СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чынгыз Айтматов

Категория: Литература

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чынгыз Айтматов»

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары – кыргыз идентүүлүгүнүн негиздери.

Кыргыз десем Чыңгыз келет эсиме, Чыңгыз десем кыргыз келет эсиме дегендей кыргыздын сыймыктуу белгилүү залкар жазуучусу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов. Айтматов жазуучу эле болбостон зоотехник,дипломат болгондугу да маалым. Мен ал адамды ар тараптуу тармактарда кызмат кылган инсан катары жана жазуучу катары тааныйм. Мага жараткан чыгармалары, дүйнөгө, адамдарга болгон көз карашын көрсөткөн учкул сөздөрү жагат. Анын чыгармасын окуп окуп жатканда ошол болуп жаткан окуянын ичинде жүргөндөй сезилет. Айтматовдун көрөгөчтүгүн, айкөлдүгүн чыгармаларындагы башкы каармандары тарыхый же бир белгилүү, таанымал инсандар эмес жөнөкөй,карапайым адамдардын башынан өткөнүн, жашоосун чагылдыргандыгынан билсек болот.

Чыгармалары – согуш, сүйүү, жашоо, адеп - ахлак темаларында жазылган.Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары совет доорунда жазылса да, бүгүнкү күндө да окулуп актуалдуулугун жоготпой келет. Анын кеменгерлиги-кечээкини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини көрө билгендигинде.Айтматовдун чыгармалары Таластын Шекер айылынан башталып кыргыздын тоо-ташын аралап өтүп, Орусиянын унутта калган охот денизинде, Москвада кремлде, Германиянын шаарларында, океандын үстүндө аягы келип космосто уланат! Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жана мыкты жазуучу катары дүйнө эли абдан баалашат экен. Бүткүл дүйнөлүк коомчулукта анын баалулугу чоң десек болот. Анткени, анын чыгармалары бул – дүйнөнүн чыгармалары. Жазуучунун кайсыл гана чыгармасын алба, ар бирине сонун тасма тартса болот. Дүйнө эли чоң кызыгуу менен көрөт деген ойдомун Чыгармаларындагы өзгөчө жалындаган тема бул – албетте сүйүү темасы.Жөнөкөй адамдардын сүйүүсүндөгү улуу жана аруу сезимдер: Асель менен Ильяс, Мырзагүл менен Султанмурат, Данияр менен Жамийла, Эдигей менен Заринанын мамилеси эмне деген керемет сезимдер. Махабат темасы адамды адам кыла турган эң бийик аруу сезим катары сурөттөлөт. Адамды сүйүү, бул жашоону сүйүү, табиятты, сулуулукту,өмүрдү сүйүү, сүйүү касиети менен бийиктеп турат Адеп – ахлак темасы айрыкча Момун чал менен Нургазы, Дүйшөн менен Танабай, Сейит менен Сейде, Казангап менен Арсен адамды адам бойдон калууга үндөп турган каармандар. Андан сырткары “Эрте келген турналар”, “Бетме бет”, “Жамийла”, “Саманчынын жолу” дээрлик согуш темасына арналган. Бирок ал согуш талаасындагы кырылышкан салгылашууну эмес, бир октун үнү угулбаган Тылдагы адамдын трагедиясын укмуштуудай көркөм жазып бере алган мисалы: Толгонай эненин монологу. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары «Ак - кемедеги» Бугу эне жомогунан башталып, Найман-эне, «Жетөө жана бирөө» грузин легендасы менен уланып, акыркы «Сардал кызга» чейин улам бир чыгармада улам жаңы икая толуктап, коштоп, параллелдүүлүк өркүндөп жүрүп отурат. Жомок менен реалдуу турмуш эгиз козулардай жүрөт,. Чыңгыз айтматовдун чыгармалары 150 өлкөдө 100 миллиондон ашык нуска менен жарык көргөн.

Анын кыргыз адабиятына кошкон салымы аябай чоң. Бир гана кыргыз адабиятына эмес, анын чыгармалары дүйнөлүк масштабтагы чыгармалардын катарын толуктап турат.

Кимде ким Айтматов аркылуу кыргыз жан-дүйнөсүн таанып кыргыз элибиз жөнүндө жакшы ойдо болсо мен анын баарын кыргызстандык деп эсептейм!

Сегиз миллиард чамалаш дүйнө калкы арасында алакандай жети миллион кыргыз эли кум шекердин бүртүгундөй болот. Анан дуйнөнүн алп жазуучусу ошол кыргыз элинен болгондугу бул биз учүн улуттук чоң сыймык. Кыргыз жери - керемет,кыргыз эли – керемет,ааламга тааныткан Айтматову керемет!

Мына ошентип сыймыктуу жазуучубуз туурасында жаза берсем абдан эле көп. Менин ойлорум ал жөнүндө айтылган кептерин миңден бир бөлүгүн гана толуктаса керек. Сөзүмдү, оюмду толуктап жыйынтыкташ үчүн ыр саптардан жаза кетпесем болбос.

Ала – Тоонун атыр жыттуу абасын, кыргыз жерин,казактын чоң талаасын,калем менен бүт дүйнөго таанытты, кылыч чаппай жебе атпай сөз менен, биздин Чыңгыз бүт дүйнөнү багынтты.

Сыймыгы элибиздин, сыйлыгы болду эле.

Кимсиң? - деп сураганга, кыргызмын дечү эле.

Бир кылымга пайгамбардай кеменгер “Бул дүйнөдөн Чыңгыз өттү” дегендер, жаңылышат, Айтматов карааны эми жүрүп, эми гана тереңдээр.

“Эч ким эч нерсе эч качан унутулбайт” - дегендей эле Чыңгыз Айтматов жана анын чыгармалары, жасаган эмгектери кыргыз элинин деги эле дүйнө элинин эсинде калып унутулбай сакталат деп ишенем!



Тилебалдыева Бүайша ОшМУ 2-курс


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!