СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика сабагы боюнча

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сабактын темасы: Радиоактивдүүлүк

Сабактын тиби: Жаны билимдерди өздөштүрөт.

Сабактын методу: Интерактивдүү методдун айрым стратегиялары

Предмет аралык байланыш: география, химия, биология, медицина, турмуш менен байланышат

Баалоо усулдары: смайлыктар ( “5”,  “4”,  “3” ,“дагы ойлон”)

Сабактын жабдылышы: Резерфорддун атомдук-планеталык модели,

Д. И. Менделеевдин элементтердин мезгилдик таблицасы, географиялык физикалык карта, атомдун түзүлүшүнүн модели, сүрөттөр, радиоактивдүүлүк белги, радиоактивдүү кутучасы, слайд жана карточкалар

 Сабактын максаты: Радиоактивдүүлүк жөнүндө билишет

Күтүлүүчү натыйжа жана алардын көрсөткүчтөрү

Когнитивдик (алдын ала билүүчүлүк)

Окуучулар радиоактивдүүлүк, Мария Кюри, Беккерель  жөнүндө маалымат алышат, радиоактивдүү элемент – деген эмне, радий жана полоний элементтеринин келип чыгуу тарыхын билишет

Окуучулар радиоактивдүүлүк, Мария Кюри, Беккерель  жөнүндө маалымат алышса, радиоактивдүү элемент кандай элемент экенин, радий жана полоний элементтеринин келип чыгуу тарыхын билишсе

Ишмердүүлүк

 

Талдай алышат, жыйынтык чыгара алышат, радиоактивдүүлүктүн зыяндуу жана пайдалуу жактарын ажыратып, анализдешет

Талдай алышат, жыйынтык чыгара алышса, радиоактивдүүлүктүн зыяндуу жана пайдалуу жактарын ажыратып, анализдешсе

Баалуулук

Топтодо иштөөгө үйрөнүшөт, достукка тарбияланышат, эрежелерди сактаганды үйрөнүшөт

Топтодо иштөөгө үйрөнүшсө, бири-бирине жардам беришсе, эрежелерди сакташса

Сабактын жүрүшү:

этап

убакыт

Мугалимдин иш аракети

Окуучунун иш аракети

Компетенттүүлүк

баалоо

Уюштуруу

 

 3 мин

Жагымдуу маанай түзүү (кыскача оюн ойнотуу: ребус чечмелөө), топторго бөлүү, ат кою, лидер шайлоо

Саламдашат, жагымдуу маанайда сабаккка киришет, ребус чечмелешет, топко бөлүнүшөт, ат коет, лидер шайлашат

НК - 3

 

 

Үй тапшырманы текшерүу

10 мин

Үй тапшырмасын текшерет, окуучуларды сурайт жана баалайт

1-топко: Резерфорддун атомдук планеталык моделин түз

2-топко: атомдун курамы кандай, схемасын чий

Суроолорго жооп беришет, үй тапшырмасын текшертишет тапшырманы аткарууга жооптуу болушат

НК - 2

ПК – 1

Калыптандыруучу баалоо

Жан теманы түшүндүрүуү

20 мин

Өтүлгөн теманын негизги элементтерин кайталоо менен жаны теманы байланыштырып, теманы түшүндүрүү

Окуучулар жаны теманы кунт коюп угушат, түшүнүшөт, ой жүгүртүшөт, факт, эреже, закондорго ээ болушат

НК – 1

ПК – 2 ПК – 3

Калыптандыруучу баалоо

Кайтарым байланыш же рефлекция

10 мин

1-тапшырма

I топко: Радиоактивдүүлүккө синквейн түз

II топко: Мария Кюриге синквейн түз

2-тапшырма

I топко: Радиоактивдүүлүктүн зыяндуу жана пайдалуу жактары жөнүндө Э.Венндин диаграммасы

II топко: Радиоактивдүүлүктүн турмуштагы ролу  жөнүндө Билдим, Көрдүм, Сездим стратегиясы

3-тапшырма:

I топко: Географилык картадан Беккерелдин, Мария Кюринин, радий жана полоний элементтеринин өлкөсүн табуу б.а. ошол өлкөлөрдүн желектерин илүү

II топко: Радий, полоний, уран элементтерин мезгилдик таблицадан табуу

Суроолорго жооп беришет, эсеп чыгарышат, кластер түзүшөт, билбегендерин сурашат 

НК – 3

ПК – 1 ПК – 2

Калыптандыруучу баалоо, жыйынтыктоочу баалоо

Сабакты жыйынтыктоо

2 мин

Үйгө тапшырма берүү: §- 61 окуу келүү,

I топко: Мария Кюри жөнүндө кызыктуу материалдарды топтоп келүү

II топко:  Беккерель жөнүндө кызыктуу материалдарды топтоп келүү

Окуучулардын билимин баалоо:

Тапшырманы күндөлүккө жазышат.

Критерий менен таанышышат.

Баалоого катышышат, бири-бирин жана топторду баалашат

 

 

 

Жаңы сабак: Радиоактивдүүлүк алдын ала күтүлбөгөн ачылыштардын бири. Француз окумушутуусу Беккерель урандын туздарын Күн нуру менен нурданткандан кийин алардын өз алдынча нурдануусун изилдөө менен, фотопластинкага жасаган аракетине байкоо жүргүзгөн.  Уран тузу жарык менен нуданткандан кийин кара кагаз менен оролуп, фотопластинканын үстүнө коюлган. Фотопластинканы химиялык реактивдер менен иштеткенден кийин карарып калабы дегеноюн текшерген. Бардык изилденген заттардан уран тузу гана карарган такты пайда кылган. Ал кара так уран тузун жарык менен аз же көп нурлантууга көз каранды болгон эмес. Ушундан улам фотопластинканын карарышына алып келген уран тузунун нурдануусу жарыктын аракети менен байланыштуу эмес, өздүк нурануу болушу мүмкүн деген жыйынтык чыгарылган. Ал алдынала нудантылбаган уран туздарынын өз алдынча кандайдыр нур чыгарары менен ырасталган. Ошентип, өзүнөн өзү көзгө көрүнбөгөн нур чыгарууга заттар табылган. Айрым заттардын өүнөн өзү нур чыгаруу жөндөмдүүлүгү радиоактивдүүлүк же табийый радиоактивдүүлүк деп аталат. Латынча

radi-нур дегенди билдирет. Андан бөлүнүп чыккан унрлар радиоактивдүү нурлар деп аталат. Радиоактивдүүлүктү изилдөөгө француз окумуштуулары, жубайлар Пьер жана Мария Кюрилер чон салым кошушкан. Алар радиоактивдүүл нурлады иондоштуруу каситеи боюнча изилдеген. Мындай ищилдөө эки маанилүү корутундуну алып келген.

  1. Радиоактивдүүлүк уран (U) жана анын химиялык бирикмелеринде, торий (Th) жана анын бирикмелеринде байкалат.
  2. Химиялык бирикмеге же аралашмага качан уран же торий катышса, алардын радиоактивдүүлүк жөндөмдүүлүгү ошол курамдагы таза уран жана торийдин радиоактивдүүлүгүнө барабар. Ар кандай биригүүлөрдөн кийин уран жана торий өз радиоактивдүүлүгүн өзгөртүшпөйт.

Кюрилер радиоактивдүүлүгү өтө күчтүү, бирок ошол мезгилге чейин белгисиз болуп келген дагы бир элемент радийди (нурдануучу) табышкан. Ал уранга караганда миллион эсе күчтүү болгон.

 

 


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!