Ош гуманитардык педагогикалык институту
МЖКТФ
Тема: экологиялык фактор
Мугалим:
Студент: Советбек кызы Зулайка
Тайпа: Ин-20
Организмге терс жана оң таасир этип туруучу чөйрөнүн, шартардын элементтери экологиялык факторлор деп аталат.
Экологиялык факторлор үчкө бөлүнөт:
1.Абиотикалык факторлор:
2. Биотикалык факторлор
3. Антропогендик фактор
1.Абиотикалык факторлор: температура, жарык, радиоактивдүү нурлануу, басым, нымдуулук, суунун химиялык, иондук составы, шамал, суунун агымы, жердин рельефи. Булар жансыз табитый факторлор.
Биотикалық факторлор деп, тирүү организмдердин бири-бири менен болгон катнаштарын айтабыз.
М: жаныбарлар, өсүмдүктөр, микроорганиздер түздөн-түз же кыйыр түрүндө терс, оң же эч кандай таасир этпестен бири-бири менен тыгыз байланышта жашашат.
Адам баласыныи жаратылышка түрдүүчө таасир этүүсүнүн натыйжасында антропогендик факторлор келип чыгат жана аларды бир нече түрлөргө бөлүүгө болот.
- 1.Түз таасир этүү
- 2 Кыйыр түрүндө таасир этүү
- 3. Комплекстик таасир этүү
- 4. Стихиялык таасир этүү
- 5. Аң сезимдүү таасир этүү
1.Түз таасир этүү адам баласы маданий өсүмдүктөрдү эгүү максатында, ар түрдүү турак жайлары, жолдорду куруу максатында табигый биогеоценоздорду бузууда.
2 Кыйыр түрүндө таасир этүү адам баласы өзүнүн өнөр жай ишмердүүлүгүнүн продуктылары аркылуу кыйыр түрүндө таасир этет. Мисалы жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалар күйүүчү заттарды күйгүзүү менен андан бөлүнүп чыккан жылуулук энергиясы атмосферада жылуулуктун жогорулоосуна алып келет жана бул организмдерге терс таасирин тийгизет.
3. Комплекстик таасир этүү адам баласы организмдердин кайсыл бир түрүнө таасир этүү менен ал организмге аркылуу башка организмдерге да комплекстүү түрдө таасир этиши мүмкүн.
- Мисалы кемирүүчүлөрдү жок кылуу максатында уулуу заттарды колдонуп аларды жок кылат(түз таасир этүү), бирок химиялык заттар жаратылышта бузулууга аз учурайт да, жаратыльшта топтолуп,тамак прдуктылары организмдерге түшүп калат жана организмдердин уулануусуна алып келет (кыйыр таасир этүү).
4. Стихиялык таасир этүү адам баласы эч кандай максатсыз түрдө жаратылышка таасир этүүсү мүмкүн.
Мисалы талаада, токойдо, эс алуу учурунда өсүмдүктөрдү тебелеп тепсеп же майда курт кумурскаларды басып алуусу, гүлдөрдү үзүп алуусу ж.б. кирет.
5. Аң сезимдүү таасир этүүсү (пландаштарылып, кандайдыр бир максатты көздөгөн) адам баласы тарабынан адамга көбүрөөк киреше алып келүүчү биоценоздорду түзүү болуп эсептелет
Мисалы табигый экосистемаларды бузуу менен маданий өсүмдүктөрдү өстүрүү, өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун жана жаныбарлардын жаңы породаларын ойлоп чыгаруу, кен байлыктарды казып алуу ж.б.
- Экологиялык факторлор жаратылышта дайыма биргелешип таасир этишет.
Организм жашай турган же жашай албай турган экологиялык факторлордун төмөнкү жана жогорку чек арасы чыдамдуулук чеги деп аталат.
Факторлордун организмдерге комплекстүү ченемдүүлүгү төмөндөгүдөй болуп бөлүнөт.
- А) Оптимум эрежеси таасир этүү .
-
- б) Экологиялык факторлордун өз ара таасир этүү эрежеси
-
- в) Лимиттик (алмаштырылгыс) факторлор эрежеси
-
-
А) Оптимум эрежеси. Бул эрежеге ылайык экосистема үчүн, организм же өрчүүсүнүн белгилүү бир стадиясына чөйрөнүн факторунун ыңгайлуу диапозону таандык Бул оптимум зонасында организм активдүү түрдө тамактанат, өсөт, өрчүй алат. Ал эми, тескерисинче, организмдерге терс таасир эткен экологиялык факторлордун өлчөмү пессимум деп аталат.
Б) Факторлордун өз ара таасир этүү эрежеси.
- Бул эреженин негизги маңызы кээ бир факторлор экинчи бир фактордун таасирин этүү күчүн күчөтөт же жумшартат. Мисалы жылуулуктун көп сарпталышы абанын нымдуулугунун төмөндөшү менен азайышы мүмкүн, фотосинтез процесси үчүн жарыктын жетишсиздиги абада көмүр кычкыл газынын жогорулашы компенсацияланат. Мындан факторлор бирин-бири алмаштыра албайт жана алар алмаштыргыс болуп эсептелет.
В) Чектөөчү факторлор эрежеси. Бул эреже боюнча организм үчүн жетишсиз же жетиштүү өлчөмдөгү фактор организмдерге тескери таасирин тийгизет жана ошондой эле башка факторлордун таасир этүү күчүн чектейт.
Мисалы эгерде топуракта өсүмдүк үчүн керектүү химиялык элементтердин баары жетиштүү болуп, алардын ичинен бирөө гана жетишсиз болсо , анда өсүмдүктүн өсүүсү жана өрчүүсү жетишпеген бир элементке көз каранды болот.Калган бардык элементтер таасир этүү күчүн жоготот.
Көңүл бурганыңыздар үчүн чооң рахмат😍😍😍😍😍