СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ден-соолук жашоонун булагы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ден-соолук жашоонун булагы»

Арапова Кундуз


9-11-класстар үчүн сабактар

ТЕМАСЫ: Адамдын репродуктивдик системасынын анатомиясы жана физиологиясы


МАКСАТЫ:

1. Окуучуларга адамдын репродуктивдик системасы, анын түзүлүшү жана функциялары жөнүндө билимдерди берүү.

2. Адамдын организми үчүн репродуктивдик системанын маанисин түшүндүрүү.

3. Репродуктивдик органдарга кылдаттык менен мамиле кылуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

УСУЛДАРЫ: дискуссия, мээге чабуул, кичи-лекция.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: таблица “Адамдын репродуктивдик системасы”.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Жаратылышты ар бир организм эртеби же кечпи башка организмдерден, же оорудан, же болбосо өлүмдөн каза болоору белгилүү. Бирок ошого карабастан, организмдердин чоңураак же кичирээк топтору көп убакыттын аралыгында жашай алышы мүмкүн. Эмне үчүн мындай?, - деп өзүбүздөн сурайлы. Жообу жөнөкөй эле – ар бир организм көбөйүүгө жөндөмдүү. Жогоруда айтылгандар адамга да тиешелүү. Адамдардын муун алмаштырышы көбөйүүгө байланыштуу. Бул процесске сөзсүз эркек жана аял катышат. Жаныбарлар дүйнөсүнөн айырмаланып, адамдар жогору өнүккөн акыл-эске ээ жана бири-бирин сүйүүнүн жана балдарды тарбиялоонун негизинде үй-бүлө курууга умтулушат.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Репродуктивдик система деген эмне?”

Жыйынтык: Мына ошентип биз репродуктивдик система деген эмне экенин жана анын биологиялык маанисин аныктадык.


II. Дискуссия – 15 мин.

Суроо:

1. Биология курсунан жөнөкөйлөрдө, өсүмдүктөрдө жаныбарларда көбөйүү процесси кантип өтөөрүн эстегиле.

2. Адамдын репродуктивдик системасы кандай функцияларды аткарат?”

Болжолдуу жооптор:

  • адам баласынын тукумун улантат;

  • адамдын тукум куучу ж.б. сапаттарынын берилишине жардам берет.

III. Мугалимдин маалыматы – 20 мин.

Кичи-лекция: Репродуктивдүүлүк

1. Адамдын репродуктивдик системасы.

2. Адамдын репродуктивдик системасынын түзүлүшү жана функциялары.

3. Адамдын организми үчүн репродуктивдик системанын мааниси.

IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктайт.


Жыйынтык: Көбөйүү өмүрдүн үздүксүздүгүн жана биринин ордун бири басуучулукту

камсыздандырат. Ал бөтөн бир организмдин гана эмес адамдардын жалпы коомунун тириликте калуу сакчылыгында турат. Адамдар тукум калтыруу үчүн бири-бирине жетишээрлик окшош жана өзгөрүүгө дуушар болуп турган дүйнөдө биологиялык параметрлери боюнча жетишээрлик ар башка.


ТЕМАСЫ: Өспүрүмдөрдүн жыныстык жетилүүсүнүн өзгөчөлүктөрү


МАКСАТЫ:

1. Жыныстык жетилүү мезгилинде өспүрүмдүн организминдеги болуп өтө турган процесстер өзгөрүүлөр жөнүндө билимдерди берүү. Окуучуларды өспүрүм жаш курактын психологиялык өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу.

2. Өзүн-өзү анализдөө жана өзүн-өзү баалоо көндүмдөрүн адат алдыруу.

3. Өспүрүмдө жыныстык жетилүү мезгилине карата ынталуу мамилени тарбиялоо.

УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: кагаз барактар, маркерлер.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу:


Мугалимдин сөзү: Бардык эркек балдар менен кыздар 9 жаштан 18 жашка чейин бир топ өзгөрүүлөр болуп өтө турган жыныстык жетилүү мезгилинен өтүшөт. Бул өзгөрүүлөр ар бири үчүн жекече жана кээ бирде кубаныч сезимин алып келсе кээ бирде уялуу жана кысылуу сезимин пайда кылат. Мына бул учурда тынчыздануунун кереги жок, себеби бул табигый физиологиялык процесс жана ал “жыныстык жетилүү” деп аталат.


I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: Өспүрүм жаш куракта кандай өзгөрүүлөр болуп өтөт?”

Жыйынтык: Биз силер менен адамдын өмүрүндө прогрессивдүү өнүгүү мезгили болуп эсептелген өсүү жана жынысытык жетилүүгө байланыштуу болгон өспүрүм курак менен тааныштык. Бул мезгилде жыныстык органдар (урук жана жумуртка клетасы) гомондорду жана жыныстык клеткаларды иштеп чыгара баштайт адамдын бардык системаларына таасир берүүчү Бул убакыттын аралыгында өспүрүмдүн денелик жана социалдык өнүгүүсү калыптанат.


II. Мугалимдин маалыматы – 20 мин.

Кичи-лекция: Өспүрүмдүн жыныстык жетилүүсүнүн өзгөчөлүктөрү

1. Жыныстык жетилүү мезгилде өспүрүмдүн организминде болуп өтүүчү өзгөрүүлөр.

2. Жыныстык жетилүү мезгилдеги өспүрүмдүн психологиясы.


III. Топтордо иштөө - 20 мин.

Катышуучуларга 2 топко бөлүнүү сунушталат. Бир топ кичине баланын өспүрүмдөн эмнеси менен айырмалана тургандыгын, ал эми экинчи топ өспүрүмдүн чоң адамдардан айырмачылыгын талкуулашат. Андан кийин топто жалпы талкуулоо жүргүзүлөт.

Жыйынтык: Бүгүнкү сабакта биз адам төрөлгөндөн кийин өнүгүүнүн жана жакшыруунун бир нече этабын өтө тургандыгын түшүндүк. Ар бир этап маанилүү жана адамдын жашоосунда болуп өтө турган нерсе.


IV. Сабактын жыйынтыгы. Силер жаңы эмне билдиңер? Бул маалымат силер үчүн пайдалуу болдубу?


Эскертүү: бул сабакты мүмкүнчүлүк болсо медициналык кызматкерди катыштырып, эркек балдар үчүн өзүнчө кыздар үчүн өзүнчө өткөрүү сунушталат.





ТЕМАСЫ: Балдар менен кыздардын өздүк тазалыгы


МАКСАТЫ:

1. Өспүрүм курактагы эркек балдардын жана кыздардын өздүк тазалыгы жөнүндө билим берүү.

2. Өздүк тазалыкты сактоо мотивациясын өнүктүрүү.

3. Өзүнө жана өзүнүн денесине сый мамилени калыптандыруу


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, дискуссия.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: Кагаз барактары жана маркерлер


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:


Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу

I. Мээге чабуул – 5 мин.


Мугалим: Балдар, силер тазалык (гигиена) деген эмне экенин билесиңер. Бул илимдин өнүгүүсү адамдын ден соолугун сактоого жана чыңдоого бгытталган. Биз силер менен өспүрүм куракта болуп өтүүчү өзгөчө өзгөрүүлөр менен тааныштык. Бүгүн болсо мына ошол өспүрүм курактагы эркек балдар менен кыздардын өздүк тазалыгынын негизги эрежелери жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Суроо: “Өзүң татынакай көрүнүшүң үчүн эмне кылуу керек?”

Болжолдуу жооптор:

  • колду жууш керек

  • тишти тазалоо

  • чачты жууп таза кармоо

  • күндөлүк режимди сактоо ж.б.у.с.


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

Кичи-лекция: Өспүрүмдүн тазалыгы (гигиена).

1. Өспүрүмдүн жыныстык жетилүү мезгилиндеги көйгөйлөр.

2. Өспүрүмдүк мезгилдин физиологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрү. Өспүрүмдүк мезгилде өздүк тазалыкты сактоонун эрежелери.


III. Топтордо иштөө - 20 мин.

Максаты:

Классты эки топко бөлүп, суроо берүү:

  • Жыныстык жактан жетилүү мезгилинде силердин сырткы келбетиңерде кандай проблемалар болду?

  • Силердин курбу-курдаштарыңар менен өз ара мамилеңер өзгөрдүбү?


Ар бир топ өзүнүн суроолорун талкуулайт, андан кийин класстын талкуусуна коёт.

Тыянак: Ошентип, биз силер менен топтордо иштегенден кийин, өспүрүмдүн организми жөн гана дене бою чоңоюп өспөстөн, эң негизгиси, анда физиологиялык жактан да олуттуу өзгөрүулөр болуп жаткандыгын билдик.

IV. Дискуссия – 5 мин.

Дискуссия үчүн суроо: “ Өспүрүм куракта косметиканы колдонууга болобу?”


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабактын негизги учурларына токтолуп өтөт жана окуучулардын суроолоруна жооп берет.

Эскертүү: Бул сабакты балдар үчүн өзүнчө, кыздар үчүн өзүнчө, медициналык кызматкерди чакыруу менен өткөрүү сунушталат.


ТЕМАСЫ: Тобокел, коркунуч келтирчү жүрүм-турум


МАКСАТЫ:

  1. Белгилүү типтеги жүрүм-турумдун ар кандай коркунучтуу даражалары жөнүндө окуучуларга түшүнүк берүү. Окуучуларды ден соолукка байланыштуу коркунучтар менен тааныштыруу.

  2. Окуучуларды потенциалдуу коркунучтуу жагдайлардан оолак (алыс) болууга үйрөтүү.

  3. Кооптуу жүрүм-турумга карата сын мамиле көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалимдин сөзү:Биз дайыма өзүбүздү белгилүү бир даражада коркунучка дуушар кылабыз, бирок кооптуу жүрүм-турум кээде өз ден соолугубузга таасир тийгизип жана каалабаган натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Жүрүм-турумдун кайсы түрлөрү кооптуу жана кайсылары коркунучсуз экенин билүү силерди жоопкерчиликтүү жана сак-саламатта болууну чечүүгө жардам берет.


I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: Ден соолук үчүн кандай коркунучтар бар?“

Болжолдуу жооптор:

  • алкоголь

  • тамеки чегүү

  • баңги заттар

  • ЖЖЖИ, ВИЧ, СПИД

  • эрте жыныстык байланыштар

  • караңгыда көчөдө жалгыз басуу ж.б.


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

Кичи-лекция: Кооптуу жүрүм-турум жана адамдын ден соолугу


III. Топтордо иштөө – 20 мин.

Класстагы окуучуларды 4 топко бөлүп, ар бир топко тапшырма бергиле:

Окуучулардан кооптуу жүрүм-турумдун ден соолукка тийгизген таасири жөнүндө ойлонуп, аны талкуулап жана жүрүм-турум эрежелерин ойлоп таап, жазып чыгууларын сурангыла.

1-топ – Ден соолук үчүн алкоголь кандай коркунуч туудурат?

2-топ – Ден соолук үчүн тамеки чегүүнүн кандай коркунучу бар?

3-топ – Ден соолук үчүн баңги затынын кандай коркунучу бар?

4-топ – Эрте жыныстык байланыштар коркунуч алып келиши мүмкүнбү?


Мугалим топтордогу ишти жыйынтыктап жана кооптуу жүрүм-турумдун натыйжаларын алдын алууга боло тургандыгына окуучулардын көңүлүн бурат.

Окуучулар коркунучтуу жагдайлардагы жүрүм-турум эрежелери менен өз топторунда аткарылган иштердин презентациясын көргөзүшөт.


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.


Жыйынтык: Окуучулар адам үчүн коркунучтуу болуп, кооптуу деп аталган жүрүм-турумдун түрлөрү менен таанышып жана тобокелге салган жагдайлардан кандайча алыс болууну билишти.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, ар бир адам өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликтүү болуп жана кооптуу жүрүм-турумдан алыс болушу керек, деп корутунду чыгарат. Ден соолукка таасирин тийгизе турган оң же терс чечим кабыл алууда, бардык жагын кылдаттык менен ойлонуштуруп чыгуу зарыл.















































ТЕМАСЫ: Тамеки жана коом


МАКСАТЫ:

  1. Тамеки чегүү, анын себептери, аракеттенүү механизми жана адамдын организмине тийгизген таасири жөнүндө окуучулардын билимдерин жогорулатуу.

  2. Ден соолук, ийгилик үчүн маанилүү эң мыкты чечимдерди издөө көндүмдөрүн адатка айландыруу.

  3. Өз ден соолугуна, айланасындагылардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамилени тарбиялоо.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, ролдук оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалим: Тамеки менен биринчи жолу таанышуу көбүнчө мектеп жашында болуп өтөт. Тамекини эрте чегип баштоо ага көнүп алуу коркунучун жогорулатат. Ошондуктан ар бир өспүрүм тамеки чегүүнүн адамдын ден соолугуна тийгизген таасири жана бул заттын организмге келтирген зыяны жөнүндө эртерээк билгендери туура.


А силер билесиңерби, тамекинин түтүнүнөн өнөкөт болгон уулануудан, башка себептерге караганда, бир нече эсе көп адамдар набыт болушат. Мисалга алып карасак, биздин планетанын бир миллион адамынын ичинен ар бир 4 күндө спирттик ичимдигин ичкен 1 адам өлсө, ар бир 3 күндө автокырсыктан жабыркаган бир адам өлөт, ал эми ар бир 3 саатта тамекинин түтүнүнө өнөкөт ууланган бир адам каза болууда.



I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Эмне үчүн өспүрүмдөр тамеки чегип башташат?“

Окуучулардын ой-пикирлерин доскага жазып жана талкууга алгыла.

Окуучулдардын болжолдуу жана мүмкүн болгон жооптору:

  • эркиндикти сезүү;

  • достор менен теңтуштардын кыстоосу;

  • денесин жибитип, бош коюп эс алгысы келет;

  • өзүнүн досунун, өзүнөн улуу баланын сөзүн эки кылгысы келбейт,

  • компаниядан чыгып калуу коркунучу;

  • өзалдынча болгусу келет;

  • жарнактын таасири ж.б.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

Кичи-лекция – 10 мин. (мугалим үчүн берилген маалыматты карагыла).

  1. Тамекинин тарыхы.

  2. Тамеки жана андан жасалып алынгандар.

  3. Калктын арасында тамеки чегүүнүн жайылгандыгы.


III. Демонстрация жана ролдук оюнду талкуулоо - 20 мин.

Ролдук оюн – бул силерге кандайдыр бир жагдайда болуу жана ал жагдайда өз жүрүм-турумун практикалоону түшүнүүгө жардам бере ала турган окутуу ыкмасы. Ролдук оюнга катышуу менен мына ушул учурда өзүңөрдү кандайча алып жүрө алат элеңер, ал жагдайда өзүңөрдү кандай сезет элеңер, башка адам кандай мамиле көрсөтөт эле жана бул жагдайдын аякташына силердин сөзүңөр, аракетиңер кандай таасир берерин байкап көрөсүңөр. Бул силерге баарлашуу жана жүрүм-турум көндүмдөрүн практикалоо мүмкүнчүлүгүн жана эч кандай ылайыксыз коркуудан же терс таасирсиз башкалардын реакциясын алууга мүмкүндүк берет.

Ролдук оюнду көрсөтүү үчүн бир нече ыктыярдуу окуучу керек болоорун айткыла. Алардын бирөөнү 1 жана 2-көнүгүүлөрдөгү тапшырманы окуп беришин сурангыла.


1-көнүгүү. Улан кызды кечеге чакырат. Баланын компаниясындагы кыздардын бардыгы тамеки чегишет. Кыздар жаңы келген кызга тамеки чегүүнү сунуш кылышат.

Тапшырма: жаңы келген кызды тамеки чегүүгө ынандыргыла (тамеки чегүүнүн оң жактары).


2-көнүгүү. Кыз сүйлөшкөн жигитинин тамеки чеккенди таштаганын каалайт. Ал аны тамекини таштоого көндүрөт.

Тапшырма: сүйлөшкөн жигитин тамекини таштоого ынандыргыла (тамеки чегүүнүн терс жактары).


Бардык болгон варианттарды жазып чыгып, салышытырып жана такуулап чыгууга болот.


IV. Сабакка анализ берүү жана жыйынтыктоо – 2 мин.

Мугалим сабакты жалпылап жана суроо берет: – Силер бул сабактан жаңы эмнени билдиңер?” же “Бүгүнкү сабактагы берилген маалымат пайдалуу болдубу?”. Окуучулардын каалаганына өз ойлорун айтууга мүмкүнчүлүк берүү керек.























ТЕМАСЫ: Алкоголь жана коом

МАКСАТЫ:

1. Алкоголду ичүүнүн себептери, анын аракеттенүү механизми жана адамдын организмине тийгизген таасири жөнүндө билимдерди берүү.

2. Өз ден соолугуна болгон жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүү.

3. Сынчыл ойлом жана чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалим: Биз бүгүнкү сабакта алкоголь жана анын адамдын организмине тийгизген таасири жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Алкоголдун адамдын организмине тийгизген терс таасири жөнүндө канчалык көп билсеңер, аны колдонуунун максатка ылайыктуулугу боюнча ошончолук туура чечим кабыл аласыңар. Акыркы чечимди силер кабыл аласыңар.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Эмне үчүн өспүрүмдөр ичимдик ичип башташат?“

Бардык суроолор доскага жазылып жана талкууланат.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. Өспүрүм куракта алкоголдук ичимдиктерди ичүүнүн себептери.

  2. Өспүрүмдүн организминин алкоголдук ичимдиктин аракетине кабылдагычтыгы.


III. Көнүгүү “Алкоголь боюнча текшерүү иш” - 20 мин.


Алкоголь боюнча текшерүү иш.

Силер макул болгон ылайыктуу графаны белгилеп койгула.

Алкоголь

Ооба

Жок

Билбейм

Алкоголь – жумшартуучу баңги




Алкоголду колдонуу укугуна чоңдор гана ээ




Алкоголь калыптанып келе жаткан өспүрүмдүн организмине терс таасир тийгизет




Алкоголду ичип мас болгон абалда көп кылмыштар жасалат




Алкоголь көз карандылыкка алып келет




Алкоголь стресс менен алышууга жардам берет




Мас абалда автомобилди айдоо – кылмышка жатат




Мас аял мас эркекке караганда бир топ жаман көрүнөт




Алкоголь тукум кууйт




Мамлекет 18 жашка чыга элек балдарга алкоголду сатууга тыюу салуусу керек





Жыйынтык: Мугалим текшерүү үчүн берилген суроолордун үстүндө иштеп жатып, окуучулардын билим деңгээлдерин аныктай алат.\

IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, алкоголдун адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндуу таасирин баса белгилейт.


ТЕМАСЫ: Психоактивдүү заттар


МАКСАТЫ:

  1. Негизги психоактивдүү заттар жөнүндө билимдерди берүү.

  2. Психоактивдүү заттарды колдонуунун мотивдери жана андан болгон көз карандылыктын калыптануусу менен тааныштыруу.

  3. Психоактивдүү заттардан баш тартуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

УСУЛДАРЫ: аңгемелешүү, мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө, жагдайлык маселелер.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, кагаз барактар.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалим: Психоактивдүү заттар – бул адамдын акыл-эсине таасир тийгизет жана кандайдыр бир деңгээлде мээге түрткү берүүчү заттар болуп саналат. Бул түрткү берүү ар түрдүү психикалык жана денелик натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Демек, психоактивдүү заттар адамдын сезимдерин, көңүлүн же көз карашын өзгөртөт. Баңги заты кандай жана алар кандай таасир берет, биз буларды биздин сабакта талдайбыз.


I. Мугалимдин маалыматы – 20 мин.

Кичи-лекция: Психоактивдүү заттар

  1. Баңги жана ууландыруучу препараттар жөнүндө.

  2. Кыргызстандагы баңги заттар.

  3. Психоактивдүү заттарды колдонуунун мотивдери жана андан болгон көз карандылыктын калыптануусу менен тааныштыруу.


II. Ролдук оюн – 20 мин.

Класстагы окуучуларды эки топко бөлүп, ар бир топко тапшырма бергиле:


1-тапшырма. Силер кечеге барып жана ал жерде баңгини колдонууну сунуш кылган жагдайды ойлонуштуруп, ойноп бергиле. Бул жагдайдан кантип чыгасыңар?


2-тапшырма. Силердин досуңар баңги затты колдонгон жагдайды ойлонуштуруп чыгып жана ойноп бергиле. Ага эмне деп кеңеш бересиңер?

Ар бир топ берилген жагдайдан чыгуунун туура чечимин табуусу талапка ылайык, бирок бул жагдайда болгон учурда өзүлөрү эмне менен жана кандай тобокелдикке барып жаткандарынын белгилей кетүүсү керек.

Класс ар бир топтун өкүлүнүн чыгып сүйлөгөнүн угушат, андан кийин мугалим ролдук оюнду жыйынтыгын жалпылайт.


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучулардын көңүлүн психоактивдүү заттарды колдонуу коркунучка жана көз карандылыктын калыптануусу алып келеээрин белгилейт.







ТЕМАСЫ: Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялар


МАКСАТЫ:

  1. Окуучуларды “ЖЖЖИ” түшүнүгү менен тааныштыруу.

  2. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын пайда болуусуна көмөкчү болгон коркунуч факторлорун бөлүп көрсөтүү.

  3. Өз ден соолугуна карата жоопкерчиликтүү чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: аңгеме, мээге чабуул, кичи-лекция, анкета алуу.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, анкеталар.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:


Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу

I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: “Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын кандай түрлөрүн билесиңер?”

Окуучулардын бүт жооптору доскага жазылат.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

Кичи-лекция: ЖЖЖИ жөнүндө жалпы маалымат.


III.Топтордо иштөө – 20 мин.


Класстагы окуучуларды топторго бөлүп, тапшырма бергиле:

1-топ: ЖЖЖИге коркунучтун кандай факторлору алып келе тургандыгын талкуулоо.

2-топ: ЖЖЖИге карата мүмкүн болгон кооптуу жүрүм-турум мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.

Топтордогу иштен кийин мугалим талкуулоо жүргүзөт.


Жыйынтык: Биз бул маалыматты талдап жатып коркунучтун менен коопсуз жүрүм-турумдун негизги факторлору менен тааныштык жана туура чечим кабыл алууну үйрөнүшүбүз керек.


IV. Сабакты жыйынтыгы – 5 мин.

Мугалим сабактын негизги учурларын айтып өтүп жана окуучулардын суроолоруна жооп берет.











ТЕМАСЫ: ВИЧ/СПИД – дүйнөлүк коомчулуктун глобалдык көйгөйү


МАКСАТЫ:

  1. Окуучулардын көңүлүн ВИЧ-инфекция көйгөйүнө буруу жана аларды окуп үйрөнүүгө кызыктыруу.

  2. Окуучулардын пикир алышуусунда ВИЧ-инфекция тууралуу терең билим берүү менен бирге алдын ала кооптонуусун калыптандыруу.

  3. Кооптуу жүрүм-турумга сынчыл ойлом менен мамиле кыл



  1. уу жана жок деп айтуу көндүмдөрүн адатка айландыруу.


УСУЛДАРЫ: аңгемелешүү, кичи-лекция, анкета жүргүзүү.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: анкеталар.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:


Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу

ВИЧ-инфекция, СПИД бул адамзаттын глобалдуу кризиси, ошондой эле адамдын жашоосундагы эң чоң коркунуч, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жана мамлекеттин улуттук коопсуздугуна зыян туудурат. Бул көйгөй дүйнөлүк коомдогу мамлекет жана адамзаттын ортосундагы теңсиздикти көбөйтөт. Бул оору өтө тез жайылат жана дарыоого мүмкун эмес. Ошондуктан учурдагы убакта – эң башкысы – бул ооруну алдын алуу, калкты өзгөчө жаштарды алдын алуу зарыл. Ошондуктан биз силер менен ВИЧ-инфекция суроолору менен таанышабыз.


I. Аңгемелешүү – 5 мин.

1. ВИЧ деген эмне?

2. СПИД деген эмне?

Жыйынтык: Айтылган маалымат боюнча айырмаласак, ВИЧ – бул инфекция, ал эми СПИД – оору.


II. Оюн – 15 мин.

Мугалим окуучуларды тегерете бетме-бет турууларын суранат. Өзү так ортосуна турат. Окуучулар көздөрүн жумушат. Мугалим ар бир окуучу менен кадимкидей кол алышып учурашып чыгат, бирок алардын ичинен бирөө менен билгизбестен колун катуураак кысып же кытыгылап өзгөчө учурашат. Андан соң бардыгы көздөрүн ачышат. Мугалим кийинки тапшырманы берет. Бардыгы бөлмөнүн ар тарабына тарап “сейилдеп” жүрөт, мына ушул учурда алар сөзсүз бири-бири менен мугалим учурашкандай учурашып чыгуулары керек. Негизги шарты: өзү барып учурашкандай кырдаалды түзүү.

Кайрадан баары тегерете турушат. Эми мугалим өзгөчө колун кармап учурашканды ортого чакырат. Анда бир адам чыгат. Андан кийин бул окуучунун өзүндөй болуп учурашкандарын чакырат. 3 адам чыгат. Ал үчөө өздөрү учурашкандарын чакырышат. Дагы 9 адам чыгат ж.у.с.

Мугалим жыйынтыктайт: “Эгерде бул көрүнүштү чыныгы турмушта болуп жатат десек, анда биз оюнда колдонгон өзгөчө кол кармашуу бул – мисалы, баңи затты сайынуу учүн колдонулган бир шприц же болбосо, сактанбастан барган жыныстык катнаш болуп эсептелет. Бирок бактыбызга, биз бул бир гана (демонстрациялоочу оюн) кантип ВИЧти тез жайылышы жөнүндөгү

Оюн бүткөндөн кийин окуучуларга суроо берилет: “Төмөнкү оюндун шарты боюнча ВИЧти жугузуп алуу мүмкүнбү? Эгерде “ооба” десе кайсы учурда, эгер “жок” десек эмне үчүн?”

Жыйынтык: Отулгө материалды бышыктоо үчүн окуучулар менен чогуу кайталоо, ВИЧ-инфекция кандай жол аркылуу жугат.


IV. Топтордо иштөө – 10 мин.

Суроолорду талкуулоо үчүн окуучуларды 3 топко бөлүү керек.

  1. ВИЧтин өзгөчөлүгү.

  2. Адамдын организминде вирустун журушу

  3. ВИЧ-инфекциянын жугуу жолдору.

Топтордун аткарган иштерини жыйынтыктап, жогорудагы көйгөйдүн качалык маанилүү экендигин баса белгилеп өтөт.


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучулардын суроолоруна жооп берет.










































ТЕМАСЫ: ВИЧ, ВИЧ-инфекция, СПИД . ВИЧтин адамдын организмине тийгизген таасири


МАКСАТЫ:

  1. ВИЧ, ВИЧ-инфекция, СПИД жөнүндө билим берүү.

  2. ВИЧтин адамдын организмине аракеттенүү механизми менен тааныштыруу.

  3. Өз ден соолугуна жоопкерчиликтү мамиле жасоого тарбиялоо жана сынчыл ойлом көндүмдөрүнө адат алдыруу.


УСУЛДАРЫ: Мээге чабуул, кичи-лекция, оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: Кырдаалдык тапшырмалар жазылган карточкалар. Мүмкүн болушунча вирустун түзүлүшүнүн схемасы.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Биз ВИЧ, ВИЧ-инфекция СПИД түшүнүктөрү менен тааныштык, алардын аыйрмачылыктарын билебиз, ал эми бүгүн ВИЧтин адамдын организмине аракети менен таанышабыз.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: Силер кандай инфекцияларды билесиңер?

Окуучулардын ар кандай инфекциялардын мисалдарын айтышат, доскага аларды жазып жана кыскача анализ беришет.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

Кичи-лекция: ВИЧтин өзгөчөлүктөрү жана анын организмге таасири.

1. ВИЧ деген эмне?

2. ВИЧ-инфекция жана СПИД.

3. ВИЧтин адамдын организмине аракети.

4. ВИЧтин негизги жугуу жолдору.


III. Оюн “Тегерете басабыз” - 10 мин.

Мугалим окуучуларды биринчи, экинчи деп саноосун суранат. Биринчи номердегилер 1-тегерекке арты менен тегерете, экинчи номердегилер 2 тегерекке бетме-бет тегерете турушат. Мындай жол менен түйгөйлөрү менен болгон эки тегерек түзүлөт. Мугалимдин буйругу менен окуучулар тапшырмаларды аткарышат, андан кийин сааттын жебеси сыяктуу бир адамга түзөлүшөт. Кайрадан мугалимдин буйругу аткарылатдагы кайрадан бир адамга түзөлүшөт. Мүмкүн болушунча ар бир түгөйлүү окуучулар тегеректи т олугу менен айланып чыгуу үчүн мындай өлчөмдөгү команданы тандап алуу зарыл.

Мугалим бере турган буйруктар: кол алышуу, досторчо кучакташуу, бир момпосуйду экөө жеди, бир бөтөлкөдөн эки адам ичип момпосуйду жешти, майкалары менен алмашышты, бир бассейнге сууга түшүштү, бассейнден кийин бир сүлгү менен арчынышты, бир таттуу нанды чогуу жешти, кучакташып алышып үйлөрүнө чогуу жөнөштү.


Жыйынтык: өтүлгөн материалды бекитүү үчүн окуучулар менен ВИЧ-инфекциянын жугуу жолдорун чогуу кайталоо.


IV. Топтордо иштөө – 10 мин.

Суроолорду талкуулоо үчүн окуучуларды үч топко бөлүү керек:

  1. ВИЧ вирусунун өзгөчөлүктөрү.

  2. Вирустун адамдан организмине аракети.

  3. ВИЧ-инфекциянын жугуу жолдору.

Мугалим топтордогу иштин жыйынтыгын чыгарып жана талкууга салынган көйгөйдүн маанилүүлүгүн баса белгилейт.


V.Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучулардын суроолоруна жооп берет.

































ТЕМАСЫ: Достук жана сүйүү

МАКСАТЫ:

  1. Окуучулар менен достук жана сүйүү түшүнүктөрүн талкуулоо.

  2. Окуучуларга өспүрүм курактагы достук жана сүйүүнүн маанисин түшүндүрүү.

  3. Өз ара баарлашуу, чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: доска, бор, кагаз, фломастерлер.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу – 3 мин.


Достук – таң калаарлык, баа жеткис адамдын көөнүн көтөргөн, аны күчтүу болууга, кең пейил, өзүнө ишеничтүу болууга үндөйт. Достук кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Достук адамга артыкчылыктар менен укуктарды гана бербестен, ага белгилүү мидеттерди жүктөйт.

Сүйүү – бул сүйгөн адамында инсанды таанууну божомолдойт. Ал теңчиликти жана бири-бирин жактыруучулукту, дайыма руханий жана досчулук баарлашууга болгон керектөөнү талап кылат.


I. Мээге чабуул “Достук – бул...” – 5 мин.

Бардык жооптор доскага жазылып жана талкууланат.


II. Топтордо иштөө – 10 мин.

Класстагы окуучуларды эки топко бөлүү керек. Ар бир топ кагаз жана маркер алышат. Бир топ досчулукту чыңдоо үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек жазып чыгышат, ал эми экинчи топ досчулукту жана досчулук мамилелердин бузулушуна алып келе турган факторлорду ойлонуштурат.


III. Мээге чабуул “Сүйүү – бул...” – 5 мин.

Бул фразаны улантуу керек. Окуучулардын бардык жооптору доскага жазылып талкуулоого алынат.


IV. Берилген жагдайлар боюнча топтордо иштөө – 20 мин.

Окуучуларды эки топко бөлүп жана төмөндөгү жагдайларды сунуш кылгыла:

  1. Сага досуң келип сүйүп калгандыгы жөнүндо билдирет. Бирок ал кыз башка адамдын жактыргандыктан ага сүйүү менен жооп кайтарбагандыгын айтат. Досуңар айласы кетип эмне кылаарын билбейт.

    • Досуңарга эмне кеңеш деп бересиңер?

    • Ага эмне жардам бере аласыңар?

  1. Сен (бойго жеткен кыз) узак убакыт жигит менен көрүшүп жүргөнсүңөр. Силер ал жигитти сүйөм жана бул сезимдер түбөлүк деп элестетип жүргөнсүңөр. Бирок бир жолу силер ал жигитти сүйбөй тургандыгыңдары түшүнөсүңөр.

  • Бул жагдайда сен эмне кыласын?

Эскертүү. Мугалим окуучуларга өз жагдайларын тандап алууну сунуш кылышы мүмкүн.


V.Сабакка анализ берүү жана жыйынтыктоо – 2 мин.

Мугалим сабакты жалпылайт: “Сүйүү жана достук – бул адамдардын ортосундагы бири-бирин кылдаттык мамиле кылуу, татаал турмуштук кырдаалдарда ишенимдүү таяныч болууга дайым даяр болуу, ак ниеттүүлүк, ишеним. Досчулук менен сүйүүнө баалай билиш керек.


ТЕМАСЫ: Адамдын репродуктивдик ден соолугу


МАКСАТЫ:

  1. Окуучуларды “репродуктивдик ден соолук” тушүнүгу менен тааныштыруу.

  2. Өз репродуктивдик ден соолугуна жоопкечиликтүу мамиле жасоону өнүктүрүү.

  3. Репродуктивдик жана сексуалдык укуктар менен тааныштыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, дискуссия, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу – 3 мин.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Репродуктивдик ден соолук дегенди кандай түшүнөсүңөр?”

Берилген жооптордун бардыгы доскага жазылып жана мугалим жалпылайт.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. Репродуктивдик жана сексуалдык ден соолук.

  2. Сексуалдуулук.

  3. Репродуктивдик жана сексуалдык ден соолук таасир берүүчү факторлор.

  4. Адамдын репродуктивдик жана сексуалдык укуктары.


III. Топтордо иштөө – 15 мин.

Класстагы окуучуларды эки топко бөлүп, ар бир топко ар башка тапшырма бергиле. Топтор иштин аягында презентация жасашат.

1-топ: “Репродуктивдик ден соолукка кандай факторлор таасир тийгизет?” суроосун талкуулайт.

2-топ: “репродуктивдик ден соолукту сактоо үчүн эмне кылуу керек?” деген суроого жооп беришет.


IV. Репродуктивдик жана сексуалдык укуктардын тегерегиндеги дискуссия – 5 мин.


V. Мугалим сабакка анализ берүү менен жыйынтыктайт – 5 мин.

Мугалим ден соолук үчүн каалабаган натыйжалардан алыс болуу үчүн репродуктивдик саламаттык жөнүндө кам көрүүнүн зарылчылыгы жөнүндө айтып сабакты жыйынтыктайт.

















ТЕМАСЫ: Өзүн-өзү сыйлоо


МАКСАТЫ:

  1. Өспүрүмдөрдө өзүнө-өзү ишенүүнү жана өзүн-өзү сыйлоону калыптандырууга көмөктөшүү.

  2. Окуучуларга өзүлөрүндө болгон мунөзүнун жакшы жактарын көрүүгө жардам берүү.

УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, оюн, көнүгүү.


САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Өзүн-өзү сыйлоо – бул чечим кабыл алуудагы, аны аткаруудагы жана натыйжаларын баалоодогу маанилүү фактор. Эгерде адамдын өзүн-өзү сыйлоосу жетишээрлик жогору болсо, ал өз жасаган ишин жакшы контролдойт, өз үчүн жана аны тегеректеген адамдар үчүн эмне маанилүү экенин түшүнөт. Мындай адам бир канчалык өз чечими жана кылган иши үчүн жооп берет. Ал ошондой эле башкалардын ой-пикиринен жана баалоосунан аз көз каранды.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Өзүн-озү сыйлоо сезими – бул...”

Бардык жооптор доскага жазылып жана жалпыланат.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. Өзүн-өзү сыйлоо.

  2. Өзүнүн көз карашын коргоо жана башка бирөөнүкүнө каршы тура алуу көндүмдөрүн адат алдыруу.

  3. Өзүнө ишенгендикти калыптандыруу.

  4. Жашоону пландаштыруу. Максаттуулук. Өзүн-өзү ишке ашыруу.


III. Көнүгүү “Кол чатыр” – 10 мин.

Окуучуларга кол чатырдын сүрөтүн тарттырып, ал кол чатырдын ар бир бөлүгүнө өздөрүнүн жакшы жактарын жана сапттуу мүнөздөрүн жазууларын сураныңыз. Мисалы: акылдуу, тырышчаак, сүйкүмдүү ж.б. Мугалим окуучуну жаздырып гана тим болбостон, анын жеке мыкты сапаттарын ачык, угузуп айтып билдирүүсү зарыл.

Окуучулардан сураныңыз: “Силерге бул көнүгүүнү аткаруу жеңил болдубу? Эмне үчүн?”.


Гүл” оюну – 10 мин.

Доскага кичинекей айлананы тартып, бул гүлдүн борбору, бирок анда гүлдүн жалбырактары жок. Эгерде бул борбор силердин өздүк символуңар десек. Анда гүлдүн тегерете койгон жалбырактарын символдук элементтердин көрсөткүчү, тагыраак айтканда өзүнө топтогон сый-урмат болуп саналат. Ар бир гүлдүн жалбырагына сүрөтүн тартып, жазса да болот.

Элементтердин тизмеси төмөндөгүдөй болушу мүмкүн:

  • өзүнүн уникалдуулугун сезүү жана баалоо;

  • өзүнө болгон ишеним;

  • озүнө көңүл буруу;

  • өзүнүн жагымдуулугун сезе билүү;

  • өзүнүн аракет, күчүнө, жөндөмдүүлүгүнө ишенүү.


Эми жасалган гүлдү карап көрсөңөр, гүлдүн жалбырактары бири-бирине чогуу биригип кармалып турат. Анткени аларды бир нерсе бириктирип тургандай. Ал нерсе силерсиңер. Ошондуктан сыйлуу, сүйүктүү болуш үчүн ар бир адам өзүн чыйлаш керек.


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучуларга суроо берет: “Бүгүнкү сабакталган маалымат силер үчун канчалык пайдалуу болду?” . Окуучулар өз ой-пикирлерин айтышат. Мугалим тамеки чегүүнүн адамдын организми үчүн зыяндыгын белгилейт.
















ТЕМАСЫ: “Жок” деп айта алуу


МАКСАТЫ:

  1. Ар кандай кырдаалдарда чечим талап кылына турган учурларда окуучулардын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү.

  2. Социалдык чөйрөдөгү кысымга каршы туруп, өзүнүн позициясында тура билүү жөндөмдүүлүгү менен тааныштыруу.

  3. Өзүнүн ден соолугуна байланыштуу болгон кооптуу кырдаалдан баш тарта алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: ролдук оюндар.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: доска, бор, кагаз, маркерлер.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

I. Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу – 10 мин.


Окуучуларга жашоодо ден соолукка байланыштуу ар кандай коркунуч кырдаалдар болушу тууралуу айтып бергиле. Ал учурда көйгөйдөн чыгып кетүү үчүн амалдарды издөө керек. Өзгөчө достор же тааныштар бир нерсе жасоону сунуштаса, ал ишти силер жасай албасыңар же жасагыңар келбесе, мындай учурларда туура чечим кабыл алып, “жок” деп айтуудан коркпош керектигин түшүндүрүп бергиле.


II. Ролдук оюндар – 25 мин.

Классты төрт топко бөлүп, тапшырма берүү керек.

  1. Сен капаланып отурган учурда, сыйлаган досуң келип тамеки чегип жумшарууну сунуштайт: “Эң башкысы - азыр сенин тынчтанууң”.

  2. Короодогу досторуң спирт ичимдигин сунуш кылышат: “Биз учүн ичип кой”.

  3. Досторуңдүн компаниясында баңи затын сунуштайт: “Биз баарыбыз мунун эмне экенин билебиз, бир гана сен муну билбейсиң да түшүнүгүң да жок”.

  4. Кампаниянын лидери же болбосо тааныштарың сенин үйүңө баңги затын убактылуу коюп турууну сунуштаса.

Ар бир топ баш тарууну билдирген фраза эле ойлоп таппастан, кырдаалды ойноп берүулөрү керек.

Мугалим талкуу жүргүзөт:

  1. Мындай кысым жасалган учурда адам өзүн кандай сезет?

  2. Таптакыр баш тартуу үчүн эмне кылыш керек?


III. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 10 мин.

Мугалим окуучулар менен талкуу жүргүзөт:

“Силер баш тартып, чечим кабыл алганыңар кыйынчылык туудурдубу?”


Жыйынтыгында окуучулар каалабаган нерселерден баш тартуу үчүн эрежелерди өз алдынча түзүшөт. Мисалы төмөндөгүдөй:

  • өзүң жооп бер;

  • өзүң эмнени каалап, эмнени каалабашыңды бил;

  • кырдаалды иликте;

  • кыйынчылык башыңа түшкөн убакта кимден жардам суроону бил.

Ар бир сунушталган эреже класста талкууланат.




ТЕМАСЫ: Тамеки чегүү


МАКСАТЫ:

  1. Тамеки чегүү жөнүндө маалымат берүү.

  2. Тамеки чегүуго байланыштуу натыйжалар менен тааныштыруу.

  3. Өзден соолугуна байланыштуу болгон туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: барак, маркерлер, доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу:


Тамеки чегүүнүн алгачкы белгилери бул өнөкөт катары көрүнүш болуп саналат. Ал өспүрүм куракта качан бала чөйрөдөгү тамеки чеккен адамды көргөндө болот. Келечектеги жаңыдан тамеки чеге баштаган адам, алгач тамекинин жытына , анын түтүнүнө көнө баштайт. Бара-бара өзу тамеки чеккиси келе баштайт.


Эреже катары эксперимент топ ичинде башталат. Негизги ролду өзү теңдүү өспүрүмдөр же тамеки чеккен өзүнөн бир топ улуулары тамеки чегүүнү топ ичиндеги жөнөкөй норма катары эсептеген өспүрүмдөрдүн кысымы болушу мүмкүн. Отуруштарда өз адамындай сезүүнү каалоосу жана алардан четтеп калбайын деген коркунучу, өз алдынча болууга умтулуусу эксперименттин күчөшүнө, уланышына жол берет. Андан кийин тамеки чегүү – бул нервди тынчтандырып, көңүл көтөрөт деген ишеним пайда болот.. никотиндин аракетине организмдин кын алуусун чакырган адат өнүгөт, ал никотинден болгон көз карандылыкка алып келет.


I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: “Өспүрүмдүн организмине тамеки кандай таасир тийгизет?”

Бардык жооптор доскага жазылып, талкууланат


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

  1. Тамеки чегүүгө кын алуунун белгилери.

  2. Оорунун өнүгүү стадиялары.

  3. Тамеки чегүүнүн натыйжалары.


III. Топтордо иштөө – 20 мин.

Класстагы окуучуларды эки топко бөлүп, тапшырма бергиле.

1-тапшырма. Тамеки чегүүнүнүн пайдасын көргөзгөн жарнактык плакат таартуу.

2-тапшырма. Тамеки чегүүгө каршы пропаганда жүргүзгөн жарнкатык плакат тартуу.

Жарнактык плакаттарды талкуулоо жана коргоо.

Мугалим презентациялар аяктагандан кийин топтордогу ишти жыйынтыктап, тамеки жана тамекиден жасалган продукцияны көрсөткөн жарнактык роликтер жана проспекттер канчалык кооз болбосун андагыны тууроо керекпи же сергек жашоо мүнөзүн алып барасыңарбы ар бириңер өзүнөр чечишиңер керек деп белгилейт. Ошондой эле тамекиге каршы пропаганда жүргүзгөн топко ыраазычылык билдирет, анткени тамеки жана тамекиден жасалган продукциянын жарнагынан кийин тамекиге жана андан жасалган продукцияны колдонуукаршы жана


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучулардын суроолоруна жооп берет.


ТЕМАСЫ: Алкоголдук көз карандылык


МАКСАТЫ:

  1. Алкоголизм көз карандылыкка алып келүүчү оору экендиги жөнүндө түшүнүк берүү.

  2. Алкоголду ичүүгө байланыштуу натыйжалар менен тааныштыруу.

  3. Алкоголду ичүүгө каршы туруу көндүмдөрүн калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: аңгемелешүү, мээге чабуул, кичи-лекция, ролдук оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, кагазга жазылган көнүгүү.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу:


Бүткүл дүйнөлүк саламатык сактоо уюмунун берилгени боюнча: калктын ар биринин башына жылына 8 литр спиртти ичүү өлкө үчүн кооптуу абал болуп саналат. Өспүрүм алкоголдук ичимдикти канчалык эрте ичип баштаса, анын алкоголдон ошончолук эрте көз каранды болуу мүмкүндүгү жогору. Алкоголдон коз каранды болгон бир экинчи адам бул жолду 14 жашында баштаса, 10 %га жакыны 19га чейинки жаш куракта башташкан.


I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: “Алкоголду ашыкча ичкен адамда кандай оорулар пайда болушу мүмкүн атап бергиле?”

Бардык жооптор доскага жазылып, талкууланат. Мугалим жалпылайт.


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. Алкоголизмдин белгилери.

  2. Оорунун өнүгүү стадиялары.

  3. Алкоголизмдин денелин жана социалдык натыйжалары.


III. Топтордо иштөө – 15 мин.

Класстагы окуучуларды 4 топко бөлүп, тапшырма бергилет:

1-топ – алкогол адамдын организмине кандай таасир тийгизет?

2-топ – алкогол адамдын коомдогу жүрүм-турумна кандай таасир тийгизет?

3-топ – алкогол адамдын жекече турмушуна (досторуна, иштеген ишине, үй-бүлөсүнө) кандай таасир тийгизет?

4-топ – алкогол адамдын сырткы келбетине (алкоголду ашыкча ичкен адамдын портрети) кандай таасир тийгизет?

Бүтүндөй бардык жооптор кагазга же доскага жазылып жана талкууга алынат. Алкоголизм оору гана эмес социалдык көйгөй экенин мугалим белгилейт.


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 2 мин. Мугалим: “Өспүрүмдөр алкоголдон көз каранды болуп калуулары мүмкүнбү?” деп суроо берип, окуучулардын ой-пикирлерин угат.












ТЕМАСЫ: Баңгилик


МАКСАТЫ:

  1. Баңгилик жөнүндө түшүнүк берүү.

  2. Баңги заттарды колдонууга байланыштуу натыйжалар менен тааныштыруу.

  3. баңги заттарды колдонуу менен байланыштуу ар кандай жагдайлардагы мүмкүн болгон тобокелдиктерди анализдөө көндүмдөрүн өнүктүрүү.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордогу иш.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, ар бир окуучу үчүн дептердин таза барактары.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Баңгилик – бул бүтүндөй планетаны өзүнө тарткан акыркы жылдардын балаасы, эң коркунучтуусу ал жаштардын өмүрүн алып кетип жаткан оору. Ар кандай балдардын жана өспүрүмдөрдүн баңгиликке жолдору ар башка жана татаал. Бирок алардын тагдырлары абдан кайгылуу жана өтө эле окшош. Баңгилик жана уулуу заттарга уулануу – бул ар кандай психикалык жана денелик бузуулардан байкалган, адамдын нормалдуу жашоо мүмкүнчүлүгүн жоготууга жана мыйптыкка алып келе турган оор илдет.


I. Мээге чабуул – 10 мин.

Суроо: “Баңи заттар адамдын организмине кандай таасир тийгизет?”

Бардык жооптор доскага жазылат. Мугалим жалпылайт.


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

  1. Оорунун өнүгүүсү

  2. Бир топ кеңири таралган баңги заттарын колдонуунун белгилери.

  3. Баңи заттарды колдонуу – ВИЧ-инфекция менен сарык ооруларынын эпидемияларынын себеби.


III. Топтордо иштөө – 15 мин.

Класстагы окуучуларды 2 топко бөлүп, суроолорго жооп берүүлөрүн суранабыз:

1-топ: “Баңги заттарды колдонуунун ден соолукка байланыштуу кандай натыйжаларын билесиңер?”

2-топ: “Баңги заттарын колдонгон адамда кандай көйгөйлөр болушу мүмкүн?”

Топтордогу ишти жыйынтыктап окуучулардын көңүлүн төмөнкү учурларга бургула:

  • баңги затты колдонуу баңгилик деген ооруга чалдыктырат. Баңгини ийне сайынуу аркылуу колдонуу ВИЧ-инфекция менен сарык оорусунун бирден-бир негизги жолдорунун бири.

  • Бардык саналып өткөн көйгөйлөрдү бир нече топко бириктиргиле (психологиялык, социалдык, моралдык, укуктук, адеп-ахлактык).


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин. Мугалим сабакты жалпылап, баңги заттарды колдонуу адамдын ден соолугу үчүн оор натыйжаларга алып келе тургандыгын, ошондой эле коом үчүн олуттуу көйгөй экенин баса белгилейт.





ТЕМАСЫ: Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциядардын (ЖЖЖИ) жугуу жолдору жана аларды алдын алуу

МАКСАТЫ:

  1. ЖЖЖИдын белгилери, жугуу жолдору жана натыйжалары жөнүндө маалымат берүү.

  2. ЖЖЖИды алдын алуу чаралары менен тааныштыруу.

  3. Өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле жасоону калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, анкета алуу.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Өспүрүмдөр чөйрөсүндөгү ЖЖЖИдын жайылуусу туруксуз байланыштар, өнөктөштөрдү тез-тез алмаштырып туруу менен негизделет. Ооруну ар ким эле жузуп алышы мүмкүн, бирок адамда дайым тандоо бар: сак-саламатта болуп көйгөйсүз жашоо же ооруу. Кимдир бирөө менен жакын мамилеге баруудан мурун өзүң жана башка адамдар үчүн жоопкерчиликтүү экениң эсиңде болушу керек, мүмкүн болгон натыйжаларды жана аны кантип алдын алууну билиш талапка ылайык. Чыныгы мамилелер пайда болгонго чейин күтүү туура болуп чыгаар...


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “ЖЖЖИдин кандай түрлөрүн билесиңер?”

Бардык жооптор доскага жазылат жана талкуулоо жүргүзүлөт


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын жаратылышы.

  2. Жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын жугуу жолдорунун өзгөчөлүктөрү жана аларды алдын алуу.


III. Анкета алуу жана аны талкуулоо – 15 мин.


Анкета

(Ооба же жок дегенди сызып койгула)


  1. ЖЖЖИ деген эмне экенин билесиңерби?

Ооба Жок


  1. ЖЖЖИ менен ооруган адам кайтадан ал оору менен оорушу мүмкүнбү?

Ооба Жок


  1. Убакыт өткөн соң кээде ЖЖЖИдын белгилери дарыланбаса деле өтүп кетет?

Ооба Жок


  1. Эгерде оорунун белгилери байкалбаса, ал адам ЖЖЖИдан айыкты деп айтууга болобу?

Ооба Жок



  1. ЖЖЖИ менен ооруган аялдар ал жөнүндө билбеши мүмкүн.

Ооба Жок


  1. Эгерде адам ЖЖЖИ менен ооруса өнөктөшүнө ал тууралуу айтышы керекпи?

Ооба Жок


  1. Адам өзүн ЖЖЖИдан сактап кала алабы?

Ооба Жок


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, ар бир адам өз ден соолугу үчүн жооптуу экенин жана коопсуз жүрүм-турумдун маанилүүлүгүн баса белгилейт.















































ТЕМАСЫ: ВИЧтин жугуу жолдору


МАКСАТЫ:


1. Окуучуларды ВИЧтин жугуу жолдору жана ВИЧке текшерилүү менен тааныштыруу.

2. Окуучуларда өз ден соолугу үчүн жоопкерчиликти иштеп чыгуу.

3. ВИЧти алдын алуу ыкмалары менен тааныштыруу. АВС стратегиясы.


УСУЛДАРЫ: аңгеме, кичи-лекция, оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Башка каалаган эпидемиялар сыяктуу СПИД эпидемиясынын учурунда көбүрөөк тобокелдикке барган адамдардын топторун мурда бул коркунучтун топтору деп атап келишкен. Эми болсо аларды мындай деп атабайбыз, себеби бул же тигил жол менен каалаган адам ооруну жугузуп алышы мүмкүн.. Башка сөз менен айтканда биз баарыбыз тобокелдик тобунда барбыз. Бирок адамдар өксүктүгү боюнча болбой эле айырмаланышат.


Дискуссияга алынып чыга турган аныктамалар.


I. Аңгеме – 10 мин.

ВИЧ, СПИД деген эмне? Эмне үчүн ВИЧ/СПИД коом үчүн көйгөй?


II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. ВИЧтин жугуу жолдору.

  2. ВИЧ кандайча жукпайт?

  3. ВИЧке тестирлөө. Консультация берүү.

  4. ВИЧти алдын алуу. АВС стратегиясы.


III. Анкета алуу – 15 мин.

Анкета

Туура жооп

ВИЧ жана СПИД жөнүндө эмне билесиңер?

  1. ВИЧ бул СПИД элеби?

Жок Ооба Жок

  1. СПИД менен ооруган адамды кучактоо коркунучтуу эмеспи?

Жок Ооба Жок

  1. Донор кан таштырып жатып ВИЧти жугузуп алышы мүмкүнбү?

Жок Ооба Жок

  1. Бир жолку сексуалдык катнаштан ВИЧти жугузуп алуу мүмкүнбү?

Ооба Ооба Жок

  1. Эгер оорулуу сени карап чүчкүрсө же жөтөлсө ВИЧти жугузуп алуу мүмкүнбү?

Жок Ооба Жок

  1. ВИЧ кандын кызыл клеткаларын жабыркатабы?

Жок Ооба Жок

  1. ВИЧ организм бөлүп чыгарган бардык суюктуктар аркылуу жугабы?

Жок Ооба Жок

  1. ВИЧ чиркей чагып алса жугабы?

Жок Ооба Жок

  1. СПИДдин көп белгилери башка оорулардын белгилерин элестетеби?

Ооба Ооба Жок

  1. ВИЧ-инфекцияга каршы вакцина же дары барбы?

Жок Ооба Жок

  1. Айбанаттардан ВИЧти жугузуп алуу мүмкүнбү?

Жок Ооба Жок


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, ВИЧтин жугуу жолдорунун өзгөчөлүктөрүн жана ар бир адам өз ден соолугу үчүн жооптуу экенин белгилейт.











































ТЕМАСЫ: ВИЧ-инфекциянын белгилери. Дарылоо.


МАКСАТЫ:

1.

УСУЛДАРЫ: аңгеме, кичи-лекция, оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу

Дискуссияга алынып чыга турган аныктамалар.

I. – 10 мин.

II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

III.


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.


Мугалим сабакты жыйынтыктап, ВИЧтин жугуу жолдорунун өзгөчөлүктөрүн жана ар бир адам өз ден соолугу үчүн жооптуу экенин белгилейт.

























ТЕМАСЫ: Өзүн-өзү бекемдөө


МАКСАТЫ:

1. Өзүн-өзү бекемдөө түшүнүгүн берүү. Окуучуларды жүрүм-турумдун ар кандай түрлөрү менен тааныштыруу.

2. Окуучуларда өзүн сыйлоону калыптандырууга жардам берүү.

3. Окуучуларды өзү жасаган иштери үчүн жооптуу болууга үйрөтүү.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, жагдайлык маселелер, ролдук оюн.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор, кагаз барактар.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Адамдын жүрүм-турумунда өзүн-өзү бекемдөө абдан зор мааниге ээ. Ал адамды турмушта кездешүүчү көйгөйлөрдү жеңүүгө жардам берет. Эрки күчтүү адам алдына койгон максатка жетүү жолундагы тоскоолдуктарды жеңип чыга алат. Эрки начар адамдар чечкиндүү эмес болушуп, өзүлөрүн кармай албай, көз карашын жактап кала алышпай, кыйынчылыктардын астында өзүлөрүн жоготуп коюшат.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Өзүн-өзү бекемдөө – бул ...”


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

1. Өзүн-өзү бекемдөө.

2. Жүрүм-турумдун түрлөрү.

3. Конфликттик жагдайлардагы жүрүм-турум.

4. “Жок” деп айта алуу.


III. Ролдук оюн – 15 мин.

Окуучуларга ар кандай жагдайлар сунушталат. Ар бир топ каандайдыр бир жагдайды ойноп чыгып, ал жерде берилген сунуштан баш тарта алгандыгын көрсөтөт.


1- жагдай. Эртең силерге эң кыйын экзаменди тапшыруу керек. Силер экзаменге даярданып жатасыңар. Капысынан досторуңар келип туулган күнгө барууну сунуш кылышат. Алар сени “ Биз деле экзаменге даярданган жокпуз, эмне болсо да тапшырабыз. Экзаменди унут. Андан көрө убакытты кызыктуу өткөрөлү”, - деп көндүрүп башташат.


2-жагдай. Сен 17 жаштасын. Сага кичине алкоголдук ичимдигин ичип алган досуң келип: “Ата-энем конокко кетишти, мен машинаны уруксатсыз эле алып алдым. Кел, досторго барып, алар менен шаарга чыгып ойноп келебиз”, - дейт.


IV. Жагдайлык маселе – 10 мин.

Окуучуларга төмөнкү жагдай сунушталат.

Сен (жаш кыз) кечеде отурасың. Сенин курбуларың менен досторуңан башка бейтааныш балдар да бар. Алардын ичинен бирөө сага келип: “Мен сени көптөн бери байкап отурам. Сени жактырып калдым. Башка бөлмөгө барып музыка укпайлыбы”, - дейт.

Мугалим жагдайды талкуулоо жүргүзөт:

  • кыз эмне кылышы керек?

  • бул жагдайда каалабаган кандай натыйжалар болуп кетиши мүмкүн?

  • бул сунуштан кантип баш тартуу керек?


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, өз алдынча чечим кабыл алуунун маанисин, кооптуу сунуштардан баш тарта алууну билүүнү баса белгилейт.






































ТЕМАСЫ: Кош бойлуулук, анын жүрүшү.


МАКСАТЫ:

1. Окуучуларга кош бойлуулук, анын жүрүшү жөнүндө айтып берүү.

2. Окуучуларда эрте жыныстык катнашуудан кармануу зарылчылыгын калыптандыруу. Эрте жыныстык катнашууга каршы ынандырган аргументтерди берүүгө үйрөтүү.

3. Бири-бирине сый мамиле жасоону, уландар менен кыздардын ортосундагы бири-бирин түшүнүүнү өнүктүрүү.


УСУЛДАРЫ: аңгеме, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: таблица.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Жаш адамдар эрте жыныстык катнаштан эмне үчүн кармануулары керектигинин себептери олуттуу жана көп абдан. Жоопкерчилик менен аракет кылуу жана өзүңөрдү, силер сүйгөн адамыңарды коркунучка кабыл кылбоо үчүн жүрүм-турумдун кээ бир түрлөрү башкаларга караганда коркунучтуураак же болбосо коркунучу жок экенин билишиңер зарыл. Башка адамга байланганыңарды жана аны сүйгөнүңөрдү билдирүүнүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар.

I. Аңгеме – 5 мин.

Суроо: “Силер кош бойлуулук жөнүндө эмне билесиңер?”


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

1. Кош бойлуулук, анын белгилери.

2. Өспүрүмдүк кош бойлуулук. Себептери жана натыйжалары.

3. Эрте жыныстык катнаштардан кармануу. Жүрүм-турум жагынан тазалык же пакизалык.


III. Топтордо иштөө – 20 мин.

Класстагы окуучулар эки топко бөлүнүшүп, суроолорго жооп беришет.


1-топ: “Өспүрүмдүк кош бойлуулук кандай көйгөйлөрдү туудурат?” деген суроого жооп беришет.


2-топко тапшырма аткаруу берилет. “Мен эрте жыныстык катнашка “Жок” деп айта алам” (жок деп айтуунун пайдасына мүмкүн болгон аргументтерди санап берүү).

Мугалим топтордогу ишти жыйынтыктап жана эрте жыныстык катнаштын кооптуу натыйжаларын баса көрсөтөт.


IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 10 мин.

Мугалим сабакты жалпылап жана эмне үчүн жаш адамдар эрте жыныстык катнаштан кармануулары керектигинин көп олуттуу себептерин белгилейт. Жоопкерчилик менен аракет кылуу жана өзүңөрдү, силер сүйгөн адамыңарды коркунучка кабыл кылбоо үчүн жүрүм-турумдун кээ бир түрлөрү башкаларына караганда коркунучтуураак же болбосо коркунучу аз экенин билишиңер керек. Башка адамга байланганыңарды жана аны сүйгөнүңөрдү билдирүүнүн көп мүмкүнчүлүктөрү бар.





ТЕМАСЫ: Үй-бүлө. Үй-бүлөнү пландаштыруу


МАКСАТЫ:

1. Үй-бүлөнүн баалуулуктарын талкуулоо. Окуучуларга үй-бүлөнүн жана үй-бүлөлүк мамилелердин баалуулуктарын түшүнүүгө жардам берүү.

2. Окуучуларды “үй-бүлөнү пландаштыруу” түшүнүгү менен тааныштыруу.

3. Окуучуларда үй-бүлөнү куруу жана аны пландаштыруудагы жоопкерчиликти калыптандырууга жардам берүү.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, топтордо иштөө, дискуссия.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул каалап күткөн жана дени сак балдардын төрөлүшү үчүн аялдын сак-саламаттыгын камсыздандыруу. Үй-бүлөнү пландаштыруу - бул үй-бүлөдөгү балдардын санын, алардын төрөлүү мөөнөтүн, өз турмушун пландаштырууну ичине алып жана себепсиз кайгыруу жана тынчыздануудан алыс кылат. Үй-бүлөнү пландаштыруу ошондой эле жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекцияларды, анын ичинде ВИЧти өзүнө камтыйт.

Үй-бүлөнү пландаштыруу – аялдардын гана эмес эркектердин дагы милдети. Балалуу болуу чечимине ойлонуп келүү керек. Келечектеги балдардын төрөлүшүнө белгилүү даражада эркек да аял да бирдей жооптуу.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Эмне үчүн адамдар үй-бүлө курушат?”

Болжолдуу жооптор:

  • сүйүү;

  • жашоо жеңил;

  • туугандардын аракети;

  • тукум улантуу ж.б.


II. Топтордо иштөө – 15 мин.

1. Класстагы окуучуларды эки топко бөлүп, аларга жооп берүү үчүн суроолор берилет:

1-топ: “Үй-бүлө кандай баалуулуктарды калыптандырат?”

2-топ: “Силер кандай үй-бүлө курууну каалайсыңар?”


III. Дискуссия – 5 мин.

“Үй-бүлөнү пландаштыруу деген эмне?”


IV. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

1. Үй-бүлө деген эмне?

2. Бакубат үй-бүлө болуу үчүн эмне керек?

3. Үй-бүлө куруу чечиминдеги улан менен кыздардын жоопкерчилиги.

4. Үй-бүлөнү пландаштыруу.


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап жатып үй-бүлө куруу үчүн эркек балдар кандай болсо, кыздар да ошондой эле жооптуу экенин белгилейт.


ТЕМАСЫ: Контрацепция


МАКСАТЫ:

1. Окуучуларды контрацепция түшүнүгү менен тааныштыруу.

2. Контрацепция ыкмалары тууралуу маалымат берүү.

3. Окуучуларды эрте жыныстык катнаштын натыйжасында болуучу татаалдашуулар менен тааныштыруу.


УСУЛДАРЫ: аңгеме, кичи-лекция, дискуссия.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Контрацепция – бул кош бойлуулуктун алдын алуу ыкмасы.

Контрацептивдер ар бир адам үчүн жекече тандалып алынат жана белгилүү бир ыкманы врач-гинеколог гана сунуш кылышы мүмкүн.


I. Окуучулар менен аңгемелешүү – 10 мин.

Суроо: “Силер кош бойлуулук жөнүндө эмне билесиңер?”

1. Контрацепция деген эмне?

2. Контрацепциянын кайсы ыкмаларын билесиңер?


II. Мугалимдин маалыматы – 20 мин.

1. “Контрацепция” түшүнүгү.

2. Контрацепциянын негизги ыкмалары.

3. Бойдон алдыруу жана анын татаалдашуулары.

III. Дискуссия – 10 мин.

Суроо: “Бойдон алдыруу эмнеси менен коркунучтуу?”

Дискуссия учурунда мугалим окуучулардын көңүлүн эрте жыныстык катнаштын тийгизген таасирине бурат.


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, окуучуларга суроо берет: “Жаш адамдар эрте жыныстык катнаштын натыйжалары жөнүндө билүүлөрү керекпи?”


















ТЕМАСЫ: Тамеки чегүүдөн баш тартуу – бул туура жашоо чечими


МАКСАТЫ:

1. Окуучуларды тамеки чегүү көйгөйүнө жана андан баш тартуу кеңештери менен тааныштыруу.

2. Өз ден соолугуна карата туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн калыптандыруу.

3. Тамеки чегүүнүн альтернативаларынын мисалдарын келтирүү.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: кагаз барактар, фломастерлер, класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Тамеки чегүүгө кынык алуу көбүнчө өспүрүм куракта өзүн-өзү бекемдөөгө болгон зарылчылык келип чыкканда, бир нерсени жасап көрүүнү каалаганда пайда болот. Кээ бир өспүрүмдөр тамеки чегүүгө кынык алып алышса, кийин ал зыяндуу адаттан баш тартуу татаал болуп калат. Бирок тамеки чегүүнү таштоо эч качан кеч эмес. Кимде-ким тамеки чегүүнү эстүүлүк менен таштоону чечсе, ал анын өз ден соолугу үчүн болгон тандоо. Тамеки чегүүнүн зыяндуулугу дайыма эсте болуш керек.


I. Мээге чабуул – 5 мин.

Суроо: “Тамекини кантип таштоого болот?”

Окуучулардын ой-пикирлери талкууланат. Мугалим жалпылайт.


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

1. Тамеки чегүүнү таштоонун мүмкүн болгон жолдору жана ал боюнча кеңештер.


III. Топтордо иштөө – 20 мин.

Окуучуларды үч топко бөлүп, тапшырма берүү керек:

Тапшырма №1. Никотинге каршы эң мыкты ураан ойлоп табуу.

Тапшырма №2. Тамекини таштоону каалагандар үчүн пайдалуу кеңештерди ойлоп табуу.

Тапшырма №3. Тамеки чегүүгө альтернативалардын мисалдарын келтирүү.

Тапшырмаларды талкуулоо жана жактоо.

Тапшырманын аягында мугалим жыйынтык чыгарып, тамеки чегүүнүн зыяндуулугун белгилей кетиши керек.

IV. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим: “Тамеки чегүү көйгөйү актуалдуубу?”, - деп сурайт жана окуучуларга өз ой-пикирлерин айтууга мүмкүнчүлүк берет.


ТЕМАСЫ: Алкоголь биздин жашообузда


МАКСАТЫ:

1. Алкоголго карата терс мамилени калыптандыруу.

2. Алкоголдук ичимдиктерди ичүү боюнча административдик жоопкерчилик жөнүндө маалыматтандыруу.


УСУЛДАРЫ: мээге чабуул, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Өспүрүмдүк курактагы кооптуу жүрүм-турумдун формаларынын бири – бул алкоголдук ичимдиктерди ичүү. Тилекке каршы, спирттик ичимдиктерди ичкен компанияда болуу өспүрүмдөр менен жаштардын арасында көп кездешкен кубулушка айланып баратат. Өспүрүмдүн организми алкоголго адбан сезимтал келет, бардык өзгөрүүлөр ачыгыраак байкалып, оорураак өтүп, тез башталат. Алкоголь баш мээнин кыртышынын борборлорунун иштөөсүн басаңдатат, кечеңдетет, көңүл ачылат, тилди чечен кылып чечилтет, тыйуу салууларды, уялчаактыкты, өзүнө-өзү ишенбөөчүлүктү четке кагат, уят-сыйытты жыйнаштырып коёт, ал тургай өзүнүн коопсуздугу тууралуу ойлонгусу келбейт.

Алкоголдун адамды бошотуу аракети карманып туруунун жоголушуна, ал өз убагында криминалдык кылык-жорукка алып келиши мүмкүн.


I. Дискуссия – 5 мин.

Окуучулар менен алкоголду колдонуунун мотивдерин талкуулагыла.


II. Мээге чабуул – 10 мин.

“Алкоголдук ичимдикти ичпей туруп, өз мүмкүнчүлүктөрүңөрдү кантип ишке ашырууга болот? Мына ошонун үстүндө ойлонуп көргүлө.”

Бардык жооптор доскага жазылып, талкууланат. Мугалим жыйынтык чыгарат.


III.Мугалимдин маалыматы – 5 мин.

1. Алкоголду колдонуунун натыйжалары (медициналык, социалдык, психологиялык).

2. Спирттик ичимдиктерди ичүүдөгү административдик жоопкерчилик.


IV. Топтордо иштөө – 20 мин.

Окуучуларды эки топко бөлүп, жагдай берилет: Кечеде жаш адамдар спирттик ичимдик ичишти. Мына ушул жагдайдан кандай натыйжалар келип чыгышы мүмкүн?”

1-топ: “Жаш адамдар үчүн ден соолукка байланыштуу каалабаган кандай натыйжалар келип чыгышы мүмкүн?” деген суроого жооп бериши керек.


2-топ: “Жаш адамдар алкоголдук ичимдиктерди ичип алганда ойдо жок кандай кылык-жоруктарга барышы мүмкүн?”

Талкуулоонун учурунда мугалим жаш адамдар мас абалында баңги заттарды колдонушу, каалабаган жыныстык катнашка, мыйзам менен кагылышууга (уруш, зордук, милицияга алып келүү ж.б.) барышы мүмкүн экендигине окуучулардын көңүлүн бурат.


V. Сабакты анализдөө жана жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап, алкоголду колдонууга карата жекече чечим кабыл алуунун маанисин баса белгилейт.


ТЕМАСЫ: Баңгилик жана коом


МАКСАТЫ:

1. Баңги заттарга байланыштуу кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү.

2. Баңги жана ууландыруучу заттарга карата туура чечим кабыл алуу көндүмдөрүн окуучуларда калыптандыруу.


УСУЛДАРЫ: кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Баңги заттарын колдонуу бул аны колдонгон адамдын ден соолугуна гана тйигизген олуттуу көйгөй болбостон, социалдык дагы көйгөй. Баңги заттарын колдонгон адамдар аны колдонууга башкаларды дагы тартып, кылмыш жоопкерчилигин бузууга алып келген укукка каршы аракеттерге алып келет.


I. Дискуссия – 5 мин.

Окуучулар менен “ Баңгилик – бул олуттуу көйгөйбү, кандай деп ойлойсуңар?” суроосун талкуулагыла.


II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

1. Баңгилик – бул медициналык жана социалдык көйгөй.

2. Баңгилер жана баңгилик боюнча мыйзамдык актылар.


III. Кырдаалдык абалдарды талкуулоо – 10 мин.

Сиздин көптөн бери баңги затын колдонгон таанышыңыз бар экендигин элестетиңиз. Бир күнү кечинде анын үйүнө милиция келип, аны алып кетти. Эртеси күнү анын үйүнөн сатыла турган баңги затын тапкандыгы тууралуу уктуңуз. Ал соттолуп кетти жана эрксизден дарыланууга жаткырылды. Мугалим сурайт: Анын келечектеги турмушу кандай болот, деп ойлойсуңар?, - деген суроо берет да талкууга коёт.


IV. Топтордо иштөо – 15 мин.


Мугалим классты 2 топко бөлөт да тапшырма берет.

1-жагдай – Силер бирөөнүн туулган күнүнө келгениңерди элестеткиле. Чакырылгандардын кимдир бирөө өзүн жаман сезип турат. Силер анын баңги зат колдонгонун билип калдыңар.

Бул учурда силер эмне кыласыңар?


2-жагдай – Силер бир компанияга туш болдуңар, андагы адамдар өзүңөрдөн бир топ жаш улуу. Алар силерге баңги затын сатууну сунуш кылышты.

Бул учурда силер эмне кыласыңар?


Ар бир топ мындай жагдайдан кантип чыгып кетүүнүн туура амалын ойлонуштурат, ошону менен бирге алардын кандайча тобокелге салып жатканын, эмне коркунуч болоорун белгилей кетүү зарыл.

Класс ар бир топтун өкүлдөрүнүн айткандарын угушат да андан кийин мугалим жыйынтыктайт.

V. Анализ жасоо жана сабакты жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жалпылап анализдейт жана жыйынтыктайт.


ТЕМАСЫ: ЖЖЖИ, алдын алуу, законченемдүү актылар


МАКСАТЫ:

1. Жыныстык жактан жугуучу оорулардын эң көп кездешүүчү түрлөрү, жугуу жолдору, алгачкы белгилери жана кесепеттери тууралуу маалымат берүү.

2. ЖЖЖИнин алдын алуу иш-чаралары жөнүндө маалыматтандыруу.

3. ЖЖЖИ тууралуу Кыргыз Республикасынын законченемдүү актылары менен тааныштыруу.


УСУЛДАРЫ: маектешүү, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


ЖЖЖИ – глобалдык көйгөй. Жыл сайын дүйнө жүзүндө ЖЖЖИнин бир миллионго жакын учуру катталат. Андан сырткары жыныстык жактан жугуучу инфекциялар ВИЧ/СПИД илдетинин маркери болуп саналат да ВИЧ-инфекциясынын таралышына өбөлгө түзөт. ЖЖЖИ тукумсуздуктун себеби болуп, репродуктивдик тутумдун ар кандай сезгенүүд арттарына жана кош бойлуулук менен төрөттүн татаалданышына алып келет.


1. Маектешүү – 5 мин.

Суроо: «Силер ЖЖЖИ тууралуу эмне билесиңер?»


II. Мугалимдин маалыматы -20 мин.

1. Жугуу жолдору.

2. Жыныстык жактан жугуучу, көп кездешүүчү инфекциялардын алгачкы белгилери (симптомдору).

3. Татаалдануулары, алдын алуу.

4. Законченемдүү актылар тууралуу суроолор.


II. Топтордо иштөө - 15 мин.


Классты 3 топко бөлүп суроо бериңиз.

1-топтун суроосу: “ЖЖЖИни жугузуп албоо үчүн эмне кылуу керек?”

2-топтун суроосу: “Жыныстык мамиледен кийин ден соолукка кандай кесепеттер

тийиши мүмкүн?”

3-топтун суроосу: Эгерде ЖЖЖИни дарылабаса кандай татаалдануулар болушу

мүмкүн?

Мугалим талкуу жүргүзөт жана ЖЖЖИнин адамдын ден соолугуна тийгизген залакасын, коркунучун белгилеп айтып берет.



IV. Анализ жасоо жана сабакты жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жалпылап анализдейт жана жыйынтыктайт.









ТЕМАСЫ: ВИЧ/СПИД, коом жана биз


МАКСАТЫ:

1. Дүйнө жүзүндөгү жана Кыргызстандагы оорунун абалы чыныгы коркунучу тууралуу официалдуу маалымат берүү.

2. ЖЖЖИнин алдын алуу иш-чаралары жөнүндө маалыматтандыруу.

3. ЖЖЖИ тууралуу Кыргыз Республикасынын законченемдїї актылары менен тааныштыруу.


УСУЛДАРЫ: Маектешүү, кичи-лекция, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Мугалим окуучуларды бул сабактын темасы менен тааныштырат. Окуучулардын кёъщлщн ВИЧ/СПИД боюнча дщйнё жщзщндёгщ жана Кыргызстандагы, ёздёрщнщн шаарындагы, районундагы абалга бурат. Алардын кёъщл борборуна бул илдет жалаъ эле окуучулардын, жаштардын арасында эмес, башка дагы социалдык катмарлардын арасында актуалдуулугун алып чыгат. Окуучуларга статистикалык материалдарды берет. Мугалим ёзгёчё белгилей кетчщ нерсе: бул айыкпас ётё оор илдетти жугузуп албаш щчщн, ал тууралуу бардыгын билип, ага каршы, ёмщргё коркунуч келбей турган жщрщм-турумдун тщрщн ёзщ щчщн иштеп чыгуусу зарыл. Бул кёйгёй боюнча окуучулардын маалымат деъгээлин аныктоо щчщн мугалим тёмёнкщ анкетаны сунуштайт:













  1. Анкета алуу жана анкетаны талкуулоо – 15 мин.


ВИЧ/СПИД тууралуу эмне билесиъер?


  1. СПИД менен ооруган адамды кучактоого болобу?

Жок (жок) (кашаанын ичинде туура жооп) Ооба

  1. Коомдук даараткананы колдонуудан ВИЧ-илдетин жуктуруп алууга болобу?

Жок (жок) Ооба


  1. Класста ВИЧ-илдеттүү мугалим менен бирге болуу коопсузбу?

Жок (ооба) Ооба


  1. Вена кан тамырына ийне аркылуу дары куйдурган адамдар башкалар колдонгон ийнени колдонбошу керек.

Жок (ооба) Ооба


  1. ВИЧ-илдеттүү адам менен бир бутербродду чогуу тиштеп жесе же бир стакандан суусундук ичсе ВИЧти жуктуруп албайт.

Жок (ооба) Ооба


  1. Бир гана жолу жыныстык мамиле болсо да ВИЧти жуктуруп алуу мүмкүнбү?

Жок (ооба) Ооба


  1. ВИЧ-илдеттүү адам сага карап чүчкүрсө же жөтөлсө, ВИЧ-илдетин жуктуруп алуу мүмкүнбү?

Жок (жок) Ооба


  1. Мектепте ВИЧ/СПИД, баңўги заттары жана жыныстык мамиле тууралуу суроолорду талкуулоо – жаман эмес идея.

Жок (ооба) Ооба


  1. СПИД вирус аркылуу чакырылабы?

Жок (ооба) Ооба


  1. ВИЧ кандын кызыл клеткаларын жабыркатабы?

Жок (жок) Ооба


  1. ВИЧ организмден чыккан бардык суюк чөйрөлөр аркылуу жугабы?

Жок (жок) Ооба

  1. Презервативди туура колдонуу көпчүлүк учурда ВИЧ/СПИддин жугуусун алдын алууга жардам береби?

Жок (жок) Ооба


  1. СПИДдин көпчүлүк белгилери башка оорулардын белгилерине окшош болобу?

Жок (ооба) Ооба


  1. СПИДдин негизги көйгөйлөрүнүн бири анын жуктуруп алганы жана оору билинген учурунун ортосунда бир топ жылдар өтүшү мүмкүн.

Жок (ооба) Ооба



II. Мугалимдин маалыматы – 10 мин.

1. Дүйнө жүзү жана Кыргызстандагы ВИЧ/СПИД боюнча эпидемиялык абал

2. Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД маселеси боюнча законченемдүү актылар.

3. ВИЧтин жугуу жолдору жана анын алдын алуу суроолорун кайталоо.


III. Чыгармачылык оюну – «Мен эмне билем?» - 15 мин.

Бул оюн катышуучуларга аталган темадагы түшүнүксүз суроолорго жооп алып, маалымат алмашууга көмөк берет.

Керектүү материалдар: маалымат карточкалары, 4 түстөгү, төмөнкүдө жазуусу бар барактар:


Кооптуулугу жогору

(кызыл)


Кооптуулугу төмөн

(кызгылт)

Коопсуз

(жашыл)

Билбейм

(сары)


Картондон же калың кагаздан маалымат жазуусу бар карточкаларды кесип алыңыз.

Карточкалар үчүн жагдайлардын болжолдуу тизмеси:

- достук өбүшүү,

- кулак тештирүү,

- кокустан болгон жыныстык мамиле,

- ВИЧ-инфекицяны жугузуп алган адам менен болгон уруш, мушташ,

- тер,

- жаш,

- шилекей,

- кан донорлору,

- чачтарачта чач кестирүү,

- татуировка жасоо,

- бассейнге түшүү,

- өзөнгө же көлгө тушүү,

- чиркейдин чагуусу,

- жалпы стаканды колдонуу,

- кол алышуу,

- кучакташуу,

- жалпы сүлгү,

- кан куюу,

- баңги затын сайынуучу жалпы шприц.


Оюндун жүрүшү: Окуучуларды айланага туруусун өтүнүңүз да аларга карточкаларды таратып бериңиз. Андан кийин ар бир окуучу өзүнө тийген карточкадагы жагдайды окуп туруп анын ою боюнча ал жагдай туура келе турган, ВИЧ-инфекцияны жуктуруу коркунуч деңгээлин чагылдырган баракка коюу талап кылынат.

Ар бир окуучу өзүнүн жообун аргуметтейт. Бардык карточкалар коюлуп бүткөндөн кийин, талкуу жүргүзүлөт.Талкууга ар бир окуучу катышуусуна аракет жасоо зарыл, айрыкча талаш маселелерди.


IV. Анализ жасоо жана сабакты жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап жатып ВИЧ дүйнөлүк коомчулук үчүн ааламдык (глобалдык) көйгөй экендигин белгилей кетет.






ТЕМАСЫ: ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоо жана дискриминациялоо


МАКСАТЫ:

  1. ВИЧ менен жашаган адамдардын проблемалуу маселелерин, законченемдүү актыларды окуучулар менен талкуулоо.

  2. ВИЧ/СПИДдин алдын алуу суроолорун кайталоо.

  3. ВИЧ менен жашаган адамдарга карата сабырдуулук мамилени калыптандыруу.



УСУЛДАРЫ: маектешүү, анкета алуу, топтордо иштөө.

САБАКТЫН ЖАБДЫЛЫШЫ: класстык доска, бор.


САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ:

Классты уюштуруу жана сабактын темасы менен тааныштыруу


Стигма (жардык, уятка кордукка калтыра турган айып) – коомдун айрым бир тобундагы адамдарга карата терс мамилеси. Стигма менен дискриминация ВИЧ/СПИДге байланыштуу медициналык тейлөөнү жана алдын алуу программаларын натыйжалуу ишке ашыруунун жолундагы олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Стигма адамды башкалардын алдында басынтуучу катары кабыл алынышы мүмкүн. Стигманын натыйжасында адам өзүн кабыл алуу образы дагы озгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк учурда стигманын натыйжасы дискриминацияга алып келет, ал башка адамдар тарабынан укугу басмырланып, ага айланадагылардын адилетсиз мамилеси, анын кайсы бир топко тиешелүү экендигин айырмалайт.


Анкета алуу жана жоопторду талкуулоо – 10 мин.


Фраза

Ооба

Билбейм

Жок

Мен ВИЧ менен жашаган адамга кол тийгизүүм мүмкүн




Мен ВИЧ менен жашаган адам менен бир дасторкондо тамак жей алам




Мен ВИЧ менен жашаган адамды бага алам




Мага ВИЧ менен жашаган адам менен чогуу бир класста окуган жакпайт, жагымсыз болот.




Мен өзүмдү ВИЧтен коргоп калууга кудуретим жетет




Мен ВИЧ/СПИД тууралуу билгендеримдин баарын досторума чын пейилим менен айтып берем.




Мен өзүм ВИЧтин алдын алуу үчүн эмне жасай ала турганымды билем.





II. Мугалимдин маалыматы – 15 мин.

  1. ВИЧ менен жашаган адамды стигмалоо жана дискриминациялоо тууралуу суроолор.

  2. ВИЧ/СПИДди алдын алуу жана кеңеш берүү (республика боюнча кеңеш берүү пункттарынын даректери).

  3. “Тең-теңи менен” окуусу. Коомдук уюмдардын ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча ишмердүулүктөрү.


III. Класста талкуу жүгүзүү (жагдайлык маселелерди чечүү) - 15 мин.

  1. Силердин досторуңардин бири ВИЧ-инфекцияны жугузуп алган болсо кандай сезимде болот эленер?

  2. Силердин оюңар кандай, ВИЧ-инфекцияны жугузуп алган адамдарды алардын иштеген окуган жерлеринде эле калуусуна уруксат берүү керекпи? Эмне үчүн?


IV. Анализ жасоо жана сабакты жыйынтыктоо – 5 мин.

Мугалим сабакты жыйынтыктап жатып суроо берет: «Мына ушул сабактан кийин ВИЧ/СПИД менен жашаган адамга карата силердин мамилеңер өзгөрдүбү?”










































«Оюндар» бөлүмү


Таанышуу үчүн оюндар

«Кардан тоголок чалма» 20 минут


Максаты: Оюнга катышуучулардын ысымдарын жаттап калуу.

Колдонуучу куралдар: эч нерсе керек эмес


Оюндун ар бир катышуучусу кезек-кезеги менен өз ысымын атоо менен ысымына сын атоочтон ойлонуп кошо айтыш керек. Айтылган сын атоочту башка бирөө кайталап айтпаш керек дагы, айтылган бардык ысымдарды, сын атоочторду эстен чыгарбай туруш зарыл. Оюн мындай абалда жүрөт: катышуучу алдында айтылгандын ысымын, сын атоочту айтат, андан соң өзүнүкүн, анын артынан кийинки катышуучу дал ушундай тартип менен улана берет.


Үлгү: Биринчи катышуучу: Азамат акылдуу.

Экинчи катышуучу: Азамат акылдуу, Айдай сулуу.

Үчүнчү катышуучу; Азамат акылдуу, Айдай сулуу, Орозбек тапкыч ж.б.у.с

Эскертүү: сын атоочтун ордуна, шаарлардын, жер-жемиштердин, буюмдардын ж.б. аттарын колодонсо болот.


«Интервью» 30 минут


Максаты: Бири-бири менен таанышып, башка бирёёнщн айтканын укканды щйрёнщщ.

Колдонуучу буюмдар: эч нерсе керек эмес.


Катышуучу топту экиден жупка бөлүп, ар бири өзүнүн жубуна өзү тууралуу 5 минуттай баяндап бериш керек. Ал эми угуучу айтып жаткан жубун бөлбөй угуп турушу керек. Оюндун алып баруучусу убакытты белгилейт. Баяндоочулар баянын бүткөн соң топ кайрадан биригип, угуучулар жубунан укканын катышуучуларга айтып берет.


«Мен – бул...» 30 минут


Бул оюунду катышуучулар бири-бири жакшылап тааныгандан кийин ойноого сунушталат.


Максаты: катышуучуларга жакындан таанышуусуна жана өзү жөнүндө айтып берүүгө жардам берүү.

Колдонуучу куралдар: ар бир катышуучуга баракча, калем сап жана төөнөгүчтөр.


Бардык катышуучуларга бирден барак кагаз, калем сап, жана төөнөгүч берилет. Катышуучулар 5 мүнөттүн ичинде өзүн мүнөздөй турган 10 сөз же фраза жазыш керек. Андан соң оюундун катышуучулары мүнөздөмөлөрүн төшүнө төонөгүч менен бекитип алып убакыт бүткөнгө чейин бөлмөнүн ичинде тегеренип, бири-биринин мүнөздөмөлөрүн окушат. Качан бардыгы бири-бириникин окуп бүтүшкөндөн кийин ордуларына келишип, курбусу тууралуу эмнелерди билгенин, эмне кызыктуу, эмне таңкалычтуу жана эмне күлкүлүү болгондугун ортого салышат.


«Менин атым... Мен өзүмдү ... жакшы көрөм.» 15 минут


Максаты: Катышуучулардын ысымдарын эске салып, иш күнүнө даярдануу. (Семинардын экинчи күнү).


Ар бир катышуучу «Менин атым...» «Мен өзүмдү ... жакшы көрөм» деген эки сүйлөмдү айтат. Талаш-тартыш, талкууларга көңүл бурбай жакшы көргөн нерселериңиз жөнүндө бат-баттан айта бериңиз.



«Таанышуу бурчу» 10 минут


Максаты: Оюндун катышуучуларын чыңоо.

Колдонуучу куралдар: эч нерсе керек эмес.


Катышуучулар теректеп турушуп, ичинен бирөө тегеректин ортосуна чыгып, ысымын айтып, өзүнө тийешелүү кыймыл жасайт да ордуна турат. Ал эми калгандары анын жасаган кыймылын колдон келишинче так жана туура жасаганга аракет кылышат.


Жумшартуу үчүн көнүгүүлөр


Бул оюундар алып баруучуга катышуучуларды жумуш абалында кармап туруу үчүн керек. Мындай оюндар көбүнчө, катышуучулар отуруп чарчаганда же лекцияны угуп жаткандардын көңүлүн бир жерге топтоо үчүн колдонулат. Оюндар негизинен кыймыл аракеттердин жасалышынан тургандыктан, алып баруучу түшүндүрүү аракеттерин көрсөтөт. Ал эми катышуучулардын тапшырмасы – алып баруучунун бардык кыймылын тууроо.


Максаты: Топтун катышуучуларын кызытып, чарчоону унуткузуу.

«Бразилиядан келген чоң эне»


Бардык катышуучулар тегерек турушуп, жүздөрү менен тегеректин ичин карап алып, алып баруучунун: колдору, буттары, башы менен жасаган кыймыл аракеттерин туурашат. Бул учурда алып баруучу «Менин Бразилияда жашаган чоң энем бар», «Анын колдору момундай», «буттары момундай», «Анын башы момундай кыйшык», Ал ары бери секирип «Мен дүйнөдөгү эң сулуу чоң энемин» деп кыйкырат деген фразаларды айтат. Анын аркасынан катышуучулар кайталайт.


«Ураган» 10 минут


Катышуучулар тегерек болуп отурушат, алып баруучу тегеректин борборуна туруп алып, окшоштуктары бар (ак көйнөкчөндөрдү, кара көздөрдү) катышуучуларды орун алмашуусун сунуштайт. Катышуучулар орун алмашып жатканда кимдир бирөөнүн ордун ээлеп калганга тийиш, болбосо ал алып баруучу болот. Эгер катышучулар көпкө чейин орундук таппаса алып баруучу «ураган» деп айтаары менен бардыгы орун алмашышат.


«Түрү укмуштай – сонун сүрөт»


Топ экиге бөлүнүп, ар бир топко бирден барак жана фломастер берилип, сонун сүрөт тартуусу талап кылынат кийин кошунасы «түрү укмуштай » сүрөт тартуусу талап кылынат. Мунун бардыгы 30 секунддун аралыгында аткарылып бүтүшү керек. Бардыгы сүрөт тартып бүткөн соң сүрөт кайра ээсине келип кызыктуу талкуу башталат.


«Кабука театры» 10 минут

Катышуучулар эки командага бөлүнүшөт. Командалар жашыруун кимди туурашарын белгилейт: ханзааданы, ажыдаарды, самурайды. Алып баруучу командаларга мүнөздүү: ханзааданын, самурайдын, ажыдаардын кыймыл аракетин туурап берет.

Ханзаада иймелинки кыймыл аракеттерди жасайт, ажыдаар түрүн бузуп, эки колун өйдө көтөрүп алдыга умтулат. Самурай найзасы менен шилтөөлөрдү көрсөтөт. Командалар өзүлөрүнө ролдорду тандап алган соң, алып баруучу «Ханзаада самурайдын жүрөгүн ээлейт, самурай ажыдаарды өлтүрөт, ажыдаар ханзааданы жейт» деп билгизет. Андан соң командалар эки шеренгага туруп алышып алып баруучунун буйругу менен тандап алган ролун аткара башташат.

Кайсы команданын ролу пайдалуу болсо ал команда көбүрөөк упай топтойт.

Мисал үчүн: ханзаада менен самурай бир упай алат. Себеби, ханзаада самурайдын жүрөгүнө чок салат.

Самурай жана ажыдаар 1 упай. Самурай ажыдаарды өлтүрөт.

Ажыдаар, ханзаада 1 упай.

Ханзаада ханзаада, самурай самурай, ажыдаар ажыдаар упайга ээ болушпайт.


Топторду бир канча майда топторго бөлүү үчүн көнүгүүлөр


Эгер топту 4 топчого бөлгүңүз келсе, 4 каалоочуну чакырып, командалардын жетекчилерине «саякатка чыгаарды кимдерди жаныңа алат элең деген суроо менен кайрылат»

Каалоочулар бирден кишиден тандаган соң алып баруучу ар кандай суроолор менен кайрылып, бир канча киши тандалат. Эгер калып калгандар болсо, алардын өз каалоолору менен кайсы командага баруусун сунушташат.


«Фишка» 10 минут


Колдоонучу буюмдар: эгерде сиз бул топту 3 кичи топко бөлгүңүз келсе, 3 түрдүү кагазды даярдап алыңыз. 2 топко бөлө турган болсоңуз 2 түрдү тандайсыз (15 адамдан турган топту 3 кичи топко бөлсө, бир түрдүү кагаздан бешти аласыз).


Катышуучулар айланага туруп көздөрүн жумат. Алып баруучу ар биринин аркасына бирден барак жармаштырат. Алып баруучунун командасы менен бары биригип көздөрүн ачышат. Андан кийин үн-сөз жок бардыгы топторго бөлүнүүлөрү керек.



«Молекулалар» 5 минут


Алып баруучу инструкцияны айтат: Биз барыбыз атом экенбиз деп элестеткиле, алар башаламан кыймылдашат, кээде молекулага биригет, кээде ар кай жакка учушат, клеткага биригет, организм болот. Азыр музыка ойнойт, биз барыбыз атомдордой башаламан кыймылдайбыз, чуркайбыз. Мен бир санды айтам, ошончо атом бир молекула болуп биригет, андан кийин бир нече молекула клетка болуп, клеткалар организм болушат.

Музыка ойнойт, бардык катышуучулар башаламан чуркашат. Тренер «2 атом» дейт, «2 молекула», «2 клетка», «2 организм» дейт. Катышуучулар 2 топко болүнүшөт.


«Түстөр» 5 минут


Материалдар: ар түркүн түстөгү барактар (кызыл, сары, жашыл д.б.) катышуучулардын санына жараша.

Сабак башталганча 2 же андан көп түстөгү жетондорду даярдап алуу керек, аларды катышуучуларга бирден таркатуу зарыл.

Качан топту бөлүү керек болгондо, катышуучуларга кайсы түс кайсы команда болоорун жарыялоо керек.



Коммуникациялык оюндар


«Сен мага жагасың…. менен» 20 минут


1-вариант. Катышуучулар айланага турушат. Алып баруучу катышуучунун бирине топ ыргытат, ошол учурда минтип айтат: «Сенин мага …. жагат» жана ага жакан сапатын айтат. Топту алган катышуучу башка кишиге ыргытып дагы ушул создү жана ага жакан сапатты айтат. Топ бардык катышуучуларга жетиши керек.

2- вариант. Бул оюнду команданы экиге бөлүп туруп ойнотсо да болот.


«Баары бир сен азаматсың, анткени….» 15 минут


Катышуучулар түгөйлөргө бөлүнүшөт. Бир шериги экинчисине жашоодогу кыйын кырдаал жөнүндө же өзүнүн бир жетишпеген мүнөзү тууралуу айтат. Анын маектеши ал айткан создөрдү угуп туруп ага мындай дейт: «Баары бир сен азаматсың, анткени…»



Комплимент 10 минут


Катышуучулар 2 айланага турат, ички жана сырткы. Эки айланада тең катышуучулар бирдей санда болушу керек. Катышуучулар бири-бирине тик карап, комплимент айтышат. Андан кийин алып баруучунун командасы менен ички айлана жылып орун алмашат, башкаларга да комплимент айтат. Бул оюн бардык катышуучулар биринчи айланадагы жана экинчидегилер бири-бири менен комплимент айтышып бүтүшкөнчө уланат.


«Биз экөөбүз мына булар менен... окшошпуз» 20 минут


Катышуучулар 2 айланага турат, ички жана сырткы. Эки айланада тең адамдар бирдей санда болушу керек. Катышуучулар бири-бирине тик карап, сырткы айланадагылар шериктерине мындай дейт: «Биз экөөбүз мына булар менен… окшошпуз», мисалы, биз экөөбүз окшошпуз, анткени биз экөөбүз жер планетасында жашайбыз, бир класста окуйбуз… ж.б. Ички айланадагылар сырткыларга мындай дейт: Биз экөөбүз айырмаланабыз, көздөрүбүз башкача, чачтарыбыздын узундугу бирдей эмес ж.б. Андан кийин алып баруучунун командасы менен ички айлана жылып орун алмашат, башкаларга да ошону айтат. Бул оюн бардык катышуучулар биринчи айланадагы жана экинчидегилер бири-биринин окшоштуктарын жана айырмачылыктарын айтышып бүткөнчө уланат.







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!