СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Интерактивдик методдор англис тили сабагында

Нажмите, чтобы узнать подробности

Интерактив термини боюнча түшүнүк берүү. Интерактивдик усулдар жана анын англис тили сабактарында натыйжалуу пайдалануу жөнүндө.

Просмотр содержимого документа
«Интерактивдик методдор англис тили сабагында»

УДК 811.111

Мааткеримов З.Ж., академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технология жана билим берүү институтунун окутуучусу


Интерактивдик методдор чет тили сабагында


Макалада «интерактив» термини чечмеленип, окутуунун мындай тиби эмне үчүн жана кандай учурда, качан колдонулушу керек экендиги, ошондой эле аны кантип дайыма жана аны ишеничтүүлүк менен колдонууга болоору түшүндүрүлөт. Берилген мисалдардын көбү ар түрдүү сабактарда ар кайсы деңгээлде окутуу учурунда да интерактивдик методдорду колдонууга ылайыктуу экендиги айтылат.


Ар бир мамлекет үчүн жана айрыкча бүгүнкү күндө анын калкынын ичинде кош тилдүүлүк же көп тилдүүлүк актуалдуу маселе болуп келүүдө. Көп улуттуу Кыргызстанда жашаган ар бир жаран өзүнүн эне тилинен башка дагы бир же эки башка тилди, атап айтканда чет тилин билүүгө кантип жетишүүгө болот? Бүгүнкү күндө эне тили болбогон тилдерди окутуу кандайча болушу керек? Чет тилдерин кыска мөөнөттө натыйжалуу окутууга болобу?1

Кыргызстандын көпчүлүк ЖОЖдорундагы аракеттеги билим берүү технологиясы бүтүрүүчүлөрдү татыктуу сапаттык жактан даярдоону камсыз кыла албайт, негизинен бүгүнкү талапка жооп бербейт.2

Албетте, ушул сыяктуу суроолордун айланасында бир кыйла жакшы саамалыктар менен бирге бир топ чечилбей келе жаткан проблемалар дагы бар. Аталган суроолордун айланасында талкуу болгон учурларда кээде бир жактуу, кээде кайчы пикирлердин болуп келгендиги баарыбызга маалым.

Чет тили мугалимдери, орус тили мугалимдери жана ошондой эле кыргыз тилин башка улуттун өкүлдөрүнө үйрөтүп жатышкан мугалимдер бул суроолорго сөзсүз кайдыгер карашпайт. Биздин өлкө азыр кардиналдык өзгөрүүлөрдүн учурунда жашап жаткан мезгилде, биздин өлкөгө дагы базар экономикасындагы дүйнөлүк кризистин эпкиндери тийип жаткан шарттарда бул маселелердин чечилиши улам кыйынчылыкка дуушар болушуна кооптонуу келип чыгат. Себеби, тигил же бул маселени чечүүдө сөзсүз түрдө финансылык каражаттар боюнча муктаждыкка кептелерибиз анык.

Кошумча тил билүү - бул ар бирибиз үчүн жаңы мааламаттарга ээ болуу менен чектелбестен, улуттар же мамлекеттер арасында маалымат чөйрөсүнүн алкагынын кеңири масштабка жайылуусу, ошону менен бирге өз ара түшүнүүчүлүк менен бири-бирин жакындан билүү болуп саналат. Мектеп окуучусу же студент, деги эле кайсыл кесиптин ээси болбосун, сөзсүз түрдө чет тилдерин билгендер үчүн бүгүнкү күндөгү эң күчтүү маалымат булактары болгон Интернет менен байланыш түзүү мүмкүнчүлүгүнө жетише алат.

Мектептерде жана билим берүүчү жогорку окуу жайларда тилдерди окутуунун дэңгээлин көтөрүүдө окуу программалар менен окуу китептеринин маңызын түп тамырынан бери жаңылоого туура келет. Бирок, биздин республикадагы педагогдор арасындагы жүргүзүлүп жаткан тажрыйба алмашууга арналган ар түрдүү иш-чаралар манилүү роль ойноп жатат. Атап айтканда, республика боюнча жүргүзүлүп жаткан «жылдын мыкты мугалими», «жылдын мыкты лектору» кароо-сынактары, алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу максатында гезит журналдарга биздин алдыңкы мугалимдерибиздин сабактарынын иштелмелеринин жарыяланып турушу, мектептерде компьютердик класстардын көбөйүп жатышы буга далил боло алат.

Интерактивдүү методдор жана анын окутуу процессиндеги жемиши

Республикадагы гезит-журналдар менен жыйнактарга жарыяланып жаткан сабак иштелмелерге сарасеп салып көрсөк, мамлектибиздин ар бир аймагында өз иштерине чыгармачылык менен мамиле жасап, бүгүнкү күндөгү жаш муундарга жаңы ыкмалар менен татыктуу билим жана тарбия берип жаткан мугалимдердин саны күндөн күнгө арбып жатканы байкалат. Алардын сабак-иштелмелеринде атайын практикада кеңири сыналган, интерактивдүү методдор же алардын элементтери камтылган.

Бир жагынан алганда интерактивдүү ыкмалар окутуунун коммуникативдик принцибин толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берсе, экинчи жагынан практикалык тажрыйба сөзсүз түрдө интерактивдүү иштердин байланышынын аркасында өзгөчө мүнөзгө ээ экендиги менен баалуу. Себеби бир кылка түзүлгөн, коендой окшош, тажатма сабактардын ордуна интерактивдик ыкмалар пайдаланылган сабактардын болушу учурдун негизги талабы болуп саналат.

Интерактивдүү усулду тандоонун себеби, окуучулардын азыркы демократиялык коомдо зарыл катышуу көндүмдөрүн иштеп чыгарууга жана моделдештирүүгө өбөлгө түзөт. Мындан ары интерактивдүү окутуу термини чечмеленип, окутуунун мындай тиби эмне үчүн жана кандай учурда, качан колдонулушу керек экендиги, ошондой эле аны кантип дайыма жана ишеничтүүлүк менен колдонууга болоору түшүндүрүлөт. Макалада берилгендердин көбү башка сабактарда ар кайсы деңгээлде окутуу учурунда да колдонууга ылайыктуу экендиги айтылат.

«Окутуунун интерактивдүү методикасы деген эмне?»

Эгер сабак учурунда окуучулар ортосунда, ошондой эле окуучулар менен мугалимдер ортосунда карым-катыш жогорку деңгээлде жүрсө, биз мындай окутууну жана сабак берүүнү интерактивдүү деп айтабыз. Мындай карым- катыш адатта кайсы бир проблеманы кантип чечүү керек жана сунуш кылган чечим канчалык алгылыктуу болоору талкуу түрүндо болот. Мындагы эң башкы нерсе маселени чечүү процесси анын жообундай эле мааниге ээ. А түгүл кээде андан да манилүү экендиги байкалат. Себеби интерактивдүү усулду колдонуудагы биздин максат окуучуларга маалымат берүү эле эмес, алардын жоопторду өз алдынча таба билүү көндүмдөрүн да калыптандыруу болуп саналат

Окуу процессинде окуучу төмөндөгүлөр менен карым катышта болуу менен аракеттенет:

  1. Мугалим менен (б.а. окуучу мугалимдин суроолоруна жооп берет).

  2. Чакырылган кишилер менен (же класс кайсы бир уюмдарга тиешелүү кишилерге барышы мүмкүн).

  3. Башка окуучу менен (эки-экиден болуп иштөө).

  4. Чакан топ менен запас ойноо (3-5 окуучу болуп иштөө).

  5. Окуучулардын чоң тобу (көбүнчө ролдук, оюндук, дебаттык, класстык талкуунун түрлөрү).

  6. Окуучулардын тобу жана калк менен (топ социологиялык сурамжылоо жүргүзөт).

  7. Техниканын айрым түрлөрү менен (компьютер).



Эмне үчүн интерактивдүү усул пайдаланылат?

Интерактивдүү методдорду активдүү колдонуп жүргөн мугалимдер окутууда бул методдордун өз ара аракеттенүү процессинде эң ийгиликтүү жүрүшүн жакшы билет. Алар мындай методдор менен өтүлгөн сабактарда окуучулар жакшы окуп, талкуу учурунда билип калгандарын жакшы эстеп калышат деп эсептешет. Анын төмөндөгүдөй себептери бар.

Окуучулар маалымат эле албастан өздөрү сунуштаган жолдор менен чечимдер эмне үчүн туура же эч болбосо айтылган башка варианттардан жакшы экендигин логикалуу кылып түшүрдүрүүгө аргасыз болушат. Окуучулар идеяларды кыйла терең иштеп чыгышат. Анткени алар логикасыз айтылган пикирлер оңой эле жокко чыгарылаарын билишет.

Маселелерди чечүү учурунда окуучулар өздөрүнүн жана башкалардын тажрыйбасын пайдаланышат. Мындай билимдердин жалпы суммасы ар кандай жеке окуучунун билимине караганда көптүк кылат. Мугалим өзү дагы окуучулардан жаңы нерселерди билип үйрөнүшү мүмкүн.


Интерактивдүү методдордун колдонулуш жолдору

Жарандык коомдун жаңы муун өкүлдөрүнүн жүрүш-турушу кандай болооруна бүгүнкү күндөгү педагогдор белгилүү деңгээлде жооптуу.

Ар бир сабактын өзөгүн китеп түзөт. Китеп менен иштөөнү билбесек, канчалык заманбап каражаттарды, меттоддорду колдонбойлу, максатыбызга жете албайбыз.

  1. «Сынчыл ойломду өстүрүү» - окуучунун ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт, турмуштук окуяларга, фактыларга сынчыл көз карашка үйрөтөт

  2. Окутууда борборлорду колдонуу – бул «Кадам артынан кадам» программасында кеңири колдонуучу усул. Окуучуларга өз каалоолору менен тандап алган борборлорунда окууга шарт түзүп берет.

  3. Кластер – ойлорду чагылдыруучу графикалык уюштуруучу.

  4. Зигзаг – окуучу окуучуну окуткан ситуация.

  5. Б. Блумдун таксономиясы – окуунун максаттарын систематизациялоо жана классификациялоо теориясы.

Ар кандай эле предметти окутуу менен мугалимдер келечектеги коомду калыптандырууга салым кошот. Ошондой эле мугалимдер колдо бар окуу материалдарын ыңгайлаштыруу жана жаңыларын колдонуу менен билим берүүнүн өзүн жакшыртууга жардам берет. Жарандык билим берүү курсун сынактан өткөрүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн пилоттук мектептердин мугалимдерине өзүбүздүн ыраазычылыктарыбызды билдирүүгө болот. Кыргызстандын мектептеринин методикалык базасын мындан ары да ушундай шыктануу менен өркүндөтө берүүгө кантип салым кошо алабыз? Мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү, күчүбүз да аз деп ойлоого эч кимдин акысы жок. Бирок чыгармачылык менен иштеген мугалимдер ыкчам өзгөрүлүп жаткан коомдо мугалимдердердин ролу, эң маанилүү болот деп эсептешет. Бүгүнкү күндөгү мугалимдик кесиптин кыйынчылыктарын ар ким ар кандай кабыл ала тургандыгы кашкайган чындык. Өзүнүн эмгектеринде педагогикалык чеберчиликтин өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүүдө, А.С. Макаренко табиятынан таланттуу мугалимдерге зор маани берген. Бул үчүн кесиптик жогорулоону аңдай билүү керек.

«Я не обладаю педагогическим талантом, и пришел в педагогику случайно, без всякого на то призвания, - писал он.- Отец мой маляр. Он сказал мне: будешь учителем. Рассуждать не приходилось. И я стал учителем. И очень долгое время чувствовал, что у меня плохо идет, неважный я был учитель. И воспитатель был неважный.

Но я научился. Я сделался мастером своего дела».3

Көрүнүктүү педагог А.С. Макаренко белгилегендей, ар бир мугалим өзүнүн үстүнөн талбай жана системалуу түрдө иштесе, ал педагогдук чеберчиликке сөзсүз ээ боло алат.

Окутуунун билгичтерди өнүктүрүүгө багытталышы

Бүгүнкү күндө мектептерде жана билим берүү жайларында кеңири пайдаланылып келе жаткан интерактивтик усулдардын ичинде «сынчыл ойлом», «кадам сайын кадам», «пирамидалык окуя», «зигзаг», «кластер», «синквейндер», чакыруу стадиясындагы «мээ чабуулу», логикалык «чынжырчалар», «кайчылаш» жана «биргелешип издөө» дискуссиялары, семинардык сабак, көрсөтмөлүү сабак ж.б. өз жемиштерин берип келүүдө.

Cынчыл ойлом жөнүндө өтө көп жазылган.Сынчыл ойлонгон адамдар үчүн маалыматты элементардуу түшүнүү окуунун бүткөн этабы эмес анын башталышы болуп эсептелет. Cынчыл ойлонгон адам оболу тигил же бул идеялар менен таанышат, анан аларды иш жүзүнө ашырганда эмне болоорун карап көрөт. Ал мында аларды бир аз күмөн саноо менен кабыл алат, анысын ага карама каршы келген көз караштар менен салыштырат. Ошолорду негиздеш үчүн ал ой жүгүртүүнүн кошумча системасын табат, ошонун негизинде өз позициясын иштеп чыгат.

Сынчыл ойлом - бул идеялар менен мүмкүнчүлүктөрдү интеграциялоочу, маалымат менен концепцияларды кайра куруп, кайрадан аңдап түшүнүүчү татаал чыгармачылык процесс. Бул бир эле учурда бир нече деңгээлде жүрө турган активдүү жана интерактивдүү таанып- билүү процесси. Көпчүлүк учурда сынчыл ойлом белгилүү бир максатка жетиш үчүн иштейт, ал эми максат конкреттүү болбогон учурда чыгармачылыктын баалуу бир түрү болуп калат.

Адабияттар

1. Звонок с урока. Обучение вторым языкам. Приложение к журналу «Мектеп-школа». – Бишкек, 2005.

2. Асанов М.А. Инновационные технологии организации и контроля учебного процесса в вузе. -Ош: ОшТУ. 2009.

3.. Елканов С. Б. Профессиональное самовоспитание учителя: Кн. для учителя. –М.: Просвещение, 1986.

4. Макаренко А.С. Соч.; В 7-ми т. -М., 1957.

1 Звонок с урока. Обучение вторым языкам. Приложение к журналу «Мектеп-школа». – Бишкек, 2005. 2 стр.

2 Асанов М.А. Инновационные технологии организации и контроля учебного процесса в вузе. (Проблемы высшего образования в КР и некоторые пути их решения). – Ош: ОшТУ. 2009. 3 стр.


3 С. Б. Елканов. Профессиональное самовоспитание учителя. –М.: Просвещение, 1986. -123 стр.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!