1-чейрек ТАБИЯТ ТААНУУ 5-класс
1.Жандуу жаратылыштын мисалы кайсылар? A)чөп ,топурак ,суу B)чөп,кой,чабалекей C)азот,кычкылтек ,таш D)көпөлөк,кум,айнек
2. Шамал багытын аныктоочу курал кайсы A)термометр B)флюгер C) тараза D)компас
3. Кулактын угуусу эмнеге негизделген A)кулактын ысышына B)кулактын мембранасынын термелишине C)кулактын калканынын өлчөмүнө D)кулактын жайгашышына
4. Булут эмнеден пайда болот? A) Күндън B)Жылдыздан C)айдан D)жерден бууланган суулардан
5. Айнек эмнеден жасалган ? A)таштан B)кумдан C)суудан D)чоподон
6.Эмне үчүн күн менен түн алмашып турат? A)Күн асманда жылат B)Жер өз огунда айланат C) Жер күндү айланат D)асманда ай болгондуктан
7.Адамдын көздөрүнүн алдын көрө билүү аймагы канча градус? A)180 градус B)380 градус C)80 градус D)340 градус
8.Адамдын таанып билүүсү эмнеден башталат? A)ойлонуудан B)түшүнүүдөн C)элестетүүдөн D)сезүүдөн
9.Жылуулукту өлчөөчү курал кайсы ? A)термометр B)флюгер C)гномон D)компас
10.Табият таанууда Чолпон деген эмне? A) Адамдын аты B)Жылдыз C) Планета D)жарык
ОДС 1-чейрек 6-класс БИОЛОГИЯ
1.Буурчактын мөмөсү кандай ? A)сөөктүү B)жемиш C)чанак D)кутуча
2.Эки үлүштүү өсүмдүктөрдүн азык заттары ...жеринде топтолот A)түйүлдүгүндө B)тамырчасында C)урук үлүшүндө D)мөмөсүндө
3.Биологиянын изилдөө предмети болуп ...эсептелинет A) өсүмдүктөр B)жаныбарлар C)башка планетадагы тиричилик D)жер планетасындагы бардык тирүү организмдер
4.Урук ...пайда болот ?
A)энеликтин чан алгычында B) энеликтин мөмөлүгүндө C)энеликтин мамычасында D)аталыктын чандыгында
5.Кайсы өсүмдүктүн уругунда май көп ? A)буудай B)фасоль C)күн карама D)картошка
ОДС 1-чейрек 7-класс БИОЛОГИЯ
1.Амеба кайсы топко кирген жаныбар? A)тамыр буттуулар B)шапалактуулар C)кирпиктүүлөр D)колониялуулар
2.Ичеги көндөйлүүлөргө кайсы симметрия мүнөздүү? A)эки жактуу B) нур симметриялуу C)асимметрия
3. Жашыл эвгленанын кайсы өзгөчөлүгү өсүмдүк менен тектештигин көрсөтүп турат? A)дем алышы B)көбөйүшү C)фотосинтездин жүрүшү D)жашоо чөйрөсү
4.Цепень кантип азыктанат? A)Ээсинин эриген тамагын оозу аркылуу жутат B)диффуздуу түрдө бүт денесинин бети менен C)азыктанбайт D)соргучтарынын жардамы менен
5.Адамдын аскаридасы ,адамдын кайсы органында жашап мителик кылат? A)оозунда B)карынында C)боордо D)ичегиде
ОДС 1-чейрек 8-класс БИОЛОГИЯ
1.Органдардынжана органдар системасынын бири бирине таасири жана иш аракеттери…ткань менен ишке ашырылат A)тутумдаштыргыч B)булчун C)нервдик D)эпителиалдык
2.Нейрондун узун урчуктары эмнеден турат? A)ак заттан B)жүлүндүн нервдеринен C)нервдин арткы тамырынан D)боз заттан
3.Жүлүндөн канча жуп нервдер чыгат? A)6 B)12 C) 31 D)20
4.Адамдын мээсинин салмагы орто эсеп менен алганда канча? A)750-900 B)950-1000 C)1000-1100 D)1300-1500
5.Кайсы нервдердин таасири жүрөктүн тез-тез кагышына ,тамырдын тарышына алып келет? A)жүлүндүн B)баш мээнин C)симпатикалык D)парасимпатикалык
ОДС 1-чейрек 8-класс ХИМИЯ
1.Химиялык кубулуш
A)канттын эриши B)темирдин дат басышы C)кардын эриши D)айнектин эриши
2.Төмөнкү затта атомдордун саны канча? K2Cr2O7
A)6 B)7 C)10 D)11
3.AL2(SO4)3 ушул заттын салыштырмалуу молекулалык массасын аныктагыла
A)98 B)122 C)142 D)342
4.Кальций карбонатындагы CaCO3 кальцийдин массалык үлүшүн аныктагыла
A)30% B)38% C)40% D)90%
5.Темир (III) Fe2O3 оксидинде темир канча процентти түзөт?
A) 40% B)50% C)70% D)80
ЖООПТОР 1-чейрек ОДС БИОЛОГИЯ, ХИМИЯ
5-кл табият таануу ОДС 1)B 2)B 3) B 4)D 5)B 6)B 7)C 8) D 9)A 10)C
6-кл Биология ОДС 1)C. 2)C. 3)D . 4)B. 5)C.
_____________________________________________________________________________
7-кл Биология ОДС 1)A. 2)B. 3)C. 4)B. 5)D.
_____________________________________________________________________________
8-кл Биология ОДС 1)C. 2)A. 3)C. 4)D. 5C.
_____________________________________________________________________________8-кл ХИМИЯ ОДС 1)B 2) D 3)D 4)C 5)C