ТЕРМИНДЕР
Аба массалары- абанын тропосферадагы бир чон болугу жана белгилуу бир аймактагы аба ырайынын озгочолукторуно байланыштуу пайда болгон эки аба массасын бири-биринен атмосфера фронттору аркылуу болуп турган аба тилкеси.
Аба ырайы-айрым бир аймакта атмосферанын учурдагы же белгилуу бир мезгил ичиндеги (сутка,ай) абалы.
Абанын нымдуулугу-абадагы суу буусунун олчому жана аба ырайынын,климаттын озгочолукторун муноздоочу негизги корсоткучтордун бири.
Абанын температурасы-белгилуу бир убакытта термометрдин шкаласы корсоткон абанын температурасы.
Абсоллюттук бийиктик-дуйнолук океандын орточо денгээлинен(нол денгээлден) жер бетиндеги белгилуу бир чекитке чейинки вертикаль боюнча аралык.
Адаптация-табият же адамзат тарабынан жаратылган алдыда боло турган климаттык таасирлер жана анын кесепеттеринин турмогуно багытталган жагымдуу мумкунчулукторду пайдаланып, ага ондоо, тузотуулорду киргизуу.
Азимут- байкоо жери аркылуу ткон географиялык меридиандын тегиздиги менен байкоо жургузулуп жаткан обьектинин тик тегиздигинин ортосундагы бурч.
Айсберг-уюлдук алкактарда, Антарктидада материктик муздуктардын океандарга жана дениздерге сынып тушушунон пайда болгон сууда сузуп жургон муз тоолор.
Акиташ-негизинен кальцит,чанда арагонит минералынан турган чокмо тоо тек.
Аккумуляция-геологиялык процесстердин таасиринен талкаланган тоо тектердин, минерал заттардын жана органикалык калдыктардын жер бетине, дениз, кол, суу тупторуно топтолушу.
Аккумуляциялык зона-монгунун баштапкы болугундо жаны жааган кардын жыйналып,музга айланган зонасы.
Абиссаль- окандын же терен колдордун тубу.
Аллювий- агын суу менен кошо агып келген тоо тектеринин уболонгон майда жана чон болукчолорунун нуктагы,жайылмалардагы чокмолорунун катмарлары.
Антецеденттик ороон-которулуу багытындагы кырка тоону туурасынан кесип откон кууш ороон же тар капчыгай.
Антиклиналь-байыркы геологиялык чокмо тектердин катталышынын жогору багытталган буктолуусу.
Антициклон-атмосферадагы жогорку басымдуу область. Эн жогорку басым борборунда, четке карай басым азаят.
Анероид-абасы сордурулуп салынган серпилгичтуу металл кутунун деформациясынын олчому менен атмосфералык басым олчонун барометр: атмосфералык басым озгоргондо куту чоноет же жыйрылат да бул жебе аркылуу корунуп турат.
Артезиан бассейни-суу откорбоочу тоо тек катмарларынын арасында кысылып жаткан суулар.
Архипелаг-бири-бирине жакын жайгашкан,пайда болуу шарттары,геологиялык тузулушу боюнча окшош аралдар тобу.
Арал-торт тарабын тен суу менен курчалган жердин болугу.
Атмосфера- Жер шарынын аба катмары: планетанын суткалык жана жылдык айлануусуна катышат. Беш катмардан (тропосфера, стратосфера, мезосфера,ионосфера, экзосфера) турат.
Атолл-океан же дениз менен кууш кысык аркылуу туташып турган шакек сымал коралл аралы.
Аярлуулук-жамаатка, тузумго таандык болгон сырттан таасир беруучу коркунучтарды кабыл алуу- жондомдуулугун жогорулатуучу шарт жана муноздуу белгилер.
Базальт-кара тустогу жанар тоо теги. Кээде кенири мейкиндикти ээлеген базальт платолорун пайда кылат.
Барометр-атмосфера басымын олчоочу аспап.
Бархан-кумдуу чолдордо жана жарым чолдордо шамалдын кумду чогултуусунан пайда болгон кум добо.
Башталгыч меридиан-гринвич меридианы,нол меридианы:Лондондун чет жакасында жайгашкан Гринвич шаары аркылуу отот.
Бентос-океан,дениз,кол,тубундогу организмдердин жыйындысы.Осумдуктор жана жаныбарлар болуп эки чон топко болунот.
Биосфера-тиричилик катмары;атмосферанын томонку жана литосферанын жогорку катмарын жана буткул гидросферанын кучагына алат.
Бора-тоодон денизди же колду карай соккон катуу муздак шамал.
Босого-дарыя нугундагы аска таштуу тайыз жер.Кээ бир дарыя ороондорундо аскалуу кууш жерин да босого деп аташат.
Боксо тоо-кенири мейкиндикти ээлеген айлана-тегерегинен которулуп турган, суу болгуч аймактары аз,орондорду тигил же бул денгээлинде тилмеленген кургактыктын болугу.
Бриз-дениздердин,колдордун,ошондой эле чон дарыялардын жээгиндеги суткасына багытын эки жолу кундузу- суудан жээкке, тункусун- жээктен сууну коздой озгорткон шамал.
Булак-жер астынан жер устуно же суу астынан континенттик суу алаптарынын тубунон чыккан суу.
Булун-океан,дениз же колдун кургактыкка кирип турган болугу.
Булут-абадагы каалгып жургон суу тамчыларынын топтолушу.
Галофиттер-шор топурактуу жерлерге ылайыкташып оскон осумдуктордун турлору.
Гамада-ар кандай кумдуу чолдордун арапча аталышы.
Герцин-герцин тоо пайда болуу кыймылы учурунда жаралган тоо системалары.
Гейзер-мезгил-мезгили менен жер бетине оргуштап атылып чыгып туруучу ысык суу жана буу, кайнар булактар.
География-Жердин географиялык кабыгын,жаратылыштык-аймактык жана ондуруштук аймактык комплекстерди жана алардын компоненттерин уйротуучу илим.
Географиялык алкактар-Жердин географиялык кабыгынын эн ири зоналык болунуштору; экватордук,субэкватордук,тропиктик,субтропиктик,мелуун,субарктикалык,жана субантарктидалык, арктикалык, антарктидалык алкактар.
Географиялык зоналар-кургактыктын же Дуйнолук океандын кендик-жаратылыш тилкеси;атмосфералык нымдануу жалпылыгы жана аларга туура келген табигый комплекстердин бир турдуулугу,ошондой эле жаратылыш кубулуштарынын жалпылыгы менен муноздолот.
Географиялык координаталар-кендик жана узундук боюнча жер бетиндеги чекиттин ордун аныктоочу чондуктар.
Географиялык ландшафт-компонеттери (рельефи,климаты,осумдуктору ж.б) мыйзам ченемдуу байланышта болгон географиялык кабыктын болуктору.
Географиялык узундук-белгилуу бир чекит аркылуу откон меридиандын тегиздиги менен башталгыч меридиандын ортосундагы бурч менен аныкталат.
Гидрологиялык режим-суу обьектилеринин абалын корсотуучу суу денгээли, чыгымы жана муз тонуу ж.б кубулуш.
Гранит-континеттердин жер кыртышында ото кенири тараган интрузиялык тоо теги.
Грунт-кыртыш топурактын астындагы тоо тек.Ар турдуу тектердин жалпы аты.Кыртыш катуу жана борпон болуп болунот.
Грунт суулары-устундо суу откоруучу катмар жаткан жер астындагы кысылбаган суулар.
Дарыя-жаан-чачын, монгу жана булактардан куралып, озу пайда кылган нук менен аккан чон агын суу.
Дарыя алабы-бир дарыя тармагын камтыган, башка дарыя тармактарынан суу болгучтор менен болунуп турган жер бетинин бир болугу.
Дарыя ороону-дарыя суусунун жемирилишинен пайда болгон рельефтин формасы.
Дарыянын чаты-дарыянын океанга,денизге же колго куйган жериндеги болугу.
Дарыя системасы-океанга, денизге же колго куйган башкы дарыя жана анын куймалары.
Деградация-топурактын сапатынын, курдуулугунун акырындап томондошу жана ошого байланыштуу,анын структурасынын бузулушу.
Дениз-Дуйнолук океандын толук же жарым-жартылай кургактык же суу астындагы тоо же донсо менен болунуп калган болугу.
Дениз агымдары-океандарга, дениздердеги ар турдуу факторлордун таасири менен бир багытта аккан суу кыймылы.
Дренаж-жер алдындагы канал системасы.
Донсоо-кургактыктан же дениз тубундогу туздуктордун ондогон же жуздогон метрге которулуп турган жер.
Дуйно болуктору-кургактыктын ири болукторунун шартту турдо болунушу. Айрымдары материктерге дал келет. Мисалы, Австралия, Антарктида,Африка. Эки дуйно болугу-Европа жана Азия- бир материктин (Евразиянын) курамына кирет,ал эми бир дуйно болугу (Америка) эки материктен (Тундук Америка жана Туштук Америка) турат.
Жанар тоо-жердин тупкурундогу эринди магмадан жаракалар аркылуу ысык газдын,буунун,кулдун буркулуп чыгышы жана ушундай кубулуштан пайда болгон конус сымал тоо.
Жанар то аралдары-океан тубунон атылган жанар тоолор пайда кылган аралдар.
Жаныбарлар-Жер шарындагы бардык жаныбарлардын жыйындысы.
Жаратылыш комплекстери- Жаратылыштык-аймактык комплекс.
Жартылыш комплексинин компоненттери-географиялык кабыктын бири-бири менен тыгыз байланышкан болуктору:атмосфера, гидросфера, литосфера, жана биосфера.
Жары арал-кургактыктын океанга, денизге, колго же чон дарыяларга кирип турган болугу; уч тарабы суулар менен чулганып турат.
Жердин мантиясы-Жердин ички катмарындагы «катуу» кабык, жер кыртышы менен ядросунун ортосунда жайгашкан.
Жер кыртышы-Жердин эн устунку катуу болугу,катмары.
Жер астындагы суулар-Жер кыртышынын жогорку катмарларындагы суюк, катуу жана буу турундогу суулар.
Жер титироо-тектоникалык процесстердин натыйжасында, кээде жанар тоонун атылышынан, жер кочкудон пайда болгон жер бетиндеги толкундар.
Жер кочку-оор кучтун таасиринин негизинде борпон тоо тектеринин каптал менен томонду коздой жылуусу.
Жер титироонун борбору-тектоникалык ажыроолордун онугушунун багытындагы массанын тез аранын ичинде жылуусунун негизинде келип чыккан термелууну пайда кылган литосферанын болугу.
Канал-эки же андан коп суу обьекттерин туташтырып турган жана суу жасалма нук.
Катталыш тоолор-кобунчо геосинклиналдык областарда(жер кыртышынын кенири тилке болуп созулуп жаткан жана кучтуу кыймыл ара-кеттеги пайда болгон тоолор.
Катталыш келки тоолор-ийилчээктигин жоготкон катталыш областарда экинчи жолу тоо пайда болуу процессинде пайда болгон тоолор.
Кар сызыгы-кар турундо жааган жаан-чачындын эрип жана бууланып кеткен болугу аз болуп, кар топтолууга шарт тузулгон бийиктиктин томонку чеги.
Кварц-тоо тек пайда кылуучу минерал.
Кварцит-толук бойдон кремнеземдон турган буртуктуу, катуу метаморфизмделген тоо тек.
Келки тоолор-жер кыртышынын тектоникалык жаракалар менен болок-болок которулуп, оз алдынча тоого айланышы.
Керимсел-Копет-Дагдын жана Батыш Тенир-Тоонун этегинде туштуктон жана туштук-чыгыштан соккон кургак жана ысык шамал.
Климат-Жер шарынын тигил же бул аймагындагы аба ырайынын коп жылдык режими.
Кобулдар-океан,дениз тубунун эн терен жери.Дуйнолук океандын эн терен кобулу-Мариан кобулу,анын терендиги 11022м.
Коралл шуру аралдары-корал курулуштарынын дениз толкунун таасиринен талкаланышынан пайда болгон аралдар.
Кысык-коншу эки суу алабын туташтырып жана кургактыктын эки коншу болугун ажыратып турган суунун ичке тилкеси.
Коз болжол съемкасы-планшеттин,визирлоочу сызгычтын жана компастын жардамы менен Жер бетинин бир участогунун топографиялаштырылган съемкасы.
Колдор-айлан-тегереги кургактык менен курчалган табигый суу объектиси.
Кызыл китеп-буткул дуйнодогу сейрек жолугучу жаныбарлар менен осумдуктордун тарлуусу,саны,биологиясы жана аларды коргоо чаралары жонундо кыскача маалыматтарды камтыйт.
Кырсык-озгочо кырдаалды алып келген бузулуу, кыйроо кубулушу.
Лава-жанар тоо атылганда жер бетине буркулуп чыккан ото ысык отту суюк же илээшчек, кобунчо силикатту масса.
Литосфера-Жердин,жер кыртышын жана жогорку мантиянын устунку болугун камтыган Жердин «катуу» катмары.
Магма- Жердин ички терендиктеринде пайда болгон негизинен силикаттардан турган колкулдоп эриген масса.
Магма тоо тектери-Жер бетинде жана жер кыртышынын ички катмарларында магманын катып калышынан пайда болгон тоо тектер.
Меридиан-Жердин эки уюлун туташтыруучу курчама сызык.
Метаморфизм тоо тектери-чокмо же магмалык тоо тектеринин минералдык курамынан жана текстурасынын толук же дээрлик толук озгорушунун натыйжасында пайда болгон тоо тектери
Микроорганизмдер-ото майда микроскоп менен гана корууго мумкун болгон организмдер.
Минералдар-Жер бетинде жана терендик катмарларында физикалык-химиялык процесстеринин натыйжасында пайда болгон жана химиялык курамы менен физикалык касиеттери окшошураак табигый заттар.
Морена-монгу шилеп келип чогулган чокмолор.
Монгу-жылмышуу кыймылы муноздуу жер бетиндеги муз катмары.
Мрамор-акиташ ташы менен доломиттин кайра криссталдашуусунан пайда болгон ак.боз,жашыл сымак,мала кызылж.бтустогу тоо теги жана минерал.
Муссондор-багыты жылына эки жолу карама-каршы озгорулуп турган туруктуу сезондук шамалдар:кышында кургактыктан океанды коздой жана жайында океандан кургактыкты коздой согот.
Нектон-суу терендигинде сузуп жургон организмдердин жыйындысы.
Нивелир-жер бетиндеги чекиттердин бийиктен айырмаларын олчоодо колдонулуучу геодезиялык аспап.
Нивелирлоо-жер бетиндеги белгилуу бир чекиттин бийиктигин баштапкы чекитке же дениз дээнгелине салыштырмалуу аныктоо.
Нук-дарыя тартылган мезгилде суу агып туруучу эн томонку болугу.
Ойдун-кургактыктын абсолюттук бийиктиги.
Океан-Жердин туташ суу катмары.
Океан ортолук кырка тоолор-Дуйнолук океандын таманында буткул жер шарын курчап турган тоолордун бирдиктуу системасы.
Ориентирлоо-К.Багытты аныктоо.
Осумдуктор-Жер шарынын жана анын айрым региондорунун осумдукторунун коомдоштуктары.
Орт-адамдардын омуруно коркунуч алып келуучу жана материалдык баалуулуктарды жоготуу менен коштолгон башкарууга мумкун болбогон процесс.
Параллелдер-жарыш сызыктар:экватор тегиздигине параллель болгон тегиздик менен Жер шарынын бетинин кесилиш сызыгы.
Пассаттар-океандардын тропиктик кендиктеринде жыл бою туруктуу соккон шамалдар.
Промилл-кандайдыр бир заттын минден бир болугу.Океан туздуулугу кобунчо промилл менен олчонот.
Прогноздоо-кандайдыр бир аймакта келечекте боло турган окуялар жонундогу статистикалык баа беруу же билдируу.
Популяция-оз турун башка топторунан табигый чектер менен ажырап,ареалдын белгилуу болугундо коптон бери жашаган оз ара эркин аргындашкан осумдуктордун же жаныбарлардын бир турунун болугу.
Раса-келип чыгышы жагынан, дене тузулушунун тукум куучулук белгилери боюнча айырмаланган жана тарыхый калыптанган адамдар тобу.
Расизм-адамзатты жогорку жана томонку расаларга болгон жана коомдун онугушундо жогорку расалар чечуучу роль ойнойт деген илимге жана коомго каршы тушунук.
Рельеф-кургактыктын бети менен океан, дениз таманынын ой кырдуулугун жалпы абалы.
Саз-жер бетиндеги жер кыртышынын устунку жука,катмары ашыкча нымдалышкан жерлер.
Салыштырма бийиктик-жер бетинин кандайдыр бир чекитинен экинчи бир жердин бийиктигине болгон салыштырмалуу бийиктик.
Симбиоз-эки организмдин биригип,жабышып алып бири-бирине пайда келтирип жашашы.
Стратосфера-атмосферанын тропосфера менен мезосферанын ортосундагы катмары.
Суу астындагы тоолор-океан жана дениз тубундо узатасынан созулуп жаткан кырка тоолор.
Суу сактагыч-дарыяны бууп,кийин ар кандай максатка пайдалануу учун курулган жана колому 1млн м3 ден ашкан жасалма кол, суу бассейни.
Суу буусунун сублимациясы-метеорологияда жана гляциологияда атмосферадагы суу буусунун абанын температурасынын томондошунон муз кристаллдарына айланышы, аларга бубак,кыроо,абадагы муз кристаллдары кирет.
Суу каптоо-аймактагы жер алдындагы же агын суулардын денгээлинин жогорулашы.
Суу ташкыны-кардын эришинен,мол жааган жамгырлардын натыйжасында дарыялардын,колдордун сууларын денгээлдеринин убактылуу жогорулап, аймактарды суу каптоолор.
Сел-тоо сууларынын нугунда капысынан пайда болгон баткактуу же таш аралашкан суу ташкыны ношорлогон жамгырдан, кардын тез эруусунонтоо, дарыя сууларынын кокусунан кобойушунон пайда болот.
Табият кырсыктары-адамзатты кырсыкка жана материалдык булгунго учуратуучу жана экономикалык жоготууларга алып келуучу табигый кубулуш, процесс.
Талкалануу-тоо тектердин талкалануусу абанын температурасынын кескин озгорушунон жана жаан-чачындын, суунун,шамалдын, жаныбарлар менен осумдуктордун ж.б. таасиринен пайда болот.
Ташкындоо жана тартылуу-Айдын жана Кундун тартылуу кучторунун таасири менен океан жана дениздердин денгээлинен мезгилдуу озгоруп турушу: дениз денгээли суткасына 2 жолу которулуп, томон тушуп турат.
Тектоникалык кыймылдар-жер кыртышындагы кыймылдар: жер кыртышындагы жана мантиядагы кучтордун таасиринен келип чыгат.
Тектоникалык процесстер-жер кыртышынын кыймылынын таасиринен тоо тектердин ылдый,ойдо, жандап, устуно жылышуусу.
Термосфера-атмосферанын 300-800 м бийиктиктеги мезосфера менен экзосферанын ортосундагы катмары.
Техногендик коркунуч-адамдардын ден соолугуна, омуруно, табиятка, коомго зыян келтируучу ондуруштук, технологиялык бузулуулардын натыйжасында келип чыккан коркунучтар.
Тиричилик заттары-биосферадагы бардык организмдердин жыйындысы.
Толкундар-Кун менен Айдын ташкын пайда кылуучу кучторунун натыйжасында аимосфералык басымдын озгоруусунон, суу астындагы жер титироолордун, жанар тоолордун атылышынан ж.б таасирлерден океандардагы жана дениздердеги пайда болгон процесс.
Тропосфера-атмосферанын эн томонку, жер бети менен чектешкен болугу.
Тоо-дениз денгээлинен миндеген метрге ото тилмеленген жер бетинин зор болугу.
Тоо орон шамалы-тоолуу ороондордо суткасына багытын эки жолу озгорткон жергиликтуу шамалдар.
Тоо тектер-Жер кыртышында оз алдынча геологиялык телолорду пайда кылган дээрлик туруктуу минералогиялык жана химиялык курамы бар минералдардын табигый агрегаттары.
Тобокел-терс кесепеттердин жана мумкун болуучу окуялардын айкалышы.
Топономика-белгилуу бир жерге тиешелуу географиялык аталыштардын жыйындысы.
Туздук-бир аз жантайынкы келип, бийиктиги анча озгорбогон жер бетинин рельефинин маанилуу элементтеринин бири.
Уникалдуу-осумдук же жаныбарлардын окшошу же экинчи турунун жоктугу.
Уюлдар(географиялык уюлдар)-Тундук уюл менен Туштук уюл болуп болунот.
Уюл куну-уюлдук кендиктерде коп сутка бою Кун батпай горизонттон жогору которулуп турган мезгил.
Уюл тегереги-Тундук жана Туштук уюл тегеректери: Жер шарынын эки жарым шарындагы 66 33 градустагы георафиялык жарыш сызыктар.
Уюлдук тун-Жердин уюлдук аймактарында коп сутка бою Кун чыкпаган, горизонттон жогору которулбогон мезгил.
Фауна-белгилуу бир географиялык аймакта жашаган жаныбардын турлорунун жыйындысы.
Фен-тоодон ороонду коздой соккон катуу, кургак жылуу шамал.
Физикалык карталар-табият карталары. Ал табигый чойронун кубулуштарын жана процесстерин чагылдырат.
Физикалык география-Жер шарынын географиялык кабыгын изилдоочу табигый географиялык илим.
Флора-белгилуу бир географиялык аймакта осуучу же ал жерде геологиялык откон доордо оскон осумдук турлорунун жыйындысы.
Циклон-борборунда аба массасы томон болгон куюн.
Цикл-географиялык кабыкта кандайдыр бир мезгил ичиндеги заттардын толук айлануусунун жыйындысы.
Циркуляция-жер устундогу аба массаларынын кыймылынын жана океан сууларынын агымынын системалары.