СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Этнопедагогикалык паремиялардын орду жана эмпирикалык милдеттери

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Элдик педагогиканын кенч казынасынын булагы–макал лакаптар болуп саналат. Макал-лакаптар жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоочу каражат. Элдик педагогиканын табылгалары өзгөчө көлөм жагынан зор, мазмуну терең макал –лакаптарда, табышмактардаырааттуу түзүлгөн, ар тараптуу чагылдырылган, өркүндөтүлгөн жана өсүп калыптанган.

Просмотр содержимого документа
«Этнопедагогикалык паремиялардын орду жана эмпирикалык милдеттери»

Этнопедагогикалык паремиялардын орду жана эмпирикалык милдеттери

ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атындагы Эл аралык Өзгөн технолгиялык жана билим берүү институтунун окутуучусу, фил.и.к., доцент А.Абдулатов, ага окутуучу З.Ж.Мааткеримов

Элдик педагогиканын кенч казынасынын булагы–макал лакаптар болуп саналат. Макал-лакаптар жаш өспүрүмдөрдү тарбиялоочу каражат. Элдик педагогиканын табылгалары өзгөчө көлөм жагынан зор, мазмуну терең макал –лакаптарда, табышмактарда ырааттуу түзүлгөн, ар тараптуу чагылдырылган, өркүндөтүлгөн жана өсүп калыптанган. Бабалардын күнүмдүк турмуштук практикасынан жаралган макал-лакаптар эчен муундардын акыл элегинен өтүп, кийинки муундарга жеткен, улам жаңы турмуштук жагдайларга ылайык байып, өнүгүп олтуруп, өрнөктүү жашоонун мыйзамдарына, алардын таасын эрежелерине баш ийген. Макал лакаптардын жаратманы да, мураскери да –эл экендиги баарыбызга маалым.

Паремиянын кенчи болгон макал-лакаптар эл тарабынан сунуш кылынган, ушул мезгилге чейин эл арасында колдонулуп жана айтылып келе жатат. Кыргыз элибиздин макал-лакаптары менен элдик педагогикасы бөбөктөрдөн баштап, өбөктөгөн карыяларга чейин баарына тиешелүү, баарына түшүнүктүү жана өрнөктүү тажрыйба болуп саналат “Салтты билбес, санда жок”-деген кыргыз макалы баарыбызга белгилүү. Бул макал көбүнчө элдин салтын, этикалык эрежелерин бузган адамдар үчүн колдонулган күнүмдүк турмуштук тажрыйба катары кабылданган. Бул баарынан мурда өзү жашаган чөйрөдө адамгерчилик нарктан чыгып калуу дегенди түшүндүрөт. Ушундан улам ата бабаларыбыз өзүнүн жүрүш-турушун коомдо кабыл алынган эрежелерге ылайык баалап, жөнгө салууга аракет кылган.

Элдик педагогика оозеки чыгармаларда макал-лакаптарда, тажрыйбалар, далилдер жана маалымат формасында орун алган. Бирок башка калктар сыяктуу эле кыргыздар да үй-бүлө куруунун башкы маңызы балалуу болуу, аларды багып өстүрүү, адам катарына кошууну негизги планга коюп келгендиги. Демек, ден-соолугу чың, рухий дүйнөсү бай адамды өстүрүү бул ата-эненин парзы, бала үй-бүлөнүн тиреги, туткасы, элдин келечеги. Ошондуктан элдик макалда “Балалуу үй-базар, баласыз үй- мазар”, деп айтылат.

Кыргыз элинде саламдашуунун өзүнчө эрежелери бар.Адатта, адамдар бири-биринин ал жайын, сурап жатканда биринчи кезекте “Бала чакаң аманбы!”, ”Ойноп-күлүп чоңоюп жатабы” -деп сурашат.” Балдарыңдын бетинен өөп кой”-деген жакшы сезимин, ак тилегин, каалоосун билдирет. Кыргыз элинде тукумсуздук, баласыз өтүү орду толгус, оор трагедия болуп саналаары баарыбызга белгилүү. Буга мисал, ”Манас” эпосундагы Жакыптын арманы, Жакыпта мал десең мал, алтын десең алтын, бийлик десең бийлик бар болчу. Бирок ал баласыз болгондуктан өзүн башкалардан кем санап, “Туягы жок өтөмбү”, “Туяксыз бойдон кетемби, атаке?” “Артымдан калаар бала жок!”-деп арман кылат.

Бирок, ошондон кийин ал балалуу болот. Үй бүлөдөгү ажырашуунун башкы себеби да, ортодогу баланын жоктугу да негиз болот. Элдик көз карашта үй-бүлөнүн идеалы-бул көп балалуулук. Көп балалуу болууга умтулуу, азыр да кыргыз элинин салттуу өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп эсептелет.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!