СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Бул күндөрдүн даңкы өчпөйт”

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«“Бул күндөрдүн даңкы өчпөйт”»

Бул күндөрдүн даңкы өчпөйт”

Экинчи дүйнөлүк согуш адам-заттын өзүн-өзү жок кылуу мүмкүнчүлүгүн көргөздү. Бул согуштун тарыхый мааниси да өтө зор. Улуу Ата Мекендик Согуш – 1941-1945-жылдары Совет элинин фашисттик Германияга жана анын Союздаштарына каршы Ата-Мекенинин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн күрөшүү.

Согуш СССРге Германиянын кол салуусу менен башталган. Согушта көптөгөн адамдар жумушкан, көп балдар жетим калышкан. Жаш балдар талыкпай иштешкен. Бул согушту алып келген кайгы-азаптын, бактысыздыктын өлчөмү өтө зор эле. Согуштун мына ушул жүлүн сыздатып, жүрөктү эзген орду толгус армандын ийгилиги – Жеңиш болду.

Советтер Союзунун жеңиши – бул Совет элинин жеңиши жана андагы аялзаты дагы белгилүү бир чоң ролду аткарган. Көп улуттуу элдин аялзаты Улуу Согуштун оорчулугун эркектер, балдар жана каарылар менен биргеликте көрүшкөн. Аялдар согуштун тарыхында көптөгөн даңктуу барактарды калтырышкан.

Улуу Ата Мекендик Согушта жыйырма тогуз жоокер Даңк орденинин үч баскычын тең алышкан. Улуу Ата-Мекендик Согуштун тарыхында өзгөчө баатырдыктын, кылчайып артка карабас сырттан – дыктын үлгүсүн көрсөткөн мекендешибиз Чолпонбай Түлөбердиев. Ал жоокерлердин алга жылуусуна тоскоолдук кылып, ажал отун чачып жаткан душмандын ДЗОТун көкүрөгү менен жаап, окту чыгарбай токтоткп, артындагы жоокерлердин чабуулга өтүүсүнө жол ачып берүү менен жеңишти камсыз кылган. Чолпонбай Түлөбердиевге каза болгондон кийин, Советтер Союзунун баатыры деген наам берилген.

Улуу Ата Мекендик Согуш адилеттик менен жүзү каралыктын, ажал менен ар намыстын, жакшылык менен жамандыктын, боорукерлик менен таш боорлуктун, кайрымдуулук менен мерездиктин, адамгерчилик менен наадандыктын, жаркын келечек менен акыры замандын согушу катары тарыхта жазылып калды. Улуу Ата Мекендик согуш көпчүлүк адамдардын жүрөгөгүндө унутулгус болуп кала берди.

Улуу Ата Мекендик Согуш”

Жанга баткан оор күндөр баштан өткөн.

Кырк биринчи кандуу согуш кезинде.

Түбөлүккө кетпей турган так калды,

Бүтүндөй дүйнө элинин тарыхында.


Курман болду канчалаган адамдар,

Ата Мекен, Эл Журтумду коргойм деген.

Согуштун коркунучтуу залакасы,

Бүтүндөй дүйнө элине тийген белем.


Капа кылып, оорутчу жүрөктөрдү,

Аянычтуу канча кандар төгүлдү.

Адамга адам кол салганы жырткычтай,

Бопбоз кылып бузуп турат өңүмдү.


Бул Согушта кош айтышты өмүрдөн,

Күнөөсү жок нечендеген адамдар.

Мекен үчүн өлүмгө кол сунушту,

Фашистерден өч алганы баргандар.


Жалтанбастан, тайманбастан бек туруп,

Мекен үчүң өмүрлөрүн кыйганы.

Түбөлүккө унутулбайт чынында,

Ар намыстуу баатырлардын кылганы.



Кан төгүлгөн бул согуштун кезинде,

Энекелер, эжекелер кыйналган.

Бул согушту батыраак бүтсө экен деп,

Жан талашып эмнелерди кылбаган.


Чындыгында эле, тарых бетинде өчпөс болуп, кара тамгалар менен басылып жазылгандай, Согуш мезгили, жана кандай гана жоготуулар, кан төгүүлөр, кыйрап-талкалануунун аркасында араң ушул жеңиш жетишип келишкен. Кадыресе бизге жомоктой туюм калтырса да, кадимки согушка барыа келген, ардагерлерибизди, ошол кездеги дүйнөлүк экинчи согуштун каармандары катары, ошол кезде жан аябастан, Мекен үчүн кашык канын аябастан жеңиш желегин Берлинге желбиретмейин, Советтер Өкмөтү женди деп 1945-жылы 9-май “Жеңиш күнү” деп жаряыланганга чейин, көрсөткөн эрдиктери, баатырдык эрдиктери бүгүнкү күнгө чейин ӨЛБӨС, ӨЧПӨС. Жыл сайын 9- май – Улуу Жеңиш күнү деп, салтанаттуу тизимдерди, жөө жүрүштөрдү, патриоттук үлгүдөгү чакан иш чараларды өткөрүп келеиз. Анткени бул жениш – бүтүндөй дүйнөнүн Жеңиши.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып, Элибиз бакубат, барчылык жана тынчтык өкүм сүргөн жерде жашаса, Бүт дүйнө эли ынтымактуу, бирдиктүү жана ыймандуу болуп эле. Ар дайым Ата-Мекенибизге кызмат кылып, ар дайым Жаратканым жакшылыгын ыроолосо деген сөздө менен оюмду жыйынтыктасам.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Похожие файлы

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!