СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

История педагогаки

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

педагогика

Просмотр содержимого документа
«История педагогаки»




План



  1. Киришүү

  2. Педагогика илими жана анын категориялары

  3. Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү

  4. Корутунду

  5. Колдонулган адабияттар













































Киришүү

Педагогика – тарбиялоо, билим берүү жана окутуу проблемаларын изилдеп үйрөнүүчү теориялык жана прикладдык илимдердин жыйындысы. Университеттерде, институттарда ж. б. окуу жайларында адистештирилген программалар боюнча окутулуучу курс да педагогика деп аталат. Педагогика адегенде балдарды тарбиялоонун теориясы катары өнүккөн. Азыркы педагогика окутуу жана тарбиялоо, маданий-агартуу, агитациялык-пропагандалоо, адистердин кесиптик билимдерин өркүндөтүү проблемаларын камтыйт. Тарбиялоо башка илимдерде да үйрөнүлөт: социологияда тарбиялоо коомдун жана мамлекеттин функциясы катары, ал эми психологияда болсо инсандын руханий, ички духунун өнүгүшүнүн шарты катары каралат. Педагогика тарбиялоо процессинин закон ченемдүүлүктөрүн, анын структурасын жана механизмдерин изилдейт, окутуу жана тарбиялоо процессинин теориясын жана аны уюштуруунун методикасын, мазмунун, принциптерин, уюштуруу формаларын, методдорун жана ыкмаларын иштеп чыгат. 

Педагогика башка илимдер менен өз ара байланыштуулугунун натыйжасында “кошунду” дисциплиналар пайда болду. Мис, педагогиканын социология менен биригүүсү (педагогикалык социология), психология менен кошундусу (педагогикалык психология), медицина менен биригүүсү (дарылоо педагогикасы), искусство таануу менен кошунду (театрдык, музыкалык педагогика), укук таануу менен биригүүсү түзөтүү (эмгек педагогикасы), аскердик билимдер менен биригүүсү (аскер педагогикасы) ж. б. “кошунду” дисциплиналарды пайда кылды.

Педагогика илими жана анын категориялары

Педагогиканын жалпы түшүнүктөрү (категориялары) – тарбиялоо, окуу, окутуу, билим берүү, педагогикалык процесс. Категорияларда аларда белгиленүүчү чындыктуу кубулуштардын өзгөрүүлөрү жана илимий ойдун ар бир кубулуштун маани-маңызына тарап жайылышынын даражасы чагылдырылат. Kөп педагогдор (П. Г. Редкин, А. Н. Острогорский, Л. Н. Толстой ж. б.) өз эмгектерин түшүнүктөрдү анализдөөгө жана аларга аныктама берүүгө, алардын арасындагы өз ара байланыштарды мүнөздөөгө арнашкан. Педагогикалык түшүнүктөрдүн системасын иштеп чыгуу, тиешелүү аныктамаларды жана терминдерди тактоо иши улантылып жатат; ошондой болсо да педагогиканын категорияларын азыркыча түшүнүп кабылдоого мүнөздүү болгон негизги тенденциялар ачык болду. 

Тарбиялоо, сөздүн кең маанисинде – өсүп-өнүгүүгө таасир этүү жана ошол таасирдин натыйжасы. Адамды анын бүткүл өмүрү (турмушу) тарбиялайт деген ойдун мааниси да дал ушунда. Сөздүн адистик тар маанисинде тарбиялоо деп тарбиялоочунун жумушун, өсүп-өнүгүүгө максаттуу жетекчилигин жана ошол жетекчиликтин натыйжасын түшүнөбүз. Педагогикалык жетекчилик мурдагы педагогикада тарбиячынын тарбиялануучуларга түздөн түз таасир этүүсү деп эсептелинип келген. Илимий педагогика ырастоосу боюнча адамдын инсандыгы ишмердик процессинде калыптанат. Бул ишмердүүлүүк өсүп-өнүгүүгө чоң таасир этет, б. а. 

Окуу – бул түшүнүктү кыскача билимдерди, билгичтиктерди жана көн-дүмдөрдү өздөштүрүү деп аныктоого болот. Мурда бул термин адамга гана карата колдонулуп келген болсо, азыр кибернетикалык адабияттарда ал о. эле машиналарды “окутууга” карата да пайдаланылат. Ушуга байланыштуу “окуу” түшүнүгү максаттуу аракеттердин тажрыйбасы катары бир кыйла кеңири талкууланып жүрөт. 

Окутуу – сөздүн тар маанисинде, окууга жетекчилик кылуу. Кең мааниде алганда окутуу эки жактуу процесс; ал окуу материалын берүүнү жана өздөштүрүүнү, б. а. мугалимдин ишмердигин (сабак берүүнү) ж-а окуучулардын ишмердиктерин (окуп билим алууну) ичине камтыйт.

Билим берүү – системалаштырылган билимдерди жана аларга байланыштуу болгон практикалык таанып билүүчүлүк ишмердикти өздөштүрүү процессин жана натыйжасы. Педагогикалык процесс улам жаңыланып туруучу социалдык маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн коомдук турмуштун бардык сферасында болуп өтүүчү тарбиялоо менен билим берүүнүн, окутуу менен окуунун, өзүн-өзү тарбиялоо менен кайрадан тарбиялоонун, нукура тарбиялык ишмердик менен кеңири социалдык кубулуш катарындагы тарбиянын өз ара байланыштарын аныктап чыгып, алардын бири бирине камтылыш татаал процесстерин терең анализдөөгө туура келет. Мына ушул кубулуштарды толугураак чагылдыруу үчүн педагогикадагы категориялардын бири катарында “педагогикалык процесс” деген термин кеңири колдонулат.

Педагогиканын келип чыгышы жана өнүгүшү

Педагогиканын калыптанышы турмуштук байкоолордон жалпылаштырууга карай, тарбия жөнүндөгү ар түрдүү ойлордун айтылышынан толук педагогикалык системаларга карай, эмпирикалык сунуштардан нукура теориялык изилдөөлөргө карай, эркинче айтылган ойлордон эксперименталдык текшерилүүчү концепцияларга карай, сапаттык анализдөө методдорун колдонуудан так (өлчөө, ченөөлөрү болуучу) сандык баалоолорго жана мүнөздөмөлөргө карай, жоромолдуу ойлор менен утопиялардан илимий алдын ала көрө билүүлөргө карай багытталып калыптанып олтурган. Көп тармактуу бул татаал процесс уланууда, азыркы педагогиканын түрдүү бөлүмдөрү бирдей өнүккөн жок. Мис.; окутуу процессин изилдөөлөрдө сандык талдоо методдору кеңири колдонулат, мында окутуунун алгоритмдери аныкталат, аны программалоонун проблемалары иштелип чыгат, бирок, тарбиялоонун методун иликтеп изилдөөдө сандык талдоо методун колдонуу боюнча биринчи гана кадамдар жасалууда. Социалдык-педагогикалык проблемаларды изилдөөдө тарбиялоо теориясы билим берүү теориясынан бир кыйла алдыда.

Педагогиканын өсүп-өнүгүүсүнүн түрдүү этаптары түрдүүчө тереңдикте жана түрдүү толуктукта изилденген, бирок, бул процесстин негизги контуру жетишерлик даражада аныкталган. Бизге белгилүү болгон биринчи педагогикалык жалпылоолор кул ээлөөчүлүк коомдогу тарбияга тиешелүү. Тарбиялоонун жана окутуунун максаттары, тартиптин мааниси, мугалимге жана окуучуга коюлуучу талаптар жөнүндөгү пикирлерди Байыркы Чыгыштын ойчулдары айтышкан. Ал пикирлерди эмпирикалык системалардын педагогикасынын башталышы деп кароого болот. Байыркы доордун педагогикасы сөзсүз авторитардык болгон. Анын максаты тарбиянын жардамы менен ыймандуулукту жана каада-салтты, коомдук түзүлүштү: Египетте жрецтер сословиесинин талашсыз авторитетин, Индияда касталык топтордун түзүлүшүн, Кытайда императордун буйруктарын жана үй-бүлө традицияларынын кебелбес туруктуулугун сактоо болгон. Байыркы доордогу педагогикалык ойлор философиянын, диндин, саясаттын системасында пайда болуп өнүккөн; адам, коом, жакшылык жана жамандык жөнүндөгү жалпы түшүнүктөр менен биргелешкен; диний китептерде (Библия, Куран, Талмуд ж. б.) ата-энелер жана балдар өздөрүн кандай алып жүрүү керектиги жөнүндөгү нормалар, деталдаштырылган акыл-насааттар баяндалган. Байыркы замандын философиясы Африкада (б. з. ч. V–IV к.) эң күчтүү өнүккөн. Демокрит, Протагор, Сократ, Платон, Аристотель теоретик педагогдор болушкан. Алар мектептик жана үй-бүлөлүк тарбия маселелери менен чектелишкен эмес; социалдык кеңири проблемалар: саясат жана тарбия, мамлекет жана инсан, билим берүүнүн коомдун турмушундагы мааниси ж. б. изилдешкен. Байыркы замандын педагогикасынын тарбиядагы күчтүү жагы мына ушунда, бирок, дал ушул проблемаларды чечүүгө кул элөөчүлүк коомдун идеологиясы (тарбиянын ошол кезде жашап турган мамлекетти чыңдоонун куралы катарында пайдаланылышы, гармониялуу өнүккөн адамдын барыдан мурда кул ээлөөчүлүк мамлекет тарабынан коюлган маселелерди ишке ашыруунун каражаты деп эсептелиши) таасир эткен. Албетте, мындайларды ал кезде адам катары эсептелбеген кулдар эмес “эркин төрөлгөндөр” деп түшүнүшкөн. Антикалык (байыркы гректик, байыркы римдик коомдук түзүлүш) педагогика тарыхый жагынан гана эмес, өзүнүн эң бай эмпирикалык байкоолору, ой жүгүртүүлөрү, көрөгөч божомолдору менен биз үчүн баа жеткис кызыктуу. Антикалык ойчулдар, о. эле педагогика кээ бир жалпы теориялык жоболорун (билим берүүнүн тарбиялоочулук баркы, адамды комплекстүү тарбиялоонун зарылдыгы, фрагментардык “көп кырдуу билимге” караганда системалык билим берүүнүн артыкчылыгы жөнүндөгү ж. б.) формулировкалашкан. Байыркы грек философиясында педагогиканын өнүгүшүнүн негизги тенденциялары: материалисттик тенденция негизинен Демокритте (б. з. ч. 460–370-ж.), идеалисттик тенденция Сократта (б. з. ч. 469–399-ж.) жана анын окуучусу Платондо (б. з. ч. 427–347-ж.) так туюнтулуп көрсө-түлгөн. Демокриттин ырастоосу боюнча адамдын акыл-оюнун калыптанышында анын турмуштук тажрыйбасы, иши, кылык- жоругу чечүүчү мааниге ээ. “Жаратылыш менен тарбия окшош. Тарбия адамды өзгөртөт жана аны башкача кылып жаралтуу менен жаратылышты түзөт”. Анын мындай көз карашына Сократтын борбордук педагогикалык идеясы таптакыр карама каршы. Сократ педагогдун башкы милдети – адамдардын алардын өздөрүндөгү мурдатан билинбей келгенсиген түшүнүктөрдү жана элестөөлөрдү сездирип ойготуу болуп эсептелет. Буга “сократтык аңгеме” менен жетишүүгө болот, мындай аңгеме өткөрүүчү сүрөмөлөп жетелөөчү суроолорду берүү менен керектүү корутунду чыгарат. Демокриттин ырастоосу боюнча адамдар жаратылыштан эмес көнүгүүдөн, үйрөнүүдөн, аракеттенүүдөн жакшырат, ал эми Сократ боюнча жакшы болуш үчүн эмне жакшы, эмне жаман экендигин билүү гана жетиштүү. Демек, Сократ адамдын ахлак-адептүүлүгү анын билиминде деп эсептеген. Методологиялык негиздери боюнча бири-бирине карама- каршы бул позицияларда жалпы формада болсо да, тарбияны эки башка позицияда кабылдоо белгиленген. Биринчиси (материалисттик) бытиёну, жашоо-тиричиликтин мүнөзүн, тажрыйбанын ролун алгачкы аныктоочу деп тааныйт. Экинчиси (идеалисттик) “таза” аңдап сезүүнү, моралдык үгүттөөнү, таасирдүү сөздү кыялга батууну ашкере даңазалайт.

Байыркы Грециянын эң ири окумуштуусу Аристотель (б. э. ч. 384–329-ж.) материализм менен идеализмдин ортосунда олку-солку болгон, бирок, бул проблеманы теориялык жактан карап чыгып, ал акырында Демокриттин позициясын уланткан. Анын окуусу боюнча дене (тело) жандан (душа-ой) мурда жаралган сыяктуу эле акыл-эси болбогон жандын элементи да акыл-эстүү элементтен мурда жаралат... Сезим ойгонгон абал, эрктүүлүк аракеттер, о. эле кумарлануу, дилгирленүү жаңы төрөлгөн балдарга да таандык, ошондой болсо да эстүүлүк жана ойлонуу жөндөмү, албетте, кийинчерээк – алардын чоңоюшу менен пайда болот. Ошондуктан, жан (душа-ой) жөнүндө кам көрүүдөн мурда дене жөнүндө кам көрүү керек, андан ары, денеден кийин шыктуулукту тарбиялоо жөнүндө кам көрүлөт, анткени аны калыптандыруу акылды тарбиялоого, ал эми денени тарбиялоо – жанды тарбиялоого кызмат кылууга тийиш. 

Байыркы Рим адабиятында педагогика маселелерине салыштырмалуу аз орун берилген. Батыш Европа элдеринин педагогикасына христиандык идеологиянын келип чыгышы жана анын көп кылымдар бою эволюциялык өнүгүшү өтө таасир эткен. Алгачкы христианство кулдардын жана эзилген эмгекчилердин идеологиясы катары пайда болгон. Бирок, IV кылымдын башталышында эле ал идеология Рим империясынын расмий идеологиясы деп таанылган. Ф. Энгельстин сөзү боюнча “чиркөө... феодалдык түзүлүштүн эң эле жалпыланган синтези” болуп калган. Бул синтездин элементтеринин бири – тарбия, ал эми анын жетекчилери – чиркөөнүн ишмерлери болушкан. Педагогика маселелери негизинен дин илиминин трактаттарында жарыяланып турган. Педагогикалык ой-пикирлер диний догмалардын кысымында болгон: бул жарык дүйнөдөгү адамдар – келгиндер, жолоочулар; адамдын денеси – бул шайтандын түтүкчөсү; ой-пикирлер жана каалоо-тилектердин бардыгы күнөө; тарбиянын башкы максаты – тукумдарды каза таптырып, алардын арбактарын, периштелерин жоошуутуу болуп эсептелет деген сыяктуу диний догмалар орун алган. Бул көз караштар, албетте, илимге зыяндуу. Чиркөө ишмерлеринин арасында өз учуру үчүн билимдүү философтор жана жазуучулар болушкан. Алар педагогикалык трактаттарды түзүшкөн, догмаларды формулировкалашкан, педагогикалык кеңештерди беришкен, бирок, ошондой болсо да “орто кылымдагы билим берүү менен тарбиянын мазмуну ошол кездеги чиркөө менен диндик түзүлүшкө карата аныкталгандыктан, ал кезде педагогикалык теория жөнүндө сөз болушу да мүмкүн эместигине алар ынанышкан”. Фанатик чиркөөчүлөр грамматика “негизги диндик китепти” окуганды, философия “еретиктерди шылдыңдап маскаралоого” кызмат кылганды, астрономия болсо диний майрамдардын даталарын эсептөөнү үйрөтүшү керек деп талап кылышкан.

Педагогиканын андан аркы өнүгүүсү феодализм урап, буржуазиялык коом пайда боло баштагандагы Кайра жаралуу дооруна (Италияда – XIV–XVI к., башка өлкөлөрдө XV–XVI к. акыры) туура келет. Адегенде схолистика расмий философия болуп кала берген, бирок антикалык ойчулдарга кайрылуу, табияттаануунун ийгиликтери, маданияттын жалпы жогорулашы философияда билим берүүнүн бардык системасында жана педагогика тармагында схоластикага каршы багыттардын пайда болуп күчөшүнө таасир эткен. Орто кылымдын атеизмине адамдын ар тараптан өнүгүү идеалы каршы коюлган. Аларды ойчул-гуманисттер: испаниялык психолог жана педагог Х. Вивес,англиялык саясый ишмер Т. Мор, франциялык жазуучу Эразм Роттердамский ж. б. негиздеп өнүктүрүшкөн. Гуманисттердин педагогикалык көзкарашында, албетте, ар бир автордун улуттук бөтөнчөлүгү, өлкөсүнүн спецификасы, өзүнүн жеке кызыкчылыгы чагылдырылган. Бирок, негизги педагогикалык талаптар бардык гуманисттер үчүн бирдей жалпы болгон. Алар үчүн көңүлдүн борборунда – адам, анын турмушту сүйүүсү, өмүргө кумарлануусу, активдүү ишмердикке суктануусу турган. Гуманисттердин көзкараштары, ой-пикирлери азырынча системалаштырылган бирдиктүү педагогикалык теория боло алган эмес. Педагогикалык ой-пикирлер ар түрдүү адабияттык формаларда: философиялык трактаттарда (мис.; Х. Вивестин “Илимдерди окутуу жөнүндө”), сатиралык ой толгоолордо (мис.; Эразм Роттердамскийдин “Похвальное слово глупости”), фантастикалык баяндоолордо (Т. Мордун “Утопия”), сатиралык романда (Ф. Рабле “Гаргантюа и Пантагрюэль”), философиялык эсселерде (“Опыты” М. Монтень) жазылган. Гуманисттердин идеялары педагогиканын өнүгүшүнө таасир этип, аны чагылдырганы менен XV–XVI кылымдарда мектептерде схоластика басымдуулук кылган. XVI кылымда түзүлгөн “Общество Иисуса” (“Иисустун коому”) аттуу реакциячыл католиктик иезуиттер ордени өзүнүн авторитардык педагогика системасын иштеп чыккан. Элдик массасынын караңгылыгын иезуиттер диндик ишенимдерди сактап калуунун шарты деп эсептешкен. Алар негизинен орто жана жогорку мектептерди ачышкан.

Азыркы шартта педагогика илиминин түрдүү тармактары боюнча эң баалуу материалдар жана тажрыйбалар топтолуп жатат; педагогикалык изилдөөлөрдүн масштабы жана саны кескин өсүүдө, педагогикалык информациялардын агымы күчөп жатат. Бирок, педагогиканын айрым бөлүмдөрүндөгү жана тармактарындагы иштелмелердин ашыкча автономдоштурулгандыгынын натыйжасында жеке изилдөөлөрдүн корутундулары жалпы теорияда чагылдырылбай келүүдө. Бул кемчиликтерди жоюу педагогиканын керектүү милдеттеринин бири жана анын мындан аркы өнүгүшүнүн шарты болуп эсептелет.



Колдонулган адабияттар:









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!