СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физикалык кече "Филео Фьюзис"

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физикалык кече "Филео Фьюзис"»

№22 М.Жамгырканов а.о.м

Жалал-Абад областы Токтогул району Бел-Алды айылы

22 Мукаш Жамгырканов атындагы орто мектебинин физика жана информатика

мугалими Күлчоро кызы Света


Илимдин айрым багыттары боюнча талантуу жаштарды тарбиялоодо олкобуздо уюштурлган айрым атайын мектептер, атайын класстар, гимназиялар чон иштерди жургузушуудо. Бирок алар бардык мектептердин таланттуу жаштарын камтый алышпайт. Ошондуктан мектептерде ийримдерди уюштуруу максатка ылайыктуу.

Ийримдин негизги максаты материалды терен оздоштуруу, окуучулардын предметке болгон кызыгуусун жогорулатуу, кесипке туура багыт беруу жана окуучуларды ар тараптуу тарбиялоо.

Физика ийрими негизинен окуучулардын физика боюнча билимдерин кенейтуу, анын жаны тармактары менен тааныштыруу, ага кызыгууну арттыруу жана окуучуларды физиканын айрым маселелерин оз алдынча чече билууго машыктыруу максатын коздойт. Окуу программасынын жана мугалимдин убактысынын ченелуу болушу сабак убагында физикалык кызыктуу бир катар фактыларга толугураак токтолуп отурууга мумкунчулук бербейт.

Ийримде программалык материалдарды терендетип уйронуу менен гана чектелбестен, физиканын түрдүү областтарынан алынган темаларды, алардын практикалык маанилерин, тарыхый материалдарды да кароого болот.

Ийрим сабакты пландаштырууда төмөнкү максаттарды негиз кылып алууга болот:

  1. Программалык материалдарды тереңдетүү;

  2. Окуучуларды предмет боюнча программага кирбеген айрым теориялык, тарыхый материалдар менен тааныштыруу;

  3. Окуучулардын логикалык ойлоосун, пикир жүргүзө билүүсүн өстүрүү;

  4. Окуучулардын соз байлыгын остуруу, оз алдынча тажрыйба, докладдар, билдируулор жасоого уйротуу;

  5. Окуучуларды оз алдынча кошумча адабияттардан пайдалана билүүго тарбиялоо.


Физикалык ийримдерди откоруп туруу, кечелерди даярдоо, физикалык дубал газеталарды чыгаруу окуучулардын билим денгээлин жана аң сезимин арттырат.



ФИЗИКАЛЫК КЕЧЕНИН ПРОГРАММАСЫ.

Физиканын барактары

Тема: « Филео Фюзис»

Физика жаратылыштын –ачкычы. Галилео Галилей

Программа:

  1. Саламдашуу , эмблеманы коргоо, девизи

  2. Физиктер

  3. Ойлоп тапкычтар

  4. Физикалык обондуу ыр

  5. Физикалык маанидеги макал-лакаптар

  6. Физикалык табышмактар

  7. Кызыктуу оюн

  8. Эркин тема

  9. Тапшырмалар

Алып баруучу: Саламатсыңбы Физика!

Минутту айга, жылга, кунго тенеп

Убакыт учкан куштай ото берет

Жашоодо баары кымбат ошентсе да

Эн алгач саламдашуу ото керек.

Арбаңыздар кадырлуу биздин № 22 Мукаш Жамгырканов атындагы орто мектебинин урматтуу жана сымбаттуу алтындан да ардактуу агай- эжейлер жана ай жүздүү асыл ойлуу, келечектин ээлери болгон окуучулар, кечебиздин ардактуу коноктору амансыздарбы. Эмесе «Филео Фюзис» аттуу кечебизди ачык деп жарыялап алалы.

Ар бир күндүн ар башкача шаңы бар.

Кубанычтуу да, кайгыртчуу да жайы бар,

Бүгүн мына бир башкача шаңдуу күн.

Кубангыла кана достор баарыңар.


Анда эмесе сахнабызга кеченин бүгүнкү беттешүүчү 9-классынын жигиттеринен куралган “BNF» жана ошондой эле 8-классынын кыздарынан куралган « НУР» командаларын чакырып алабыз.

Аалам татаал аны эч ким көрбөгөн,

Аалам катаал айтканына көнбөгөн.

Аалам сырын ачышат го күнүгө

Физиканы эч ким экиге бөлбөгөн.

Эмесе командаларды программанын этабы боюнча тааныштырып кетсем: саламдашып, эмблемасын коргоп ошону менен бирге ураанын айтуусуна кезек берели.


Физиктер

Илимдердин жакшысы

Мен үчүн эң башкысы

Физика илими

Келечектин ачкычы.

“Илимпоздун сөзү калат артында, жакшы атагы унутулбайт калкында”- деп Жусуп Баласагын айтмакчы, азыркы күндө өздөрү жок болсо да, сөздөрү калган физиктер жөнүндө ырлардан, кыскача өмүр таржымалынан о.э кылган эмгектери менен байланышкан суроолорду окуп, зал менен биргеликте сиздерден жооп күтөбүз.




Ишин улап Максвеллдин,

10 жыл бою эмгектенген.

Бар экенин электромагнит толкундун,

Иш жүзүндө далилдеген. (Генрих Герц XIX к немец физиги)


Атом кекс түрүндө болот дегенде,

Макул болбой сунушуна Томсондун.

Бар экенин далилдедиң илимде,

Планетардык түзүлүшүн атомдун. (Эрнест Резерфорд ХIX-XX кылымдагы англиялык физик)


Таап чыгып түртүү күчүн,

Суюктук менен газдардан.

«Эврика!»- деп чуркап чыгып жар салган,

Таап берсен сен таяныч чекитин,

Жерди дагы жылдырар эле өз огунан. (Архимед биздин эрага чейинки 200-жылдарда жашаган байыркы грек окумуштуусу)


Закон ачып суюктук менен газдарга,

Көп жыл тынбай эмгектенген илимде.

Басым деген түшүнүктү киргизип,

Атың калды Эл аралык бирдикте. (Блез Паскаль XVII к француз физиги)
























Ойлоп тапкычтар


Айланабыз кандай көрктүү карасаӊ

Кызык, кызык кубулуш бар санасан

Жаратылыш сырлары бар байкасан

Физиканын законун ач кааласан.

Ооба, чындыгында физиканы ар тараптуу кубулуштарын, кызыктарын айтып түгөткүз. Физика илиминин тереӊдигин бул жашоого абдан керектигин эч качан даӊктап бүтө албайбыз деп ойлойм. Анда кезекти 3 этап “ Ойлоп тапкычтар” деп аталган “ НУР”кыздары менен “ BNF» жигитеринин физикалык приборлорду өз колу менен жасаган таланттарына, о.э. физикалык тажрыйбаларды жасоо чыгармачылыктарына күбө болобуз.

Караңыздарчы “Бардык эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр балдарда” Л.Н.Толстой

Обондуу ыр

Сага айтаарым терең окуп,билим ал,

Кылым менен тен таймашып алга бар.

Эртең эле кыргыз элин сүйүнтүп,

Кең космосто кыргыз тилде үн чыгар.

Ырдайм деп мында турушат.

Ырга кезек берсекпи,

Кыз-жигитти күттүрбѳй

Ырларга кезек берели.



Физикалык маанидеги макал-лакаптар

  • Бир кумалак бир карын майды чиритет ( Диффузия)

  • Баш иштебесе буттун шору (Механикалык кыймыл)

  • Шибегени капка ката албайсың (Басым)

  • Шамал болмоюнча чөптүн башы кыймылдабайт (Ньютондун 3-з)

  • Аш адамдын кубаты (Энергия)

  • Мокок бычак кол кесет, Кургак кашык оос кесет (Сүрүлүү)

  • Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпей ( Сүрүлүү)

  • Акылдуу отту карайт, Акмак казанды карайт (Жылуулук)

  • Аракети көп, берекети жок (Мех.кыймыл)

  • Аш турган жерде дарт турбайт (Энергия)

  • Бөксө чайнек катуу кайнайт (Жылуулук саны)

  • Жылуулуктун муздашы бат, муздактын жылышы кымбат (Ньютон 2-з)

  • Темирди кызуусунда сок (Катуу заттардын касиеттери)

  • Жеринен оогон жүк онолбойт ( Тең салмактуулук)

  • Эл эмгегин жер жебейт (Күчтөн уткуссаң, түшүмдөн утасың)


Физикалык табышмактар

Он сегиз миң ааламды,

Изилдеген физика.

Жаан чачын чагылган,

Айта турган физика.

Самолет, кеме курушун

Көрсөтүп турган физика.

Электр тогун жактырып,

Токту берген физика.

Демекчи табышмактардын жандырмагын издейли.


Сыйда сакал, кер мурут,

12000 жигити,

Эр Манасты жандады.

Толук жаштуу аксакал,

9000 тандалды,

Бай Жакыпты жандады.

Байбиче Шакан кудагый,

Барууга болгон ылайык,

900 болду кемпири.

Толуктап баарын келтирди,

Кудага канча киши барган тапкыла? (12000+9000+900+3=21903)








Кызыктуу оюн


«Хоп» оюну – сандарды саноодо так сандардын ордуна «хоп» деп айтат. Ким жанылса оюндан чыгат.

Эркин тема физикага тиешеси бар болушу шарт. Мисалы: кандайдыр бир окумуштуу жөнүндө синквейн, 7-9-кл базасындагы кайсыл бир тема боюнча диаграмма, же бир сценка

ПАРОДИЯ

Ай эсеп, эсеп чайнайт башынды,

Мен сабакка барбайм башым катыды.

Балким өзү сезер мейли сезбесин,

Аягына жазалбайм чыккан санымды.


Кайырма:


Ай ким билет, ким билет,

Голованы чиритет.

Сиз мугалим мен окуучу,

Отуз эсеп не керек.


Ошол физи-физика

Баш оорутат дайыма

Ал бизге эмес ал башкага


Ай терек, терек неге термелет,

Аягыны табалбай оюм термелет.

Атымды атап сабак сураса,

Коркконумдан жаным алкымга келет.


Кайырма:



6



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!