СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Индия 19-к аягы-20- кк башы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Индия 19-к аягы-20- кк башы»

XIX кылымдын аягы XX кылымдын

башында Индия

Колониячылык Индия бул мезгилде Улуу Британиянын колониясы эле. Ал Индияны вице-король башчылыгындагы аткаминерлер (мансап ээлери) жана полициянын жардамында башкарчу. Англичан колониячылыгы шартында Индияда капиталчылыкка негизделген жергиликтүү өндүрүш системасы пайда боло баштады. Ири өнөр жай ишканаларын курууга киришилди. 1886-жылы токуучулук өнөр жайында 95 фабрика бар эле. Кендердин саны, темир жол тармактары көбөйдү. Бул чийки зат даярдоо жана ташууда өзгөчө мааниге ээ болду.

Улуу Британия Индияда өнөр жайды өзүнө ыңгайлуу кылып жайгаштырууга аракет кылды. Негизги өнөр жай ишканалары деңиз боюндагы порт шаарларына жакын эле. Мындан Индиянын байлыктарын арзан жана оңой алып чыгып кетүү максаты көздөлгөн.Индия менен Улуу Британиянын соодасы барган сайын өстү. Индия англичан буржуазиясынын капитал кийирүү зонасына айланып калды.

Дыйканчылыкта агротехника маданияты төмөн боюнча калды. Колониячылар тарабынан курулган сугаруу курулмалары болгону 20% жерди сугарууга жетет эле. Жер түшүмдүн чоң бөлүгүн төлөө шарты менен дыйкандарга ижарага берилчү. Карыз эсебине иштеп берүүгө мажбур болгон адамдардын саны күн сайын көбөйүп барды.

Айыл чарбасынын эң кирешеси көп тармактарына (чай, кенеп, пахта) капитал кийирүү англичандарга чоң пайда келтирчү.

Индия XIX кылымдын аягында дүйнөлүк базарга чоң өлчөмдө өнөр жай жана айыл чарбасы товарларын чыгара баштады. Бирок,алынган киреше англичан колониячыларын байытты. Айыл чарбасында монокультура пайда болду. Бенгалия кенеп, Ассам чай, Бомбей жана Борбордук Индия пахта, Панжаббуудай жетиштирүүгө адистешти.Жер ээлери, банк ээлери, сүткорлор дыйкандарды карызга батырып, аларды аянычтуу абалга салып коюшту. Индияда ачарчылыктан көп адам кырылып кетти. Англичандардын администрациясы Индиядагы улуттук тилдерде чыга турган басма сөз жөнүндө мыйзам кабыл алды. Мыйзам бардык газеталарды англичандардын көзөмөлүнө өткөрдү. Тез арада ок атуучу куралдарды сактабастык жөнүндө акт кабыл алынды.

Улуу Британия жергиликтүү буржуазияга бир аз болсо да болушуу саясатын жүргүзө баштады. Алардын өкүлдөрү шаарлардын башкаруу органдарына шайлана башташты.

Экономикалык абал XX кылымдын башында Индияда капитализм акырындык менен болсо да өнүгө баштады. 1910-жылга келип кенеп-була фабрикаларынын саны эки эсе көбөйдү. Пахта чийки затын даярдоо, без токуу ишканаларынын бир бөлүгү инд капиталисттерине караштуу эле. Өнөр жай ишчилеринин саны кыйла көбөйдү. Улуу Британия бардык көмүр бассейндерин, кенеп өнөр жайын, чайзарларды, транспорт, соода жана камсыздандыруу коомдорун өз колуна алды жана бүткүл Индиянын өндүрүш системасынын үстүнөн көзөмөл орнотту.

Улуу Британиянын капиталы өтө тез өсүп барды. Бирок, жалпы элдин турмушу барган сайын начарлай берди. 1896—1906-жылдарда 10 млн. дон ашуун адам ачкачылыктан өлдү.

Университеттерге кирүү акчасы эки эсеге ашырылды. Алардагы укук таануу факультеттери жаап коюлду. Демократиялык маанайдагы, эл кызыкчылыгын көздөөчү кишилердин университеттерге кирүүсүнө таптакыр тыюу салынды.

Улуттук боштондук кыймылы Индиянын эли эзүүчүлөрдүн зулумуна каршы боштондук күрөшүн алып барды. 1885-жылы Бомбей шаарында конкреттүү программасына ээ болгон саясий партия – «Индия Улуттук Конгресси» (ИУК) түзүлдү. Ошол эле учурда, «Мусулмандар лигасы» да түзүлдү.Эми англичандар инд-мусулман атаандаштыгын ого бетер күчөтүп жиберишти. Конгресс өз катарына ири соода-өнөр жай капиталынын өкүлдөрүн, либералдык помещиктерди жана улуттук интеллигенттерди бириктирди. Баштапкы мезгилдерде Индиянын улуттук конгрессине англичандардын колониячыл администрациясы каршылык кылган жок.Мындай мамилени Индиянын вице-королу лорд Дафферин «улуттук Конгресс төңкөрүштөн арзаныраак» деп түшүндүргөн эле.

Англичандар ойлогондой, улуттук конгресстин талаптары баштапкы учурларда абдан жумшак болду. Бул талаптар Британиянын бийлигин сактап калган түрдө, кээ бир реформаларды өткөрүүнү гана көздө туткан эле. Тактап айтканда, четтен келтириле турган жип-кездемелерге бажы белгилөө, жергиликтүү өкүлдүк органдарынын укугун кеңейтүү, инддерди башкаруу иштерине тартуу, техникалык окутууну уюштуруу ж.б. эле. Бирок, убакыттын өтүшү менен бул партия чоң кадыр-баркка ээ болуп барды.



1890-жылы «солчул»ради калдык агым калыптанды. Ага Бал Гангадхара Тилак (1856—1920) башчылык кылды. Ал инд калкынын улуттук аң-сезимин ойготуу, улуттук ар-намысын көтөрүү жолунан барды. Динге, анын жалпы элди уюштуруучу күчүнө чоң баа берди. Тез арада ал Пуна шаарында көз карандысыз орто мектеп түздү. Мектеп окуучулардын аң-сезимине мекенди сүйүүчүлүк идеяларын сиңдире баштады. Тилак «Кесари» (Арстан) газетасын уюштурду. Жаштардын арасында мекенди сүйүүчүлүк идеяларын жайылта баштады. Индиянын шартында куралдуу козголоң жолу менен боштондукка чыгуунун аргасы жок экендигин түшүнгөн Тилак «күч иштетпестик» жолун тандады. Бул усулда негизинен англичан товарларын бойкот кылууга көңүл бурулду. «Кудай Индияны чет мамлекеттерге эч качан тартуу кылган эмес», – дейт эле Тилак.Тилактын жактоочулары жалпы элди баскынчыларга каршы жек көрүү рухунда тарбиялашчу. Мындан коопсураган англичандар Тилакты бир жарым жылга камашты. Бирок тез арада бошотууга мажбур болушту.

Бенгалиянын бөлүнүшү Улуттук - боштондук кыймылын муунтууга умтулуп,англичан баскынчылары 1905-жылда Бенгалияны эки бөлүккө бөлүп ташташты. Анткени, Бенгалия колониячыларга каршы күрөштүн эң күчтүү кыймыл борборлорунан бирине айланган эле. Бул иш-чара тескери таасирге ээ болду. Индияда улуттук боштондук кыймылы жаңыдан күчөп кетти. Калькуттада чоң демонстрация болду. Нааразылыктар акырындап олтуруп мамлекеттин чоң бөлүгүн ээледи. 1906-жылы декабрда «солчул» радикалдык агымдын талабы менен Индия Улуттук Конгресси кошумча токтом кабыл алды.«Свараж» («өз бийлигибиз»), «Свадеши» («өз өндүрүшүбүз»), «Англичан товарларына бойкот» элдин арасында көпчүлүктүн көңүлүн бурду.Тилак англичан товарларынын гана эмес, ошону менен бирге англичан башкаруусунан да баш тартууга үндөдү. Башкарууну инддештирүүгө, жергиликтүү буржуазияны фабрика жана завод курууга чакырды. Бомбей аймагынын Сурат шаарында Индия улуттук Конгрессинин курултайы чакырылды. Жумшак агым англичан империясынын курамында калуу,ошол эле учурда, өзүн-өзү башкаруу укугу берилиши макулданды.Радикалдык агым (Тилак башчылыгындагы) ИУК курамынан чыгарылды.Англичандар тез арада мыйзамга каршы болгон чогулуштар жана басма сөз жөнүндө тыюу салуучу мыйзамдарды чыгарышты жана аёосуз куугунтуктоого күч беришти.

Согуш алдында Индиянын жергиликтүү бийлик чөйрөлөрү англичан баскынчыларынын башчылары менен келишип, «Индия Кеңештери жөнүндө мыйзам» аттуу документ кабыл алды.Бул мыйзамга ылайык, калктын болгону жарым пайызы гана шайлоо укугун алды. Шайлоолор диний жамааттык негизинде өткөрүлө турган болду (б.а. инддер жана мусулмандар өз-өзүнчө добуш бере турган болушту). Мындан максат инддер менен мусулмандардын арасына бүлүк салуу эле. Бул мезгилде Индия Улуу Британиянын келечектеги дүйнөлүк согуш пландарында маанилүү роль ойной баштады. Ошондуктан да ал Индиядагы кырдаалды жумшартууга умтулду. Колониячыл бийлик иш убактысын 12 саат менен чектөө жөнүндө мыйзам кабыл алды. 1911-жылы эмгекчилердин кыймылынан чочуган колониячыл бийлик адамдары бөлүп ташталган Бенгалияны бириктирүүгө мажбур болушту. Борбор шаар коопсузураак аймакта жайгашкан Делиге көчүрүлдү.

Бүткүл индиялык улуттук конгресс партиясынын түзүлүшү.Индия дыйкандарынын тез-тез болуп турган көтөрүлүштөрү британия колонизаторлорунун тынчын алды. Өлкөнү башкаруу да реформаны талап кылган жаш индия буржуазиясы да аларга коркунуч келтирген. Колонизаторлор ага бир аз жеңилдиктерди берүүнү ылайык көрдү. Индияда өздөрүнүн үстөмдүгүн сактап калуу үчүн алар индиялык буржуазияны кызматташ болууга тартмак болушту.

Ошондуктан британиялык бийликтер 1885-жылы Бомбейде буржуазиянын жана либералдык пикирдеги помещиктердин өкүлдөрүнүн съездин чакырууга уруксат кылган. Бул съездде биринчи жалпы индиялык саясий партия түзүлүп, ал Бүткүл индиялык улуттук конгресс деп аталып калган. Англиялык бийлик буржуазиялык Улуттук конгресс партиясын жетилип келаткан улуттук-боштондук кыймылга каршы койгусу келген. Бул жөнүндө Индиянын вице-королу лорд Дафферин апачык эле «Конгресс революциядан арзан» деп айткан.

Вице-король жаңылган эмес. Бүткүл индиялык улуттук конгресстин адегендеги талаптары эн эле мелүүн болгон. Алар британиялык үстөмдүктү сактоо менен, кай бир реформаларды көрүүнү гана талап кылган. Тыштан алынып келинүүчү кебезден токулган кездемелер үчүн пошлина белгилөө мына ушундай талаптардан эле.

XIX кылымдын аягында, Бүткүл индиялык улуттук конгресстин составына майда буржуазиялык интеллигенциялар киргенден тартып, анда Тилак башында турган оппозиция түзүлгөн.Улуттук конгресстин жетекчилеринин саясатына каршы чыккан,Тилак жана аны жактоочулар Индиядагы англиялык үстөмдүккө каршы индия элинин массалык боштондук күрөшүн пропа-Тандалаган. 1899-жылы мына ушул пропаганданын таасири астында Бомбейдин жумушчулары англиялыктардын бийлигине каршы саясий демонстрацияга чыккан. Бул Бомбей пролетариатуранын биринчи саясий чыгышы болгон.

1905— 1908-жылдардагы революциячыл кыймылдын жогорулашы.Индия эли англиялык колонизаторлор менен күрөшко улам көбүрөөк тартыла берген, анын улуттук аң-сезими өскөн.Тактын кенири за массалары тартылды.

Ошентип, XX кылымдын башында колонизаторлорго каршы Жалпы элдик кыймыл үчүн Индияда онтойлуу өбөлгөлөр бышып жетилген. Индиядағы революциячыл кыймылга 1905-жылкы орус революциясы жаңы туртку берди. Ал жөнүндө кабар өлкөгө бат эле тарап кетти. Бүткүл Индиялык улуттук конгресстин «эн революциячыл» агымдарынын айрым өкүлдөрү орустун революциячыл уюмдарынын ишмерлери менен байланыштуу болучу. Маселен, Индиянын айрым патриоттору А. М. Горький менен кат жазышып турушкан.

Тилактын газетасы британия колонизаторлорунун зомбулугулуна каршы күрөштө «орус» методуна тушууго чакырган. 1906-жылы бенгалиялык темир жолчулар орус темир жолчуларынын үлгусу боюнча жалпы иш таштоо өткөргөн. 1907-жылы Калькуттанын жана Бомбейдин жумушчулары иш таштоого катышкан.Англиянын товары на бойкот жарыялоо стихиялуу түрдө башталды. Жумушчулар жана улуттук ыктыярдуу отряддар aнглиялык магазиндерди пикеттөөнү уюштурган. Эл куралдана баштаган.

Сары селде чалынып, кызыл көйнөк кийген жана улуттук гимндин аты саймаланган шарфтары бар бир түрдүү формада кийинген улуттук ыктыярдуулар көп убактарда полиция менен аскерлерге каршы куралдуу салгылашууга чыгышкан. Пенджаб провинциясында көтөрүлүш башталган. Көтөрүлүшчүлөр өкмөттүк мекемелерди, темир жол станцияларын басып алышкан.Колонизаторлор көтөрүлүштү аскер күчү менен басышкан.

Индияда улуттук-боштондук күрөштүн жогорулашы Бүткүл индиялык улуттук конгресстин оң элементтерин чочутту, алар Британия империясынын чегинде өзүн өзү башкарууну талап кылуу менен гана чектелген. Тилак жана анын тарапкерлери Индиянын көз каранды эместигине жетишүү үчүн эл массаларынын күрөштөрүн улантууну талап кылган. Бүткүл индиялык улуттук конгресс аларды өздөрүнүн составынан чыгарган, ал эми англиялык бийлик Тилакты жазалоого шашкан. 1908-жылы аны камакка алып, көп жылдарга каторгаrа жана сүргүнге айдап жиберген. Тилакты жазалоо Индияда эң күчтүү демонстрациялардын толкунун туудурду Бомбейде жумушчулардын жүз миңдеген киши катышкан жалпы иш таштоосун чыгарды.

Бомбейдеги иш англиялык аскерлер тарабынан ырайымсыздык менен басылган. Индиялык буржуазия менен помещиктердин келишип кетүүчү элементтеринин колдоосуна таянып, британиялык колонизаторлор Индияда өздөрүнүн үстөмдүктөрүн террордук жана зомбулук жолу менен кармап тур- ган. Алар диний жана улуттук чатактарды тутандырган, Индияда жашап турган мусулмандар менен индустарды бири-бирине кайраштырган.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!