СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду

Нажмите, чтобы узнать подробности

Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду боюнча слайд 9-кл

Просмотр содержимого документа
«Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду»

Кыргыз тили 9-класс Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Кыргыз тили

9-класс

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак,  Билим алсаң мандай ачык жаркырап.  Өнөрдү ачуурканба, айласы көп.  Билимден ачуурканба, пайдасы көп.  Ж.Баласагын

Окуу — түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң мандай ачык жаркырап. Өнөрдү ачуурканба, айласы көп. Билимден ачуурканба, пайдасы көп. Ж.Баласагын

Сабактын темасы: Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду.

Сабактын темасы:

Чакчыл түрмөк. Анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. Чакчыл түрмөктүн синтаксистик кызматы. Чакчыл түрмөктүн сүйлөмдөгү орду.

Сабактын максаты: Чакчыл түрмөк деген эмне;  Чакчыл түрмөктөргө кайсы учурда тыныш белгилер коюлат;  Чакчыл түрмөктөр түзүлүш жагынан кандай болот?

Сабактын максаты:

Чакчыл түрмөк деген эмне; Чакчыл түрмөктөргө кайсы учурда тыныш белгилер коюлат; Чакчыл түрмөктөр түзүлүш жагынан кандай болот?

Өткөн сабакта:    Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү.   105-бет;  111-көнүгү.  Тексттен атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдөгү чектерин белгилеп, синтаксистик аткарган кызматын атап көрсөткүлө.

Өткөн сабакта:

Атоочтык түрмөк, анын грамматикалык белгилери жана түзүлүшү. 105-бет; 111-көнүгү. Тексттен атоочтук түрмөктөрдүн сүйлөмдөгү чектерин белгилеп, синтаксистик аткарган кызматын атап көрсөткүлө.

Жаңы тема:  Көпчүлүк учурда тилибизде заттардын, көрүнүштүн,  кубулуштун жана кыймыл-аракеттин ар түрдүү татаал белгилерин  жөнөкөй бир сөз менен толук чагылдырып берүү мүмкүн болбой  калат. Мына ушундай учурларда андай белгилерди бир канча сөздүн  айкашы аркылуу берүүгө туура келет. Ушундай кырдаалга  байланыштуу, башка түрк тилдериндегидей эле, кыргыз тилиндеги  сүйлөмдөрдүн тутумунда да бир нече сөздүн тизмегинен уюшулуп,  сүйлөмдүн тутумдаш бир мүчөсүнүн милдетин акаруучу тутумдуу сөз  айкаштары да кеңири учурайт. Андай сөз айкаштары (сөз тизмеги)  дайыма чакчыл жана атоочтук этиштердин негизинде уюшулат.

Жаңы тема:

Көпчүлүк учурда тилибизде заттардын, көрүнүштүн, кубулуштун жана кыймыл-аракеттин ар түрдүү татаал белгилерин жөнөкөй бир сөз менен толук чагылдырып берүү мүмкүн болбой калат. Мына ушундай учурларда андай белгилерди бир канча сөздүн айкашы аркылуу берүүгө туура келет. Ушундай кырдаалга байланыштуу, башка түрк тилдериндегидей эле, кыргыз тилиндеги сүйлөмдөрдүн тутумунда да бир нече сөздүн тизмегинен уюшулуп, сүйлөмдүн тутумдаш бир мүчөсүнүн милдетин акаруучу тутумдуу сөз айкаштары да кеңири учурайт. Андай сөз айкаштары (сөз тизмеги) дайыма чакчыл жана атоочтук этиштердин негизинде уюшулат.

 Тактап айтканда, чакчыл же атоочтук алды жагында өзү менен башкаруу, ыкташуу жолу аркылуу байланышып айтылган бир нече сөздүн турушун талап кылат; экинчи жагынан, ал чакчыл же атоочтук менен түздөн-түз байланышып турган сөздөрдүн өзү менен байланышып келген башка сөздөрдүн да болушу мүмкүн. Натыйжада, ошол чакчылдын алкагында бири-бири менен тыгыз байланышкан бир канча сөздүн бирдиктүү бир түрмөгү (тизмеги) уюшулат: Мисалы: Кез-кез арабаларга карап коюп , Темир да өз жолу менен келе жаткан эле (Т.С;).

Тактап айтканда, чакчыл же атоочтук алды жагында өзү менен

башкаруу, ыкташуу жолу аркылуу байланышып айтылган бир нече

сөздүн турушун талап кылат; экинчи жагынан, ал чакчыл же атоочтук

менен түздөн-түз байланышып турган сөздөрдүн өзү менен

байланышып келген башка сөздөрдүн да болушу мүмкүн. Натыйжада,

ошол чакчылдын алкагында бири-бири менен тыгыз

байланышкан бир канча сөздүн бирдиктүү бир түрмөгү (тизмеги)

уюшулат:

Мисалы: Кез-кез арабаларга карап коюп , Темир да өз жолу

менен келе жаткан эле (Т.С;).

 Чакчыл түрмөктөр.   Чакчыл түрмөктөр, жогоруда белгиленгендей, бир нече сөздүн  синтаксистик байланышынан уюшулат. Андай сөз тизмектеринин  түзүлүшүндө негизги ролду дайыма чакчыл этиш аткарат, анткени ал  айрым учурларда айтылуучу ойдун мазмунуна ылайык өзү менен  башкаруу, ыкташуу жолдору менен байланышып келген бир нече  сөздүн бирге айтылышын талап кылат, экинчи жагынан, ал сөздөрдүн  өзү менен байланышып айтылган башка сөздөрдүн да болушу мүмкүн, ушунун натыйжасында түзүлүшү жагынан бирдиктүү келген сөз  түрмөгү уюшулат.  Мисалы: Ичигин желбегей жамынып, Султан эшикке чыкты.  Мында «жамынып» деген чакчылга  «желбегей» деген сөз ыкташып, «ичигин» деген сөз башкарылып  байланышып келип, бирдиктүү сөз тизмеги, чакчыл түрмөк,  уюшулган.

 Чакчыл түрмөктөр дайыма тутумундагы сөздөрү менен  бирдикте туруп, сүйлөмдүн этиштик баяндоочу менен же этиш сөздөн  турган башка мүчөлөрү менен байланышта айтылат да, алар билдирген  кыймыл-аракеттин мүнөзүн, абалын, кандайча аткарылгандыгын  билдирет; бир суроого жооп берип, тутумдаш бышыктоочтун  милдетин аткарат:  Мисалы : Коштоо атын жетелеп, Курман илгери жөнөдү  (А.У.). Бул сүйлөмдөгү «Коштоо атын жетелеп» деген чакчыл түрмөк  маани жагынан сүйлөмдүн «жөнөдү» деген этиштик баяндоочу менен  байланыштуу айтылып, ал кыймыл-аракеттин кандай абалда  аткарылгандыгын билдирип турат; бирдиктүү түрдө туруп, кантип?  деген суроого жооп берип, тутумдаш сыпат бышыктоочтук милдетти  аткарып турат.

 Бир канча сөздүн чакчыл менен байланышып айтылышы  аркылуу түзүлгөн бирдиктүү тизмеги чакчыл түрмөк деп аталат.  Кыргыз тилинде чакчыл түрмөктөр көбүнчө сүйлөмдүн  башында, кээде аягында, ортосунда келет. Оозеки кепте сүйлөмдүн  башка бөлүгүнөн кыска тыным аркылуу бөлүнүп айтылат; сүйлөмдүн  башында жана аягында келген учурларда алардын чакчыл түрмөк  экендиги ачык даана билинип турат.  Чакчыл түрмөктөр сүйлөмдүн башында келсе,өзүнөн кийин,  аягында келсе, өзүнөн мурда үтүр коюлат:  Мисалы: Болотбектин келе жатканын көрүп, трактористтердин бригадири Чумаков бери басты (К.Ж.).

 Чакчыл түрмөк сүйлөм ортосунда келген убактарда, анын  башталышы кыска тыным (пауза) менен ачык бөлүнүп чектелип  турбайт, ошол себептүү алардын чакчыл түрмөк экендиги сүйлөмдүн  башына же аягына келген түрмөктөр сыяктуу даана билинип турбайт.  Чакчыл түрмөктөр сүйлөм ортосунда келгенде, эки жагынан үтүр  ажыратылып жазылат:  Мисалы: Андан кийин ал, анда-санда гана аялына карап  коюп, унчукпай отура берди (С.Б.).

 Кыргыз тилинде чакчыл түрмөктөрдүн уюшулушуна көбүнчө  -ып формасындагы, аз да болсо -а, -й-ганча/ /-гыча, -ганы, -май-ынча  формасындагы чакчылдар катышат. Чакчыл түрмөктөр мааниси  жагынан көбүнчө сүйлөмдүн этиштик баяндоочу менен, кээде этиш  сөздөн турган башка мүчөсү менен байланыштуу айтылып, аны ар  түрдүү жагынан мүнөздөп турат: сүйлөм ичинде берген маанисине  карай сыпат чакчыл түрмөк, мезгил чакчыл түрмөк, себеп чакчыл  түрмөк, максат чакчыл түрмөк, салыштырма чакчыл түрмөк,  карама-каршы чакчыл түрмөк болуп 6 түргө бөлүнөт.

Бышыктоо үчүн тапшырма: 117-көнүгүү.  Сүйлөмдөгү чакчыл түрмөктөрдү өзүлөрү тиешелүү болуп айтылган кыймыл-аракет менен бирдикте көчүргүлө.

Бышыктоо үчүн тапшырма:

117-көнүгүү. Сүйлөмдөгү чакчыл түрмөктөрдү өзүлөрү тиешелүү болуп айтылган кыймыл-аракет менен бирдикте көчүргүлө.

Кийинки  сабакта көрүшкөнчө!

Кийинки

сабакта

көрүшкөнчө!

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!