдук бирикмелер колдонулат.

Синтездөө методдору.

1. Анилинди (1) β-дикетондорду (2) кошуп конденсациялоодон алынат да “ Комбинин методу” деп аталат.

2.  Анилинден жана α,β-каныкпаган  альдегиддерден алуу (Дёбнер-Миллер методу).

3. 2-аминобензальдегидден жана α-метилен группасын кармаган карбонильдик бирикмелерден синтездөө (Фридлендердин методу).

4. Анилин менен глицеринден күкүрт кислотасынын катышуусунда синтездөө (Скрауптун методу).

ХИНИН

Химиялык формуласы

Молекулалык массасы 324,4

Эрүү температупасы 177 °С



Хинин - хинолин алкалоиддеринин негизги өкүлү болуп, жаратылышта хинн дарагында (Cinchona) жана ремиджиде (Remija) (семейства мареновых Rubiaceae) кездешет.
Мүнөздөмөсү. Хинин – түссүз, жытсыз,даамы ачуу кристалдык зат. Оптикалык активдүү болуп  -158 ° (этанол), сууда начар эрийт,  этанолдо, хлороформдо, диэтил эфирде жакшы эрийт.. Сууда тригидратты пайда кылып, 57 °С та эрүүчү кристаллогидратты пайда кылат.. Хининде (I) эки азот N атому болуп, түрдүү туздарды пайда кылат. Туздары  Соли представляют собой бесцв. кристаллы горького вкуса. Негизги туздары: сульфаты, Тэрүү= 205 °С (ажыроо), сууда жана этанолдо начар эрийт. Гидрохлориди Тэрүү=158-160 °С,  этанолдо жакшы, сууда начар эрийт. Дигидрохлориди сууда, спиртте абдан жакшы эрийит, күчтүү кычкылдандыргычтарда, кислоталдардын таасиринде ысытканда перегруппировкалануу жүрүп хинотоксин (II) пайда болот.

Хининдин 4 диастереизомери болуп, алардын баары синтезделип алынган. Алардын ичинен негизгиси жана мааниге ээ болгону  хинидин, хининден С-9 атоиундагы конфигурациясы менен айырмаланат.

Хинидин – түссүз, кристалдар болуп, Тэрүү=173,5 °С,  +334,2 ° (0,1 н. H2SO4) барабар. Медицинада антиаритмиялык каражат катары колдонулат.
Алынышы. Хинин- хин дарагынын ичке бутактарын майдалоодон, тамырынан экстракциялоо жолу менен алынат.

Өздүгүн аныктоо. Хинин үчүн "талейхин реакциясы" мүнөздүү болуп, ашыкча өлчөмдөгү хлордуу, бромдуу суу менен жашыл түс берет. ( сезгичтиги 1:20000). Алкалоиддерди аныктоодогу жалпы чөктүрүүчү реакциялар менен: Бушарддын, Драгендорфдун, Майердин, Зонненшейндин реагенттери менен чөкмө берет. Хининдин эритмесин күкүрт кислотасы менен кычкылдандырганда көгүш түстө  флуоресценцияланат. .

Колдонулушу. Хинин бир клеткалуу организмдер, көпчүлүк бактериялар үчүн уулуу. Адам организмине түрдүчө таасир кылат: борбордук нерв системасын уктатат, температыраны түшүрөт, жүрөк булчуңдарынын дүүлүккүчтүгүн басаңдатат, матканын булчуңдарынын жыйрылуусун күчөтөт, көкбоорду кичирейтет. Өзгөчө касиети-малярияга каршы күчтүү таасиринин болушу.

Медициналык практикада хининдин гидрохлориди, дигидрохлориди жана сулфаты-акушердик практикада төрөттү тездетүүдө колдонулат.







Цинхонин

Эмпирикалык формуласыC19H22N2O

Молярдык массасы294,39 г/моль

Эрүү температурасы 264 °C

Структуралык формуласы

Цинхонин - алкалоид, марендер уруусундагы хин дарагында, ремиджде кездешет. Көбүнчө хинин менен кошо кездешет. Малярияга каршы каиетке ээ бирок, хиниден 5 эсе начар таасирге ээ.

Мүнөздөмөсү. Түссүз, жытсыз, ак түстөгү кристалдык зат болуп, сууда эрийт, спиртте жана эфирде жакшы эрийт, баарынан спирт менен хлороформдун аралашмасында жакшы эрийт.

Өздүгүн аныктоо. Хининден айыамасы флуоресциялык касиетке ээ эмес.калган касиеттери хинин менен бирдей.

Колдонулушу. Медициналык таасири хинин менен бирдей, бирок 5 эсе таасири начар. Моляриянын бардык түрлөрүн дарылоого колдонулат.

Адабияттар:

1. Садритдинов Ф. С., Курмуков А. Г., Фармакологах растительных алкалоидов и их применение в медицине, Таш., 1980;

2. Беесонова И. А., Юнусов С. Ю., "Химия прир. соед.", 1989, № 1, с. 4-18; 3.

3. Машковский М. Д., Лекарственные средства, 12 изд., т. 2, М., 1993, с. 411; И. 4. Васильев А. Е. Цинхонин : статья // Краткая химическая энциклопедия / Редкол.: Кнунянц И. Л. (отв. ред.) и др.. — М. : Советская энциклопедия, 1967. — Т. 5: Т—Я. — С. 869.

5. Ипатьев В., Менделеев Д. И. Цинхонин // Энциклопедический словарь Брокгауза и Ефрона : в 86 т. (82 т. и 4 доп.). — СПб., 1890—1907.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!