СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чыңгыз Айтматов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Чыңгыз Айтматов»

Ч.Айтматов өмүр баяны .Сабактын планы



Ч.Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы 
«Ч.Айтматов өмүр баяны

Сабактын темасы: Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча аукцион сабак

Сабактын максаты:

  1. Билим берүүчүлүк: Окуучуларга Ч.Айтматовдун кыскача өмүр жолун, чыгармаларын эсине салып, аларга чыгармаларынын эстетикалык, нравалык бийиктигин жеткирүү.

  2. Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулдардын эркин ой жүгүртүүсүн, өз ойлорун эркин айта билүүсүн калыптандыруу.

  3. Тарбия берүүчүлүк: Каармандардын негизинде окуучуларды патриоттуулукка, адамга жат болгон көнүмүш адаттардан алыс болууга, адептүүлүккө, терең билим алууга умтулууга тарбиялоо.

Сабакта колдонулуучу ресрустар: Жазуучунун сүрөтү, билим дарагы, алтын эреже, бөлүмдүн таксаномиясы, ар түрдүү карточкалар. Гугл тест,канва ж.б

Сабактын методу: Интерактивдүү метод

Сабак аралык байланыш: Тарых, математика, сүрөт, музыка.

Сабактын жүрүшү:

  1. Уюштуруу: (Манас гимни)

  2. Топторго бөлүү: (1-топ “Делбирим”, 2-топ “Ак кеме”)

  3. Окуучулар менен бирдикте алтын эреже кабыл алуу

Аукцион үч топтон турат. https://www.canva.com/design/DAFs_MGlmok/tYSjkCD_PdCg5uJbMfCorQ/edit?utm_content=DAFs_MGlmok&utm_campaign=designshare&utm_medium=link2&utm_source=sharebutton Доскага Ч.Айтматовдун “Ак кеме” жана “Делбирим” чыгармаларындагы Ак кеме менен Илиястын машинасынын сүрөтү аукционго коюлат. Сүрөттөргө сегизден суроо берилет. Сүрөттөр акча менен бааланып сатылат. Жооп берген суроолордун акчасы билим дарагына илинет жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча гугл тест иштешет.





1-тур:

  1. Ч.Айтматов канчанчы жылы, кайсы жерде туулган?

(Талас областынын Киров районундагы Шекер айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө 1928-жылы 12-декабрда туулган)

  1. 1948-1953-жылдары кайсы жогорку окуу жайында окуган?

(К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда)

  1. “Жамийла”, “Бетме-бет” повесттери журналдарга жарыялангандан кийин кандай сыйлык менен сыйланган?

(“Эмгектеги артыкчылыгы” медалы менен)

  1. 1968-жылы ноябрда кайсы повести үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон?

(“Жаныбарым Гүлсары” повести үчүн)

  1. Жазуучунун эң биринчи аңгемеси кайсы жана канчанчы жылы жарык көргөн?

(“Газетчи Дзюйо”, 1952-жылы)

  1. Кайсы повести 1957-жылы “Ала-Тоо” журналына жарыяланган?

(“Бетме-бет” повести)

  1. “Атадан калган туяк” аңгемеси качан жарыкка чыккан?

(1968-жылы февралда)

  1. “Ак кеме” повести жана ал боюнча жазылган көркөм фильмдин сценарийи үчүн кандай сыйлык ыйгарылган?

(СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган)

“Делбирим” тобунун окуучулары чыгарган ырларын көркөм окушат жана обондуу ырларын ырдашат.







2-тур:

  1. “Кызыл жоолук жалжалым” повестиндеги башкы каармандар кимдер?

(Асел, Илияс, Байтемир, Самат)

  1. Фильмдеги башкы каарман Аселдин ролун ким ойногон?

(Д.Чочунбаева)

  1. “Жамийла” повестиндеги Жамийланы ким ала качып алат, эмне үчүн?

(Садык. Ал жылкычы болуп жүрүп, малчылардын тоюнда кыз куумайга түшүп, Жамийлага жетпей калгандан кийин, эрдин тиштеп, аны “намыстанып” ала качып алган).

  1. Толгонайдын образы кандай?

(Улуу Ата Мекендик согуш аны үч бирдей уулунан жана өмүрлүк жарынан, ал түгүл жалгыз келининен ажыратты. Толгонай эне бул оор жоготууларга моюн сунуп мөгдүрөбөстөн, тескерисинче чыйралып, кайраттуулук менен эмгектенип, жеңиш үчүн, жашоо үчүн күрөшө берет. Мекендин ишине жан дили менен берилип, өз өмүрүн ишине арнаган ошол кездеги советтик энелердин образы тартылат .

  1. “Ак кеме” көркөм тасмасындагы терс каарман ким, ал кандай киши?

(Орозгул. Ал адамдык сапатын жоготкон, өзүнө баш ийген адамдарга, жаратылышка кыянаттык менен мамиле жашаган зөөкүр)

  1. Баланын ролун аткарган кичинекей актёр ким? (Н.Сыдыгалиев)

  2. Жамийла менен Даниярдын ортосунда болуп өткөн сүйүү баяны кимдин ой толгоолору, эскерүүлөрү аркылуу баяндалган? (Сейиттин)

  3. Даниярдын ролунда ойногон актёр ким? (С.Чокморов)

“Ак кеме” тобунун окуучулары чыгарган ырларын көркөм окушат жана обондуу ырларын ырдашат.

3-тур:

  1. “Эрте келген турналар” повести үчүн кайсы сыйлык ыйгарылган?

(Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы)

  1. “Эрте келген турналар” повестиндеги Инкамал-апай сабак учурунда эмнелер жөнүндө айтып берди?

(Инкамал апай Цейлон аралы жөнүндө, анда жашаган түрдүү жаныбарлар жана өсүмдүктөр тууралуу окуучуларга узун сабак, кызыктуу аңгеме айтып, түшүндүрүп жатты.)

  1. Султанмураттын курбулары кимдер?

(Анатай, Эркинбек, Эргеш, Кубаткул)

  1. Сахнада Толгонайдын ролун аткарган талантту актрисалар кимдер?

(Дааркүл Күйүкова, Гүшара Дулатова)

  1. Советтер Союзунда баңгилик темасы козголо элек кезде кайсы чыгармасы, канчанчы жылы жарык көрдү?

(1986-жылы “Кыямат” романы)

  1. Бул романдан соң бир нече жылга чыгармачылык эс алууга чыккан, жазуучу кайсы романдарын жазды?

(“Кассандра тамгасы”, “Тоолор кулаганда” же “Сардал кыз”)

  1. Ч.Айтматовдун артында калган балдары кимдер?

(Санжар, Аскар, Элдар, Ширин)

  1. Ч.Айтматов канчанчы жылы, кайсы айда дүйнөдөн кайтты?

(2008-жылы, июнь айында)

Ошентип, уткан топ башкача айтканда “Делбирим” тобу Илиястын машинасынын айдоочусун табышы керек. Аны табыш үчүн Илиястын образын топтогу окуучулар айтышат. Аягында айткан окуучу айдоочу болуп шайланат.

  1. Бөлүмдүн таксаномиясы менен иштөө

  2. Жыйынтыктоо, баалоо

Лидерлер өз тобундагы окуучуларды баалашат. Билим дарагы аркылуу топтор бааланып, уткан топ Ардак грамота менен сыйланат.

  1. Үй тапшырма: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSetybjVA3vpeOZljkCNGEFiYjFJFwDcU-B1kPnVc8_RiuJhRg/viewform?usp=sf_link

  2. “Билем, билдим, билгим келет” таблицасын толтуруп келүү.




Скачать

© 2023, 79 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!