СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Элдик оозеки чыгармачылык философиянын башаты катарында

Нажмите, чтобы узнать подробности

кыргыз адабияты

Просмотр содержимого документа
«Элдик оозеки чыгармачылык философиянын башаты катарында»

Сабактын темасы: Кыргыз эпостору. (Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор

1. Сабакка чейинки этап

Калыптанды-руучу компетенция-лар

1-ЖК-курчап турган дүйнө жөнүндө илимий билимдердин бирдиктүү системасына ээ болот, адамдын жаратылыштагы, социумдагы ордун жана ролун, дүйнөнүн заманбап концепцияларын жана картинасын, көз караштар системасын түшүнөт, турмуштук жана маданий баалуулуктарга багыт алууга жөндөмдүү;

2-ИК- өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзүүгө жөндөмдүү;

Окутуунун натыйжасы

1-ОН. Алган билимдерин, тажрыйбасын ар кандай илимдер менен айкалыштырып, интеграциялап кесиптик маселелерди чечүүдө колдоно алат жана турмуштун түрдүү кырдаалдарында өз оюн оозеки жана жазма формада (мамлекеттик, расмий жана чет тилинин биринде) түшүндүрө алат.

2-ОН. Топто, жамаатта кесиптик ишмердүүлүккө байланышкан маселелерди чечүүгө жана туура анализдөөгө жөндөмдүү болот жана этикалык баалуулуктарга ылайык жөндөмдүү иш жүргүзө алат

ДОН (РОд)

Жетиштүү деңгээлде мамлекеттик тилин билиши керек.

Өзүнүн оозеки жана жазма кебин мамлекеттик жана расмий тилдерде логикалык жактан так, түшүнүктүү, аргументи менен түзө алышы керек

Мамлекеттик жана расмий тилдерде пикир алышуу маданиятынын көндүмдөрүнө ээ болууга тийиш.

Теманын окутуу натыйжалары

(РОт)

Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр тууралуу билет

Баатырдык эпостордун пайда болуу жана калыптануу процессин аныктай алат.

“Манас”, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” эпостору жана алардын мазмунундагы кылымдар бою көксөп келе жаткан элдин ой-тилеги, келечек үмүтү, ички толгонуулары тууралуу талкууларга катыша алат.

Лекссикалык минимум

Фольклористика, фольклор, чоң жана кенже эпостор, жомокчу, баатырдык жана турмуштук эпостор

Сабактын жабдылышы

Көрмө тасма, кеңсе буюмдары, слайд, тартамалар ж.б.

Сабактын тиби

Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу

«Тапкычтар» муз жаргычы, СОнун стратегиялары, топ менен иштөө,суроо-жооп

Убакыттын болжолдуу бөлүштүрүлүшү


  • Уюштуруу – 1 мүнөт

  • Жаңы тема:

- багыттоо - 3 мүнөт

- түшүнүү - 30 мүнөт

- бышыктоо – 6 мүнөт

  • Жыйынтыктоо- 2 мүнөт

  • Баалоо - 2 мүнөт

  • Кийинки сабакка даярданууга багыт берүү - 1 мүнөт

Баалоонун критерийлери

Ар бир студентти баалоо

упайы

баасы

Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын кеңири спектрин жакшы пайдаланат. Алган билимин жогорку деңгээлде колдоно алат: дээрлик ката кетирбейт. Кептин темпи шар, табигый. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын сактайт. Кеп маданияты жогору.


7


“5”

Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын кеңири спектрин жакшы пайдаланат. Алган билимин жогорку деңгээлде колдоно алат: одоно эмес 2-3 ката кетирет, аны кыйналбай оңдойт. Кептин темпи шар, табигыйлыкка жакын. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын сактайт. Кеп маданияты жогору.


5-6


“4”

Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттардын спектрин жеткиликтүү пайдалана албайт. Алган билимин толук колдоно албайт: одоно эмес 4-5 ката кетирет, анын айрымдарын гана оңдойт. Кептин темпи жай, пауза байкаларлык. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын толук сактай албайт. Кеп маданияты орто.


2-4


“3”

Тема боюнча так, түшүнүктүү сүйлөө үчүн тилдик каражаттарды толук пайдалана албайт. Алган билимин дээрлик колдоно албайт: одоно каталарды көп кетирет, анын айрымдарын гана оңдойт. Кептин темпи өтө жай, пауза байкаларлык. Адабий тилдин орфоэпиялык нормаларын толук сактай албайт. Кеп маданияты төмөн.


0-1


“2”

Топторду баалоо

Стратегияны туура пайдаланышы

1-5

Материалдын толук берилиши

1-5

Материалды толук түшүндүрө алуусу

1-5

Иштин эстетикасы

1-5

Топтун активдүүлүгү

1-5

2-топту уга билүүсү

1-5


2. Сабактын этаптары


Уюштуруу

Окутуучу тайпа менен саламдашып, сабактын максатын, ээ болуучу компетенциялар, натыйжага жетишүүчү иш-аракеттер тууралуу айтып, студенттердин түшүнбөгөн суроолоруна жооп берет. Баалоонун критерийлери тайпага тааныштырылып таркатылат. Акылдуу доскадагы жаңы сөздөр семантизацияланат. (№1 тиркеме)


Багыттоо







Чаташкан логикалык чынжыр” муз жаргычы

Максаты: Аз убакыттын ичинде бат ой жүгүртүп, суроолорго так, орундуу жооп бере билүүгө машыктыруу, жаңы темага багыттоо.

1. 5-6 студент чыгат, берилген таратмалардагы чаташкан сүйлөмдөрдү иреттеп чыгышат жана төмөнкү суроолорго отурган студенттер жооп берет.

- эпостор тууралуу тартылган фильмдерди көрдүңөр беле?

- эостор тууралуу кандай маалыматтарды билесиңер?

- өз пикириңди кандай аргументтер менен далилдей аласың?

Окутуучу: Демек, бүгүн кыргыз эпостору. (Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор тууралуу маалымат алабыз.


Түшүнүү:

Лекциянын планы:

1.Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр

2. Баатырдык эпостор жана алардын пайда болуу жана калыптануу процесси

3.Баатырдык, турмуштук ж.б. эпостор

Тиркелет.


Бышыктоо:


Текшерүү үчүн суроолор:

1. Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр кимдер?

2. Баатырдык эпостор кантип пайда болгон жана калыптануу процесси кандай жүргөн

3.“Манас”, “Эр Төштүк”, “Кожожаш” эпостору жана алардын мазмунундагы кылымдар бою көксөп келе жаткан элдин ой-тилеги, келечек үмүтү, ички толгонуулары тууралуу айтып бергиле


3. Сабактан кийинки бөлүк


Баалоо

Топтор, студенттер баалоонун критерийлери аркылуу бааланат


1.Кыргыз фольклорун изилдөөчүлөр

Фольклористика , же фольклор таануу – бул же тигил улуттун элдик оозеки чыгармачылыгын үйрөнүүчү, узак убакыттан бери өнүгүп келе жаткан илим.

Кыргыз эли өзүнүн басып өткөн тарыхый жолунда эчен акылмандарды жаратып, алар ар түрдүү темадагы эчен сонун чыгармаларды түзгөндүгүн бизге келип жеткен акыл-ой байлыктары ачык көрсөтүп турат. Бирок, ал алтын байлыктар өткөн заманда жазылып калбаган, бизге алардын айрым түрлөрү гана келип жетти. Кыргыз эли түзгөн акыл-ой байлыктарын калк арасынан жыйноо иши Улуу Октябрь революциясынан кийин гана жүзөгө ашты. Мына ушул жыйналган элдик казнага көз жүгүртүп караганда, эн кичине көлөмдөгү бир-эки ооз сөз табышмактардан жана макал менен ылакаптардан тартып, монументалдуу эпос «Манас» трилогиясына чейин бар экенин көрөбүз.

50-жылдары кыргыз фольклористикасынын айрым жанрларына, бөтөнчө эпосторуна арналган илимий конференциялар көп өткөрүлгөн. Элдик поэтикалык чыгармаларды ар тараптан кеңири иликтөө боюнча илимий талкуулар өткөрүлүп турган. Кыргыз фольклористикасы илиминде баяндама мүнөзүндөгү эмгектерден тышкары конкреттүү чыгармаларга арналган проблемаларды көтөргөн изилдөөлөр жарык көргөн. Фольклористика илимин өнүктүрүүдө жана анын идеологиялык-теориялык табылгалар менен байытууда кыргыз окумуштуулары К. Рысалиев, Б. Керимжанова жана башкалар салымы зор. Алар поэтиканын эң татаал бөлүгү болгон кыргыз ыр түзүлүшүнө кайрылып, бул кубулуштун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө кеңири токтолуп, бөтөнчө элдик, акындык поэзиянын эстетикалык, көркөмдүк касиеттерин терең иликтешкен. Шарттуу түрдө кенже эпостор аталган “Кожожаш”,“Эр Төштүк”, “Жаныш, Байыш”, “Курманбек”, “Эр Табылды”, “Саринжи-Бөкөй”, “Эр Солтоной”, “Жаңыл Мырза”, “Олжобай менен Кишимжан”, “Жоодар Бешим”, “Кедейкан” 20-жылдардан бери бир нече ирет кыргыз, орус тилдеринде басылып, айрымдары чет элдерге да таанылды. Мисалы, түрк тилдүү элдердин көбүнө таандык “Эр Төштүк” эпосунун варианттарынын, версияларынын ичинен кыргыз тилиндегиси эң мыкты чыгарма катары эсептелип, Париж шаарында француз тилинде которулуп басылган. Мурдагы ар түрдүү басылыштарын айтпаганда да соңку 70–80-жылдардын ичинде элдик оозеки чыгармачылыктын жанрлары боюнча нечендеген жыйнактар Б. Кебекова, А. Токомбаева, С. Закирова, Ж. Төлөев, П. Ирисов , Ж. Мусаева, С. Кайыпов, К. Ибраимов, Т. Абдыракунов жана башкалар тарабынан түзүлүп, удаама – удаа жарык көрдү: “Айтыштар” (1–2 т. 1972), “Балдар фольклору” (1972), “Кыргыз элинин санат-насыят жана терме ырлары” (1973), “Кыргыз элинин сүйүү ырлары” (1974), “Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги кыргыз эл ырлары” (1975), “Кыргыз эл жомоктору” (1975), “Эл ырчылары” (1981), “Табышмактар”(1984).

Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүн жыйноо, жарыялоо менен бирге аларды илимий теориялык, тарыхый жактан изилдөө иштери да жигердүү жүргүзүлгөнүн монография тибиндеги төмөнкү эмгектер далилдей алат: С. Закиров “Кожожаш” эпосунун кээ бир маселелери” (1959), “Кыргыз элинин макал-лакаптары” (1962), “Кыргыздын элдик лирикаларынын жанрдык өзгөчөлүгү”(1965), “Эр Төштүк” эпосунун варианттары жана идеялык көркөмдүк өзгөчөлүктөрү” (1965), Ж. Субанбеков “Кыргыз элинин баатырдык кенже эпостору” (1970) жана башкалар

Азыркы учурда эл чыгармачылыгынын 40 томдугун жарыялоо кызуу жүрүп жатат. Мындай иш кыргыз Фольклористикасы тарабынан биринчи жолу колго алынып, өтө масштабдуулугу менен айырмаланат. Кыргыз эпосторунун ар биринин бардык варианттарын жарыялоодон тартып, майда жанрлар: макал-лакаптар, табышмактар, жаңылмачтар, балдар ырларына чейин киргизилди.

Советтик доордо кыргыз фольклористика илиминде албан ийгиликтер менен бирге бир катар мүнөздүү кемчиликтер да орун алган. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнө обьективдүү, туура тарыхый баа берүүнүн ордуна таптык көз караш үстөмдүк кылат. Салттуу поэзиянын үлгүлөрүнүн жаралыш доорун, элдин ошол кездеги көз карашын, идеясын эске албастан, көбүнчө аларды эстетикалык баалуулугун экинчи планга калтырып, аларга өтө курч саясаттын, идеологиянын талаптары коюлган. Өзгөчө айтылган тенденциялар “Манас”, “Жаныш, Байыш” эпосун баалоодон ачык байкалат. Бул чыгармаларды вульгардык-социологиялык көз карашта илимпоздор айрым бир сюжеттик мотивдерди жазып алып, аларды жасалма түрдө жалпылап, чоң идеялык-саясий каталарды табышкан. Ушундай зыяндуу тенденциялар акындар поэзиясына баа берүүдө ачык байкалат. Кыскасы, кыргыз фольклористика илиминин алдында сандаган олуттуу милдеттер тургандыгы жалпыга белгилүү. Анткени, дагы көптөгөн маселелердин чечилиши атайын илимий-теориялык изилдөөнүн объектиси боло элек. Экинчиден, буга чейин изилденген фольклордун көптөгөн үлгүлөрү кайрадан терең илимий талдоону талап кылары да талашсыз факт. Ошентип, кыргыз фольклористика илиминин чече турган маселелери, көтөрө турган илимий проблемалары дале болсо алдыда

Фольклор жыйноо — элдик оозеки чыгармаларды ар кимдерден жазып алуу иши. Бул иш боюнча алгачкы тажрыйбалар XI кылымдагы Махмуд Кашгаринин «Девону лугот ит түрк» деген чыгармасынан көрүнөт. XIX кылымда орус окумуштуусу В. В. Радлов, казак элинин агартуучусу Чокан Валихановв «Манас» эпосун жазып алышкан. Советтик түзүлүштүн мезгилинде бул ишке чон, маани берилип, фольклордук чыгармаларды кол жазма түрүндө жазып алууга кызуу киришилген. Кайым Мифтаков 1916-жылдан тартып кыргыз фольклорун жыйноого киришип, бул энтузиаст тарабынан кыргыз жеринин бардык булуң-бурчтарынан «Манас» эпосу баш болгон бай фольклордун көп үлгүлөрү жыйналган, мектептерде оозеки чыгармаларды жыйноо боюнча кружоктор уюштурулган. Ы. Абдырахманов, X. Карасаев, А. В. Затаевичтер да бул иште өз салымдарын кошушту. Азыркы күндө да бул иш өз маанисин жогото элек, фольклордук чыгармаларды жыйноо ишине КРУИАсынын илимий кызматкерлери, Кыргыз мамлекеттик университетинин, И. Арабаев атындагы КМПУнун, Искусство институтунун, Ысык-көл, Ош, Талас, Нарын, Баткен, Чүй университетринин студенттери катышты.


КЫРГЫЗ ЭЛ ООЗЕКИ ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ЖЫЙНОО ЖАНА ИЗИЛДӨӨ ТАРЫХЫ

Өлкөнүн жаратылышы, байлыгы, элдин тарыхы, тили, оозеки чыгармалары, маданияты орус окумуштууларын кызыктырып, алар тарабынан жыйнала жана изилдене баштайт.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйноону, изилдөөнү Октябрь революциясына чейинки жана советтик түзүлүшү мезгилиндеги деп эки учурга бөлүп кароого туура келет. Революцияга чейин кыргыздын маданий мурасын, оозеки чыгармачылыгын жыйноого, изилдөөгө киришкен окумуштуулардын бири — казак элинин агартуучусу Чокон Валиханов (1835—1865) болгон.

Ал биринчи жолу 1856-жылы Ысык-Көл өрөөнүн топографиялык картага түшүрүүнү максат кылып койгон аскердик экспедицияга катышат. Ысык-Көл өрөөнүндөгү бугу уруусунда болуп, кыргыздардын тарыхына, этнографиясына тиешелүү материалдарды, ошондой эле, анын оозеки чыгармачылыгынан бай материалдар жыйнап алган. Ч. Валихановдун жыйган материалдарынын негизгиси «Манас» эпосунун айрым окуялары.

Ал «Манастын балалык чагы», «Каныкейге үйлөнүшү», «Көкөтөйдүн ашы» өңдүү эпизоддорун манасчыдан айттырып алып, биринчи жолу «Орус географиялык коомунун запискаларында»1 «Жунгариянын очерки» деген наам менен 1881-жылы жарыкка чыгарат. Ал «Манас» эпосунун экинчи бөлүгү «Семетейдин» сюжети менен тааныш болгон сыяктанат, муну анын «Манас» талаа «Илиадасы», «Семетей» буруттардын (кыргыздардын) «Одиссеи»2 деп, туура берген аныктамасы көрсөтүп турат. «Манасты» европалык элге даңазаланган гректердин «Илиадасы» менен «Одиссеясына» катар коюп, ага салыштырышы Ч. Валихановдун эпостун маанисин туура баалай билгендигин көрсөтөт.

«Манас» эпосунун тарых менен болгон байланышын билүү максатында Ч.Валиханов кыргыз элинин санжырасын, тарыхын уламаларын, оозеки чыгармаларын да чогулткан.

Кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгын жыйноочулардын дагы бири — Василий Васильевич Радлов (1837—1918) болгон.

Академик В. Радлов кыргыздарга эки сапар: 1862-жылы Текес тараптагы, 1869- жылы Ысык-Көлдүн батышындагы, Чүй өрөөнүндөгү бугу, сарбагыш, солто урууларынын арасында болуп, элдин оозеки көркөм чыгармачылыгынын көп түрлөрүн жазып алган. Кыргыздын оозеки чыгармачылыгынан жыйган материалдары «Түндүк түрк урууларынын элдик адабиятынын үлгүлөрү»3 деген көп томдуу эмгегинин V томун түзгөн. Кыргыздын элдик адабиятынын үлгүлөрү орус алфавитинин транскрипциясы менен кыргызча тексти жана анын немисче котормосу 1885-жылы басылып чыккан.

В.Радловдун V томуна кирген чыгармалар — кыргыз элинин басмадан чыккан биринчи үлгүлөрү. Ал үлгүлөр «Манас», «Семетей», «Жолой кан», «Эр Төштүк» деген жомокторду, «Кулмурза» өңдүү поэманы жана майда кошокторду ичине камтыган. Албетте, В. Радловдун жыйган материалынын басымдуу көпчүлүгүн «Манас» эпосу ээлеген. Ал Манастын туулушу, Алмамбеттин келиши, Манас менен Көкчөнүн согушу, Манастын өлүп-тирилиши, Көзкамандардын окуясы жана Семетей сыяктуу бөлүмдөрүнөн турат.

В. Радловдун жыйган материалдары дээрлик эпикалык чыгармалар болуп, ал окумуштууну өтө кызыктырган. Кыргыздарда элдик поэзиянын жогорку бийиктикке чейин өсүшү өзүнүн мүнөздүү учурга туш келгендигинде дейт окумуштуу. Ал учурду В. Радлов «чыныгы эпикалык учур» деп аныктап, кыргыздардын элдик поэзиясында эпикалык чыгармалар басымдуулук кыларын өз убагында туура байкаган.

Кыргыздын элдик оозеки поэзиясын жыйноого орус сүрөтчүсү, этнограф- окумуштуулары да киришишет. 1903-жылы Орус география коому Кыргызстанга комплекстүү экспедиция уюштуруп, ага сүрөтчү Б. В. Смирнов менен А. Т. Белинский катышкан. В. Смирнов Пишпектин (азыркы Фрунзе) айланасына жакын жердеги калктын турмушунан жана жаратылышынан көптөгөн сүрөттөрдү тартуу менен оозеки чыгармаларды да жазып алган.

Революцияга чейин кыргыздын маданиятын жыйып, илимий пикир айткандардын бири — венгер окумуштуусу Г. Алмаши. Г. Алмаши жазып алган «Манас баатырдын уулу Семетей менен коштошкону» деген эпизоддун үзүндүсүн 1911-жылы «Восточное обозрение» («Чыгышты таануу»)2 журналына кыргызча транскрипциясын, бир учурда анын котормосун немец тилинде бастырып чыгарган. Ал эпостун үч бөлүгү жөнүндө кабары болуп, ар биринин болжолдуу көлөмүн да белгилеген. Эпостун «Семетей»,

«Сейтек» бөлүктөрүндө кайталоолор көп, «Сейтек» бөлүмү эл арасында аз тараганын да байкаган. Буга караганда Г. Алмаши эпостун бөлүктөрүнүн айрым орчундуу жерлери менен кабары болгон окшойт. «Манастын» ырынын түзүлүшү жети-сегиз муундан куруларын, кыргыздардын тили казак, өзбектердики менен аралашпаган таза тил экенин да белгилеген.

Жалпысынан кыргыз элинин тарыхы менен тилин, оозеки көркөм чыгармачылыгы менен маданиятын жыйноо жана изилдөө Улуу Октябрь Социалисттик Революциясынан кийин гана системалуу жолго коюлуп, коомдук мааниси бар ишке айланды. Өкмөт менен Партия элдин өткөндөгү маданий мурастарын жогору баалап, советтик түзүлүштүн алгачкы жылдарында эле аны жыйноо, үйрөнүү ишине зор маани берип, көңүл бурду.

Улуу Октябрь Революциясы жеңгенден кийин кыргыздын элдик маданий мурастарын, оозеки көркөм чыгармачылыгын жыйноо жана изилдөө иши дале «Манас» эпосунан башталды. 1922-жылы Ташкенттеги Күн Чыгыш Университетинин профессору П. А. Фалевдин «Кара-кыргыздардын былиналары кандай курулат» деген илимий макаласы «Наука и просвещение» деген журналга чыкты. Ал макаласын академик В. Радлов чогулткан «Манас» эпосунун материалынын негизинде жазган. П. Фалев өзүнүн макаласын эпостун ыр түзүлүшүнө арнап, аны байыркы түрк элдеринин эстеликтерине салыштырып, мазмун жана форма жагынан окшоштуктар бардыгын белгилейт.

Советтик түзүлүштүн биринчи жылдарында кыргыздын оозеки чыгармачылыгын жыйнагандардын бири — Каюм Мифтаков. Каюм Мифтаков Уфа губерниясына караштуу Насибаш айлында, кедей адамдын үй-бүлөсүндө туулган. Каюм жашынан башкырт менен татарлардын элдик ырларын өзүнчө жазып, ага көп кызыккан. Казак балдары менен таанышып, карым-катнаш жасайт. Окуусун бүткөндө казактар арасында иштөөгө жиберилет. 1911—1916-жылдары Казакстандын Кустанай, Семипалатинск, Таргат, Жети- Суу өрөөнүндө мугалим болуп иштеп жүрүп, элдин оозеки чыгармаларын чогулткан.

1921-жылы Каюм Мифтаков Каракол уездинин Тоң болушундагы Төрт-күл айылындагы мектепте кыргыздын оозеки көркөм чыгармачылыгын жыйноо боюнча кружок уюштурган. Бул Кыргызстандагы эң биринчи кружок болуп эсептелет. Элдик оозеки чыгармачылыкты уюшкан түрдө жыйноого да мына ушул кружок биринчилерден болуп киришкен. Ал кружоктун мүчөлөрү К. Мифтаков, С. Соронбаев ж. б. 1922-жылы Нарын уездине барып оозеки чыгармачылыкты жыйноону башташкан. Элдик оозеки чыгармачылыктын ар кыл түрлөрүн, ошо кездеги чоң жомокчу Сагымбай Орозбаковдон «Манасты» биринчи жыйнагандардан Мифтаков болгон.

Бул жылдары элдик мурастарды жыйноону Туркстан илимий комиссиясы (кийинчерээк Кыргызстан эл агартуу комиссариаты) уюштуруп, ага жетекчилик кылган. Ошол жылдары К. Мифтаков «Курманбек» менен «Жаныш, Байышты» жомокчу М. Мусулманкуловдон, «Кожожаш» менен «Саринжи-Бөкөйдү» С. Конокбаевден жазып алат. Мына ушул мезгилден баштап, отузунчу жылдын акырына чейин К. Мифтаков Ысык-Көл, Тянь-Шань, Чүй, Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын оозеки чыгармаларынан 300 басма табакка жакын көлөмдөгү материал чогултуп, Кыргызстандын илим изилдөө институтуна тапшырган.

1922-жылы Сагымбайдан «Манас» эпосун биринчилерден болуп кагазга түшүргөн да Ы. Абдрахманов болгон. Ал манастын жигит кезинен өлгөнүнө чейинкисин толук жазып алган. Ы. Абдрахманов кыргыздын «Манас» эпосунан башка да Тоголок Молдо, Калык, Шаршендин чыгармаларынан, элдик жөө жомоктордон, салт ырларынан, тарыхый- этнографиялык материалдардан, жомокчулардын өмүр баянынан болуп, бардыгы 900 басма табактан ашык материал жыйнаган.

Ы. Абдрахманов «Манас» эпосунун бөлүктөрүн да жакшы билген жомокчу болгон. Эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүктөрүн өзү толук жазып тапшырган. Анын айтуусу боюнча «Жаңыл-Мырза» эпосунун да варианты бар.

Жыйырманчы жылдарда колуна жаңыдан эле калем алып жаза баштаган жаш акындар, интеллигенттер да оозеки чыгармаларды жыйноого катышышты. Аалы Токомбаев «Курманбек», Жума Жамгырчиев «Эр Төштүк», Хусейин Карасаев «Олжобай менен Кишимжан» эпосторун элден жазып алышкан.

1925-жылдан тартып Ташкентте, Алма-Атада, Пишпекте окуган жаштар жайкы каникул учурунда элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноого катыша башташат. Оозеки көркөм чыгармачылык менен катар кыргыздын элдик күүлөрү, обондору да чогултула баштайт. Кыргыздын элдик күүлөрүн, обондорун биринчи жыйган музыковед Казак ССРинин эл артисти А. В. Затаевич болгон. Ал жыйырманчы жылдары өлкөбүздөгү Москва, Ташкент өңдүү шаарларда окуган кыргыз окуучуларынан кыргыз элдик ырларды обону менен жазып алып, өзүнүн «Кыргыз (казак — А. Т.) элинин 100 ыры» деген жыйнагында 1925-жыл жарыялаган. 1928-жылы А. Затаевич Фрунзе шаарына келип, кыргыздын элдик күүлөрүнүн классиктери Мураталы менен Кара Молдодон, улуу акын Токтогулдан жана кыякчы Жолойдон толуп жаткан күүлөрдү жазып алып нотага түшүргөн.

Кыргызстанда оозеки чыгармачылыкты жыйноого, изилдөөгө Жазуучулар Союзунун поэзия секциясы, край таануу илим-изилдөө институту (1928) кийин Тил жана жазуу илими зилдөө институту (1935), Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун (кийин университеттин) кыргыз тил жана адабият кафедралары, Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык техникумунун окутуучулары, окуучулары кызуу киришишип, колго алышты. Аталган чыгармачылык уюмдар, жогорку окуу жайлары Кыргызстандын өрөөндөрүнө экспедициялар жиберип, элдик мурастар уюшулган түрдө жыйнала баштады. Элдик оозеки чыгармачылыкты жыйноочулар айылдарда болгондо эл оозунан материалдарды гана жыйнап албастан, аларды түзүп, элге таратып жүргөн таланттуу адамдар менен бекем байланыш түзүштү. Алар жөнүндө кам көрүү өңдүү маанилүү иштерди да жүргүзүштү.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын бастырып чыгаруу, орус тилине которуу менен бирге изилдөө ишинин жүргүзүлүшү да аздап болсо да колго алына баштады. Казак элинин белгилүү жазуучусу, профессор Мухтар Оморханович Ауэзов «Манас» эпосун изилдөөгө белсенип киришти. Ал «Манас» эпосун үйрөнүүгө 1927-жылы кызыгып, анын эл арасында алган орду, жыйналыш тарыхы менен таанышат. Ошол жылдары жыйналган Сагымбайдын вариантын изилдөөнү колго алат. Кыргыздар арасында болуп, Саякбай, Молдобасан өңдүү манасчыларга эпосту айттырып угат. Элдик оозеки чыгармачылыктын башка түрлөрү менен таанышып, ал эл оозунан өзү жазып да алган. Акырында 1938-жылы «Манас» кыргыз элинин баатырдык эпосу» деген баалуу илимий эмгегин жаратат. Автордун «Манас» эпосуна арналган изилдөөсү 1959- жылы «Ар кыл жылдардагы ойлор»1 деген көлөмдүү илимий эмгектеринин жыйнагына кирип, толук түрдө жарыкка чыкты.

Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын орус тилине которуу да элүүнчү жылдары бир кыйла ийгиликтерге ээ болду. Кыргыздын жөө жомоктору бир нече жолу орус тилинде чыкты. Кенже эпостордун көпчүлүгү орус тилинде которулду. «Манас» эпосунан да айрым эпизоддор орусча чыкты. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгынын кээ бир үлгүлөрү, элдик акындардын ырлары да кыргыз поэзиясынын антологиясынан кеңири орун алды.

Кыргыз элинин оозеки чыгармалары боордош элдердин тилдерине да которулду. Кыргыздын жөө жомоктору, айрым элдик ырлардын түрлөрү украин, азербайжан элдеринин тилдеринде жарыкка чыкты. «Манастын» кыскартылып бириктирилген вариантынын үч бөлүгү толук түрдө казак тилине которулду. Эпостун «Манас» бөлүгүнүн биринчи китеби өзбек тилинде жарык көрдү. «Манас» эпосу тажик, каракалпак жана башка элдердин тилдерине да которулуп жатат.

Акыркы мезгилде кыргыз элинин оозеки чыгармаларынын үлгүлөрү чег элдердин тилдерине да которула баштады. Кыргыздын жөө жомоктору болгар тилине которулду. 1965жылы Бириккен Улуттар Уюмунун ЮНЕСКО деген органынын чечими боюнча «Эр Төштүк» француз тилинде басылды. «Манас» эпосунун үзүндүлөрү немец, француз тилдерине которулгандыгы жөнүндө да маалыматтар бар. Бул кыргыз элинин чыгармалары чет элдик тилдерге да которулуп, дүйнөгө кеңири белгилүү боло баштагандыгын көрсөтөт. Акындардын поэзиясын орус тилине которууда да бир кыйла бурулуштар жасалды.

Элүүнчү жылдары кыргыз элинин оозеки чыгармаларын жыйноо, изилдөө иши ар түрдүү болгондугу менен айырмаланат. Оозеки поэзиянын жанрдык, айрым тематикалык бөтөнчөлүктөрү өзүнчө изилденди. Мына ошондой проблемаларды көтөргөн талкууну Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тил жана адабият институту уюштурду.

Жыйынтыктаганда, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгын жыйноонун, басмадан чыгаруунун жана изилдөөнүн кыскача тарыхы мына ушундай мүнөздөлөт.

КЫРГЫЗ ЭПОСТОРУ

Кыргыз эли эпикалык чыгармаларга өтө бай.

Революцияга чейин эпикалык чыгармаларды сактап келген жана айта билген таланттуу адамдарды эл «жомокчу» деп аташкан.

Эпостор негизинен мазмунуна жана формасына карай шарттуу түрдө экиге бөлүштүрүлүп жүрөт: «Манас» жана кенже эпостор. «Манас» трилогиясы улуу эпоско кирет. «Кенже» деген термин кыргыз калган башка «Төштүк», «Курманбек», «Эр Табылды», («Кожожаш» «Жаныш, Байыш» «Жаңыл Мырза», «Олжобай менен Кишимжан», «Шырдакбек», «Саринжи-Бөкөй», «Кедейкан», «Мендирман» сыяктуу эпосторуна колдонулуп келе жатат. Көлөмүнүн залкарлыгы жагынан «Манас» трилогиясы гректердин «Илиадасы», «Одиссеи», финдердин «Калеваласвы», армяндардын «Давид Сасунскийи», ирандардын «Шах-намеси», калмактардын «Жангары», индустардын «Махабхараты» өңдүү дүйнөгө маалым болгон чоң эпостордон алда канча көлөмдүү. Окумуштуулар «Манас» трилогиясын поэзиянын океаны» деп аташынын мааниси да мазмунунун тереңдигине жана көлөмүнүн зордугуна байланыштуу айтылган.

Ошентип, чоң же улуу, жана кенже эпостор деген бөлүштүрүү бул чыгармалардын окуяларды камтышына карай келип чыккан.

Ал эми мазмуну, андагы окуялардын мүнөзү жагынан кыргыз эпосторун баатырдык жана турмуштук эпостор деп эки топко бөлүүгө болот. Биринчи тобуна баатырдык мазмундагы «Манас», «Семетей», «Сейтек», Курманбек», «Жаныш, Байыш», «Шырдакбек», «Эр Табылды», «Жаңыл Мырза» сыяктуулар, экинчи тобуна социалдык-турмуштук мазмундаш «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан», «Кедейкан», «Кожожаш» сыяктуу эпостор кирет.

Элдин ички душмандарына жана сырткы басып алуучуларына каршы салгылашкан күрөшү чыгармада өзөк катары алынып, мазмунунун каармандык мүнөздө болушу – баатырдык эпостордун маанилүү башкы белгилеринин бири. Эпостордогу элдик баатырлар жүргүзгөн күрөш жеке адамдын керт башынын таламы үчүн эмес, бардык элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлөт. Чыгармаларда баатырлар элине эркиндик алып берүүдө эли-жери үчүн жанын аябай эрдик көрсөтүп, өзү баатырларча күрөшөт. Акыры анын тарабындагылар жеңишке ээ болот.

Тарыхта кыргыздар чет жактан келген уйгур, монгол жана калмак баскынчыларына каршы эркиндик жана көз каранды эместик үчүн күрөшүп келгени белгилүү. Бул себептүү «Манас», «Курманбек», «Эр Табылды», «Шырдакбек», «Жаңыл Мырза», «Жаныш, Байыш» жана башка эпостордун негизинде эркиндик, көз каранды эместиктин идеялары жатат. Анын каармандары өз элинин эркиндигин бузган баскынчыларга каршы эр жүрөк күрөшүүчүлөр. Ал баатырлар укмуштуудай күчтүү, жанда жок акылдуу жана боорукер болуп сүрөттөлөт. Бул жагынан алар калың элдин чыныгы үмүт-тилектерин, идеалдарын чагылтып турат.

Кыргыздын баатырдык эпосторунун ичинен «Эр Төштүк» эпосу эң улууларынан болуп саналат, анткени бул эпос башка эпосторго караганда байыркы белгилерди көбүрөөк сактап калган. Бул өзгөчө алгачкы адамдардын мифологиялык түшүнүгү сакталганынан көрүнүп турат. Жер алдындагы ар түрдүү касиеттери бар кайнап турган көл, жалгыз көздүү дөөлөр, Чоюнкулактын өлбөстүгү, Чалкуйрук, Алпкаракуш, аюу жана кумурска, жолборстордун адамдык касиетке ээ болушу, ошондой эле, Төштүктүн жаны болот өгөөдө болуп, сандыкта сакталуусунда жана тескери каарман Чоюнкулактын жаны жети кучкачта болуп, дайыма сандыкка салынган түрүндө аркардын ичинде сактала турганын көрсөткөн мотивдер.

Жаратылыштын ар кандай сырдуу күчтөрү, теңсиздик менен күрөшүү, аларды жеңүү, гуманизм идеялары «Эр Төштүк» эпосунда кеңири чагылдырылган. Башкы каарман Төштүк жети баштуу желмогуз кемпир менен салгылашат. Анын кесепетинен жер астына түшүп кетет.

Бирок жердин алдына түшкөндөн кийин Төштүк кемпирден күчтүүлүк кылат. Төштүк кырк кулактуу казанды ыргытып жибергенде жети баштуу жезкемпир казандын астында калып өлөт.

Төштүк дөө-перилер менен эле күрөшпөстөн, жолборс, аюу, алпкаракуш жана кумурскаларды да баш ийдирип кызмат кылдыра алат. Төштүктүн укмуштуудай күчтүү, амал-айлалуу болуп, дөө-перилерди, жиндерди, ажыдаарларды, желмогуздарды талкалашы — бул элдин ар кандай укмуштар жөнүндөгү түшүнүгү кеңейип, адамдын кара күчкө караганда күчтүүлүк кыла турганын көрсөтөт.

Чыгышы жагынан баатырдык мүнөз «Манас» эпосуна да таандык көрүнүш. Байыркы уруучулук учурдан баштап, патриархалдык-феодалдык мамилелердин доору «Манас» эпосунда терең из калтырган. Ал элдин жеке, же коомдук маанидеги турмушунун бардыгы уруучулук мамиленин салты, жышанасы менен жөнгө салынганынан ачык байкалат. Алсак, элдик баатыр Манас жеке, же элдик ишти чечүүдө — уруу башчылары — алп Кошойго, акылман Бакайга кеңеш кошот. «Манас» эпосунун баатырдык мүнөзү — элдик баатырларда сыйкырдуу касиеттердин сакталгандыгынан да көрүнөт.

Манастын сыйкырдуу касиети, курал-жарагы, жоо кийимдерине байланыштуу сүрөттөлгөн. Манас ак олпок, боз кисе, туулга өңдүү кийимдерин кийгенде сыр найза, сыр бараң, зулпукор өңдүү курал-жарагын асынганда адам тик карай албайт. Тике маңдай келгенде ажыдаардай сүрдөнүп, капталынан кара чаар, кабылан чамынып, артынан бир нече сан кол келе жаткандай сезилет. Баатыр Манас жоо кийимдерин кийип турганда

«отко салса күйбөй, сууга салса чөкпөй, чапса кылыч, атса ок өтпөй калат. Ак олпок менен туулгасын кийип, боз кисесин курчанып турганда, эч бир жоо кармашып алы жетпеген, жеңе да албаган. Элдик баатырлардын бул сыяктуу сыйкырдуу касиеттери дүйнөлүк эпостордо кеңири тараган көрүнүш.

«Манас» эпосу идеялык мазмуну жагынан жалпы баатырдык эпосторго таандык белгилери менен бирге жеке өзүнө тиешелүү мүнөздүү өзгөчөлүккө да ээ. Эпос жаратылышы жагынан ар түрдүү окуяга өтө бай. Бул эпостун идеялык-мазмуну кеңири, көп жактуу жана көркөмдүгүнүн ар түрдүү болушуна түрткөн. «Манас» эпосунда элдин турмушунун кеңири берилиши, окуялуулугу — эпопеялык чыгарма экенин көргөзөт. Эпостун бул өзгөчөлүгү өткөн кылымда биринчи кагаз бетине түшүргөн, аны европалык элдерге белгилүү кылган казак окумуштуусу Чокон Валиханов тарабынан «Чоң эпопея» деген баа алууга татыган.

XIV—XVIII кылымдардагы калмактардын кыргызга жасаган чабуулдары, кыргыздардын чет душмандар менен жүргүзгөн кайраттуу күрөштөрү «Курманбек», «Эр Табылды», «Жаныш, Байыш» «Жаңыл Мырза» өңдүү кенже эпосторубуздун да мазмунун түзгөн. Курманбек, Табылды, Жаңыл элдин талабы, көпчүлүк массанын мүдөөсү үчүн баатырларча көрүшкөн элдик каармандар.

Баатырдык эпостордун сюжеттик өзөгүн ата-энесинин карыганча бала көрбөй теңирден тилек тилеп балалуу болушу, жаңы туулган балага салтанат менен ат коюу, баатырдын укмуштуу төрөлүшү, анын тарбияланышы жана өспүрүм кези, колукту издеши, үйлөнүшү, анан акыры кульминациялык момент — тышкы жана ички душмандарга каршы күрөшү өңдүү традициялык мотивдер түзөт. Баяндама баштан аяк баатырдык күрөштүн планында өтөт. Ошондой эле баатырдын төрөлүшүн, чоңоюшун баатырдык планда сүрөттөө кыргыз элинин баатырдык эпосуна мүнөздүү традициялык көрүнүштөрдөн болуп саналат. Мисалы, «Манас», «Шырдакбек» эпосторунда болочок баатырлар төрөлгөндө эле кан чеңгелдеп түшүшөт.

Баатырдык эпостордо массалык салгылашуулар, баатырдын душман өкүлдөрү менен жекеме-жеке беттешүүлөрү, анын оюн-тамашадагы баатырдыкты көрсөткөн мелдештери сүрөттөлөт. Согуштук өнөргө үйрөтүү, баатырлардын эрдиктери, амал- айлалары, салгылаштын жүрүшүнө да кеңири орун берилет.

Баатырлардын көрсөткөн бүткүл эрдик ишиндеги негизги бирден-бир ишенимдүү жолдошу жана жардамчысы анын аты болот. «Манас» эпосунда Аккула, «Эр Төштүктө» — Чалкуйрук, «Курманбекте» Телтору ат. Булар өзүнчө бир идеалдар: акылдуу, боорукер, шамалдай учкул жана кысталыш учурда тапкыч аттар. Эпостун мазмунуна ылайык алар апыртылып сүрөттөлөт.

Баатырлардын ишинин ийгиликтүү болушуна, же жеңилип калышына сөзсүз анын аты себепкер болот. «Курманбек» эпосунда душман тегерете курчап кирип келгенде, атсыз болгондуктан оор абалда калат. Бул көрүнүш кыргыздын баатырдык эпосторуна мүнөздүү көрүнүш.

Ал эми баатырдын айланасында кырк жигиттин топтолушу да традициялык мотивдерден. «Манастагы» «кырк чоро» «Курманбек», «Эр Табылды» ж. б. баатырдык эпостордогу кырк жигит согушта болсун, жай турмушта болсун баатырдын жөлөк-таянычы, жардамчысы катары сүрөттөлөт.

Баатырдык эпостордун дагы бир өзгөчөлүгү элдик баатырлардын келбети, тулпарлардын сыны, артыкчылыгы эпосто даяр ыр саптары менен берилет.

Традициялык салыштырууларды, көркөм эпитеттерди колдонууда да баатырдык эпостор өздөрүнө гана мүнөздүү өзгөчөлүккө ээ. «Арстан», «Көкжал», «Айкөл», «Кабылан», «Шер» деген көркөм эпитеттер туруктуу түрдө элдик баатырларга колдонулат. Баатырлар каарданганда «ач арстандай чамынып», «ажыдаардай түрлөнүп», «көк жолборстой сүрдөнүп» калат. Көркөм салыштыруулар аркылуу эпостогу каармандардын эрдиги, кейпи, курал-жарагынын, жоо кийимдеринин айырмачылыгы терс каармандарга карама-каршы коюлуп мүнөздөлөт.

Баатырлар согуш майданында «чопкут», «чарайна соот» «ок өтпөгөн ак олпок» кийип, сөзсүз «ак болот найза», «аккелте», «айбалта», «добулбас», «ак бараң», «жаа» жана башка ушу сыяктуу курал-жарактар менен жабдылган. «Найзасынын учунан жалындаган от күйүп» деп, баатырлардын курал-жарактары да укмуштуу. Баатырдык эпостордо бекем орун алып салт катарында колдонулган ык — элдик баатырдын карама-каршысында турган коркунучтуу душмандар менен катар эле ички душмандар, көпчүлүк учурда какбаш атасынын же агасынын жек көрүмчү образы түзүлөт. Мисалы, Төштүккө Элеман, Манаска Жакып, Курманбекке Теийтбек Табылдыга Кудайназар каршы коюлуп, элдик баатырдын образын тереңдетип ачууга көмөк берет. Мисалы, Манас ар кай жактан эркиндик издеп келген баатырларды тегерегине жыйнай баштайт. Бул аракет атасы Жакыпка жакпайт да. ошонун негизинде ар түрдүү кагылыштар болот.

Курманбектин атасы Тейитбек, кыргыз элинин жоосу калмактардын баатырлары менен жашырын байланышып алып, уулуна атын бербей, анын жеңилүүсүнө себепкер болот. Ушинтип, басып алуучулук аракетти көздөгөн сырткаркы душмандарга, эл арасындагы ынтымакты бузган ички душмандарга каршы күрөшүү, өз жерин, элин коргоо иштери баатырдык эпостун негизги идеялык мазмунун түзөт.

Кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгында турмуштук мазмундагы чыгармалар да көрүнүктүү орунду ээлейт. В. Радлов кыргыз элинин эпосу жөнүндө: «Кара-кыргыздар менен казак-кыргыздардын жөндөмдүүлүгүнүн, шыктуулугунун жана тарыхый өнүгүшүнүн ар түрдүүлүгүнө карай бул тектеш эки урууда элдик поэзия түрдүүчө мүнөзгө ээ болуп калган. Эгерде казак-кыргыздарда негизинен лирикалык поэзия өнүксө кара кыргыздарда, тескерисинче, эпикалык поэзия күчтүү өнүгүп элдик чыгармачылыктын башка тармактарын басып, лирикалык чыгармаларды четке сүрүп, ал гана эмес ылакап, жомок, аңгемелерди биротоло өзүнө сиңирип алган»1 деген.

В. Радловдун эпикалык поэзиянын гүлдөп өскөндүгү жөнүндөгү пикири туура, бирок «эпикалык поэзия элдик чыгармачылыктын бардык башка тармактарын басып кеткен» деген оюна кошулууга болбойт. Албетте, эпосто баатырдык күрөштөр өкүм сүргөн доорлор көбүрөөк сүрөттөлгөн. Бирок баатырдык эпикалык чыгармалар менен бирге кыргыздын элдик оозеки чыгармачылыгында жомоктор, легендалар, макал, ылакаптар, лирикалык жана турмуштук ырлар жана коомдук саясий мамилени, үй- бүлөлүк турмушту сүрөттөөгө арналган эпикалык чыгармалар да көп кездешет.

Турмуштук эпостор адам баласынын күндөлүк боло берүүчү кадыресе жашоо- тиричилигинин, элдин жашаган тарыхый кырдаалына жараша ал абалын, коомдон алган ордун, көз карашын, алга умтулуусун көрсөткөн. Мына ушуга байланыштуу эркин сүйүү, эски салт-санаага каршы күрөшүү, теңдик, адилеттүү хандар жөнүндө турмуштук ой тилектер көз караштар социалдык-турмуштук эпостордун негизин түзөт. Кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармачылыгындагы мындай мүнөздөгү эпосторуна «Кожожаш», «Кедейкан», «Саринжи-Бөкөй», «Олжобай менен Кишимжан», «Мендирман» өңдүүлөр кирет.

Адамдардын аңчылык кесиби, жаратылышка болгон анимистик көз карашы жана адамдардын жаратылыштын каардуу күчүн багынтуу аракети «Кожожаш» эпосунда кеңири чагылдырылган. Эпостун негизги каарманы Кожожаш — эл камын ойлогон көзгө атар мерген. Ал ала баш текени баш кылып атып алат да, Сур эчкинин артынан түшөт. Бирок акыры Кожожаш Сур эчкинин каргышына калып, асканын боорунда калат.

Байыркы адамдар аң-сезиминин өсүп жетиле элек мезгилинде жаратылыштын айрым көрүнүштөрүн, жан-жаныбарларды «касиеттүү» өзгөчө күч деп келишкен. Ушул карапайым түшүнүк да Сур эчкини ыйык, кайберен катары баалоого алып келген.

Ал эми «Кедейкан» эпосундагы окуялардын негизги мазмундук өзгөчөлүгүн кедей менен кандын, кембагал менен байлардын ортосундагы карама-каршылык, таптык күрөш түзөт.

Патриархалдык-феодалдык түзүлүштүн убагында эксплуатациянын ар кандай формалары болгон да, алар кедей массаларын оор абалда жашоосуна алып келген.

Албетте мындай шартта Кедейкандын образы аркылуу эл өзүнүн адилет башкаруучу жөнүндөгү ой-тилегин берүүгө аракет кылган.

Патриархалдык-феодалдык түзүлүш коомдун экономикалык жактарында гана үстөмдүк кылбастан, үй-бүлө мамилелеринде да үстөмдүк кылган. Ал эми үй-бүлө жана нике мамилелери «Саринжи-Бөкөй», «Олжобой менен Кишимжан» сыяктуу турмуштук поэмаларда кеңири орун алган. Жогорку аты аталган эпостордо өткөндөгү нике, үй-бүлө мамилелеринин калдыктарын сындоо пафосу күчтүү, андай көз караш аркылуу патриархалдык-феодалдык коомдун көрүнүш адаттары, норма жана нравалары да даана чагылдырылат.

Турмуштук эпосто үй-бүлө, нике мамилелери менен тыгыз бирдикте кыргыз элинин башка адат, салттары да ачык элестетилет. Бул жагынан алганда кыргыз элинин турмуштук эпосу кыргыздардын өткөндөгү этнографиясын үйрөнүүдө, сөзсүз, баалуу чыгармалардан боло алат. Анда үйлөнүү тоюна мүнөздүү болгон адат, салттардын бардык этаптары жогорку чеберчиликте, кеңири планда сүрөттөлөт. Мисалы, «Олжобай менен Кишимжан» аттуу турмуштук эпосту алып карай турган болсок, эң алды менен окуя Солтобайдын бөлөк уруудан кыз издеши менен жана анын куда түшүүсү менен башталат. Бул жерде негизги ролду Курама ойнойт. Ал Солтобайдын атынан Бегимжанга куда түшүүгө барат. Ал кыргыз элинин адат-салтына ылайык жылуу орду менен сүйлөнгөн акыл-насаат сөздөр менен Бегимжандын ата-энелерин, ага туугандарын куда түшүүгө макулдатат.

Баатырдык эпостордо жогору жакта айтылгандай, сүйүү, үйлөнүү сыяктуу турмуштук темага да тиешелүү көңүл бурулат. Бирок, бул маселелер түздөн-түз баатырдык темага баш ийдирилип, аны менен тыгыз байланыштуу берилет. Баатыр белгилүү бир сулууга үйлөнүүдөн мурун көбүнчө өзүнүн баатырдыгын, эрдигин көрсөтүшү зарыл болгон. Мисалы «Курманбек» эпосунда Канышайдын атасы Огандын ханы Бахбурхандын:


Мени сайып ким жыкса,

Канышайды берем деп, Каалап жүргөн шарты бар.


Ошентип, Бахбурхан ким аны согушта жеңип чыкса ошого гана кызын берүүгө макул экендигин айтат. Бахбурхан Курманбектен жыгылгандан кийин төрт ак өргөө көтөрүп, Курманбекти шаан-шөкөт менен түшүрүп кызын берет.

Кыргыз элинин маданий турмушунда эпостордун мааниси, алган орду өтө зор. Эпостор элдин өткөндөгү турмушун, үрп-адатын, көз карашын жана маданий ал-абалын кең-кесири көркөмдүктө сактай алган. Кыргыз элинин оозеки поэзиясында кандай жанр, түр, ык түзүлгөн болсо, аларды ар бир эпостон кеңири жолуктурабыз. Элдик поэзиянын түрлөрүн кыргыз эпостору өз боюна кеңири сиңирип келген. Алсак, элдик макал, ылакаптар эпостордо өтө көп айтылат. Эпостордун айрым ыр саптары да макал, ылакап түрүндө элге кеңири тарап кеткен. Бул эпостордун кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы менен бекем байланышып, бирдикте өнүккөнүн көрсөтөт. Аны менен бирге эпостордо элдик искусствонун башка түрлөрүнүн элементтери да кошо айтылып келген. Бул кыргыз эпосторунун нагыз элдик чыгармалар экендигин айгинелеп, элибиздин маданий турмушунда алган ордун даана көрсөтөт.

Жалпысынан кыргыздын эпосторунун мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнүн бири — негизинен чылк ырдан түзүлгөндүгү, анын мазмунуна татыктуу обон менен айтылгандыгы болуп саналат. Аткарылышы, түзүлүшү жагынан да кыргыздын эпосторунун мүнөздүү айырмачылыктары кездешет. Кыргыз элинин көпчүлүк эпикалык чыгармалары чылк ырдан курулган, кээ бирлеринде окуя менен окуяны байланыштырууда, кээ бир көрүнүштөрдү элестетүүдө прозалык вставкалар колдонулат.

Ошондой эле, ар бир эпикалык чыгарманын мазмунуна татыктуу обону болот. Кээ бир эпостор комуздун же кыл кыяктын коштоосу менен аткарылган. Эпосторго күүнүн, обондун айтылышы да ар кыл чыгат. Эпикалык чыгармаларда окуя адегенде жай башталып, окуянын жүрүшүнө жараша кызыйт, курчуйт. Барган сайын темпи көтөрүңкү тонго өтөт. Музыковеддердин байкоосуна караганда жалгыз «Манас» трилогиясы жыйырмадан ашык элдик обон-күүнү ичине алат. Бул кыргыз эпосторунда элдик обон менен күүнүн көптүгүн, ар түрдүү формада айтылгандыгын көрсөтөт.

Ошентип, баатырдык эпостордун мазмуну сырткы басып алуучулардан элдин көз каранды эместигин коргоо үчүн болгон күрөш жөнүндөгү жогорку элдик идеяга ылайык өнүгүп-өссө, турмуштук эпосто кыргыз элинин үй-бүлө нике мамилелери чагылдырылат жана ага байланыштуу патриархалдык-феодалдык коомдун тескери салттары, традициялары ашкереленет.

Кыргыз элинин эпикалык чыгармалары элдин өткөн турмуш элесин, умтулуштарын көркөм баяндоо менен катар жогорку патриотизм, гумандуулук, адамгерчилик, туруктуулук өңдүү жогорку сапаттарды даңазалап көрсөткөндүгү менен баалуу.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!