СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматов

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов»





Сабактын темасы: Ч.Айтматов – аалам жылдызы.

Сабактын максаты: Ч. Айтматовдун өмүрү, чыгармачылык жолу тууралуу окуучуларга кеңири маалымат берүү. Аалам алпы – улуу жазуучунун балалык күндөрүндөгү урунттуу окуялар аркылуу окуучуларды чыдамдуулукка, эмгекчилдикке патриоттуулукка тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Ч.Айтматовдун портрети, жазуучунун үй-бүлөсү, замандаштары менен түшкөн сүрөттөрү ж.б.

Сабактын жүрүшү: Класс жетекчи окуучуларга Ч.Айтматов жөнүндө билгендерин кагазга түшүрүүсүн суранат.

Жаңы теманы түшүндүрүү. Ч. Айтматовдун өмүрү,чыгармачылык жолу.

Чынгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында Талас областындагы Кара – Буура районунун Шекер айылында туулган. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Кыргыз Эл Баатыры (1997), Социалисттик эмгектин Баатыры(1979), Лениндик жана СССР мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты(1968, 1977, 1983), Европа илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги ж.б. көп деген өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты.

Каардуу согуш жылдарында он төрт жашар Ч. Айтматов Шекер айылдык кеңешинин секратары (1942-1946), райфин бөлүмүнүн агенти, трактор бригадасынын эсепчиси (1944-1946) болуп иштеген. 1948-жылы Жамбылдагы зооветеринардык техникумду, 1953-жылы Фрунзедеги К.Скрябин атындагы айыл – чарба институтун бүтүргөн. 1953-1956-жылдары Кыргыз мал чарба илим изилдөө институтунун эксперименталдык фермасында зоотехник болуп эмгектенген. 1956-1958-жылдары Москвадагы жогорку адабий курстун угуучусу, 1958-1960-жылдары “Правда” газетасынын өз кабарчысы. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1986-жылдары Кыргыз ССРинин киноматографисттер союзунун төрагасы, 1960-1965-жылдары Правда газетасынын Орто Азия жана Казакстан республикасы боюнча өз кабарчысы, 1986-1989-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы, 1988-1990-ж “Иностранная литература” журналынын башкы редактору, 1986-1990-ж КПСС БКнын Генералдык секретарынын кеңешчиси,1990-1993-жылдарда адегенде СССРдин, андан соң Россия Федерациясынын Люксембургдагы элчиси, 1994-2007-жылдары Кыргыз Республикасынын Бельгия мамлекетиндеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеген.

Көркөм сөзгө, нарктуу сөзгө бала күнүнөн ынак болуп өскөн Ч.Айтматовдун басма сөздө жарык көргөн алгачкы аңгемеси “Гезмтчик Дзюйо” деп аталат. 1952-ж жарык көргөн бул аңгемеден кийин “ Ашым”, “Биз арылап барабыз”, “Сыпайчы”, “Ак жаан”, “Асма көпүрө”, “Түнкү сугат” аттуу аңгемелери жазылып, жаш жазуучунун бул аңгемелери 1956-ж Кыргызстан Жазуучулар Союзунун прездиумунда жакшы баага татыктуу болгон.

Ч. Айтматов 1956-жылдан бери СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. Жазуучуга чоң чыгармачылык ийгиликти 1957-жылы жарык көргөн “Бетме-бет”, 1958-ж жарык көргөн “Жамийла” повести алып келген. Бул повесттер жеке адам тагдырына байланыштуу проблемаларды көркөм сөздүн күчү менен жалпы адамзаттык деңгээлде чечмелей билген даркан ой сыйымдуулугу, терен психологизми, таасирдүүлүгү менен окурмандардын көңүлүн буруп, адабий коомчулук тарабынан “Кыргыз адабиятындагы жаңы сөз, жаңы көрүнүш” катары бааланган.

Улам кийинки чыгармалары менен Ч. Айтматовдун көп кырлуу , күчтүү талантынын улам жаңы, улам жаркын жактары ачылып, жүрүп отурган. “Саманчынын жолунда” автор чыгармачылыгына таандык эпикалык масштабдуулук, терең психологизм менен согушта бардык жакындарынан ажыраган эненин жер көтөргүс трагедиясын жана майтарылбас күчтүү адамдык рухун чагылдырган. Калың окурмандардын сүймөнчүлүгүнө, колдоосуна татыган жазуучулук эмгеги бааланып, Ч. Айтматов 1962-ж Эмгек Кызыл Туу орденине, 1963-ж “Тоолор жана талаалар” жыйнагы үчүн Лениндик сыйлыкка татыктуу болгон.

Жазуучунун эң соңку “Тоолор кулаганда” романында коомдук системанын өзгөрүшү менен келген өткөөл мезгилдеги кайра түзүү, жаңыланууларды коштой жүрчү саясий,нравалык-этикалык, социялдык- экономикалык баш аламандыктар, ушундай шарттарда рух дүйнөсү тар, өзүмчүлдүгү жогору, ынсапсыз айрым адамдарда өзгөчө өөрчүп кетүүчү өзүн-өзү сактоо жапайы инстинктинин үстөм алып кетиши, бул ынсапсыздыктын кесепетиненадамгерчиликсиз баш аламандыктар курчуп, доорду негизги проблемаларынан алаксытып, адамгерчиликтүү демилгелерге тоскоол болоору романдын баш каарманы, эгемен журналист Арсен Саманчиндин, жаңы заман жараткан олигарх Эрташ Курчалдардын образдары аркылуу ачылып берилген.

Ч. Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабиятыбызды эле эмес, искусствобуздун башка түрлөрүнүн да жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө өзүнүн зор таасирин тийгизди. Анын чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып, симфония, балеттик чыгармалар жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон жүздөгөн эмгектер жаралды, театр спектаклдери кинофильмдер коюлду.

Жаштардын дүйнөгө карата нравалык этикалык көз карашын калыптандырууда да Улуу жазуучу, заманыбыздын залкар ойчулунун канаттуу чыгармалары, макала, маектеринин тарбиялык мааниси зор.

Ч. Айтматовдун чыгармалары менен кыргыз жаштарынын нечен мууну мектеп партасынан таанышып, таалим, тарбия алды.

Кыргыз элинин сыймыктуу, чыгаан уулу, 20-кылымдын Улуу жазуучусу, кеменгер ойчул Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун пенделик өмүрү токтогон менен, артында калтырган баалуу руханий мурасы анын түбөлүктүүлүккө, өлбөстүккө карай жолун улап кылымдарды карытып жашай берет.

Үйгө тапшырма берүү: Дил баян жазып келүү.

Жыйынтыктоо:



















Сабактын темасы: Кылым карыткан – Жусуп Баласагын.

Сабактын максаты: Акылман, акындын басып өткөн жолдору жөнүндө окуучуларга кеңири түшүндүрүп берүү. Балдардын патриоттук сезимин ойготуу. Ойчул атабыздай эли-жерин сүйүүгө, мекендин жүгүн көтөрүүгө үйрөтүү.

Сабактын жабдылышы: Ж. Баласагындын сүрөттөрү, маркер ж.б.

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу.

2) Үй тапшырмасын суроо.

3) Жаңы теманы түшүндүрүү.

Жусуп Баласагын 1015-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал Чүй дайрасынын боюнда жайгашкан байыркы Токмок кааласынын түштүк – батышыраак тарабындагы – азыркы Бурана эстелиги турган жерде – өз учурунда акындардын, окумуштуулардын, кол өнөрчүлөрдүн шаарына айланган Баласагын калаасында төрөлгөн.

Ж. Баласагын өзүнүн “Кут билим” (“Кутадгу билиг”) аттуу 13000 саптан турган чыгармасын эски түрк тилинде, 1069-1070 – жылдары 18 айдын ичинде жазган. Акылман акын бабабыз Жусуп Баласагындын “Куттуу билим” дастанынын жаралганына тогуз кылым болду. Бул дастан акылмандыкка жол көрсөтөт, адамды,табиятты сыйлоого чакырат.

Биздин ата-бабалар дал ушундай куттуу, касиеттүү сөздөрдөн тарбияланып, таалим алган. Бүгүн биз да таалим-тарбия алып жатабыз. Жусуп Баласагын “Куттуу билим” дастанында окуу менен билимдин пайдасы жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө мындай дейт:

Айткым келди, о акылман, сөз жайын,

Окуу, билим пайдасынан баштайын.

Окуу – түндө, алдыңдагы шам чырак,

Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.

Окуу-билим көп нерсеге жеткирет,

Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.

Жеткирди миң-миңдеген ачылышка,

Сага даңк илим күчү – урмат сага!



О, билимдүү! Ачууңа сен жеңдирбе!

О, акылдуу! Сыймыгыңды бүлдүрбө!

Окуу болсо – билим үчүн жол салат,

Билим болсо – иштин көзүн ал табат.

Билимдүүгө окуу – кийим, аш болот,

Билимсиздер – ушак менен дос болот!


Жусуп Баласагын бул эмгегинде адеп – ахлактын ар бир үлгүсүн, таасирин, коомдук түзүлүштүн мыйзамын, тартип эрежелерин, ал тургай адам өз боюн кантип алып жүрүшү керек экендигине чейин баяндап айткан. Биздин ата – бабаларыбыз дал ушундай куттуу, касиеттүү сөздөрдөн тарбияланып, таалим алган. Ал таалим муундан – муунга уланып биздин күнгө жеткен.

Даңктуу дастандын кириш бөлүмүндө ал Баласагын шаарында туулгандыгы, дастанын Кашкарда жазып бүтүрүп, Табгач ханга (Кашкар ханы) тартуулагандыгы, ушул эмгеги үчүн “хасхажит” деген наамга ээ болгондугу айтылган.

4) Бышыктоо. Класстер түзүү менен сабакты бышыктайм.

5) Үйгө тапшырма берүү. Ж. Баласагындын учкул сөздөрүнөн таап жазып келүү.

6) Жыйынтыктоо.






Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!