Билим, спорт, кызмат жана жумушка мотивация.
Биздин билим, илим, спорт, кызмат жана жумушка болгон күч демибизге мотивацияланууга ата-эне, ага-ини, эже-сиңди, кол-кошуна, тууган-урук, дос-чар, жоро-жолдош, классташ, курсташ, коллега, жетекчи жана белгисиз адам аркылуу, ошондой эле окутуучу мугалим өз таалим тарбия берүүсү менен айырмаланып эң зор салымын кошушат. Ошолордун негизинде окуучу, студент, кызматкер, жумушчу иш аракети жеңилдеп айлана чөйрө коомго болгон таасири позитивдүү көрүнүштө болуусу турган кеп.
“Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба” -демекчи акыл насааттарды жогорудагы эсептелүү адамдар аркылуу туура кабыл алуу кыймыл аракетиңердин негизги ийгиликтерге жетишүүгө шарт түзүү деп белгилесек адашпайбыз. Ал эле писсимистик ой жүгүртүү өзүңөрдүн коомдогу болгон кыймыл аракетиңерге барьер кою деп эсептөө айкын.
Урматтуу окутуучулар жана студенттер, сиздерге мындан ары да илим, билим, жумуш жана спортко салым кошушуңар зор болот деген ишенимдемин!
.
Просмотр содержимого документа
«Билим, спорт, кызмат жана жумушка мотивация.»