СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Диаграмма тузуу

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Диаграмма тузуу»

Ачык сабак

«MS Excel электрондук таблицасында диаграмма түзүү».


Мөөнөтү: 45 мин.


Сабактын максаты:

Кѳрсѳткүчтѳр:

Билим берүүчүлүк:

электрондук диаграммаларды колдонуп MS Excel таблицалык процессорунун графикалык мүмкүнчүлүктөрү менен окуучуларды тааныштыруу.

MS Excel таблицалык процессорунун графикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоно билишсе

Диаграмма деген эмне экенин билишсе

Ѳнүктүрүүчүлүк:

Окуучулардын логикалык жана алгоритмдик ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү;

берилген билимди колдоно билүү;

предметке болгон кызыгуусун өнүктүрүү;

өзүнүн иш-аракетин уюштурууну үйрөтүү.


Таблицаны колдонуу менен диаграмма түзгөндү билишсе

Тарбия берүүчүлүк:

Өз алдынча ой-жүгүртүүнү, аткарылып жаткан тапшырмага жоопкерчиликтүү жана тыкан болууну, өзүнүн тапшырмасын баалоону тарбиялоо.

Так жана туура аткарууга тарбияланышса


Сабактын тиби:

  • аралаш;

  • саякат-сабак.

Адабият :

Информатика. Базовый курс 7-9 классы /И.Г. Семакин, Л.А. Залогова, С.В. Русаков, Л.В. Шестакова. -2-е издание - М.: Бином. Лаборатория знаний, 2004.- 390с.:ил.

Сабактын жабдылышы:

  • Персоналдык компьютерлер.

  • Мультимедиялык проектор, экран.

  • Электрондук процессор MS Excel.

  • Презентация.

  • Карточкалар .

Сабактын планы:

  1. Уюштуруу убактысы – 3 мин.

  2. Өтүлгөн материалды кайталоо – 10 мин.

  3. Жаңы теманы (материалды) түшүндүрүү –13 мин.

  4. Алынган билимди колдонуу менен практикалык иш аткаруу –15 мин.

  5. Сабакты жыйынтыктоо. Үй тапшырма – 4 мин.


Сабактын жүрүшү:

1. Уюштуруу убактысы.

Мугалим.

Саламатсыздарбы балдар жана бүгүңкү менин ачык сабагыма катышып жаткан эже-агайлар! Бүгүңкү биздин өтүлүүчү сабагыбыздын темасы «MS Excel электрондук таблицасында диаграмма түзүү».

Биринчиден сабакты баштоодон мурун окуучуларды толуктап, жоктоп алалы. (Окуучуларды жоктойт).

Бүгүңкү сабакты жөнөкөй сабак түрүндө эмес саякат-сабагы катарында өтмөкчүбүз. Биз “Электрондук таблицалар” өлкөсүнө барып, анын жашоочуларына электрондук диаграммаларды колдонуу менен берилиштерди көрүнүктүү кылуу жана алынган маалыматка ылайык статистикалык изилдөө жүргүзүүнү үйрөнүүгө жардам беребиз. Ал эми биздин саякаттагы жөл көрсөткүчүбүз “Уяча” болот.

Анда эмесе ал электрондук таблицада эмнени билдирет?

Мына эми биздин биринчи тоскоолдугубуз. Биз жолду андан ары улоо үчүн бизге силердин партаңардын алдында турган Кирүүчү билетти толтуруу керек. Силер берилген аттардан бирөөнү тандап андан ары жолду улоо үчүн билеттинерге жазып алуу керек.

2.Өтүлгөн материалды кайталоо.

Азаматсыңар! Биринчи тапшырманы силер аткардынар. Анда биздин сыйкырдуу өлкөбүздө андан ары кетебиз.

Биздин кийинки сынообуз үй тапшырма. (Окуучулардын үй-тапшырмасы текшерилет жана үй тапшырмага балл берилет).

Азаматсыңар! Экинчи сыноодон дагы өттүңөр. Бул сыноодон кийинки дагы бир сынообуз - Тестирлөө.

"Электрондук таблицалар" темасы боюнча тестирлөө

Окуучуларга “Электрондук таблицалар” темасында тест берилет. Тест экранга чыгат.

1. Электрондук таблицанын эң кичине структуралык бирдиги болуп эмне саналат?

1) Сапча;

2) Мамыча;

3) Уяча;

4) Таблица.

4 . Электрондук таблицадагы ячейканын туура дарегин танда:

1)11D;

2)F12;

3)АБ3;

4)В1А.


2. Электрондук талицада уяча деп ..... айтат:

1)горизонталдык сапчаны;

2)вертикалдык мамычаны;

3)мамыча менен сапчанын кесилишин;

4)экрандагы курсорду.

5. Электрондук таблицанын уячасында жайгаша албайт :

1)сан;

2)текст;

3)барак;

4)формула.

3. Электрондук таблицада ссылканын канча түрү бар :

1) 1;

2) 2;

3) 4;

4) 3.

6. Электрондук таблицада формуланы киргизүү кайсы символ менен башталат:

1)$;

2)f;

3)*;

4)=.


Тестти аяктаган соң окуучулар бири-бири менен тесттик барактарын алмашып, экранда чыккан жооптор боюнча текшерип, жыйынтыгын чыгарып баалашат.

Мына эми биздин “Уяча” жаңы түшүнүксүз болгон сыноонун алдында токтоп калды. Бул сыноо Диаграмма.



3. Жаңы теманы (материалды) түшүндүрүү

Электрондук таблицанын эң сонун бир касиети - бул таблицадагы сандык маалыматтарды сүрөттөп чагылдыруу мүмкүндүгү болуп саналат.

  • Диаграмма деген эмне?

  • Кайда жана эмне үчүн колдонобуз?

  • Кандай түрлөрү бар?

  • Диаграмма кандай элементтерден турат?

  • Диаграмма түзүүнүн жолдору кандай? - деген суроолорго жооп берүү менен биздин бүгүнкү теманы түшүнүп жана колдоно билебиз.

1)Диаграмма деген эмне?

Диаграмма-бул таблицадагы берилген маалыматтардын графикалык чагылдырылышы.

2)Кайда жана эмне үчүн колдонобуз?

Диаграммалар маалыматтарды салыштыруу үчүн жана чагылдырып көрсөтүү үчүн колдонулат

3)Кандай түрлөрү бар?

« Диаграммалар мастери» 14 стандарттык жана 22 стандарттык эмес типтеги диаграммаларды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Диаграммалардын түрлөрү

  • Гистограммалар

  • График

  • Тегерек диаграмма

  • Сызыктуу диаграмма

  • Аймактары менен диаграмма

  • Чекиттүү диаграмма

  • Биржалык диаграмма

  • Үстүртөн алынган диаграмма

  • Көбүкчө түрүндөгү диаграмма

  • Шакекче түрүндөгү диаграмма ж.б..

Диаграмма кандай элементтерден турат?

Диаграмма төмөнкү элементтерден турат:

Сызык, мамыча , бөлүктөр (секторлор) , чекиттер.

Диаграмманын ар бир элементине таблицадагы бир сан дал келет.

Диаграмма түзүүнүн жолдору

«Диаграммалар мастери» диаграмма түзүүнү 4 кадам менен ишке ашырат:

1-кадам - маалыматтардын диаграмма түзүү тилкесин тандап көрсөтүү

2-кадам - диаграмманын тибин тандоо

3-кадам - диаграмманын параметрлерин тандоо

4.Өз алдынча практикалык иштин негизинде бышыктоо

Балдар азыр силердин алдынарда практикалык өз алдынча иштин баракчалары турат. Ошол баракчаларды колдонуу менен MS Excel таблицалык процессорунда өз алдынча иштейбиз.

Берилген өз алдынча ишти окуучулар аткарган соң, критерий боюнча бааланат. Андан кийин 1-2 мүнөттүк физминутка өткөрүлөт.

Физминутка.

Көз үчүн көнүгүүлөр экранда берилет.

Өзүн – өзү баалоо.

    1. Үй тапшырма үчүн – 1 балл

    2. Тест үчүн (5-6 суроо туура болсо) – 1 балл

    3. Туура түзүлгөн таблица үчүн – 1 балл

    4. Таблицаны жасалгалоо үчүн – 1 балл

    5. Диаграмма түзүүнүн алгоритмин туура колдонгондугу үчүн – 1 балл

    6. Диаграмманы жасалгалоо үчүн – 1 балл

6-7 балл “Эң жакшы”

4-5 балл “Жакшы”

3 балл “Канааттандырарлык”

  1. Сабакты жыйынтыктоо.

Анда Кирүүчү билеттинердеги баллдарды санап баалоонун критерийине жараша баа коелу. (Окуучуларга баа коюлат).

Баарынарга активдүү катышып бергениңер үчүн чоң рахмат! «Ms excel электрондук таблицасында диаграмма түзүү» темасы ийгиликтүү өтүлдү жана үйрөтүлдү. Биз силер менен MS Excel дин графикалык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштык жана диаграмма түзгөндү үйрөндүк.

“Электрондук таблицалар” өлкөсүнүн жашоочулары силерге рахмат айтып, силерге алардын өлкөсүнүн ардактуу коноктору деген күбөлүк беришти.

6. Үй тапшырма

_________________________________________________________

Ийгилик силерге!

Саламатта баргыла, сабак бүттү.









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!