СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Дисперстик системалар" темасындагы сабактын планы

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Дисперстик системалар" темасындагы сабактын планы»

Жапар Шабиров атындагы ОртоѲрүктү жалпы орто билим берүү мектеби



Ачык сабак

Т ема: «Дисперстик системалар»











Мугалим: Молдобаева М. Т.













Сабактын темасы: Дисперстик системалар

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын методу: Стандарттык

Сабактын жабдылышы: Таблица, сүрөт, үлгүлөр.

Сабактын максаттары:

  1. ДС түзүлүшү, класстары, түрлөрү менен таанышат.

  2. Бири-бири менен иштеп, кеңешип тапшырмаларды аткаруу аркылуу ой жүгүртүү, кабыл алуу, таанып билүү, анализдеп тыянак чыгара билүү көндүмдөрү өнүгөт.

  3. Так, жоопкерчиликтүү болгонго, химиялык заттарды туура, максаттуу колдоно билүүгө тарбияланат.

Күтүлүүчү натыйжалардын көрсөткүчтөрү:

  1. ДС аныктама бере алса, класстарга бөлүп, түрлөрун ажырата биле алса, заттарды атап, илимий суроолорду кое билсе

  2. Илимий жактан негиздеп түшүндүрүп, айтып, баяндап бере алса. Салыштырыруу аркылуу анализдеп, тыянак чыгара алса.

  3. Тапшырмаларды аткара алса, турмушта ДС туура, максаттуу колдоно алса, колдонуунун жаңы жолдорун сунуштай билсе.



Сабактын жүрүшү:

  1. Саламдашуу, жагымдуу маанай түзүү

  2. Өтүлгөн теманы кайталоо.

  3. Үй тапшырмасын текшерүү.

Окуучулар комплекстик бирикмелердин түзүлүшү, номенклатурасы, классификациясы боюнча суроолорго жооп берет, формула жазат, окуйт, талкуулашат. (баалоо “Жаш химик” медалы. Бир туура жоопко, ойго бир медаль)

  1. Жаңы теманы өтүү

  1. ДС – дисперстик чөйрө, дисперстик фаза.

  2. ДС - гомогендүү, гетерогендүү (демонстрация: крахмал +суу, глицерин+суу)

Балдар дагы мисалдардан келтиришет. (баалоо)

  1. Видеомаалымат

Суспензиялар, эмульсиялар, аэрозолдор, көбүк, коллоиддер.

  1. Балдар жубу менен иштешет. Столго ар кандай заттар коюлат. Ар кими ар кайсыны тандап, ДС даярдашат. Какао, кофе, суу, спирт, йод, айна, газы бар суулар, ширелер.

Тандап алган заттар боюнча маалымат беришет.

  1. Сүрөттөрдү топтоо. Сүрөттөрдөн ар кандай түрлөрүн чогултуп, класстарга бөлүшөт. Булут, чаң, жамгыр, толкун, көбүк, түтүн, жаратлылыш газы, нефть, мармелад, желе, жумуртканын белогу. Айтып, тушундүруп берет.

  1. Сабакты бышыктоо: Таблица менен иштейт. Туурасын белгилейт.

Дисперстик чѳйрѳ

Дисперстик фаза

Табигый жана тиричилик системалар

СУЮК

Катуу

Булут, тиш жууган паста, шампунь

Суюк

Сок , нефть, канттын суудагы эритмеси

Газ

Океандын кѳбүгү, түтүн, мармелад



Дисперстик чѳйрѳ

Дисперстик фаза

Табигый жана тиричилик системаларга мисалдар

СУЮК

Катуу

Гелдер, золдор, пасталар, курулуш эритмелери

Суюк

Сок, эмульсия, кан плазмасы, цитоплазма, кариоплазма, лимфа, сүт

Газ

Океандын кѳбүгү, газдалган суусундуктар, суулар,





Дисперстик чѳйрѳ

Дисперстик фаза

Табигый жана тиричилик системаларга мисалдар

КАТУУ

Катуу

Тоо тектер, металлдардын минералдары, түстүү айнектер, металлдардын куймалары

Суюк

Ным топурак, медициналык жана косметикалык каражаттар (таблетка түрүндѳгү дары – дармектер)

Газ

Губка, поролон, кир жуучу айналар, кирпич, керамика, топурак, пенопласт



Дисперстик чѳйрѳ

Дисперстик фаза

Табигый жана тиричилик системаларга мисалдар

ГАЗ

Катуу

Түтүн, смог, чаӊдуу аба,

Суюк

Туман, курамында нефтинин тамчылары бар нефтинин жолбун газдары, автоунаалардын кыймылдаткычындагы карбюратор майы

Газ

Аба, жаратылыш газы





  1. Үй тапшырмасы. “ДС – биздин жашообузда" эссе

  2. Билимдерди баалоо. “Жаш химик” медалы саналат.

  3. Сабакты жыйынтыктоо, рефлексия.

Сабак: Пайдалуу

Кызыктуу




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!