СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эволюциялык окуу

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эволюциялык окуу»

БИОЛОГИЯ Эволюциялык окуу

1.Ч. Дарвин кайсы эмгегинде органикалык дүйнөнүн тарыхый өрчүүсүн баяндаган? а)”Түрлөрдүн пайда болушу жана табигый тандалуу” б)”Кишинин пайда болушу жана жыныстык тандалуу” в)”Үй өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарлардын өзгөрүшү” г)”Курт-кумурскалар менен азыктанган өсүмдүктөр”

2.Органикалык дүйнөнүн өзгөрүүсүн … далилдейт. а)жердин үстүнкү катмарынын тарыхый өрчүшү б)бардык организмдердин клеткалык түзүлүшү в)рельефтин формаларынын көп түрдүүлүгү г)бардык организмдердин курамына окшош химиялык элементтердин болушу

3.Бир өсүмдүктүн жалбырак пластинкаларынын өзгөргүчтүгү өзгөргүчтүктүн кайсы түрүнө кирет? а)мутациялык б)модификациялык в)корреляциялык г)компенсациялык

4.Өзгөргүчтүктүн кайсы формасы дивергенцияга алып келет? а) модификациялык б) компенсациялык в) мутациялык г)корреляциялык

5.Эволюциянын кыймылдаткыч күчүнө … кирет. а)түрлөрдүн көп түрдүүлүгү б)түрлөрдүн пайда болушу в)ынгайлануу г)тукум куучу өзгөргүчтүк

6.Өзгөргүчтүктүн тукум кубалоочу формасын көрсөткүлө: а)жекече б)топтук в)салыштырмалуу г)комбинациялык

7.Эволюциянын э жөнөкөй факторлору кайсы? а)физикалык (жарык, tо, нымдуулук ) б)экологиялык в)мутациялык, особдордун санынын өзгөрүүсү, обочолонуу, тандалуу г)өзгөргүчтүк

8.Географиялык обочолонуу … байкалат. а)ар башка популяциялардын ар башка убакытта көбөйүүсүндө б)популяцияларды дарыялар менен тоолор бөлүп турганда в)көбөйүү мезгилиндеги особдордун жүрүм турумдарынын өзгөрүшүндө г)къбъй\\ мезгилинде ар т\рд\\ популяциялардын особдорунун түзүлүшүнүн айырмачылыгында

9.Популяциянын биологиялык обочолонуусу … . а)популяциялардын тоо-массивдери менен обочолонуусу б)популяциялардын дениздер аркылуу обочолонуусу в)популяциялардын токойлор аркылуу обочолонуусу г)ар башка популяциянын особдорунун ар башка мезгилде көбөйүүсү

10.Эволюциянын эн жөнөкөй кубулушу, бул … . а)мутациялык процесс б)обочолонуу в)популяциянын генофондунун өзгөрүүсү г)популяциялык толкундар

11.Популяциянын мутациялык процессине байланыштуу… . а)тукум кубалаган белгилер топтолот б)тукум кубалаган өзгөрүүлөр пайда болгон в)белгил\\ терс генотиптүү особдор тандалбай жок болот г)сейрек кездешүүчү аллелдер жок болот

12.Популяциянын тиричилик толкуну популяцияда … . а)белгилүү генотиптеги особдорун тандабай жок кылат б)тукум кубалаган өзгөчөлүктөрүн пайда кылат в)тукум кубалаган өзгөчөлүктөрүн топтойт г)жаны генотиптерин пайда кылат

13.Организмдердин ынгайланышы эмненин таасири астында пайда болот? а)организмдердин белгилүү шартка карата кандай гана ынгайлануусу болбосун табигый тандалуунун таасири астында пайда болот б)мутациянын таасири астында в)модификациялык өзгөргүчтүктүн таасири астында г)бардык ынгайлуу белгилер баштапкы күчтүн таасири астында пайда болот

14. Ж.Б. Ламарктын биринчи эволюциялык окуусунун мааниси: а)эволюциянын механизмин ачты б)органикалык формалардын эволюциялык өзгөрүүсүнүн сунуш кылган в)органдардын машыгуусунун жана машыкпаганынын себебин чечкен г)кабыл алынган белгилердин тукум куучулук идеясын сунуш кылган

15.К. Линнейдин окуусунун мааниси мында: а)эволюциялык теорияны түзгөн б)өсүмдүктөрдүн 1200 түркүмүн жана 8000 түрүн аныктаган в)түрдүн критерийлерин аныктаган г)органикалык д\йнөнүн эволюциялык системасын түзгөн

16.Ж.Б. Ламарк … түзгөн. а)органикалык дүйнөнүн эволюциясы жөнүндө биринчи окууну б)клеткалык теорияны в)өсүмдүктөр дүйнөсүнүн системасын г)тукум куучулуктун хромосомдук теориясын

17.Тирүү организмдердин бири бирине жакындыгын … далилдейт. а)организмдердин көп түрдүүлүгү б)организмдердин окшош чөйрөдө жашагандыгы в)организмдердин клеткалык түзүлүшү г)бардык организмдердин окшош түзүлүшү

18.Туура түшүнүктү тандагыла: а)К. Линней метафизикалык көз карашты толук жок кылган б)К. Линней биринчилерден болуп эволюциянын кыймалдаткыч күчүнүн факторлору жөнүндөгү суроону койгон в)кош ат берүү /бинардык номенклатура/ принцибинин автору Жан-Батист Ламарк болуп саналат г)табияттын эволюциялык өрчү\ идеясын биринчилерден болуп Ч. Дарвин сунуш кылган.

19.Тукум куучулук өзгөргүчтүктүн гомологиялык катарлар законун ким аныктаган? а)Г.Мендель б)Т.Морган в)Н.И.Вавилов г)К.А.Тимирязев

20.Клетка инженериясынын багыты кайсы? а)ДНК молекуласындагы гендердин комбинациясын өзгөртүүчү же алардын жаны комбинациясын түзүүчү багыт б)жаны касиеттүү жаны клеткаларды түзүү багыты в) химера-организмдерди түзүүчү багыт г)организмдердин клондорун алуучу багыт


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!