СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону Элементтердин мезгилдик системасы.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Д. И. Менделеев ачкан мезгилдик закон жана ал түзгөн элементтердин мезгилдик системасы элементтердин бирикмелеринин пайда болу шарттарын жана касиеттерин изилдөөдө, заттардын ички түзүлүшү жөнүндөгү окуну андан ары өрчүтүүдө чоң роль ойноду, химияда жаны доордун башталышы болду.

Просмотр содержимого документа
«Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону Элементтердин мезгилдик системасы.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону Элементтердин мезгилдик системасы.

Сабактын методу: Жаӊы сабак

Сабактын тиби: аралаш

Сабактын формасы: Лекция

Максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону Элементтердин мезгилдик системасын окуп үйрөнүшөт.

  • Д.И.Менделеевдин мезгилдик законун;

  • Элементтердин мезгилдик системасын айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук,тарбиялоочулук):

Химиялык элементтер, мезгилдик система, топ, мезгил, Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону Элементтердин мезгилдик системасы. Д.И.Менделеевдин өмүр баяны, Мезгилдик системаны ачууга салымын кошкон окумуштуулар боюнча түшүнүгү өнүгөт. Патриот болууга тарбияланышат.

.

  • Химиялык элементтер;

  • Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону;

  • Элементтердин мезгилдик системасы;

  • Д.И.Менделеевдин өмүр баяны;

  • Мезгилдик системаны ачууга салымын кошкон окумуштуулар боюнча айтып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Д.И.Менделеевдин мезгилдик законун;

  • Элементтердин мезгилдик системасын айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Д.И.Менделеевдин мезгилдик закону,химиялык элементтердин мезгилдик системасы, Д.И.Менделеевдин өмүр баяны, Мезгилдик системаны ачууга салымын кошкон окумуштуулар боюнча түшүнүк алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими)):

Химиялык элемент, салыштырмалуу атомдук масса, мезгилдик системадан алган катар номер, электрон, протон, нейтрондун санын аныктоону, химиялык элементтин окулушун, кыргызча, латынча аталышын, топ, мезгилди билишет.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү:

Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай тартулоо: “Чымчык” тести

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. 6 г Mg күйгөндө 9,945 г оксид пайда болду. Магнийдин г-эквиваленти канча?

2. Cуутек менен хлор аракеттенгенде 67,2 л (н.ш) хлордуу суутек алынган. Реакцияга кирген хлордун массасын (г) тапкыла. а) 106,5; б) 35,5; в) 426; г) 21,3; д) 71

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Д. И. Менделеевдин мезгилдик закону жана элементтердин мезгилдик системасы

Д. И. Менделеев ачкан мезгилдик закон жана ал түзгөн элементтердин мезгилдик системасы элементтердин бирикмелеринин пайда болу шарттарын жана касиеттерин изилдөөдө, заттардын ички түзүлүшү жөнүндөгү окуну андан ары өрчүтүүдө чоң роль ойноду, химияда жаны доордун башталышы болду.

Химиялык элементтердин, алардын бирикмелеринин касиеттеринин мезгилдик өзгөрүшүн терең чагылдырып түшүндүргөн бул закон элементердин физика-химиялык касиеттери, алардын атомунун түзүлүүшү жөнүндөгү илимий маалыматтарды иретке келтирип, а түгүл жаңы бирикмелердин касиеттерин алдынала айтууга мүмкүндүк берди.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

Бышыктоо:

  1. Мезгилдик системанын негизги мүнөздөмөсү кайсы?

  2. Элементтин катар номери эмнени түшүндүрөт.

  3. Мезгилдик закон деген эмне?


Үйгѳ тапшырма:

  1. Төмөнкү элементтердин кайсынысында металл эместик касиет ачык байкалат:күкүрт (S), кычкылтек (O), селен (Se), теллур (Te). Далилдегиле.

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!