СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Физика Чоңдуктардын бирдиктери

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Физика Чоңдуктардын бирдиктери»

Физикалык чоңдуктардын бирдиктери – аныктама боюнча сан мааниси бирге барабар болгон физикалык чоңдук.

Бирдиктин аталышы физикалык чоңдуктун жанына кошо жазылат, мис., түтүктүн узундугу 3 м; 3 – узундуктун сан мааниси, метр (м) – физикалык чоңдуктун бирдиги. Физикалык чоңдуктун бирдиги системадан тышкары (мис., электронвольт, ат күчү) жана кандайдыр системага кирүүчү системалык бирдик болуп бөлүнөт. Системалык бирдик негизги жана туунду бирдиктер болуп дагы экиге бөлүнөт. Негизги бирдиктер Эл аралык макулдашуу боюнча кабыл алынат. Негизги бирдиктер жетөө. Туунду бирдиктер физикалык чоңдуктарды байланыштырган теңдемелер боюнча эсептелип алынат. Туунду бирдиктер: Ньютон (Н), Джоуль (Дж), Ватт (Вт). Эсептөөдө эселүү, үлүштүк бирдиктер да колдонулат. Мис., кВт, кДж.

Бирдиктер системасы - кабыл алынган эрежеге ылайык айрым системаны түзгөн физикалык чоңдуктардын негизги жана туунду бирдиктеринин тобу. Ал физикалык чоңдуктардын табигый өз ара байланышын чагылдырган теорияга таянып түзүлөт. Аны түзүүдө негизги физикалык чоңдуктун эркин түрдө кабыл алынган бирдиги негизги бирдик деп аталат. Ошондуктан чоңдуктардын бир эле системасы үчүн бирдиктердин бир нече системасын жаратууга болот. Мисалы, узундуктан (L), массадан (M) жана убакыттан (Т) түзүлгөн чоңдуктардын LMT системасы үчүн ар кандай система түзүүгө болот. Мисалы, МКС (негизги бирдиктери: м, кг, сек); СГС (бирдиктери: см, г, сек); Британиялык система (бирдиктери: фут, фунт, сек). Мында системалардын белгиси (мисалы, МКС) алардын негизги бирдиктеринин атынын биринчи тамгалары боюнча түзүлөт. Алгач бирдиктер системасын 1832-ж. немец окумуштуусу К. Гаусс сунуш кылган. Негизги бирдиктер катары мм, мг жана сек кабыл алынган, ал эми туунду бирдиктери аныктоочу теңдемелери боюнча табылат. 1851-ж. немец физиги Вебер Гаусстун бирдиктер системасын электрдик чоңдуктар системасын түзүүгө колдонгон. 19-кылымдын экинчи жарымында Англияда негизги бирдиктери см, мг жана сек болгон бирдиктердин СГС системасы иштелип чыккан. Бирдиктердин СГС системасы физикалык изилдөөлөр үчүн абдан ыңгайлуу болгондуктан, 1881-ж. Биринчи Эл аралык электриктер конгрессинде кабыл алынган жана ушул эле конгрессте механикалык, электрдик жана магниттик чоңдуктардын СГС системасындагы туунду бирдиктери аныкталган. 1901-ж. италиялык окумуштуу Ж. Жоржи МКС системасына төртүнчү бирдикти электр бирдигин сунуш кылып, ток күчүнүн бирдиги А (ампер) алынган (МКСА). МКС ке термодинамикалык температуранын бирдиги (К) кельвинди кошуп, жылуулук бирдиктердин системасы (МКСК), 1919-ж. Францияда МТС системасы (м, т, сек) кабыл алынган. 19-к-дын акырынан баштап, бирдиктердин МКГСС (м, кгкүч, сек) системасын колдонулуп келген. Бул система техникада кеңири колдонулуп, көбүнчө бирдиктердин техникалык системасы деп аталат. Бирдиктер системасы жана көптөгөн системадан тышкары бирдиктердин болушу мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык катнаш түзүүдө кыйынчылыктарга алып келген. Ошондуктан 19-кылымдын аягында бирдиктердин Эл аралык бирдиктүү системасын түзүү зарылдыгы пайда болгон. Бирок мындай системаны (СИ) киргизүү жөнүндөгү макулдашууга 1960-ж. гана 11-генералдык конференцияда чен жана салмактын бирдиктери кабыл алынган. СИ бирдигине жети негизги бирдик: узундук м, масса кг, убакыт сек, электр тогунун күчү А, темпра К, жарык күчү кд, заттын саны моль киргизилген. СИ жөнөкөй жана бир түргө алынып келингендиктен, көп мамлекеттерде, ал эми КМШ өлкөлөрүндө СИ системасы 1963-жылдан баштап колдонулган. Теориялык физиканын айрым бөлүктөрүндө бирдиктердин табигый системалары пайдаланылат. Бирдиктердин табигый системаларын немис физиги М. Планк (1906) жана англис физик Д. Хартри түзүшкөн.

Кошумча бирдиктер

Мисалы, 1 ден 10, 100, 1000 эсе чоң бирдиктер, грек тилинде:

«дека» ... - 10,

«гекто» ... - 100,

«кило» ... - 1000 деген кошумча сөздөрү колдонулат.

Эселик бирдиктер: 1 декаметр (дкм) = 10 м,

1 гектометр (гм) = 100 м,

1 километр (км) = 1000 м

1 ден 10, 100, 1000 эсе кичине үлүштүк бирдиктер болот, алар

латын тилинде: «деци» - 0,1 1 дециметр (дм) = 0,1 м ,

«санти»- 0,01 1 сантиметр (см) = 0,01 м,

«милли» - 0,001 1 миллиметр (мм) = 0,001 м

Кошумча бирдиктер

Мисалы, 1 ден 10, 100, 1000 эсе чоң бирдиктер, грек тилинде:

«дека» ... - 10,

«гекто» ... - 100,

«кило» ... - 1000 деген кошумча сөздөрү колдонулат.

Эселик бирдиктер: 1 декаметр (дкм) = 10 м,

1 гектометр (гм) = 100 м,

1 километр (км) = 1000 м

1 ден 10, 100, 1000 эсе кичине үлүштүк бирдиктер болот, алар

латын тилинде: «деци» - 0,1 1 дециметр (дм) = 0,1 м ,

«санти»- 0,01 1 сантиметр (см) = 0,01 м,

«милли» - 0,001 1 миллиметр (мм) = 0,001 м




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!