СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Биология 8-класс тест

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Биология 8-класс тест»

Биология. 8-класс. күнү ФИО __________________________


1.Ден соолук -бул _________________

А) органдардын өзүнүн кызмат аткарышы Б) оорулардын жоктугу

В) коомдун аманчылыгы жана дени сактыгы Г) органдардын нормалдуу иштеши

2. Баардык жандуу организмдердин түзүлүшүнүн жана жашоо тиричилигинин эң кичине структуралык-функционалдык бирдиги эмне деп аталат?

А) ткань Б) клетка В) цитоплазма Г) ден соолук

3. Клетканын түзүлүшүн жана функциясын окутуучу илим ......................

А) цитология Б) анатомия В) физиология Г) гигиена

4. Ядро _________

А) клетканын эң маанилүү бөлүкчөсү Б) клетканын химиялык курамы

В) бири бири менен байланышкан мембрана Г) клетканын түзүлүшү

5. Түзүлүшү, аткарган кызматы жана пайда болушу жагынан окшош болгон клеткалардын тобу жана клетка аралык заттын жыйындысы эмне деп аталат?

А) ядро Б) клетка В) ткань Г) цитоплазма

6.Формасы, түзүлүшү, ээлеген орду ар түрдүү болгон жана бир же бир нече өзүнө гана тиешелүү функцияларды аткаруучу дененин бир бөлүкчөсү эмне деп аталат?

А) клетка Б) ткань В) ядро Г) орган

7. Дүүлүктүргүчтөргө организмдин нерв системасынын катышуусу менен жооп кайтарышы эмне деп аталат?

А) орган Б) рефлекс В) организм Г) анатомия

8. Иштеп чыккан газдарды түздөн түз канга өткөргөн бездер бул______________

А) ички секреция бездери Б) рефлекс

В) клетка аралык заттар Г) нерв клеткалары

9. Уйку бези .................

А) ашказандын астында жайгашат Б) бөйрөк үстүндө жайгашат

В) боордо жайгашат Г) көк боордо жайгашат

10. Ар кандай таасирлерди кабыл алган жана талдап, сезимдерди жараткан түзүлүштөрдүн системасы эмне деп аталат?

А) анатомия Б) гигиена В) анализатор Г) нерв системасы

11. Борбордук нерв системасында өтүүчү, сактоону жана кайра колдонууну камсыз кылуучу процесстердин биримдиги бул .......................

А) рефлекс Б) дүүлүгү В) уйку бези Г) эске тутуу

12. Сөөктөрдүн туурасынан өсүүсүн ............... камсыз кылат

А) жумшак заттар Б) жиликтин сары чучугу

В) сөөк чели Г) сөөктүн кызыл чучугу

13.Кишинин бутунун жиликтери кайсы?

А) күң жиликтер Б) кашка, жото, балдак жиликтер

В) кар жиликтер Г) укурук жиликтер

14. Муунду чоюп алуунун белгилеринин бири болуп ............. саналат

А) сөөктөрдүн чыгып кетиши Б) жиликтин башынын оюугунан чыгып кетиши

В) шишик, ооруу, кандын уюшу Г) теринин агарышы көгөрүшү

15.Кишинин каны кайсы тканга кирет?

А) жылма Б) таргыл ткандын бир түрү

В) эпителийдин түрү Г) суюк ткань


16.Зоология эмне жөнүндөгү илим?

А) жаныбарлар Б) өсүмдүктөр В) жаратылыш Г) адамдар

17. Амебанын жашоосунда циста кандай ролду аткарат?

А) тамактануу Б) зат алмашуу В) көбөйүү Г) коргоочу

18. Амеба кантип кыймылдайт?

А) кирпикчелери менен Б) шапалакчасы менен В) жалган буттары менен

Г) денесин ийип

19. Кайсы өзгөчөлүгү боюнча инфузория-туфелька туздуу суудан таза сууга чыгат?

А) тамактануу Б) дем алуу В) дүүлүктүргүч Г) көбөйүү

20. Инфузория-туфелька эмненин жардамы аркылуу кыймылдайт?

А) жалган буттары Б) шапалакчалары В) кирпикчелери Г) денесин ийип

21.Боор соргучтун денесинин түзүлүшү кандай формада?

А) тоголок Б) сүйрүү В) жалпак, жалбырак формасында Г) узун, тасма түрүндө

22. Кишиге бодонун тасма куртун жугузуучу булагы кайсы?

А) жумуртка Б) личинка В) куурчакча Г)финна

23. Адамдын аскаридасы адамдын кайсы органында жашап мителик кылат?

А) оозунда Б) карынында В) боордо Г) ичегиде

24. Сөөлжан эмне менен тамактанат?

А) жаныбарлардын калдыктары менен Б) өсүмдүктөрдүн чириген калдыктары менен

В) курт кумурскалар менен Г) өсүмдүктүн органы менен

25. Сөөлжан кантип дем алат?

А) өпкөсү менен Б) териси менен В) вакуолу менен Г) бакалоору менен

26. Кадимки көлчүкчү үлүлүнүн жумшак денесин эмнеси сактайт?

А) териси Б) былжырлуу чел кабыгы

В) түктөрү Г) раковинасы

27.Жөргөмүштүн желе бөлүп чыгаруучу бези кайсы бөлүгүндө жайгашкан?

А) курсагынын арткы бөлүгүндө Б) баш көкүрөгүндө

В) буттарында Г) бут тинтүүлөрүндө

28. Бал аарысын өсүмдүктүн эмнеси кызыктырат?

А) мөмөсү Б) уругу В) жашыл жалбырагы Г) гүлдөрдүн ширеси

29.Балыктын сүзгүч тарсылдагы кандай ролду аткарат?

А) тең салмактык орган Б) дем алуу органы

В) тамак сиңирүү органы Г) гидростатикалык орган

30. Балык майынан кайсы витамин алынат?

А) В Б) А В)Д Г) Е




Скачать

© 2024, 45 0

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!