СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Окуучулар аалам алпы -Айтматов жөнүндө маалымат алышат .

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматов»





Бештин айынын он экиси

Сабактын темасы: “Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,

Кыргыздын кырааны бар аты –Чыңгыз.”

Сабактын максаты: Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы жөнүндө маалымат алышат.



Сабактын жабдылышы: Акылдуу доска, сүрөттөр, маркер.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Аралаш

Сабактын методу : Интерактивдүү

Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

1: Окуучулар өздөрүнүн маанайын сүрөт аркылүү чагылдырып беришет.

2: 12- декабрь тарых барактарында кандай даталуу күнөр менен белгилүү экен ? Анда тарыхты барактап көрөлүчү балдар.

Мына балдар бүгүн он экинчи декабрь “Адабият күнү” экен . 12-декабрь дүйнө элине белгилүү болгон залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов жарык дүйнөгө келсе , экинчи залкар акыныбыз Алыкул Осмонов бул дүйно менен кош айтышкан кун экен.

Анда эки топко бөлүнуп алалы. 1- топ жалаң кыздардан түзүлгөн топ “Кызыл алма “ тобу . Ал эми балдардан түзүлгөн топ “Турналар “ тобу деп алалы. Эмне үчүн кызыл алма жана турналар тобу деп атадым ким айтат? Эки торко топ башчы шайлап алалы , бул топ башчылар ар бир упайды эсептеп отурат.

Мына бүгүн биздин сабагыбызга коноктор келиптир ошол коноктор менен таанышып алалы . Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар келет. Анда ушул конокторубузду арабызга кошуп алалы.

Ким тааныбайт улуу чынгыз дегенди,

Ал жазуучу, ал акылман эмеспи.

Багындырып бүт ааламды өзүнө ,

Айтып келди адамдарга керээзди Чыңгыз Айтматов ким болгон?

Улуу жазуучу болгон.

Кыргыз эли эле эмес , дүйнө элине белгилүү болгон , заманыбыздын залкар жазуучусу ,алп талант Кыргыз эл жазуучусу ,Лениндик жана Мамлекеттик сыйлыктын ээси Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12- декабрда Талас облусунун Киров районуна караштуу Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй бүлөсүндө туулган. Анын балтыркан балалык чагы дал ушул Шекер айылында өтөт. Дал ушул саяда ал дүйнөнү таанып билди.

Чынгыз Айтматовдун атасы ким болгон?

Атасы Төрөкул Айтматов белгилүү партиялык кызматкер , эл арасында кадыр-барктуу көрүнүктүү адамдардан болгон. 1937- жылы репрессияланып 1938-жылы “пантүркист” катары атылып кеткен.



Айтматовдун апасын билесиңерби?

Чынгыздын апасы Нагима Хамзаевна- билимдүү , сөзмөр, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон .Төрөкул Айтматов ак жаринен атылып кеткенден кийин, балдарын бооруна кысып Шекер айылына келгенде Чынгыз тогуз жашта эле.

Жаш Чыңгыз атасынан ажырап , согуш чыгып кеткенден кийин кандай иштерди аткарган?

Атасынын бей ажал өлүмү , анан согуштун чыгып кетиши , элдин оор абалы баланы эрте жетилтет. Эр- булөнүн баары согушка аттанат. Айылдагы баардык жумуш кары- картаң, кыз- келиндер менен Чыңгызга окшогон балдарга жүктөлөт. Ал араба айдап, чөп чаап, суу суугарып, акыры тири карак , зээндүү бала айыл кеңешинин катчысы ,салык жыйнагыч кызматтарга чейин көтөрүлөт.

Согуш аяктагандан кийин Чыңгыз ошал айылда иштеп калды деп ойлойсуңарбы?

Согуш аяктаганда кыштак элинин карапайым турмушу менен көйгөйлүү тиричилиги боз уланды кызыктыра бербегендиктен ,айал чарба техникумуна кирип ,аны буткөндон кийин борбор калаабыздагы айыл чарба институтунда окуусун улантты. Анын чыгармачылык иши дал ушул студентти жылдарында башталды. Институтутту бүтүп зоотехник болуп иштеп жүргөндо да , ал адабияттан кол үзбөй алгачкы аңгемелерин жарыялады. Кийин биротоло чыгармачылыкка өтүп Москвадагы Жогорку адабий курска кирди.

Айтматовдун кандай чыгармаларын билесиңер?

Айтматовдун алгачкы аңгемелери “Асма көпүрө”, “Түнку суугат, “Гезитчи Дзюйо”, “Ак жаан” жана башкалар . Ал эми повесттери “Бетме-бет”, ”Ак кеме”, Жамийла” “Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу”, “Биринчи мугалим”, “Делбирим”, жана башкалар . Романдары “Кыямат”, “Кассандра тамгасы” , “Тоолор кулаганда” Драмасы “Фудзиямадагы кадыр түн” .

Чынгыз кандай сыйлыктардын ээси болгон?

1988-жыл-Социалисттик Эмгектин Баатыры,

1997-жыл – Кыргыз Республикасынын Баатыры.

1999-жыл- 1-даражадагы “Манас” ордени,

1984-жыл – “Элдердин достугу” ордени

1976-жыл - Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы

1971- жылы –Ленин ордени менен сыйланган

1980-жылы – Италиядан “Этрурия” сыйлыгы тапшырылган.

Айтматов канчанчы жылы каза болгон?

Жазуучу 2008 жылы, 10-июнда сексен жаш курагында Германиянын оруканаларынын биринде дарыланып жатканда каза болгон.

Мына балдар эгер түшүнгөн болсоңор анда тапшырмаларды аткарабыз.





1: Айтматовго арналган ыр айтышат.

2: таблица толтурушат

Аңгемелери

Повесттери

Драмасы

Романдары







3 Кийинки тапшырма сандар суйлойт деп аталат .Доскага бир нече сандар жазылат .

4: Тест менен иштөө

5: Билем , билдим , билгим келет таблицага жазышат

Билем

Билдим

Билгим келет






6 : Жыйынтыктоо

7: Баалоо

8: Үй тапшырма берүү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!