Уюштуруу 4 минут | Окуучулар менен саламдашуу, жоктоо, малекула оюнун ойнотуп оюн бир жерге топтоо менен мээге чабуул жасоо | Саламдашышат, окуу куралдарын сабакка даярдашат, оюн бир жерге топтоо үчүн окуучулар доскага чыгып малекула оюнунун ойнойт |
Үй тапшырмасын суроо 6 минут | Суроолор жазылган карточкаларды таркатуу менен үй тапшырмасын суроо: Информациянын санын өлчөө бирдиги кандайча аныкталган? Биттин аныктамасын кандай. Информация кайсы учурда информациялуу жана информациялуу эмес болот? | Окуучулар карточкаларга жазылган суроолорго жооп беришет. |
Жаңы теманы түшүндүрүү 25 минут | Адам өзүнүн эсинде же кандайдыр бир сырткы алып жүргүчтөрдө инфомацияны сактайт. Көбүнчө кагазга сактайт. Эсибизде сакталган маалыматтарды биз ар дайым пайдалана алабыз. М: адам өзүнүн үй дарегин, жакындарынын даректерин, телефон номерин эсинен чыгарышпайт. Адамдын эсин оперативдик эс деп атасак болот. Мында “оперативдик” деген сөз “тез”деген сөздүн синоними болуп саналат. Жатталган илимдерди адам көз ирмемде кайра чыгарат.биз өзүбүздүн эсибизди “ички эс” деп атасак да болот, анткени аны алып жүрүүчү мээ адамдын организминде айгашкан. Адамга дайыма информацияны берүү процессине катышууга туура келет. Информацияны берүү адамдар бири-бири менен түздөн-түз сүйлөшкөндө, кат аркылуу, техникалык байланыш каражаттары – телефон, радио, телекөрсөтүүнүн жардамы менен жүрөт. Мындай байланыш каражаттарын информация берүү каналдары деп аталат. Информация берүү- дайыма эки жактуу процесс: информациянын булагы жана кабыл алгычы болот. Булак информацияны берет (жөнөтөт), кабыл алгыч аны алат(өздөштүрөт). Китеп окууганда же муугалим айтканын укканда силер информацияны кабыл алуучусунар;сабакка жооп бергенде информациянын булагысыңар. Адам информацияны интетүү үчүн дайыма үзгүлтүксүз аракет жасоого туура келет. Информация менен аткарылган аракеттер информациялык процесс деп аталат. Информациялык процесстердин түрлөрү: информацияны алуу, сактоо, иштетүү жана берүү. Информацияны максаттуу колдонуу үчүн аны алуу, кайра өзгөртүү, берүү, топтоо жана системалаштыруу зарыл. Информация менен болгон белгилүү операцияларга байланышкан ушул бардык процесстерди информациялык процесстер деп аталат. Информация процесстери жандуу жаратылышка, адамга, коомго эле мүнөздүү эмес. Адамдар техникалык түзүлүштөрдү- информация алуу, берүү жана сактоо процесстерине байланыштуу жумуштарды аткаруучу автоматтарды жаратышкан. М: термостат деп аталган автоматтык түзүлүш имараттын температурасы жөнүндөгү информацияны кабыл алат да , адам белгилеген температура режимин ылайык жылуулук приборлорун өчүрүп күйгүзөт. | Окуучулар көрүү терезеси боюнча маалымат жазышат жана практикалык жактан түшүнүү үчүн видеоролик көрүп, теориялык жактан толук кандуу билимге ээ болушат |