Просмотр содержимого документа
«Бир өңчөй мүчөлөрдүн тыныш белгилери 8 - класс 3 - сабак»
Сокулук району Краснооктябрь № 2 орто мектеби
Кыргыз тили жана кыргыз адабияты мугалими
Маматаева Динара Султанбековна
Салам, менин акылдууларым!
Жагымдуу маанай
- Адеп – ахлах, адамдын ички сулуулугу. Адеп – ахлах жаман ойдон сактайт, жүрөктү тазалайт. Адеп – ахлах болмоюн чыныгы ийгиликке жетүу мүмкүн эмес.
Сабактын темасы
- Бир өңчөй мүчөлөрдө коюлуучу тыныш белгилер.
Сабактын максаттары:
- Кыргыз тилиндеги бир өңчөй мүчөлөргө тыныш белгилер кандай эрежелерге байланыштуу коюлары тууралуу маалымат алышат.
- Көнүгүүлөрдү аткарууда бир өңчөй мүчөлөрдүн тыныш белгилеринин коюлуш себептерин өздөштүрүшөт.
- Адеп – ахлах болмоюнча, чыныгы ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экендигине ынанышат.
Үй тапшырмасын текшерүү
- 192 – көнүгүү.
- Бир өңчөй мүчөлөрдү байланышуу жолдору боюнча бөлүп жазып келүү
Өтүлгөн теманы кайталоо
1.Бир өңчөй мүчөлөр кандай жолдор менен байланышат?
- а) интонация жана жандоостор; б) интонация жана байламталар;
- в) Интонация жана бөлүкчөлөр; г) байланышпайт.
2. Интонция аркылуу байланышкан сүйлөмдүн катарын белгиле.
а) Жоокерлер күн да, түн да чек араны кайтарышат.
б) Дүйшөнкул тартиптүү, кайраттуу жоокер болду.
в) Ал кичине, бирок чымыр, күчтүү.
Тестке жооп бергиле
3. Бул сүйлөмдөн бир өңчөй мүчөнүн синтаксистик милдетин аныктагыла.
Биз Ала – Тоонун койнунда чоңойдук, тарбияландык, жетилдик.
а) аныктооч; б) баяндооч; в) ээ; г) толуктооч;
4. Бир өңчөй мүчөлөр өз ара бири – бирине кандай абалда келет?
а) багынбаган; б) багынган; в) билбейм; г) жооптор туура эмес;
Жаңы теманы түшүндүрүү. Бир өнчөй мүчөлөрдө коюлуучу тыныш белгилер
- Бир өңчөй мүчөлөр өз ара санак интонациясы аркылуу байланышса, анда алардын эң акыркысынан башкасы үтүр аркылуу ажыратылат.
Мисалы:
1.Бири кой сойсо, кошуналары, бала – бакыраларычакыртпай эле өздөрү келишкен.
2. Торгойдун үнү дирилдек, жумшак, назик эле.
2
- Эгерде бир өңчөй мүчөлөрдүн арасын жана , менен деген байланыштыргыч байламталар байланыштырса, анда алардын арасына эч кандай тыныш белгиси коюлбайт. Анткени жана , менен байламталары бир өңчөй мүчөлөрдүн бардыгына бирдей даражада тиешелүү болуп айтылат.
- Мисалы: Адабият – элдин сезими, анын рухий турмушунун гүлү жана күзгүсү.
3
- Да, дагы, дале деген байланыштыргыч байламталар өзулөрүнөн мурун келген бир өңчөй мүчөлөргө тиешелүү болуп келет да, кайталанып айтылат. Ошондуктан үтүр алардан кийин коюлат.
- Мисалы: Сайдагы түн көрктүү да, коркунучтуу да.
Жайнап турган досторконго коноктор дагы, үй ээси дагы көңүл бурушпастан, комузчунун черткен күүсүнө көңүл бурушат.
4
- Же , же болбосо, бирде, ары( нары ) деген байламталар өзүлөрүнөн кийинки бир өңчөй үчөлөргө тиешелүү болуп келет. Ошондуктан үтүр алардан мурда коюлат.
- Мисалы:
- Мага бул жерде эң сонун – ары жылуу, ары нымдуу.
- Кээде чоң таңгак саман, же болбосо куурай ташып жатты.
Бышыктоо
- 193 – көнүгүү
- Тыныш белгилерин койгула, коюлуш себептерин түшүнгдүргүлө.
- Мисалы: Бала чактагыдай кызык, кымбат, тамашалуу мезгил кишиде болбойт эмеспи.
Жыйынтыктоо
- Мен билдим ...
- Мен үйрөндүм ...
- Мен түшүндүм ...
Үйгө тапшырма
- 195 – көнүгүү
- Сүйлөмдүн маанисине ылайык көп чекиттин ордуна жана, ары, да, менен байламталарын пайдаланып, тиешелүү тыныш белгилерин койгула.
- Мисалы: Керимбек менен Өмүш өзүлөрүнчө күбүрөшүп, сүйлөшүп жатышты.
Саламатта болгула!