СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Илимий изилдоонун усулдары, турлору

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Илимий изилдоонун усулдары, турлору

Просмотр содержимого документа
«Илимий изилдоонун усулдары, турлору»

Илимий изилдоонун усулдары, турлору



Педагогика илими сөзсүз түрдө илимий педагогикалык изилдөөнүн негизинде гана системалык түрдө толукталып, такталып турат. Өз учурунда изилдөөнүн максатына жетүү үчүн ишмердүүлүктүн ыгыг жолу, башкача айтканда методу -аныкталышы керек.

Педагогикалык илимий изилдөө методу - бул педагогикалык процессти изилдөөнүн жолу, ыкмасы. Педагогикалык илимий методдордун жардамы менен педагогикалык процесстердин жана кубулуштардын негизги закон ченемдүүлүктөрү аныкталат. Педагогика өзүнө гана тиешелүү изилдөө методдорунун негизинде калыптанган илим жана ал методдор үзгүлтүксүз өнүгүп, толукталып турат. Педагогикалык методдор педагогикалык изилдөөлөрдүн өзгөчөлүктөрүнүн талабына жооп берет. Адатта педагогика илиминин методдорун төмөнкү бөлүктөргө бөлүшөт:


  1. Кадимки традициялык методдор.

  2. Педагогикалык эксперимент.

  3. Педагогикалык тест.

  4. Педагогикалык-социологиялык методдор.

  5. Математикалык статистикалык методдор.

1)Педагогика илиминин кадимки традициялык

методдору педагогикалык процесстин эң негизги закон ченемдүүлүктөрүн аныктоого арналган. Педагогика илиминин кадимки традициялык методдоруна байкоо, тажрыйбаны изилдөө, мектеп документациясын үйрөнүү, алгачкы маалыматтарды изилдөө, окуучулардын чыгармачылыгын изилдөө, аңгемелешүү методдору кирет.

2Педагогикалык эксперимент.



"Эксперимент" латын тилинен которгондо "тажрыйба", "сыноо" деген маанини түшүндүрөт. Педагогикалык эксперимент бардык шарттарды эске алуу менен педагогикалык процесстерди өзгөртүүгө багытталып, атайын уюштурулган йлимий методдордун жыйындысы.

Педагогикалык экспериментти өткөрүү төмөнкү үч этаптан турат:

  1. Эксперимент жүргүзүүнүн максатын, маселелерин, предметин аныктоо. Ушул эле этапта педагогикалык изилдөөнүн гипотезасы даярдалат.

  2. Педагогикалык изилдөөнүн методдору, анын планы, программасы жана ошондой эле изилдөөнүн жыйынтыктарын анализдөөнүн методдору аныкталат.

  3. Тажрыйбалардын түздөн - түз аткарылышы жана жыйынтыктын алынышы.

Педагогикалык эксперимент өткөрүү шартына ылайык эки түргө бөлүнөт: а) табигый, кадимки шартта өтүүчү эксперимент; б) лабораториялык шартта өтүчүү педагогикалык эксперимент.

3.Педагогикалык тест



"Тест" термини англис тилинен которгондо текшерүү, сыноо деген маанини берет. Педагогика илиминин башка изилдөө методдорунан тестирлөө методу жөнөкөйлүгү, тактыгы жана жыйынтыкты тез бериши менен айырмаланат. Тестирлөө методу менен окуучулардын жетишүүсүн, интеллектуалдык деңгээлин, калыптануу даражасын аныктоого болот. Тесттик тапшырмалардын жыйындысын түзүүдө ар түрдүү ыкмалар колдонулат.

Тест илимий метод катары төмөнкү үч багытта пайдаланылат:

  1. Адамдын физиологиялык өзгөчолүгүн аныктоодо;

  2. Тарбиялоо жана окуу процессиндеги уюштуруу

аракеттерин талдоодо;

  1. Адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоодо.

, тест методу окуу процессинде төмөнкү дидактикалык функцияларды аткарат:

  1. Диагноздоочу.

  2. Мотивди пайда кылуучу.

  3. Коррекциялоочу.

  4. Тескери байланышты түзүүчү.

  5. Баалоочу.

  6. Прогноздоочу.

  1. Педагогикалык-социологиялык методдо

. Бул багытта социологиялык изилдөө методдору - интервыо алуу, анкета жүргүзүү жана социометрикалык анализдөө методдору колдонулат.



  1. Математикалык-статистикалык методдор



Айрым педагогикалык изилдөөлөрдө педагогикалык жана тарбиялоо процессинин аныкталган факторлорунун анын жыйынтыгына тийгизген таасирлерин сапаттык деңгээлге гана эмес, алардын сандык маанисин табуу зарыл болуп калат. Бул учурда математикалык - статистикалык изилдөө методдору колдонулат. Математикалык- статистикалык изилдөө методдору эки бөлүккө бөлүнүшөт. Биринчи бөлүгү статистикалык методдор - изилденип жаткан процесстин, кубулуштун сандык көз карандылыгын изилдөөгө арналган методдор болсо, ал эми анын экинчи бөлүгү- процесстин, кубулуштун үлгүсүн, прогноздук сүрөтүн алууга багытталган методдор.

Статистикалык методдорго регистрациялоо, рангды аныктоо жана шкала түзүү методдору кирет.

Педагогикалык ироцесстии математикалык үлгүсүн түзүү метод

Педагогикалык процесстин үлгүсүн түзүү үчүн математика илиминин тиешелүү бөлүмдөрү колдонулат.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!