СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Экзамендик билеттер

Категория: Физика

Нажмите, чтобы узнать подробности

билет

Просмотр содержимого документа
«Экзамендик билеттер»

Түшүндүмө кат


10-класстын көчүрүү экзаменине карата билеттер төмөндөгүдөй түзүлдү:


А) билеттердин саны- 25

Б) экиден суроо теориялык билимдерин көрсөтүүгө арналып базалык курстун негизинде түзүлдү

В) үчүнчүсү маселе чыгурууга же практикалык ишке ылайык тапшырмалар берилген:

маселе -22

практикалык иш-3


Практикалык иштер:

1. Ток күчүнүн чыңалуудан көз карандылыгын аныктоо

2. Математикалык маятниктин жардамы менен эркин түшүүнүне ылдамдыгын аныктоо

3. Кургак жана нымдуу термометрлерди пайдаланып, абанын салыштырма нымдуулугун аныктоо


Г) Колдонулуучу куралдар: кургак жана нымдуу термометрлер, математикалык маятник, штатив, секундамер, реостат, резистор, амперметр, вольтметр, ток булагы, өткөргүчтөр.


Д) Даярдануу убактысы: 15-20 минута

Окуучулардын билимин баалоо


Ал эми окуучулардын билимдерин жана билгичтиктерин баалоо баалоонун нормалары боюнча жүргүзүлөт. Физикалык билимдердин системасынын айрым элементтерине коюлуучу талаптарды эске алуу менен окуучулардын билимдери жана билгичтиктери бааланат.


Белетти түзүүдө төмөнкүдөй адабияттар колдонулду.


Физика. Жалпы билим берүүчү орто мектептер үчүн программалар: VII – XI кл.: 7-бас. – Б., “Билим” басма борбору, 2014-ж. Автор-түзүүчүлөр: Э.Мамбетакунов, Т.Карашев, Б.Мурзаибраимова.

Физика 10-класс. Физика: М.Койчуманов, О.Сулайманова Физика: Орто мектептин 10-классы үчүн окуу китеби. – Б., “Инсанат” басма борбору, 2008-ж.

Физика. Жалпы билим берүүчү мекемелердин окуучулары жана жогорку окуу жайларга тапшыруучулар үчүн тест тапшырмалар жыйнагы. – Б., 2001-ж.








Физика сабагынан 10-классы үчүн көчүрүү экзаменине

карата түзүлгөн билеттер


Билет №1

1.Кинематика деген эмне? (кыймылдын түрлөрү)

2.Металлдардын электрдик өткөрүмдүүлүгү

3.Маселе иштөө

Күчү 1,4А ге жеткен токко туташтырылган электролиттерди кандайдыр бир суюктукка салгандан 30 секунда өткөндөн кийин катоддун бетине 0,042 г массадагы зат пайда болгон. Берилген заттын электрохимиялык эквиваленттин тап.



Билет №2

1.Ийри сызыктуу кыймыл (айлана боюнча кыймыл, бурчтук, сызыктуу ылдамдыктар, борборго умтулуучу ылдамдануулар)

2.Плазма жана анын колдонулушу

3.Маселе иштөө

Каршылыгы 8Ом реостаты ЭККү 12В жана ички каршылыгы 4Ом болгон ток булагына туташтырылган. Чынжырдагы ток күчүн тап.



Билет №3

1.Ньютондун закондору

2.Газдагы ток

3.Маселе иштөө

Эгерде чоңдугу 1,6· Кл болгон зарядын ток булагы ичинде бир уюлдан экинчи уюлга которууда бөтөн күч 3,2· Дж жумуш аткарса, анда ток булагынын ЭККүн тап.



Билет №4

1.Импульс. Импульстун сакталуу закону.

2.Суюктуктагы электр тогу.

3.Практикалык иш

Кургак жана нымдуу термометрлерди пайдаланып, абанын салыштырма нымдуулугун тап.



Билет №5

1.Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону

2.Жарым өткөргүчтөгү ток

3.Маселе иштөө

Узундугу 6м, туурасынан кесилиш аянты 6 болгон платина зымынын каршылыгы кандай? ρ=0,1 Ом·


Билет №6

1.Оордук күчү. Салмак

2.Термоэлементтер. Термобатареялар.

3.Маселе иштөө

Берилген ток булагынын ЭККү 12В. Анда 50Кл болгон зарядын ток булагы ичинде бир уюлдан экинчи уюлга которууда бөтөн күч кандай жумуш аткарат?



Билет №7

1.Жердин жасалма спутниктери.

2.Омдун закондору.

3.Практикалык иш

Математикалык маятниктин жардамы менен эркин түшүүнүн ылдамдануусун аныкта.



Билет №8

1.Сүрүлүү күчү

2.Ток булагы. Ток булагынын ЭЭК.

3.Маселе иштөө

t = 20°С температураны абсолюттук температурага айландыр


Билет №9

1.Жумуш

2.Ток күчү.Электр тогу.

3.Маселе иштөө

Чолпондун орточо тыгыздыгы 5200кг/ , ал эми радиусу 6100 км. Чолпондун бетиндеги эркин түшүүнүн ылдамдануусун эсепте.



Билет №10

1.Кубаттуулук.

2.Жалпак конденсатордун электр сыйымдуулугу.

3.Маселе иштөө

Эгерде 100г металлды 20°С ден 24°С ге чейин температурасын жогорулатуу үчүн 152 Дж жылуулук саны талап кылынса, анын салыштырма жылуулук сыйымдуулугун аныкта.



Билет №11

1.Энергия. Механикалык энергиянын түрлөрү.

2.Электр сыйымдуулугу. Конденсатор.

3.Маселе иштөө

Каппилярдык түтүктүн диаметри 0,2мм. Ушул түтүк боюнча суу канча бийиктикке көтөрүлгөн?


Билет №12

1.Деформация. Серпилгич күчү. Гуктун закону.

2.Потенциал. Потенциалдардын айырмасы.

3.Маселе иштөө

Чоңдуктары 10нКл болгон эки заряддын аралыгы 3см болсо, кандай күч менен өз ара аракеттенишет?


Билет№13

1.Паскаль закону.

2.Электр талаасы. Электр талаасынын күч сызыктары.

3.Маселе иштөө

Кургак термометр 20°Сди, ал эми нымдуу термометр 15,5°Сди көрсөтүп турат. Абанын салыштырма нымдуулугун тап.


Билет №14

1.Архимед закону

2.Нерсени заряддоо

3.Практикалык иш

Ток күчүнүн чыңалуудан көзкарандылыгын аныкта

Колдонулуучу куралдар: реостат, резистор, амперметр, вольтметр, ачкыч жана өткөргүчтөр


Билет №15

1.Бернулли теңдемеси

2.Кулон закону

3.Маселе иштөө

Суунун беттик тартылуу коэффициентин аныктоо үчүн тешигинин диаметри 2мм болгон тамчылаткыч пайдаланылган. 40 тамчынын массасы 1,9г болгон.Ушул маанилер боюнча суунун беттик тартылуу коэффициентин тапкыла.


Билет №16

1.Механикалык эркин жана аргасыз термелүүлөр, анын мүнөздөмөлөрү.

2.Аморфтук жана кристаллдык катуу нерселер.

3.Маселе иштөө

20м/с ылдамыкта кыймылдаган нерсенин кинетикалык энергиясы 2400Дж болсо, анын массасы канча болгон?


Билет №17

1.Толкун. Толкундун негизги мүнөздөмөлөрү жана түрлөрү.

2.Когеренттүү булактар.

3.Маселе иштөө

Идиштеги көлөм бирдигиндеги молекулалардын саны =3· . Эгерде газдын температурасы t= С болсо, газдын басымы эмнеге барабар?



Билет №18

1.Толкундун интерференциясы, дифракциясы.

2.Когеренттүү булактар.

3.Маселе иштөө

600Дж жылуулук саны берилген, газ 200Дж жумуш аткарса, анын ички энергиясы канчага көбөйгөн?


Билет №19

1.Үн толкундары жана анын мүнөздөмөлөрү.

2.Суюктуктар . Беттик тартылуу.

3.Маселе иштөө

Слюдалык конденсатордун пластиналарынын аянты 15 , аралыгы 0,02см болсо, конденсатордун сыйымдуулугун аныкта.




Билет №20

1.Молекулалардын кинетикалык теориялык негизги жоболору.

2.Карно цикли.

3.Маселе иштөө

Массасы 2 кг болгон жүк динамометрге илинип коюлган. Эгер жүк 3м/ ылдамдануу менен бир калыпта көтөрүлсө, динамометрдин көрсөтүүсү кандай болот?


Билет №21

1.Моль масса. Заттын саны. Авогадро саны.

2.Термодинамиканын биринчи закону.

3.Маселе иштөө

Массасы 200 г болгон шарик 150м/с ылдамдык менен келе жатып, массасы 100 г болгон кыймылсыз шарикке урунат. Урунушуудан кийин ошол эле багытта шарик 250 м/с ылдамдыкка ээ болсо, анда биринчи шариктин ылдамдыгы канчага барабар болуп калат?


Билет №22

1.Температура.

2.Термодинамикадагы жумуш.

3.Маселе иштөө

Чыңалуусу 220В болгон электр чынжырына каршылыгы 22Ом болгон электр куралын туташтырган. Электр куралы аркылуу өткөн токтун күчү кандай?


Билет №23

1.Идеалдык газдын абалынын теңдемеси.

2.Жылуулук саны.

3.Маселе иштөө

Радиусу 0,5м болгон дөңгөлөктүн четки чекиттеринин сызыктуу ылдамдыгы 3м/с. Алардын борборго умтулуучу ылдамдануусу эмнеге барабар?

Билет №24

1.Реалдык газ.

2.Ультра үн .

3.Маселе иштөө

Күчү 2А болгон токко туташтырылган өткөргүчтүн туурасынан кесилиш аянты аркылуу 8 секунда ичинде канча электрон өтөт? е=1,6· Кл


Билет №25

1.Буулануу. Кайноо.

2.Жарым өткөргүчтүү күн батареясы.

3.Маселе иштөө

Заряддаганда чыңалуусу 42кВ болгон конденсатор 63нКл заряддга ээ болсо, анын сыйымдуулугу кандай болот?


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!