СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Дин тууралуу кыргыз ойчулдарынын ой-санаттары

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Дин тууралуу кыргыз ойчулдарынын ой-санаттары»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

И.АРАБАЕВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

Э. МААНАЕВ АТЫНДАГЫ ТАРЫХ ЖАНА СОЦИАЛДЫК-УКУКТУК БИЛИМ БЕРҮҮ ФАКУЛЬТЕТИ




Студенттин оз алдынча иши


ТЕМАСЫ: Кыргыз ойчулдарынын дин туурасында ой-пикирлери жана санаттары



Аткарган: Абдыраманов Дастан СЭО(б)11-18 тайпасынын студенти

Текшерген: Карасартова Чынаркул



БИШКЕК-2020



План

1.Киришуу

2.Кыргыз ойчулдарынын дин туурасында айткан ой пикирлери жана санаттары.

3.Колдонулган ддабияттар



































Киришуу

Кыргыз элибиз ислам динин карманган мусулман элдердин катарын толуктайт. Көптөгөн кылымдар бою элибиз динин бекем тутуп, салт-санаа, нарк насилине ылайыктап, көчмөн турмушу менен айкалыштырып келишкен. Элибиздин нечен кылымдардан бери ооздон-оозго, атадан балага өтүп келе жаткан оозеки чыгармаларында байыртан ата-бабаларыбыз исламдын негиздерин карманып, куран окуп, динди ыйык туткандыгы кыйла кенири баяндалат.

Маселен, тунгуч кыргыз тарыхчысы Б.Солтоноев озунун « Кызыл кыргыз тарыхы» эмгегинде мындай деп дин туурасында баяндайт: « эн эски кыргыз динин, дин баштыгын «кам» деген. Мусулман динине кирген сон копчулугу «биз мусулманбыз» дегенден башка мусулманчылыктын жолун жакшы билбестен журо берген. Ошентсе да, «кудайдын кулу, Мухамбеттин умрту, чын мусулманбыз» дешкен. Оруска багынбастан бурун намаз окуп,орозо арбын болгон» (Кызыл кыргыз тарыхы-11-б)

Демек. Кыргыз журтчулугу кочмон турмушта кун откорсо да, динсиз элдерден айырмаланып, дин тутуп, башка эмес, адилеттуу, акыйкаттуу «ислам» динин карманганы бизди аябай суйундурот.













Кыргыз ойчулдарынын дин туурасында айткан ой пикирлери жана санаттары.

Тарыхыбызды, маданиятыбызды чагылдырып, рухубузтун туу чокусу болгон «Манас» эпосунун бир нече вариантында да ислам дини кеңири сүрөттөлүп, Манас баатырдын мусулман болушу, даарат алып, намаз окушу, Меккеге барып зыярат кылгандыгы жөнүндө айтылат. Мисалы С.Орозбак уулу:

« Бил Алланын буйругун

Кубаттуу болор тирлигйң,

Кудаанын билгин бирлигин,

Көрбөй туруп ынанып,

Көңүлдүн чыгар кирлигин!

Бербердигер бир Алда

Бар! — деп, билгин ката жок..

Жараткан бардыр кудайың

Жан-жаныбар баарысын

Колдоп турат жудайын.

Болсо сенде дил — деди,—

Болжоп акты бил — деди. —

Ак ислам динине*

Азбай балам кир !»-деди деп Манаска жоолуккан кырк чилтен баатырды ислам динин чакырганын айтып,сүрөттөйт.

Кыргыз ойчулдары динибизге деталдуу ой-пикирлерди гана айтпастан, Жалпы структуралык мазмунун жөнөкөй, ары тарбиялуу ыр саптар менен түшүндүрүшкөн. Бул да болсо кыргыз тилинин, адабиятынын, дининин, этикасынын тереңдиги жана чеберчилиги.

Караханий доорунда жашап өткөн түрк дүйнөсү белгилүү ойчул, философ Жусуп Хас-Хажиб Баласагын өзүнүн «Кут алчуу билим» чыгармасын Кудайдын аты менен баштап, аны даңазалап,касиетин, улуулугун баяндап көрсөтөт. Бул ойчулдун динге, илимге болгон көз карашы бир канча кылым өтсө да мыкты делип, тарбиялык асыл сапаттарга, өзүн-өзүн тарбиялоого түрткү болчу зор эмгек. Ар бир бейтинде (2 сап) өзгөчө философия, ой, тарбия камтылган.

Тирүүлөрдун баарынан кудай улуу,

Бир өзүнө татыктуу урмат кылуу.

Ал улук да, күчтүү дагы ченемсиз,

Агаруу да, көгөрүү да жок ансыз.

Жерде, көктө күн көргөндүн эгеси,

Сага жашоо, өмүр берген дагы өзү!

Бардык жанга ичерине аш берди,

Баары тойлойт, өзү билбейт ичкенди.

Тирүүлөргө ач койбостон кам көрөт,

Жээрине аш, ичерине суу берет.

Тилегендин ой-тилегин болтурат,

Мээри түшсө — зоболосун зор кылат.

Кудайымдын элчисине ырахмат.

Жолун жолдоп жүргөндөргө урмат-даңк!!

Калктын башы ал Мухаммед пайгамбар,

Көптүн жузү көрө турган көзү ал.

Мен сөзүмдү баштадым кудайым деп,

Жараткандын жалгаса амири көп.

Даңкына, урматына санак жетпес,

Кудайым түбөлүктүү, өлбөс — өчпөс.

Жаратты жерди, көктү, Күн, Ай, түндү,

Жашоону жан-жаныбар жасап түрдүү.

Каалады тирчиликти жаратканды,

Болтурду, «бол» дегени болуп калды.

Жаралгандын бардыгы муңдуу дечи,

Муң билбес жаратканым жалгыз өзү.

Бир болсо түбөлүктүү кудай муңсуз,

Башкага мындай ысым ылайыксыз.

Улуулук — сенин гана улуу белгиң,

Теңдеш жок, бир өзүңө, болбойт эч ким.

Сага эч ким кошула албайт, сен — бүтүнсүң,

Аягы, башы да сен — бардык иштин!

Бул сенин бүтүндүгүң ченем болбойт,

Дүйнөдө баарын сенин эркиң колдойт.

Чынында түбөлүктүү бир өзүңсүң —

Бирөөсүң, кошулбайсың өзүңө-өзүң.



Ал эми белгилүү олуя Калыгул Бай уулу өзүнүн жалпы түшүнүгү боюнча ислам динине, анын ыйык куралы Курандын баалуулугун астейдил ишенген жана жогору баалаган. Ага мисал катары төмөнкү ыр саптарды көрсөтүүгө болот:

Куранды эстен чыгарган,

Мыкаачы болор.

Улуусун укпай кичүүсү

Ыймансыз болор.

Ал кыргыз элин ата-бабаларыбыз таазим этип келген ыйык исламдын эрежелерин сактоого чакырган.

Заманачыл акындар Молдо Нияз орустардын келиши, мусулман элге запкысын,зыянын тийгизет деген ойдо болуп:

«Мусулманабад жок болуп,

Мурунку марттар жайланды.

Бутпараа кафир сак болуп,

Замана чапка айланды»- деген саптарын жараткан.

Колдонулган адабияттар

1.А.Акматалиев «Санат-насыят жана эмгек ырлары» (!57-165-166-б)

2.Ж.Баласагын «Кут алчуу билим» 1993-ж . ( Кириш болуму: 23-24-б)

3.С.Орозбак уулу «Манас» эпосу академиялык басылышы




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!