СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Электрдик кубулуштар. Электр заряды

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Электр заряды

Сабактын методу: Интерактивдүү методдун айрым стратегиялары, демонтрация жасап көрсөтүү, акыл чабуулу

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрөттүү карточкалар, видео, шарик, логический тест, кагаз таарындысы, электрофор машина  

Сабактын максаты: Электр зарядынын билишет

Күтүлүүчү натыйжа жана анын көрсөткүчтөрү

Когнитивдик (алдын ала билүүчүлүк)

Электр зарядынын пайда болушу жана анын түрлөрү, өз ара аракеттешүүсүн, белгиленишин билишет

Электр зарядынын пайда болушу жана анын түрлөрү, өз ара аракеттешүүсүн, белгиленишин билишсе

Ишмердүүлүк

 

Резерфорддун модели, Кулон, Иоффе, Милликендердин тажрыйбасын окуп түшүнүшөт, ой жүгүртүүсүн өстүрүшөт

Резерфорддун модели, Кулон, Иоффе, Милликендердин тажрыйбасын окуп түшүнүшсө, ой жүгүртө алышса

Баалуулук

Этияттыкка, достукка, ба йкоочулукка, тактыкка үйрөнүшөт

Этият болушса, бири-бирине жардам беришсе, байкай алышса, тактыкка үйрөнүшсө

Сабактын жүрүшү:

этап

убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетент-к

Баалоо

Уюштуруу

 

 3 мин

Жагымдуу маанай түзүү кыскача оюн ойнотуу (смайлык таратуу оюну)

Саламдашат, жагымдуу маанайда сабаккка киришет

НК - 3

 

 

Үй тапшырманы текшерүу

10 мин

Үй тапшырмасын текшерет, окуучуларды сурайт жана баалайт

Суроолорго жооп беришет, үй тапшырмасын текшертишет тапшырманы аткарууга жооптуу болушат

НК - 2

ПК – 1

Калыптандыруучу баалоо

Жан теманы түшүндүрүуү

20 мин

Өтүлгөн теманын негизги элементтерин кайталоо менен жаны теманы байланыштырып, теманы түшүндүрүү

Окуучулар жаны теманы кунт коюп угушат, түшүнүшөт, ой жүгүртүшөт, факт, эреже, закондорго ээ болушат

НК – 1

ПК – 2 ПК – 3

Калыптандыруучу баалоо

Кайтарым байланыш же рефлекция

10 мин

  1. Логический тест менен иштешет
  2. Кластер түзүшөт
  3. Синквейн түзүшөт

Суроолорго жооп беришет, мисалдарды келтиришет, билбегендерин сурашат 

НК – 3

ПК – 1 ПК – 2

Калыптандыруучу баалоо

Сабакты жыйынтыктоо

2 мин

Үйгө тапшырма берүү:

§- 39,38 окуу келүү,

Окуучулардын билимин баалоо:

Тапшырманы күндөлүккө жазышат

 

 

Жыйынтыктоочу баалоо

Жаңы сабак: Байыртадан карагайдын чайырлары, айнектин түрлөрү, эбониттин бөлүктөрү, сүрүлүүдө майда предметтерди өздөрүнө тартып алары белгилүү болгон.

Мисалы, калемди кагазга сүргүлөгөндө, калемге майда кагаздар жабышып калат.  Эмне үчүн мындай болот? Атайын тажрыйбалар, байкоолор көрсөткөндөй жибекке сүрүлгөн айнекти жука станиолдон жасалган эки көндөй цилиндрге тийгизгенден кийин, бул цилиндрлер бири-бири менен өз ара түртүлүшөт. Эгерде, бул цилиндрлерди сүрүлгөн эбонит таякчасына тийгизишсе, алар дагы эле өз ара түртүлүшкөн. Ал эми, айнекке сүрүл- гөн цилиндр менен, эбонитке сүрүлгөн цилиндр бири-бири менен өз ара тартылышкан. Сүрүлүүдөн кийин бири бирине тартылышуу же түртүлүшүү касиетине ээ болгон телолор электрленди же электр заряды берилди деп айтууга болот. «Электр» деген сөз байыркы грек тилинен келип чыккан. Жогорудагы кубулуштарды байыркы гректер карагайлардын мин жылдык чайырлары  янтардан байкашкан. Янтарды ал кезде электрон деп аташкан. Телолорду электрлөө менен жүргүзүлгөн тажрыйбаларда электр заряддынын эки түрдүү болорун көргөздү. Ошондуктан, жибекке сүрүлгөн айнек таякча шарттуу түрдө оң заряддалат, ал эми жүнгө сүрүлгөн эбонитти терс заряддалат деп кабыл алынган. Тажрыйбада, заряддалган эбонит таякчасы жана айнек таякчасынын ортосуна, эбонитти заряддаган жүн кол кап ты жакын алып келсе, айнек таякча түртүлөт, эбонит таякча  тартылат. Ар түрдүү заряддар өз ара тартылышат, бир түрдүү заряддар бири-бири менен түртүлүшот.Тело зарядка ээ экендигин кандайча аныктоого болот? Телонун заряддалгандыгын аныктоо үчүн, электроскоп колдонулат. Электроскоп  каптал беттери айнектен жасалган металл корпустун ичинде жука алюминийдин фольгасынын (станиол) эки баракчасынан же женил айлануучу металл жебеден турат. Эгерде электроскоптун корпусунун сыртындагы шарчага кандай түрдөгү заряд берилсе да, эки станиол баракчасы бирдей заряддалгандыктан, алар бири-бири менен түртүлүшөт. Электроскоптун стерженине заряддалган тело тийсе баракчалар ачылат Заряддалбаган тело тийсе баракчалар кыймылдабайт. Демек, электроскоптун станиоль баракчаларынын бири биринен түртүлүшү, телонун зарядка ээ болгондугун далилдейт. Мисалы чагылган он жана терс заряддардын натыйжасында п.б. XVII кылымда француз окумуштуусу Ш. О. Кулон заряддардын өз ара аракеттенишүү законун тажрыйбада далилдеген. Бирок, XX кылымдын башталышына чейин, телолордун электрленишинин себеби так аныкталган эмес. Анын себеби, XX кылымдын башталышына чейинки өнүгүп келген табият иликтоочү илимдерде: бардык заттар бөлүнбөс бөлүкчөлөрдөн атомдордон турат деп эсептелип келинген. Мында эң майда бөлүкчө - атом деген сөз, грек тилинде  бөлүнбөс деп которулат. Анда атомдун ичинде он заряддалган бөлүкчө (протон) жана электрондор кандайча жайланышат? 1913-жылдары англиялык физик Эрнест Резерфорддун тажрыйбасында атомдун ички түзүлүшү аныкталган. Бул тажрыйбанын натыйжасында, Э. Резерфорд атомдун ортосунда он заряддалган ядро жайланышып, аны электрондор айланып жүрөт деген жыйынтыкка келген. Химиялык элементтин салыштырмалуу атомдук массасы ядродогу протондордун жана нейтрондордун санына барабар экендигин көрсөтөт. Мисалы, суутектин катар номери 1, салыштырма атом- дук массасы 1. Суутектин ядросунда 1 протон гана бар, аны бир электрон айланат. Гелийдин ядросунда 2 протон жана 2 нейтрон бар, аны 2 электрон айланып жүрот. Алюминийдин катар номери 13 жана салыштырма атомдук массасы 27. Демек, анын ядросунда 13 протон жана 14 нейтрон бар, ядрону 13 электрон айланып жүрөт. Мына ушундай, атомдун ички түзүлүшү аныкталгандан кийин гана, телолордун электрлениши, кандай зарядка, эмне үчүн ээ болгондугун түшүндүрүүгө мүмкүндүк болду. Жаратылышта эн кичине заряд электрондун заряды экенин жана ал q=1,6*10-19 Кл экенин россиялык физик А.Ф. Иоффе жана америкалык физик Р. Миллеркен тарабынан тажрыйбада далилденген.

 

 

 

 

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!