СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Эл аралык мамилелер системасынын моделдери

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Эл аралык мамилелер системасынын моделдери»

12 ЛЕКЦИЯ.

САБАКТЫН ТЕМАСЫ; ДИПЛОМАТИЯ МАМЛЕКЕТТИН КЫЗЫКЧЫЛЫГЫН КӨЗДӨГӨН КЕСИП КАТАРЫ

ПЛАН;

1. Дипломатия мамлекеттик ишмердүүлүк катары

2. Дипломатиялык ишмердүүлүктүн негизги формалары жана азыркы дипломатиянын түрлөрү

3. Дипломатиянын түрлөрү, принциптери, мүнөздүү методдору, тенденциялары


1. Дипломатия мамлекеттик ишмердүүлүк катары

Дипломатия деген сөз грек тилинин “diploma” деген сөзүнөн келип чыккан. Байыркы Грецияда маанилүү каттар жана документтер мом шыбалган тактайларга жазылып жиберилген. Түшүрүлгөн текст сакталып калышы үчүн тактай мом шыбалган жагы ичине каратылып бүктөлгөн. Diploma «экиге бүктөлгөн» дегенди жана Diploma сөзү мамлекеттик жана расмий документ дегенди билдирген.

Тарыхта мамлекеттик жана расмий документ катары депеша, грамота, нота, каттар эсептелген. Ошондой эле аларды жеткирүүчү адам дипломат деп аталган. Бара-бара дипломаттардын аткарган кызматтары кеңейип, алар катардагы жеткирүүчүлөр эле болуп кала бербестен, дипломатия кесип жана илим да болуп калды.

Албетте, дипломатия адам баласы пайда болгондон тарта эле болуп келген. Бирок өзүнчө мамлекеттик ишмердүүлүктүн өзгөчө түрү катары кесип болуп XVI-XVII кылымдарда гана кеңири тарала баштаган. Ошол учурда мамлекеттик органдар тутумунда башчылардын ортосундагы кат алышууну камсыздаган, чет мамлекеттик делегацияларды жана элчилерди кабыл алган, сүйлөшүүлөргө даярдык көргөн ж.б. тышкы мамилелерге байланышкан иштерди аткаруучу атайын ведомстволор пайда болгон.

«Дипломатия» түшүнүгүнө ар кандай аныктамалар берилип келет. Белгилүү анлгис дипломаты Э.Сатоу бул түшүнүккө мындай аныктама берген: «эгемендүү мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы расмий байланыштарды түзүүдө акыл менен сылыктыкты колдонуу».

Эл аралык байланыштар боюнча юрист, улуту немец Г.Мартенс

«дипломатияга» мындайча аныктама берет, анын ою боюнча «бул тышкы байланыштар же мамлекеттин тышкы иштери жөнүндө илим, ал эми тар

мааниде – бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чеберчилиги же илими». Оксфорд сөздүгүндө дипломатияга «эл аралык мамилелерди сүйлөшүүлөр аркылуу жүргүзүү» деген аныктама берилген.

Арийне, дипломатия тышкы саясаттын ажырагыс бир бөлүгү катары жалаӊ гана сүйлөшүүлөр менен чектелбеси анык. «Дипломатиялык сөздүктө» – «дипломатия согуштук эмес чараларды, ыкмаларды жана методдорду камтыган, аларды колдонууда конкреттүү шарттарды жана чечилүүчү маселелердин мүнөзүн эске алган мамлекеттин тышкы саясатын ишке ашыруучу каражат; мамлекет, өкмөт башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин, чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык конференцияларда өлкөнүн тышкы саясатынын маселелерин ишке ашыруу максатында иш алпарган делегациялардын расмий ишмердүүлүгү; эл аралык түшүнбөстүктөрдү алдын алуу же жөнгө салуу максатында, бир сөзгө келүү жолдорун же эки тарапка бирдей пайдалуу чечимдерди издөө, ошондой эле эл аралык кызматташууну тереңдетүү мүмкүнчүлүктөрүн кароо болуп эсептелинет».

«Дипломатия» түшүнүгүнө берилген аныктамаларды карап чыгып, бардык авторлор келтирген дипломатиянын төмөнкү мүнөздөмөлөрүн белгилеп кетсек болот:

  • дипломатия ишмердүүлүк катары мамлекеттин эл аралык мамилелери жана алакалары менен байланыштуу;

  • тышкы байланыштарды түзүү үчүн дипломатияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл;

  • дипломатиялык мамилелердин катышуучулары – мамлекеттин кызмат жактары. Алар дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен тикелей алектенишет.

2. Дипломатиялык ишмердүүлүктүн негизги формалары



Дипломатия ишмердүүлүк катары практика жүзүндө кандайдыр бир чектөөлөр аркылуу ишке ашып, дипломатиялык кызмат түрүндө берилет.

Бул кызмат тышкы иштер ведомстволорунун жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле дипломатиянын маселелерин чечүүчү башка тышкы байланыш органдарындагы дипломатиялык кадрлардын ишин чагылдырып, ошол мамлекеттин дипломатиялык иштерин алып барган дипломатиялык органдардын тутуму катары каралып келет.

Дипломатиялык кызмат – бул өзүнүн иш-милдеттерине саясий маселелерди чечүүдөн башка да мамлекеттин тышкы саясий ведомстволорунун жана анын жетекчилигинин натыйжалуу иштеши үчүн адистер менен камсыздоого багытталган көптөгөн административдик- башкаруучулук мүнөздөгү милдеттерди да камтыган ишмердүүлүк. Дипломатиялык кызмат белгилүү өзгөчөлүктөргө ээ:

  • ага жүктөлгөн маселелердин саясий мүнөздө болуусу;


  • кызматкерлердин өз ишин мыкты билүүсү, иш-милдеттерди, жоопкерчиликтерди так бөлүштүрүү;

  • ири көлөмдөгү маалыматты керектөөчүлөргө сунуштоо үчүн маалыматты чогултууну, иштеп чыгууну жакшы билүү;

  • ар кандай уюмдарга караштуу тышкы байланыш органдары менен тыгыз иш жүргүзүү.

Дипломатиялык ишмердүүлүктүн формалары – бул дипломатияны уюштуруп, жүргүзүүгө жардам берген мамлекеттик жана эл аралык-укуктук институттар, өзүнүн алкагында дипломатиялык ишмердүүлүктү иш жүзүнө ашырган уюштуруу формалары. Дипломатиянын негизги формалары: 1) дипломатиялык кат алышуу; 2) ар кандай деңгээлдеги мамлекет өкүлдөрүнүн жолугушуулары; 3) көп жана эки тараптуу эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды даярдоо жана түзүү; 4) ар кандай уюмдарга тиешелүү тышкы байланыш органдары менен тыгыз иш жүргүзүү; 5) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; 6) эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүндө мамлекеттик өкүлдөрдүн катышуусу; 7) чет өлкөлөрдө өз мамлекетинин жана жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо; 8) келген өлкө (страна пребывания) туурасында маалымат чогултуу; 9) өкмөттүн тигил же бул тышкы саясат маселелери боюнча көз карашын жалпыга маалымдоо каражаттарында (ЖМК) чагылдыруу, расмий маалыматты жарыялоо; 10) эл аралык актыларды жана документтерди басып чыгаруу.


3. Дипломатиянын түрлөрү, принциптери, мүнөздүү методдору, тенденциялары

Учурдагы эл аралык мамилелердин өнүгүүсүндө дипломатиянын ар кандай түрлөрү орун алууда: ачык, жашырын, көп тараптуу, расмий, элдик, жеке, экономикалык, согуш ж.б.

Дипломатиянын төмөндөгүдөй принциптери бар:

  • жалпы;

  • атайын;

  • укуктук.

Жалпы принциптерге: эгемендүүлүктү таануу, күч колдонуу коркунучунан баш тартуу, тең укуктуулук, мамлекеттин ички иштерине кийлигишпөө ж.б. кирет.

Атайын (кесиптик) принциптер: дипломатиялык байланыштагы бардык өнөктөштөрдүн тең укуктуулугу жана бири-бирин сыйлоо, өз кызыкчылыктарын коргоо, өнөктөштөрдүн кызыкчылыктарын эске алуу, өз убагында бүтүрүлгөн жана алдын алып-эскертүүчү мүнөздөгү дипломатиялык иштин оперативдүүлүгү, милдеттенмелерди сөзсүз аткаруу, тышкы саясаттын максаттарынын жана кызыкчылыктарынын ролун аныктаган максаттуулук, эл аралык укуктардын жана эл аралык салттардын жалпы кабыл алынган ченемдерин тутуу ж.б.

Укуктук принциптер: 1) коомдо басымдуулук кылган саясий күчтөрдүн укуктук көз караштарынын мамлекеттин тышкы байланыш тутумунун укуктук уюштурулушуна шайкеш келүүсү; 2) мамлекеттин тышкы иштеринин бардык аспектилеринин конституцияга шайкеш келүүсү; 3) тышкы саясаттын эл аралык укуктун ченемдерине шайкеш келүүсү.

Дипломатиянын методдору деп өкмөткө, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жана белгилүү саясий чөйрөлөргө таасир этүү жолдорун айтабыз. Дипломатияда мындай жолдор көздөгөн тышкы саясий максаттарга жетүү үчүн колдонулуп келет. Мындай таасир этүү жолдордун жыйындысы дипломатия чеберчилигин түзөт. Азыркы дипломатияга төмөнкү методдор мүнөздүү:

  1. тике дипломатиялык сүйлөшүүлөр (көп тараптуу жана эки тараптуу);

  2. агрессия саясаты, терроризм, улутчулдук, расизм, радикализм менен күрөшүүгө демократиялык кеңири жамаатты тартуу;

  3. "челноктук дипломатия", ортомчулук;

  4. эл аралык аренада иш-аракеттердин айкындуулугу;

  5. ыкма издөө, каршылаштардын (өнөктөштөрдүн) карама– каршылыктарын колдонуу;

  6. мамлекет башчыларынын тике сүйлөшүүлөрү, жогорку деңгээлдеги жолугушуулар;

  7. ультиматумдар;

  8. компромисске баруу;

  9. саясий, экономикалык ж.б. коркутуу, шантаж кылуу, алардын ичинде эл аралык жалпы кабыл алган укуктук ченемдерди бузуу менен басым жасоо;

  10. тышкы саясий максаттарга жетүү үчүн жумшак күчтөрдү колдонуу;

  11. өлкөлөрдүн ички келишпестиктерин жана карама-каршылыктарын өлкөлөргө карата жүргүзүлгөн дипломатиялык иштерде колдонуу;

  12. дипломатиянын маселелерин чечүүгө бейөкмөттүк уюмдарды активдүү катыштыруу.

Азыркы ааламдашуу учурунда дипломатия кызматы кандайыр бир өзгөчөлүктөргө жана айрым тенденцияларга дуушар болууда:

  1. Көздөгөн максаттарына ылайык азыркы дипломатияга экономика жана соода багыты мүнөздүү.

  2. Алдын алуучу мүнөзгө жана иштин жогорку оперативдүүлүгүнө ээ болуу.

  3. Чечимдерди кабыл алууда элчилер менен дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башка жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын тарышы.

  4. Дипломатиянын алдына коюлуучу маселелердин ар түрдүүлүгү жана алардын санынын өсүшү.

  5. Жеке дипломатиянын жандануусу (эл аралык көйгөйлөрдү чечүүгө мамлекет башчыларынын түз катышуусу), көп тараптуу дипломатиянын жандануусу (эл аралык уюмдардын санынын көбөйүшү, ааламдашуу жана региондошуу процессинин жүрүшү), элдик дипломатиянын жандануусу.

  6. Дипломатиялык практикада адистердин катышуусу.

  7. Чечимди кабыл алуу процессинин көп бөлүгүн борбордук органдарга өткөрүү.

  8. Дипломатиялык ишке илимдин, интернеттин, байланыштын, транспорттун таасиринин тийиши.

  9. Чакан өлкөлөрдүн санынын жана таасиринин өсүшү.


Кайталоо үчүн суроолор:

  1. Дипломатия деген сөздүн маанисин түшүндүргүлө.

  2. Мамлекеттик ишмердүүлүктүн маңызы эмнеде?

  3. Дипломатиялык ишмердүүлүктүн негизги формаларын атагыла.

  4. Учурдагы дипломатиянын түрлөрүн атагыла.

  5. Дипломатиянын принциптерин атагыла.

  6. Дипломатиянын мүнөздүү методдору кайсылар?

  7. Дипломатиялык кызматтын өзгөчөлүктөрүнүн мааниси эмнеде?

Колдонулган адабият:

    1. Зорин В.Я. «Основы дипломатической службы». - М., 1977.

    2. Ковалев А.Н. «Азбука дипломатии».- М., 1993.

    3. Сатоу Э. «Руководство по дипломатической практике». - М.,1961.

    4. Саралинов М. Дипломатическая и консульская служба. –Бишкек, 2013

    5. Попов В.И. «Современная дипломатия. Теория и практика». - М., 2003.

    6. Фельдхем Р. Дж «Настольная книга дипломата». Минск, 2000.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!