СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Энелер мектеби улгулор

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Энелер мектеби” программасынын маанисин жана маңызын билүү максатында №9-гимназиянын ата-энелер комитетинин төрайымы, шаардык Кенештин депутаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы- Гульнара Самадова менен маек курдук. 

«Бала төрөлгөндөн эле багуу, кам көрүү, өстүрүү жана тарбиялоо ар бир инсандын милдети, парзы. Адам Ата, Умай энебизден бери эле жарык дүйнөгө келген баланы багуу биринчи кезекте энелердин милдети болуп келе жатат. Мен дагы көп жылдан бери Сүлүктү шаарынын төрөт үйүнүн башчысы болуп эмгектенсем дагы, балдарымды тарбиялап өстүрүүдө “баланы багуу, тарбиялоонун салтуу ыкмасын гана билип, ошону колдонуп келиптирмин”. Доор алмашып, компьютер, информациялык технологиянын заманы келип, келечек муундарыбыз үчүн жаны мүмкүнүчүлүктөр пайда болду. Бирок информациялык технологиялар заманы баланы тарбиялоодо заманбап ыкманы талап кылганы, балдарыбыздын жүрүм турумунан, ой жорушунан, коомчулукка жасаган мамилесинен байкалып турат. Заман талабына ылайык, балдарымды кантип туура толук кандуу тарбиялай аламын деген ой мени да сиздер менен бир катарда ойлондуруп келди.

Ошол мезгилде, Сүлүктү шаарындагы Н. Кушматов атындагы №9-мектеп гимназиясында уюшулуп өтүлүүчү “Энелер мектеби” программасы көнүлүмдү бурду. Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” программасы менен дал ошол жерде таанышып, алгачкы учурда эле көптөн бери көнүл теренинде энсеп, күтүп жүргөн нерсем колума тийгендей сүйүнүп кеттим, чындыгында ошондой болду. Анын үстүнө №9-гимназиянын директору Базаргүл Саттаровнанын жетекчилиги менен, Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби” Сүлүктү шартына карата ынгайланып, бизге жеткиликтүү болуп өттү. Ошол мезгилден баштап, ата-энелер комитетинин төрайымы катары бардык энелер менен ”Энелер мектебинин” негизинде иш алып бардык.

Менин балдарым Н.Кушматов атындагы № 9 мектеп – гимназиясында билим тарбия алып келет, ал эми Сүлүктү шаарында 2013-2014- окуу жылдарында “Энелер мектебин” биринчилерден болуп баштап, энелерин окутууга алган мектеп дал ошол № 9 мектеп- гимназиясы болуп эсептелинет. Алгачкы иштин башталышына мектеп директору Рустамова Базаргүл Саттаровна жол ачкан. Мектепте алгач башталгыч класстардын энелери окуутуга алынып, акырындап мектептеги ар бир класстын энелерин окутууга жетишти. Ал эми Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исмановдун 2016-жылдын 23-сентябрындагы буйругунун негизинде шаарыбыздагы мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерге жана жалпы билим берүүчү мектептерге “Энелер мектебинин” сабактары балдардын жаш өзгөчөлүктөрүнө карап 60 сааттык программанын менен киргизилди. Иштин башталышын “Энелер мектеби” сабагы боюнча тажрыйба алмашуу аттуу жалпы мектептердин жетекчилери жана мугалимдери жана энелер үчүн уюштурулган Н.Кушматов атындагы №9 мектеп –гимназиясындагы семинар менен баштады.Семинарда “Энелер мектебинин максаты жана мааниси” деген темада окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө карата мыкты сабактар өтүлдү. Гапыр Мадеминов башкы конок болгон бул семинарга мектеп – гимназиясынын энелеринен жана ошондой эле шаарыбыздын билим берүү бөлүмү тарабынан ыраазычылыктар айтылды. Биз бул семинардан кийин, “Энелер мектебинин” зарылдыгын түшүнүп, бала тарбиялоодогу көп катачылыктарга жол берип жатканыбызды түшүнүп, бизге караңгыда жол көрсөткөн шам чырактай жол ачып берди десем жаңылышпайм. Ошол учурдан тарта “Энелер мектеби” өз сабактарын үзгүлтүксүз өтүүнү улантты. Бул сабактарды энелер үчүн өтүп берүү менимче мугалимдерге да оңойго турган жок, анткени энелерди мектепке тартуу эң чоң көйгөй жаратты. А бирок мен ошол мектеп –гимназиясынын ата –энелер комитетинин төрайымы катары энелерди мектепке тартууга мектептин ата –энелер комитетинин мүчөлөрү менен биргеликте көйгөйдөн чыгуунун жолун тапканга жардам кылып , биримдикте иш алып баруу менен оной эле ишке ашырып алдык Анткени “Энелермектеби” учурдун энелерине керек экенин түшүнүп жеттик. Учурдун энелеринин жүрөгүнөн түнөк тапкан “Энелер мектебинин”ар сабактарынан кийин жакшы жйынтыктарды байкап,кубанып жаттык. Балдарыбыздын окуусундагы озгөрүүлөр, жүрүм –турумундагы өзгөрүүлөр тууралуу энелерибиз бири –бири менен бөлүшө баштады. Мектеп гимназиясы жөн гана “Энелер мектебинин” сабактарын өтүп тим болбостон, Энелер менен биргеликте ишке ашырылуучу “Мыкты окуучу”,”Мыкты эне”, “Мыкты үй -бүлө ” аттуу конкурстарды уюштуруп, энелерибиздин бала тарбиялоого болгон көз караштарынын өзгөрүүлөрүн байкап, анализдерди жүргүздүк. Бул конкурска катышкан ар бир окуучунун энеси аябай кызыгуу менен катышып, мыкты даярдыкта келгени мени кубандырды. Демек, “Энелер мектебинин” сабактары чындыгында таасирдүү өтүлүп жаткандыгын тастыктай алды.Мындан сырткары “Энелер мектебинин” сабактарынын үзгүлтүксүз өтүлүп, энелердин мектеп менен тыгыз байланышынын жыйынтыгында мектеп окуучулары жашоосундагы алгачкы ийгиликтерге кадам шилтеди. Шаардык, Облустук жана Республикалык олимпиадаларда жакшы ийгиликтерди жарата баштады. 2014/2015-окуу жылында 6-класс окуучусу Байгесеков Бекжан математика предмети боюнча(мугалими Айтемирова Бүүниса) Республикалык олимпиадада 3-орунга ээ болду.2016/2017-окуу жылында 6 –класс окуучусу Айтматов Нурбек математика предмети боюнча (мугалими Орозова Рахат) Республикалык олимпиадада 2-орунду ээледи. Жалпы Республикалык тестирлөөнүн проценттик катышы 93% болуп орточо балыбыз 155 баллды түздү. 2017-2018-окуу жылы эң ийгиликтүү жылдардан болду. Областтык предметтик олимпиадада 6 окуучубуз байгелүү орундарга жетишип, эки окуучубуз 9-классынын окуучусу Саматова Кызжибек математика предмети боюнча(мугалими Айтемирова Бүүниса) Республикада 6-орунду, 10-классынын окуучусу Эркинова Айзада тарых предмети боюнча(мугалими Мовлянова Гулжан) Республикада 5-орунду ээлеп келишти. Бул жетишкен ийгиликтер бизди ата-энелерди өтө кубандырды. “Энелер мектеби” сабактарына энелерибиздин катышуусу балдарыбыздын шыгына шык, билимине билим кошуп жатат. Бизге жашоодогу энелик парзыбызды туура багытта ишке ашырып, аткарышыбызга, Кыргызстаныбыздын жаштарынын өсүп – өрчүүсүнө өз салымын кошкон Гапыр мадеминовга учурдан пайдаланып, жалпы энелерибиздин атынан терээң ыраазычылык билдирип кетемин. Жыйынтыктап айтсам: Гапыр Мадаминовдун “Энелер мектеби”, Кыргыз Педагогикасынын шедеври деген атка татыктуу. Ошондуктан урматтуу бүгүнкү жыйындын катышуучулары, Энелер мектеби программасын ар бир мектепке милдеттүү түрдө киргизилиши керек. Кары жаш дебей, врач же мугалим дебей бардыгыбыз окуп үйрөнүшүбүз керек эн негизгиси АМАЛ КЫЛУУБУЗ керек»- деп маек куруп берди.

Просмотр содержимого документа
"Энелер мектеби улгулор"


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!