СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Эгемен элдин таланттары”. “Баарын билгим келет” интеллектуалдык акыл-таймашы

Нажмите, чтобы узнать подробности

“Эгемен элдин таланттары” темасындагы "Баарын билгим келет” интеллектуалдык акыл-таймашынын иштелмеси 8-11-кл

Просмотр содержимого документа
«“Эгемен элдин таланттары”. “Баарын билгим келет” интеллектуалдык акыл-таймашы»





Сабак-викторина

Баарын билгим келет





Интеллектуалдык акыл-таймашы

ЭГЕМЕН ЭЛДИН ТАЛАНТТАРЫ”

Темасы:













Мугалимдери: Мырзагелдиева Э.К.





2023



“Баарын билгим келет” интеллектуалдык акыл-таймашы

Предмет: Сабактан тышкаркы иш-чара

Сабактын темасы: “Эгемен элдин таланттары”

Негизги компетенттүүлүктөр:

1.Маалыматтык: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жана атрибуттары жана К.Тыныстанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Абдырахманов, Х.Карасаевдердин өмүрү – чыгармачылыгы жөнүндөгү маалыматты окуу китебинен алышат. Интернеттин издөө тутумдарынан, газета -журналдардан ж.б алып чыгууга көнүгүшөт.

2.Социалдык-коммуникативдик: Тандаган тапшырмадагы(категори ичиндеги) суроолорго оозеки жүзүндө өз оюн тастыкташат. Алган маалыматы менен оюн учурунда жооп беришет. Жооп берүү учурунда учурунда өз оюн далилдүү берүүгө жана башкалардын оюн уга билүүгө көнүгүшөт.

3.Өз алдынча уюштуруу жана маселелерди чечүү: Окуучулар викорина (оюн) учурунда упай чогултуу үчүн өз алдынча тандап алган суроолоруна так жооп беришип, кээ бир тапшырмаларды аткарышып, ой-чабыттарын өстүрүшөт.

Сабактын тиби: Билген билгичтиктерин калыптандыруу. Сабактын Формасы: Викторина, мелдеш-сабак

Колдонулуучу ыкмалар: Суроо-жооп

Колдонуучу каражаттар: Ноутбук, проектор, үн чыгаруучу аппараттар, трибуналар.

Предмет аралык байланыш: Кыргыз тили жана адабияты, тарых, адам жана коом.

Сабактын максаттары: Көрсөткүчтөр

Билим берүүчүлүк: Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү жана атрибуттары жана К.Тыныстанов, Т.Кожомбердиев, Ж.Абдырахманов, Х.Карасаевдердин өмүрү – чыгармачылыгы жөнүндө билишет. Берилген б.а. тандап алган суроолоруна жооп беришет.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуп түшүнгөндөрүн тандалган категориядагы суроолору аркылуу өнүктүрүшөт. Окуучулар суроо тандоо айлампасын туура аткарышат.

Тарбия берүүчүлүк: Өз кезегин күтүп, суроону аягына чейин угуп жооп берүүгө, бирөонүн оюн бөлбөөгө үйрөнүшөт.







Сабактын жүрүшүү.

  1. Уюштуруу: Окуучулардын сабакка болгон даярдыгын көзөмөлдөө, трибунадагы ордун көрсөтүү, эреже менен тааныштыруу, жагымдуу маанай түзүү.

  • Билимдүү китептердин баркын билет, окуган-акыл-оюн эске түйөт,- демекчи, алдыбызда 9-11-класстардын мыктымын, китепти көп окгуам, дагы да билгим келет-деген 5 билимге суусаган окуучулар алдыбызда турушат. Анда эмесе, алар менен таанышып алсак.

  • Китеп окууну жакшы көрбөгөн адамдар, ой жүгүртүүнү да жакшы көрүшпөйт. Ал эми биздин бүгүнкү оюнчуларыбыз ой чабыты кенен деп ишенүү менен оюнубузду баштоодон мурун, анын шарттары менен тааныштыра кетсем.

Быйыл мамлектибиздин 30жылдык мааракесин белгилеп отурабыз, ошону менен кошо бизди кыргыз деп тааныткан чыгаан инсандрыбыз да жок эмес, санай берсек чексинен суурулуп чыгат. Ошолордун ичинен арабызда жок болсо да, 80 жана 120 жылдык мааракесин белгилеген белгилүү таланттарыбыз бар. Бүгүнкү “Баарын билгим келет” интеллектуалдык акыл-таймашыбзда да дал ошол адамдардын өмүрү жана чыгармачылыгынан камтылган категория ичинде суроолор болмокчу. Башкача айтканда 5 категория бар, анын ичинде ар биринде 10 суроо камтылган. Упайлуу суроолорго жооп берүү менен өзүңөрдүн капчыгыңарды толтура бересиңер.

Бышыктоо:

ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК” категориясы

  1. (10)

КРнын атрибуттары кайсылар?

(Мамлекеттик туу, герб жана гимн)

  1. (20)

КР качан эгемендүүлүккө жетишкен?

(1991-ж.31-августта)

  1. (30)

КРнын гимнинин авторлору кимдер?

Сөзү: Жалили Садыков, Шабдаалы Кулуев
Обону: Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов

  1. (40)

КРнын герби качан кабыл алынган?

1994-жылы 14-январда

  1. (50)

КРнын тунгуч президенти ким болгон?

Аскар Акаевич Акаев

  1. (60)

КРсы кандай башкарууда (парламенттик, предиденттик ж.б.)

(Президенттик)

  1. (70)

Кыргызстандын аянты канча?

(199 951 км²)

  1. (80)

Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын качан алган?

(1989-жылы 23-сентябрда)

  1. (90)

1992-жылы 3-мартта кайсы күндү белгилейбиз?

(1992-жылы 3-март– Кыргыз мамлекетинин кырмызы кызыл Туусунун күнү)

  1. (100)

Кыргызстанда канча облус, канча район бар?

(КР 7 облус жана 40 район бар)



ТУРАР КОЖОМБЕРДИЕВ” категориясы

  1. (10) Кайсы жылы, кайсыл жерде төрөлгөн?

(1941-ж 22-июнь Сары-Булак)

  1. (20) Кандай ыр жыйнактары бар?

(“Кызыл алма”, “Тоо үстүндөгү күн”, “Таңкы симфония”, “От өчпөгөн коломто”, “Эне жана от”, “Кызгылтым кеч” ж.б.)

  1. (30) Обондуу ырларынан бир куплет ырдап бер

(“Күн чыгышым”, “Энем менен атама”, “Жаңы жылды тосолу”)

  1. (40) Акындын атын эмнелер алып жүрөт? М: Кыргыз улуттук филармониясы, китепкана ж.б.

(Кара-Балта шаарындагы китепкана, көчө, Сары-Булактагы мектеп)

  1. (50) Сыйлыктары барбы, болсо кандай?

(Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты)

  1. (60) Балдарга арналган кандай чыгармаларын билесиң?

(“Көлчүктөгү ай”, “Меке, Кеке жана мүйүздүү теке”)

  1. (70) Кандай иштерде иштеген?

(1965-66-ж.ж. “Кыргызстан пионери” гезитинде адабий кызматкер, “Кыргызстан” басмасында редактор, 1970-жылы Маданият министрлигинде, Республикалык методикалык борбордо бөлүм башчы)

8. (80) 1989-жылы, 30-январда акынга тиешелүү кандай окуя болду эле? (48 жаш курагындадүйнөдөн кайтат)

9. (90) Билими?

(1966-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн)

10. (100) Чыгармалары кайсы тилдерге которулган?

(орус, украин, казак, азербайжан, өзбек, француз, англис ж.б.)









“ЖУСУП АБДЫРАХМАНОВ” категориясы

  1. (10) Кандай үй бүлөдө, качан туулган?

(манаптын үй бүлөсүндө, 1901-жылы 28-декабрда туулган)

  1. (20) 3-класска чейин кайсыл мектепте окуган?

(Сазановка кыштагындагы орус-тузем мектебинде )

3. (30) Канча бир тууган болгон? (7)

4. (40) Анын аракети менен Кыргызстан кандай республика болгон

( адегенде автономиялуу облус, анан автономиялуу республика болгон)

5. (50) 26 жашында кандай жумушта иштеген?

(1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болгон)

6. (60) 1933-жылы кандай жалаа жабылган?

(“компартияга каршы аракеттенген”)

7. (70) 1937-жылы эмне себептен камакка алынган?

(антисоветтик террорист, Социал-туран саясий партиясынын түзүүчүсү)

8. (80) Качан, кантип дүйнөдөн кайткан?

(1938-жылы 5-ноябрда репрессияга кабылган)

9. (90) Ал канча балалуу болгон? (5)

10. (100) Анын ысымын эмнеге ыйгаруу сунушталган?

(Бишкек шаарындагы бир ЖОЖго)



“КАСЫМ ТЫНЫСТАНОВ” категориясы


1. (10) Алгачкы билимин канча жашында, кимден алган?

(8 жашында айылдагы молдо)

2.(20) Каракол шаарындагы жергиликтүү орус мектебине кайсы жылы кабыл алынат?

(1914)

3. (30) Үркүндө кайсы жылдары Кытайда жашаган?

(1916-1918-ж.ж.)

4. (40) Эмгек жолун эмнеден баштаган?

(1920-жылы “Жаңа өрис” гезитине бөлүм башчы)

5. (50) Ташкенттеги Агартуу институтун кайсы жылы аяктаган?

(1924-жылы)

6. (60) Кайсы жылы доцент болгон?

(1932-ж)

7.(70) “Касым ырларынын жыйнагы” качан, кайсыл жерден басылып чыккан?

(1925-жылы Москвадан)

8.(80) “Эл душманы” деген жалган жалаа жабылышына эмне себепчи болгон?

(“Академиялык кечелер” спектакли)

  1. (90) Тунгуч көркөм котормочу катары кимдин чыгармасын которгон?

(Иван Крыловдун тамсилдерин)

10.(100) Канча жашында дүйнөдөн кайтат (37)



“КУСЕЙИН КАРАСАЕВ” категориясы

  1. (10) Качан, кайсыл жерде туулган?

(Түп районундагы, Кара-Секи айылында 1901-ж. 5-январда туулган)

  1. (20) 1914-жылы каякта окуган?

(Караколодгу тузем мектебинде окуган)

  1. (30) Кайсы тилдерди өздөштүргөн?

(калмак, уйгур, татар, кытай, казак, бурят, монгол, араб, фарс, немец, орус, кыргыз)

  1. (40) Эмгек жодун эмнеден баштаган?

(айылдык кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы)

  1. (50) Ишеналы Арабаев экөө биргелешип чыгарган китеп?

(“Жаңылык” деген чоңдор үчүн алиппе)

6. (60) “Кыргызча-орусча сөздүгү” кайсы жылы чыккан?

(1944)

7. (70) Канча жашында көз жумган?

(97)

8. (80) Сыйлыктары:

(КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, 1- даражадагы “Манас” орденинин кавалери, Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин түрдүү сыйлык, наамдары)

  1. (90) Эмне себептен камакка алынган?

(“Туран” саясий партиясынын мүчөсү деген жалаа менен)

10. (100) Үй бүлөсү

(жубайы-Айша, кыздары- Людмила, Галина, Алтынай)

Жыйынтыктоо: Ар бир катышкан окуучуну жана жеңүүчүнү Диплом, грамоталар менен сыйлоо.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!