СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эрте нике - бул кылмыш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул эрте никенин алдын алуу жана анын кылмыш катары эсептелери, ден солук учун зыяндуулугу тууралуу сабак. Канжарбектин сабагы

Просмотр содержимого документа
«Эрте нике - бул кылмыш»

Сабактын темасы: 18 жашка чейинки нике - бул кылмыш!


10 - класс


Сабактын максаты: 1. Окуучулар эрте нике жөнүндө түшүнүктөргө жана

билимдерге ээ болушат.

2. Окуучулар эрте никеде өз укуктарын

пайдаланууга багыт алышат

3. Окуучулар адеп - ахлакка, теория менен

практика менен айкалыштырууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Таблицалар, маркерлер, даярдалган ватман

кагаздар, фото сүрөттөр, видео, видеосуроолор


Жаны тема: 18 жашка чейинки нике - бул кылмыш!




(Балдардын изилдөөлөрүнөн маалымат беришет)

Ноокат жергесинде «эрте турмушка чыгуу» деген көйгөй баарынын жүрөгүн өйүп келет. Ошондон улам эрте турмушка чыгуунун алдын алуу боюнча ар кандай иш чараларын өткөрүп келишет.

Эрте турмушка чыгуунун негизги себептери:

*билим сапатынын төмөндүгү;

*мектепке болгон кызыгуунун жоктугу;

*мектептеги шарттардын начардыгы;

*11-класстагы «Акыркы коңгуроо» аземине кеткен чыгым (ата-энелер ошол чыгымдан көрө 9-класстан кийин балдарын үйдө эле алып олтуруусун туура көрүшөт)

*Эгер алдын алуу иштерин өткөрбөсөк: жаш турмушка чыккандыгынан улам, көп нерсени түшүнбөй чыр-чатактар көп болот.

*Эгерде ата - эне кызын эрте турмушка берсе, анын келечегине балта чапкандык.

*Эрте турмушка чыккан кыз, төрөөгө али организми жетиле элек болгондуктан 7 айлык, инвалид, аз кандуу жалпылап айтканда дени сак эмес, аң сезими төмөн балдар төрөлүп, гендердин бузулуусуна алып келет.

*эрте турмушка чыккандар - бат ажырашууда, ошонун негизинде ортодо төрөлгөн бала ата - эне мээримине зар болуп, келечекте жаман иштерди көп жасаган коом тарбияланууда.

*бирден бир себептери - жумушсуздук, акча маселеси.

Бул көйгөйдүн алдын алуу үчүн Ноокат жергесинде закон чегинде эрте турмушка берүүгө тыйуу салышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми ушул убакка чейин кудалап койгон кыздарды 18 жашка толгуча нике кагазы берилбейт деп, эки тарапка тең тушүндүрүп, айып акчалары жөнүндө айтып келишүүдө.

Эрте никеге туруунун кесепеттери (видео көрсөтүлөт)

Талкуу жүрөт.

Топтордо иштешет:

1 – топ: сүрөт тартуу, аны презентациялайт

2 – топ: эссе жазуу, түшүндүрүп беришет.


Өспүрүмдөрдүн жыныстык жетилүүсүнүн өзгөчөлүктөрү


Ар бир адам 9 жаштан 17 жашка чейин физиологиялык жана руханий бир катар өзгөрүүлөргө дуушар болгон өз өмүрүндөгү маанилүү этапты – жыныстык жетилүүнү өтөт. Алар ар бир адам үчүн өзүнчө өзгөчө мааниге ээ. Өспүрүмдүн жыныстык жетилүүсүнө (пубертатка) анын ден соолугунун жалпы абалы, тукум куучулук жана башка факторлор жеткиликтүү түрдө таасир этет. Кээ бир балдар жана кыздар жеткиликтүү чоң көрүнсө, ал эми башкаларында жыныстык жетилүү эми гана башталган болот.


Кыздарда болуп өтүүчү өзгөрүүлөр:

  • сүт бездеринин өсө башташы;

  • белдин ичкерип, дененин аялдарга окшой башташы;

  • жамбаштын чоңоюшу;

  • сырткы жыныстык мүчөлөрдүн чоңоюшу;

  • жатындын жана энелик бездин чоңоюшу;

  • чурайга түктүн өсүшү;

  • колтуктагы түктөрдүн өсүшү;

  • безеткинин пайда болушу;

  • этек кирдин келиши.


Эркек балдарда болуп өтүүчү өзгөрүүлөр:

  • булчуңдардын өсүшү;

  • ийиндердин кеңейиши;

  • көкүрөк сөөктөрдүн кеңейиши;

  • колконун чоңоюп, үндүн жооноюшу;

  • сырткы жыныс органдардын чоңоюшу;

  • уруктун иштелип чыга башташы;

  • биринчи эякуляциянын башталышы;

  • бетке, колтукка түктүн чыгышы;

  • безеткинин пайда болушу;


Жыныстык жетилүү мезгилинде кыздарда этек кир келип баштайт, ал эми эркек балдарда поллюция башталат.

Этек кир (менструация) – аялдардын жыныстык жолунан кайталанма мерчем (цикл) боюнча келүүчү кандуу суюктук. Адатынча биринчи этек кир 12-14 жашта келип баштайт. Этек кир 3-7 күндүн аралыгында оорутпастан келип, кандын анча көп кетпеши нормадагы талапка ылайык. Башында этек кир бир калыпта келбеши мүмкүн, ошондуктан анын узактыгын жана өзгөчөлүгүн белгилеш үчүн этек кир календарын түзүү керек.

Этек кир циклы – бул мурунку айыздын биринчи күнүнөн тартып экинчи айыздын биринчи күнүнө чейинки аралык. Этек кир циклынын узактыгы ар бир аялда ар башка, бирок 21 күндөн 35 күнгө чейин. Цикл дароо эле бир калыпка келип калбашы мүмкүн, кийинки кан 2 же 6 айдан кийин келиши ыктымал. Этек кир 16-17 жашта дайыма жана үзгүлтүксүз келип калышы керек. Эгерде этек кир ооруксунуп, цикл регулярдуу болбосо же жыныстык жетилүүгө байланыштуу кандайдыр бир башка көйгөйлөр пайда болсо гинекологго кайрылып консультация алуу талапка ылайык.

Эркек балдарда көбүнчө алар уктап жатканда, эротикалык түштөрдү көргөн мезгилде өзүнөн-өзү урук бөлүп чыгаруу – поллюция пайда болот. Эркек балдарда поллюциянын болушу, ал эми кыздарда этек кирдин келип башташы өспүрүмдүк мезгилде организмде болуп өтүүчү нормалдуу физиологиялык процесстер жөнүндө күбөлөндүрөт.


Видео суроолор:

  1. Эрте никеге туурунун алдын алуу учун кандай иштерди жургүзүү керек?

  • Окуучулардын жооптору

  1. Жашы жете элек кыздын психологиялык жабыркаганын сүрөттөп бергиле, ага кандай жардам көрсөтүү керек?

  • Окуучулардын жооптору

  1. Эгер жашы жете элек өспүрүм каршы болсо да ата – энеси нике кыйдырса, ким жазаланат?

  • Окуучулардын жооптору



Өспүрүм курактын психологиялык өзгөчөлүктөрү


Өспүрүмдүн организминин кайра курулуусуна жана кескин өсүүсүнө байланыштуу өзүнүн сырткы келбетине кызыгуусу пайда болот. Жаңы өздүк “Мен” образы калыптанат. Өспүрүмдөр өз келбети же дене түзүлүшү боюнча тынчты алган курулай шектенүүчүлүк сыноого жана шылдың кылууга абдан сезгич болуп, натыйжада аларда өзүн-өзү баалоонун жана өз баркын сезе билүүнүн төмөндөшү байкалат. Бул дене бойдун өзгөрүү мезгилинде өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоосуна айлана-чөйрөдөгүлөрдүн, өзгөчө башка жыныстын реакциясы жана мамилеси абдан таасир беришине байланыштуу өзгөчө мааниге ээ.

Өспүрүм курак – ар бир адамдын өмүрүндөгү маанилүү, жоопкерчиликтүү жана оор этап. Бул куракта өзү жана айланадагы чындык жөнүндө түшүнүгү өзгөрөт. Өспүрүмдүн көңүлү эмоционалдык жактан туруктуу эмес болуп, балалыктан чоңдордун дүйнөсүнө өтүп жатканда толугу менен тигил же бул дүйнөгө таандык болбогондуктан анын жүрүм-туруму күтүлбөгөн жана адекваттуу эмес болот.

Өспүрүм куракта байкалган психологиялык өзгөчөлүктөр “өспүрүмдүк комплекс” деген атка конгон. Ал өзүнө негиздүү себепсиз көңүлү чөгүүдөн токтоно албаган шайырлыкка чейин көңүлү көтөрүлүп, кайра тетири кеткен маанайды, ошондой эле башка алмак-салмак кайталануучу олку-солку сапаттарды камтыйт. Тааныбаган адамдардын алардын сырткы кебетесине, мүмкүнчүлүктөрүнө, шык-жөндөмдөрүнө берген баасына өспүрүмдөрдүн сезгичтиги өзүнө ашыкча ишенүү жана айланасындагыларга карата талашсыз пикирлеринин болушу менен айкалышат. Айрым учурда камкордук чектен чыккан таш боордук менен, аябай уялчаактык ачыктык менен, бирөөгө жагуу, бирөөнүн баалашын каалоо, көрсөтмө көз карандысыздык менен, беделдүүлүк, жалпы кабыл алынган эрежелер жана кеңири маалым болгон идеалдар менен күрөшүү бир адамды чектен чыга аздектөө менен, ал эми ички сезимден чыккан фантазиясы кургак акыл менен айкалышат.

Бул жаш куракта негизинен коммуникативдик иш аракет басымдуулук кылат, өспүрүм курбу-курдаштары менен пикир алмашуу учурунда биринчи кезекте алардан өзүнө керек болгон турмуш жөнүндө, жүрүм-турумдун нормалары, моралдык баалуулуктар тууралуу билимдерди алат. Ал тууралуу өспүрүм өзү таандык болгон топтун пикири абдан маанилүү болуп саналат. Кандайдыр бир топко таандык болуу анын өзүнө болгон кошумча ишенимин күчөтөт. Өспүрүмдүн топтогу абалы, коллективден алган сапаттары анын жүрүм-турумдук жүйөлөрүнө таасир этет.

Өспүрүмдүк мезгилде аң-сезимдин өнүгүүсүндө “чоңоюу сезимине” байланыштуу болгон маанилүү өзгөрүүлөр болуп өтөт. Бул сезим өзүнө жана дүйнөгө караштуу болгон таптакыр жаңы мамилени билдирет. Өспүрүмдө өз алдынча болуу, өзүн чоңдордун дүйнөсүндө маанилүү орунга ээ болгон, башка адамдардан өзгөчөлөнүп турган “өзүнчө инсан” катары баамдоо зарылчылыгы пайда болот. Ушул себептен өзүн бекемдөө, өзүн ишке ашыруу, өз тагдырын өзү чечүүгө умтулуусу келип чыгат. Өспүрүм чоңдор менен болгон мамилелеринде тең укуктуулукту талап кылып, өзүнүн чоңоюу позициясын коргоп калууда чыр-чатакка да барат.

Чоңоюу (бойго жетүү) сезими өзүнөн улуу адамдарга окшош болууга умтулууну пайда кылат, анын үстүнө өспүрүмдөрдүн бардыгы, бирөө да калбай чоңоюунун сапаттарына ээ болууга умтулушат.

Жаңы позиция ар кандай формаларда көбүнчө сырткы келбетинен, манераларынан байкалат. Өспүрүм жаштар чөйрөсүндө кабыл алынган модаларга, идеалдарга окшош болууга умтулат.

Чоңдорду тууроо жүрүм-турумдун сырткы формалары жана кийим кийүү менен гана чектелип калбайт. Чоңдорду тууроо көңүл ачуу, романтикалык мамилелер боюнча жүрөт, бирок алар социологдор жана юристер белгилегендей “төмөн деңгээлдеги маданият” деп аташкан формаларга ээ болот. Өспүрүмдөр чоңдордун жашоосунун: тамеки чегүү, карта ойноо, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана ушул сыяктуу өзгөчөлөнгөн стилин туурашат. Булар бойго жетүүнүн эң коркунучтуу жана эң жеңил жолдору. Убакытты көңүлдүү өткөрүүгө туура келген турмуштук баалуулуктарга ээ болгон спецификалык багытты тандап алышат. Өспүрүмдөргө “ажайып жашоо” образын бир кыйла даражада массалык маалымат каражаттары таңуулайт. Чоңоюунун жалган калыптануусуна бир топ салымды реклама да кошот.

Бактыга жараша бойго жетүү сезими өспүрүмдүн бир нерсени чындап билип жана аны үйрөнүүгө умтулуусунан байкалат. Бул мектеп программасынын тышкары таанып билүү ишмердигинин өнүгүүсүнө өбөлгө болот. Мындай окуучуларга окуу бирден бир маанилүү максат болуп, өз алдынча билим алууга умтулууга айланат. Албетте, өспүрүм чыныгы бойго жетүүдөн дене бой жагынан да, психологиялык, социалдык жактан да али алыс. Ал чоңдордун жашоосуна тартыла албайт, бирок ал ага умтулуп жана чоңдор менен тең укуктуу болууга талапкер.

Өспүрүмгө тобокелдикке баруу, өзүнүн күчүн, мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүү, мүмкүн болгон чектерди аныктоо таандык. Мына ушуга байланыштуу өспүрүмдөр көп коркунучтуу жагдайларга туш болушат. Бул жагдайлар алардын көйгөйлөрдү чечүүгө шыктуу экендигин аныктоого жардам берет. Өспүрүмдөр чоңдордун жүрүм-туруму тобокелсиз деп ойлогондуктан, өзүнүкүн да дал ошондой деп эсептейт.

Кээде өспүрүмдөр досторунун жогорку баалоосуна ээ болгон, коркунучтуу жана тыюу салынган аракетти – сексуалдык мамилелерди бойго жетүү статусуна жетишүүнүн эң жөнөкөй ыкмасы катары эсептешет. Бирок жыныстык жашоону эрте баштоо жана ага байланыштуу каалап күтпөгөн кош бойлуулук көпчүлүк убакта адамдардын негизделген чечим кабыл алуу шыктарын төмөндөткөн башка коркунучтар менен мисалы, тамеки чегүү, алкоголдук ичимдиктерди ичүү жана баңги заттарды колдонуу менен айкалышып жана анын натыйжасында алардын жүрүм-турумдары андан дагы кооптуу болуп калат. Кооптуу жүрүм-турумдун көбүрөөк кездешүүчү себептери:


  • кулак түрүүчүлүк - жаңы көңүлдө калган сезимди жана ыракаттанууну алууга, тобокелге салууга умтулуу;

  • туруксуз, төмөндөгөн өзүн-өзү баалоо (өзүлөрүн кызыктуу, акылдуу, жагымдуу деп эсептешпейт);

  • теңтуштарынын тобуна кабыл алууну каалоо жана алар менен болгон пикир алмашууну жеңилдетүү;

  • тааныштардын жана достордун пикиринен көз каранды болуу, жолдошторунун жашоо мүнөзүн тууроо;

  • чоңдордун жүрүм-турумун тууроо;

  • стресс, иренжүү, чымыркануу менен күрөшө албастык;

  • “Жок” деп айта албастыктыктын калыптанбагандыгы;

  • турмуштук тажрыйбанын жетишсиздиги.

Сабакты бышыктоо:

Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын үй-бүлө кодексинин 14-беренесинин 3-болугундо куноолуу деп табылган жарандар 155-1, 154 –беренелеринин негизинде 3-жылдан 5 жылга чейинки моонотко эркинен ажыратылат.

(2016-жылдын 17-ноябрындагы №179)

Ар бир мамлекеттик кызматкер, мугалим, социалдык кызматкер, ар бир жаран же дарыгер 18 жаш курагына чейинки жарандардын никеге турууларына кубо болсо, укук коргоо органдарына кабарлоого милдеттүү.


Уйго тапшырма: “Эрте никеге туруунун алдын алуу” эссе жазуу

Сабакка активдуу катышканынар учун рахмат!


Класс жетекчиси: К. Арапова










Алымкул Үсөнбаев атындагы “Арал” орто мектеби





Сабактын темасы:


Эрте нике – бул кылмыш















Мугалими: Кундуз Арапова



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!