СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ч.Айтматов боюнча класстан тышкаркы сабак

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ч.Айтматовдун өмүр баяны, чыгармалары жөнүндө түшүнүк алышат

Просмотр содержимого документа
«Ч.Айтматов боюнча класстан тышкаркы сабак»

2023-2024-окуу жылы.





Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган кунунө карата _____-класстар арасында өткөрүлгөн класстан тышкаркы

иштин план-сценарийи.

Мугалимдин кириш сөзу:

Чыңгыз ага тирек болуп кыргыз калкка,

Чыгармаң тунөк алды ар бир жанда

Дуйнөнү дуңгурөтүп арабызда

Жашай бер, сен тубөлук Чыңгыз ата!



Тарыхтын ат жалында эки Чыңгыз

Алардын бири моңгол, бири кыргыз

Бирине кулдук уруп, наалат айтып,

Бирине кучак жайып турат турмуш

Кыргындуу кылыч мизин канга булөп,

Кылымды титиретсе жоокер Чыңгыз

Достуктун суусун буруп Ысык-Көлгө

Дуйнөну тугөл тутту камкор Чыңгыз!



Адамзаттын тарыхында жаралган

Кайткыс жайга узап жатат улуу адам

Кыргыз барда өлбөс-өчпөс Чыңгыз бар

Чыңгыз учун түбөлүктүү бул аалам!

Саламатсыздарбы, урматтуу мугалимдер жана окуучулар! Ар жылы ушул кунду эскеруу менен кабыл алып, улуу атабыз Ч.Айтматовдун арбагын бир оодарып, таазим этип , эскерип келебиз! Бугун да ошол улуу, алп, залкар инсаныбызды эскерип, окуучуларыбыз жазуучунун чыгармаларынан көрсөтуп беришмекчи.

__-класс: “Айтматовдун каармандары бүгүн биздин арабызда”

Сахнага колуна таяк таянган, чоң ак жоолукту башына таштап койгонТолгонай кирет. Ал Жер-Эне менен сырдашат. Артынан бардык каармандар кирет.

Толгонай: (Айтбаева Т.)

- Амансыңбы куттуу таалам? Адам баласынын кайгысына, кубанычына ортоктош болгон касиеттуу, көтөрүмдүүнун көтөрүмдуусу, чыдамдуунун чыдамдуусу Жер-Эне! Канча мезгил өтту, өмур суудай агып, карыдым, арыдым. Бирок дагы да болсо умут менен жашайм. Адам пендеси келечектен эч качан умут узбөйт тура.

Сенин алдыңа турмуштун тайгак кечуусун кече албаган, тагдырдын оош-кыйышына чыдай албаган каармандарды алып келдим. Мен ошол көчту баштап келдим. Кана замандаштарым, соз силерде.

Ысмайыл: ( Таалайбек уу.И )

Коркок болдум, коргободум Мекенди

Эл алдында жузум болду караңгы

Оо, Жер-Эне, замандаштар кечиргин

Качкын ууру, арсыз мендей балаңды

Инилерге айтар менин акылым

Журт коргогон асыл инсан болгула!

Качкын, ууру деген атка кабылбай,

Эли-журттун купулуна толгула!

Базарбай: ( Бектемиров Д

Оо. Жер-Эне баарына сен кубөсуң

Канчалардын урат мени каргышы

Ничего не подобно” деп турмушту

Канчаларга шылдың менен карадым

Абийиримди алмаштырып аракка,

Кош Көкжалды зар какшатып ыйлатып

Болтурукту сатып толгон байлыкка

Кыялымда көп акчаны санадым.

Билем, билем,кунөөм менин тоодой көп

Мен сыяктуу болбогула кара өзгөй!

Орозкул: ( Эстебес уу.Б)

Пейилимден таптым далай азапты,

Бул ичиклик көп иштерди жасатты

Каргышына калып бугу , маралдын

Көпчулуктун азар бердим дилине

Кол көтөрдум кайберендин пирине.

Айтаар кеңеш келе жаткан муунга

Табияттын каарына эч урунба!

Илияс: (Сагын☺

Кечир мени, Жер-Эне!

Таарынуудан тагдыр өзу чечилбейт,

Ойлогондон азыр турмуш башкача,

Жашап өткум келет эми таптаза

Жамийла: ( Айдана)

Тепседи кыргыз салтын деп

Далайлар мени жек көрөт

Жашоосун өзу тапты деп

Далайы мени эп көрөт

Кантсе да менин кунөөм бар

Ак нике аттап, жуз ачкан

Жосунсуз жорук баштагам

Данияр менен бир качкам

Данияр: (Шамшиев Э)

Кечир бизди адамзаттын энеси

Жаштык кылып, аттаганбыз турмушту

Бар болгону суйуу учун курөштук

Жасабадык кечирилгис кылмышты!

Найман-Эне: ( Бурулча)

Мен качандыр бир кезде, жуң-жаңдар тынч жаткан элибизди талоонго алып, жан буткөндун баарысы жапа чегип жургөн чагында оз уулунан айрылган шордуу энемин!Канча мезгил өтсө да, өз кулунум оз энесин тааныбай , ак жоолугум ай талаага учуп ажалдын огуна туш болдум.

Кулунум, Жоломаным, жалгызым ай,
Не кунгө туш болгонсуң жвлгызым ай

Жур кеттикя. Учкаш мобу Акмаяга

Мен сени өзуң туулган жерге апарам!

Сейде: (Зарина☺

Жетим тайлактай бозоруп, ээн тамда эч качан агарып атпаган кабарсыз таңдан умут этип, капкайдагы ойлор менен кармаша берип, чарчадым Ажал менен өмур айкаша келип турганда, “Ажал мен аялмын, мен адаммын.Эми менин кезегим келди. Мекенинен өз жанын артык көргөн, мекен эмне экенин билбеген адамдардан өч алуу убакыт келди. Тотойдун балдары, озумдун балам учун бетме-бет барып, караңгылыктын жолун ачам, мындан башка жол жок!

Жамийла менен Данияр бирге басып келишет:

Жамийла: Балким , силер да бизди кунөөлөп тургандырсыңыр. Адам бул жашоого бир келген соң, өз тагдыры учун курөшуп жашаш керек.Каада-салт деп, ага жан-дуйнөңду курман кылсаң, анда сенин адамдыгың кайсы?

Илияс: Бактылуу суйуум чектелип, армандуу кундөрдун тумарын тагынып, турмуштун Долон ашуусун аша албадым. Аселим... Аселимди жолго таштап, өзум оолак качтым.

Базарбай:

Ничего не подобно. Азыр эмне көп. Тоодо карышкыр көп,чөлдө кыздар көп. Атасынын көрү дунуйө, аларга аңчылыкка гана чыгып, ( отуруп, ичип) ничего не подобно, жыргап гана жашаш керек!

Акбара:

Ар дайым козумө көкурөк кучугум, кичинекей бөлтуругум элестейт. Көргум келет. Бөлтуруктөрумдун балалык, назик уурттарын талбай жыттагым келет. Бирок ал тилегиме жетпей калдым. Ачуума чыдабай, мээнетчил Бостондун Кенжешин ала качканым болду. Анткени адам деген макулуктарга айбан да болсом эне экенимди көрсөткум келди. .

Каармандар баары тизилип,

Бугу-Эне:

Чыңгыз сага кыргызымды калтырайын,

Чыңгыз сага Ысык-Колду тапшырайын

Элимде кен пейилдик орносун деп,

Маралдарды Ала –Тоого бастырайын”,- деп, бардык каармандар ийилип таазим этип, сахнадан чыгып кетишет.

__-класс. “Ак кеме” повестинен узунду. “Баланын жомогу”

Автордун уну: Айтбаева Г.

Бул баланын эки жомогу боло турган.Бири жан билбеген өз жомогу, экинчисин таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда.

Ошол жылы бала жетиге толуп, сегизге аяк баскан. Оболу кара дермантин портфель колго тийди.Кеп ушул портфелден башталды... Мына эми портфель колго тийгенден баштап, бала өзун башка балдарга тең эсептеп, китеп кабын тушурбөс болду. Так секирип туйлаган бойдон, уй-уйдун баарын кыдырып, бир сыйра мактанып чыкты.Эң оболу таенесине суйунчулоду.Анан Бекей таежесине, андан соң Гулжамалга, анан Сейдакматка көрсөтту. (Музыка. Сахнага Сейдакмат чыгат. Чөп чаап жатат. Аңгыча портфелин асмандата көтөргөн Бала энтеңдеп чуркап келет, башында токойчунун шапкеси, мойнунда дурбу)

Сейдакмат: Эмне , мени чакырып атышабы?

Бала: Жок, менин китеп кабым бар!Карчы!Таятам сатып берди. Мен окууга барам.

Сейдакмат: Эй, энтеңдеп жугуруп елгениң ушулбу? Кулөт. Сен да таятаңды тартып айный баштадынбы, ыя. Кана, кандай китеп кап экен?(калитин чырылдатып, портфелди айландыра карап, башын чайкайт.Эй, кое турчу, сен кайсы мектепке барасың, мектебиң каерде?

Бала: Кайсы? Бермедеги мектепке.

Сейдакмат: Кайсы?Тиги Желе-Сайдагы мектепкеби? (Таң калып) Бел ашып, аякка беш километр, кайра беш километр...

Бала: Ат менен жеткирип турам,- деди таятам.

Сейдакмат: кун сайынбы?Кундо барып келип турат бекен?Алжып буткон чал экен да.(Мыскыл аралаш тамашалап) Озун да кошо оку де. Экөөнөр бир партага отуруп аласынар да, сабак буткондо чогуу карагерге учкашып келесинер( каткырып кулот.Бала мурчуюп, капа болуп унчукпайт)

Сейдакмат: Эй эси жок десе, эмне таарынып калдынбы, ыя.чын элеби( Ал баланын мурдунан чымчып, анын шапкесин козуно тушуро кийгизип коет. Сейдакмат кулуп карап турат.

Сейдакмат: Таарынбачы ээ, сени жон эле тамашалап койдум, карачы портфелин абдан жакшы экен.Эми бар уйго, бара гой, менин чобумдун чети али оюла элек. ( Бала унсуз баш ийкеп, портфелин кармалайтСейдакмат бат эле узап корунбой калат.Бала ойлуу турат)

Бала-портфелге:

Эхееей тоолор.Таштар, суулар, кордунорбу, менин китепкабым бар, чон атам сатып берди. Ээр ташым, танке ташым, кашаба ташым, бору ташым, тоо ташым, силер да коруп таанышып койгула. Менин китеп кабым менен. _А сен китеп кабым, Сейдакматтын айтканына ишенбе,менин таятам жакшы, булардай куу эмес, ошол учун баары куло беришет.ал экообузду мектепке жеткирип турат.Мектеп каерде экенин сен али белбессин ээ.Алыс эмес, бир куну корсотом.Экообуз кароол добого чыгып алып, мектепке дурбу салып коробуз. Анан дагы дурбу салып, мен сага Ак кемени корсотом. Ага чейин бастырмага жугуруп кирип чыгалы, дурбу ошерде катылуу, торпокту откозуш мойнумда, бирок мен болбой эле Ак кемени коргону кетип калам, чоң торпогубуз бар, алым жетпейт, суйроп кетет, анан барып, кундо эле энесин ээмп коет. Энеси торпогунан сут аямак беле, ийип берет.Эне деген баласына дайыма ийип турат окшобойбу.Гулжамал ушинтип айтат, кызымы тим эле жакшы кором, эзилип турам дейт.Азыр уйду саап алсын, анан экообуз торпокту откозгону кубалап кетебиз.Ошерден кароол добого чыгабыз да, дурбу салып Ак кемени коробуз.Сен али билбейсин го, дурбу экобуз да ушинтип суйлошо беребиз.Эми бугундон баштап, мен, сен, дурбу учообуз болдук”(Бала кирип кетет)

Автордун жыйынтыктосу:Гулгунай:

Бала коз ирмебей, конулу толкуп, карап турду Ак кемени. Ал бала кыялында балыкка айланып, Ак кемесине сузуп кеткиси келди. Анан алар Ак кеме менен сузуп жоношмок. Бюала болсо коргон –билгенин, жашоо-турмушун токпой-чачпай атасына айтып бермек. Бирок баланын бул аруу наристе таза кыялы ишке ашпасын бала ал учурда билбеди.

Ошентип акырында балык болуп сузуп кеттиң, чырагым. Бирок эч качан балык болуп, Ысык-Колго сузуп кете албасынды, эңсеген Ак кемеге жете албасынды билдин бекен?

Арыба, Ак кеме, мен келдим” деп кыйкыра лабасыңды билдиң бкекн, чырагым? Эмесе, мен да сени менен коштошоюн, коштошоюн да сенин сөзүнд у айтайын: “Арыба, Ак еме, мен келдим”!

Мугалимдин жыйынтыктосу:

Мына балдар, жер устундо кыргыз барда, силерге окшогон жаш мотурайган балдар жашап турганда Айтматов ааламы эч качан өлбөйт. Анын чыгармалары ушинтип туболукко журоктордо сактала берет!

Хор:

Кырк миң жыл өтсө дагы эстен чыккыс,

Кыргыздын кырааны бар аты Чыңгыз!

Кайсы элге барса дагы тааный турган

Кыргыздын паспорту бар, аты Чыңгыз!

Тумөн жыл өтсө дагы унутулгус

Турк элдин туйгуну бар, аты Чыңгыз

Туптуу эл туболукко данктаймын деп

Теңирим тартуу кылган өчпөс жылдыз.

ЧАйтматовго таазим”( Ийилип, сабакты жыйынтыкташат)



















Жекече аткаруу. Көркөм окуу.

Ч.Айтматов. «Саманчынын жолу» повести.

Толгонайдын монологу.( ______)

Эх,дуйнө! Эми эмнесин айтайын, кесепеттуу согуш нечендердин кендирин кыйды гоо.

Табигаттан улуу жаралган акыл-эстүү адам балдары кан төгүлгөн согушту кантип ойлоп тапты экен? Тоо ураса болбойбу, кол толкуса болбойбу? Субанкул менен Касым ата-бала экөө теңне деген дыйкан эле азаматтар!!!

Кайран Субанкулум! Сенин айткан кеңешиң, сөздөрүң дайыма эсимде:

« Толгонай, мен кетээрде сага бир гана үй-булөнун башчылыгы эле эмес, бүтүндөй колхоздун бригадирлигин тапшырып кетпедим беле. Ошол эл башкарган кайратың гана?Башка тушкөн мүшкүлдү көтөруу акыл-эстуу адам баласына гана буюрган» деген сөздөрүң гана мага кайрат берип, умут берип келет.

А Касымымчы… Анын элеси дайыма « кейибе апаке, ыйлаба, андан көрө Алимандан калган баланды медер тутпайсынбы» дегенсип турат.

Ооба, албетте, Алимандан калган жаныма шерик болор Жанболотум бар эмеспи… Артымда кайрат берер «Жениш» деген улуу соз бар эмеспи.

Олдо карылык ай, кайратымды алып, шалдыратып баратат. Майсалбегим , кагылайын уулум, сен озун суйгон мугалимдик кесибинди аткара албай , согушта баатырларча курман болдун. Сенин жалтанбай эрдик жасаарына мен эне катары толук ишенем. Олдо балам ай, батыр болбой эле мугалим болуп арабызда тируу журсон гана. Акыркы жазган катында «ыйлаба апа» депсин. Кантип ыйлабай коем балам. Ошондо алмалар гулдорун кубуп, жаздын толуп турган учуру эле гоо.

Эх , Жайнагым, кенжетайым. Аман журсон кандай адам болор элен? Сенин жароокерлигин, боорукерлигин жанда жок эле гоо. Он гулунон бир гулун ачылбай кете бердинби? Оозундан эне суту кете элек жаш элен го. Сен согушка кетип бара жатып, «апама айтып койгулачы, мага таарынбасын» депсин. Мен сага эч качан таарынбайм, балам. Согуштан кайтпай калган силердин го себебинер бардыр, окко учтунарбы, танка алдында калдынарбы, аны билбейм. Бирок коз алдымда турган гул суйгон келиним Алимандан да ажырап калбадымбы. Ошентип согуш акыркы очун менден алды. Ошондо « Туу , сенин бетине дуйно» дедим. Кечтим сенден, кечтим деп зар какшадым.

Балакет басып, сени да ошол чабан жигит алдап кетпедиби? Кесепет согуш болбосо Касымым экоон чогуу жашап, биз бактылуу ата-эне болбойт белек. Кайран келиним ай, Касымымдын айдаган комбайынына жазда ачылган кызгалдактарды терип келгенин дайыма коз алдыма келип турат.

Жылдар жылдап, жениш келди, жаз кунундой жаркырап.

Бирок журок айыкпады кансырап.

Мындан ары согуш такыр болбосун дейм.

Уясы бузулбаса канаттуунун

Сынбасын дейм, дарактын да шактары.

Акыркы эне мен болоюн

Зар какшап, поезд жолду кучактаган.

Олдо жеңиш ай, сагынып куткөн жеңишибиз ай. Сен деп канчалаган чолпондорубуздан айрылдык.

Кечиргин жеңиш. Кана Касымым, кана Майсалбегим, кана Жайнагым деп жер койгулап зар какшап, ыйлаганым. Кечиргин , жеңиш.

Бар бол, Жеңиш, Бар бол!!!

(узактыгы 3 мин)













Жамааттык аткаруу. Сахналык көрунуш. ( 7 мин.)

Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повестинен узунду.

Автордун созу: ( башында)

Согуш арааны журуп турган кез. Канчалаган аталарыбыз, белдуу азаматтарыбыз кан куйгон согушта шейит болуп жатышты. Мына ошол каргашалуу жексур согуш ушунда бир айылга, андагы бир уй-булого да булук тушурду.

Ушундай согуштун апааттуу кундорунун биринде оз башын корголоп, Ысмайыл фронтон качып келди. Сейде ар туркун ойлорду ойлонуп, Ысмайылды аяп, андан айрылып, жетим-жесир болуп калабызбы деп коркот. Байкуш Сейде согуштан качкан куйоосун жан адамга билгизбоого тырышат.

Кундордун биринде эртен менен Сейденикине почточу Курман чаап келди.

Акырында бардык каармандар чыгат: Автордун созу менен жыйынтыкталат:

Жергебизде тынчтык орноп, ылайым,

Кызыл туубуз бийик болсун ар дайым!

Энелер да, аталар да ар убак,

Санаа чегип, тартышпасын убайым.



Кыргыз жашап турганда, жер устундо адамзат акыл-эси жашап турганда

(Хор: ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВ деген ысым түбөлүккө жашай берет!).











Катышуучулар: ____-класстын окуучулары

Сейде- Аймолтур

Бексаат энеси – Мунара

Мырзакул- Нурбек

НКВД – Бурулай

Курман – Таттубек

Автор- Нуриза.

Башында каармандар сахнага чыгып, кайгылуу музыканын коштоосунда создорду айтышат.

1-окуучу: - Согуш! Журт корбогон согуш журуп жатат!

2-окуучу: Замана мындай болорун ким билиптир.

3-окуучу: Айланайындар, айыл ичи ызы-чуу!

4-окуучу: Замана кандай болуп, заманда эмне болуп, согушка кеткендердин бардыгы кайра кайтып келер бекен?

5-окуучу: «Герман, фашист, повестка» деген эл угуп коро элек создор чыкты.

6-окуучу: Тебетейлерин козго баса кийген эркектер топ-тобу менен аскерге кетип жатышты.

( Каармандар кирет. Автор чыгат. Автордун баяндоосу менен согуш мезгилиндеги абал суроттолуп, окуя боюнча алгачкы кабар берилет. Узунду аткарылат. Согуштан качкан Ысмайылдын аялы Сейдени НКВД чакырып, тергоого алган учуру чагылдырылат)

Каармандардын создору:

Курман- Таттуубек:

-Сейде, райондон интуу келип, сени кенсеге тез келсин деп чакырып жатат. Тур, жоно!



Сейде- Аймолтур:(( НКВД га келген учуру)

-Билбейм, мен эчтеке билбейм!

-Билбейм, мен эчтеке билбейм! –Аскерге алып кеткен озунор, качкан-койгонун эчтекесин билбейм.

Сейде менен Мырзакул:

-Эмнени айтмак элем! Мен эчтеке билбейм!

-Тушунгондо эмне? Качса качып кеткен чыгар, мен аны билбейм! Ар кимге оз жаны кымбат, кара башын сактаса, сактап журган чыгар, ага эмне мынча тарланасын? Жолунду кыя откон жок элек го, же элдин баарын эле озундой майып болуп келсин дейсинби?

(Жолдо кетип баратып, ызасына буулугуп, ыйламсырап, ичинен суйлойт:

«-Эне , Мырзакул мени урду! Айланайын эне, Мырзакул мени урду!

(Энесин тизесин кучактап ыйлайт).

Мырзакул-Нурбек:

Сейдеге:

-Айттынбы?

-Коош, ошондой де!

- Адамдын кандай экендиги мына ушундай жамандыкта билинет экен да! Айтпай сен аны каяка алып барат элен?Намыс деген барбы? Доолоттун уругунан таркаган эркек тана бирибиз да калбай жонодук, жамандыкта да, жакшылыкта да кудай элдин катарынан калтырбасын. Ушуну сен тушуносунбу, айтчы тушуносунбу? Кеч боло электе , Ысмайылды ачыкка чыгар, барсын ал дагы эл барган жерге!

- Мен, Ысмайылдан… Ж-жамандыгымдан…. Ушинтип келген экем да.

НКВД- Бурулай:

-Отурунуз!

-Отурунуз!

-Бизге ушундай маалымат келди.Ысмайыл фронтко кетип бара жатканда беш атары менен эшелондон тушуп калып, качып кеткенин айтышты.

Кайда, азыр куйоонуз?

- Сиз антпениз, аяш, ал баарибир качып эч жакка кутула албайт, акыры колго тушот.Андан коро куйоонузго , озунузго жакшылык кааласаныз ачыгын айтыныз, оз эрки менен ачыкка чыксын…. Сиз ушул жагынан жардам бериниз.

- Мындай дегениниз болбойт! Сиз айтпасаныз да, ал баарибир колго тушот.

Бара бериниз!



Кайненеси Бексаат-Мунара:

-Айланайын, секетин кетейин балам, жаным курман сага… Ишенгенибиз эле сенсин! Тирегибиз да , медерибиз да сенсин… Бардыгын билип, бардыгын коруп отурам. Тиги дуйно, булл дуйнодо да ыраазымын… Ушул жолку кордукту да ачуу чайнап которуп кой эми, кантели…

Мырзакулга болсо, арбак-кудай бардыр, туп атабызды унутуп, туугандыктан кечкен экен да..



Окуяны аткарып буткондон кийин каармандар сахнага чыгып, автордун ыры менен жыйынтыкталат.






Скачать

© 2023, 381 2

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!