СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чогуу китеп окуйбуз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдар бир нерсени бат эле өздөштүрүп алышат. Баланын мээси 3 жашка чейин өтө тез өөрчүшүн изилдөөчүлөр аныкташкан. Баланын сак-саламат калыптанышы үчүн ата-энеси убакыт бөлүп: китеп окуп берип, ырдап, эркелетип туруусу маанилүү. Балдарыбызга китеп окуп берип жатканда  биз алардын мээсин ыракат алууга үндөп турабыз. Урматтуу ата-энелер, балдарга жакын болуп, дайыма китеп окуп берүүнү унутпаңыздар!

Просмотр содержимого документа
«Чогуу китеп окуйбуз»

Чогуу китеп окуйбуз”

Максаты: 1. Окуучулардын китеп окууга кызыгуусу артат.

2. Окуучулар сөз байлыгын, ой жүгүртүүсүн, суйлөө кебин өстүрөт.

3. Бири-бирин угууга, сыйлоого үйрөнөт.

Жабдылышы: карточкалар, сүрөттөр ж.б.

Жүрүшү: 1. Киришүү

Эмне үчүн балдарга китеп окуп бериш керек?

БАЛДАР... Алар бир нерсени бат эле өздөштүрүп алышат го! Изилдөөчүлөр балдардын мээси, өзгөчө, үч жашка чейин өтө тез өрчүүрүн байкашкан. Баланын сак-саламат калыптанышы үчүн, ата-энесинин дайыма убакыт бөлүшү: окуп, ырдап, эркелетип турушу маанилүү. Бирок, жүргүзүлгөн изилдөө 2—8 жашар балдары бар эне-аталардын жарымы гана алар менен күнүгө окушарын көрсөтөт

Окуганды жакшы көрүүгө үйрөтүү

Адистердин ою боюнча китеп окуп берүү пайдалуу. «Бала сабаттуу окууга керектүү чеберчилик, адат өрчүтүшү үчүн, ага, асыресе мектеп курагына жете элек балага, китеп окуп берүү абдан зарыл»,— деп белгиленет.

Балдарыңарга окуп бере турган болсоңор, алар кичинесинен китептеги тамгалардын биз сүйлөгөндө колдонгон сөздөргө төп келерин байкашат. Адабий тил менен да таанышышат. Үн чыгара окуунун бир көрсөтмөсүндө мындай делген: «Балдарыбызга окуп бергенде, биз алардын мээсин „ыракат алууга“ үндөп турабыз. Муну китептерди жана журналдарды өзүнчө жагымдуу нерседей көрсөтүп, андагы маалыматка баланын мээсин жооп кайтарткан жарнама деп да атап коюшка болот». Окуганды жакшы көргөн ата-энелер балдарын да ошого үйрөтүшөт.

Курчап турган дүйнө менен тааныштыруу

Ата-энелери окуп берген балдар түрлүү өлкөлөр, элдер жана башка кызыктуу нерселер тууралуу баалуу маалымат алышат. Алар акча-тыйын коротпой эле, китептердин жардамы менен дүйнө жүзү боюнча «саякаттап» келишет. Кандайча? Тирүү зебра, арстан, жираф жана башка жаныбарларды биринчи жолу көрүп жатса да, бала алар жөнүндө азын-оолак билип калган.

Балдарга кичинекейинен окуп берүү аларга курчап турган дүйнө менен таанышууга жардам берет.

2.Оюндун катышуучулары жана шарттары менен тааныштыруу.

Шарттары: 1. Токтосун Самудиновдун ”Айбанаттар дүкөнү” китебинен суроолор

2. Тыбыштарды тап

3. Сүрөттү боё

4. Кыска суроолор



  1. Айбанаттар дүкөнү” чыгармасынан суроолор

  1. Эмне үчүн айбанаттар дүкөнү ачылды? ( Адамдарга жалдырап жүрбөйлү деп ачышты)

  2. Таш бака эмнеге белек издеди? (Жүз жылдыкка)

  3. Эмне үчүн зебрага така керек эмес? (Саваннада кыш болбойт)

  4. Түлкү эмне деп калп айтты? (Куйругумду сатам деп)

  5. Ким эмне алаарын билбейт? (Төө)

  6. Кандек “Чүлүктү ал”-деп эмнеге кеңеш айтты? (Төөгө)

  1. Аюулар эмне кылышты? (Бал куюлган челекти айланчыктайт)

  2. Ат такага көз салып эмнени ойлойт? (Тайгаланчу бутту ойлойт)

  3. Кулактарын шалпайтып ээрчишип жүргөн эмнелер эле? (Эшектер)

  4. “Мөөнөтүн айт, нече ай?”-деп эмне айтат? Ал эмнени издейт? (Үкү, көз айнек)

  5. Кырк аяк эмне алды?

  6. Бул чыгарманы ким жазган?

1. Тыбыштарды тап ( таблицадан А тамгасын таап, боёшот)

2. Сүрөттү боё ( сүрөттөрдү түстөрдү туура тандоо менен боёп чыгуу)

3. Кыска суроолор

  1. Сен кайсы өлкөдө жашайсың?

  2. Бөлө деген ким?

  3. Өйдөнүн тескериси ...

  4. Койдун баласы ...

  5. Түлкүнүн баласы ...

  6. Мөңгү каякта болот?

  7. Билим алуучу жер?

  8. Үй жаныбарларын атагыла

  9. Табышмак:

  10. Экинчи муунду тап: Ба-лык, ки-теп

  1. КРнын туусу кандай түстө?

  2. Таяке деген ким?

  3. Узундун тескериси...

  4. Жылкынын баласы ...

  5. Карышкырдын баласы ...

  6. Кум каякта көп болот?

  7. Сабак өтүлүүчү жай?

  8. Жапайы жаныбарларды атагыла

  9. Табышмак:

  10. Экинчи муунду тап: Ко-зу, ка-шык

  1. Жыйынтыктоо


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!