СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүүнүн сапатын башкаруу тутумунун жобосу

Категория: Директору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Институттун билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, МУИТОнун Уставынын, 2011-жылы 22-декабрында ишке кирген мамлекеттер аралык ГОСТ ISO 9001-2011 стандартынын негизинде иштелип чыкты. Билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы (ББСБС) бардык структуралык түзүмдөрүндө билим берүүнүн маданиятын жакшыртууга багытталган иш чараларды белгилейт.

Просмотр содержимого документа
«Билим берүүнүн сапатын башкаруу тутумунун жобосу»

Бекитемин

институттун директору, доцент

__________ Акматалиев А.Т.

20___-ж. _________________

МУИТОнун Окумуштуу кеңешинде каралып, бекитүүгө сунушталган

20___-ж. ________, протокол №__

ОшТУнун Эл аралык Өзгөн технология жана билим берүү институту

(Институттун Окумуштуу кеңешинин 202_-жылдын _____________ №____ отурумунда

кайрадан талкууланып, өзгөртүүлөр киргизилген)

Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасынын жобосу

1. Жалпы жоболор

1.1. Институттун билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын, МУИТОнун Уставынын, 2011-жылы 22-декабрында ишке кирген мамлекеттер аралык ГОСТ ISO 9001-2011 стандартынын негизинде иштелип чыкты. Билим берүүнүн сапатын башкаруунун системасы (ББСБС) бардык структуралык түзүмдөрүндө билим берүүнүн маданиятын жакшыртууга багытталган иш чараларды белгилейт.

1.2. МУИТОдогу ББСБС билим берүүнүн бардык баскычтарында, баштапкы аныктоодон тартып, акыркы орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын (ББМС) жана керектөөчүлөр менен башка кызыкдар тараптардын талаптарын канаттандырууга чейин сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуучу иш чаралардын, усулдардын жана ыкмалардын жыйындысы болуп эсептелет.

1.3. Институтта ББСБ системасы ГОСТ ISO 9001-2011 талаптарына ылайык ар дайым иш абалында сакталып, билим сапатын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат. МУИТОнун ББСБ системасы билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын төмөн экендигин аныктоого, анализдөөгө, жакшыртууга багытталып анын натыйжалуулугун жогорулатууга салымын кошот.

1.4. ББСБ системасы башкаруунун төмөндөгү денгээлдерине жайылтылат: жалпы институт, факулътет, кафедралар, иш орундары.

Жетекчиликтин жана аткаруучулардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин бөлүштүрүүнү, сапаттуу билим берүү боюнча өз ара аракеттенүү тартибин сапатты башкаруунун системасынын иш кагаздары аныктайт жана көрсөтөт. МУИТОнун өнүгүү стратегиясы сапатты башкаруу системасынын стратегиялык багыты болуп саналат, ал институттун ниетин, миссиясын, максатын аныктайт.

2. Жетекчиликтин жоопкерчилиги

Институттун жетекчилиги ББСБ системасын иштеп чыгуу жана аны колдонууга киргизүү, ошондой эле натыйжалуулугун тынымсыз жогорулатуу милдетин алат. Сапат жаатындагы саясатынын артыкчылыктарын жана максаттарын иштеп чыгууну аныктоо үчүн дирекция стратегиялык жана ыкчам пландаштыруу жол-жоболорун колдонот.

Институттун администрациясы кызматкерлерине керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын талаптарынын аткарылышынын зарылдыгы жөнүндөгү маалыматты жеткирүүгө жооптуу болот. Бул түрдүү деңгээлдеги кеңешмелердин күн тартибине ушул маселени киргизүү жолу менен ишке ашырылат.

Директор, өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бирге, ББСБ системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн колдоого жооптуу. ББСБ системасынын иштөө жөндөмдүүлүгүн көзөмөлдөө окуу иштери боюнча директордун орун басарына жүктөлөт.

Институттун жетекчилиги ББСБ системасынын актуалдуулугу жана зарылдыгы жөнүндө маалымат менен кызматкерлердин бардыгы тааныш болуусун, сапат жаатындагы максатка жетүүдөгү ар биринин салымын, ошондой эле керектөөчүлөрдүн сын пикири жөнүндөгү маалыматты бардык кызматкерлерге жеткирүүнү камсыздайт.

МУИТОдо керектөөчүлөр (кызыкдар тараптар) менен кайтарым байланышты камсыз кылуу жол-жоболору иштелип чыккан жана киргизилген. Бул жоопкерчилик өндүрүштүк практика бөлүмүнө жана карьера борборунун башчысына жүктөлөт.

ББСБ системасынын ишмердүүлүгүн, анын жарактуулугун жана натыйжалуу иштешин камсыз калуу максатында институттун жетекчилиги мезгил-мезгили менен анализ жүргүзүлүп турат.

Институттун администрациясы ББСБ системасынын иштөөсу үчүн керектүү ресурстар менен камсыздайт. Бул - жетекчилерди жана кызматкерлерди сапаттуу башкаруу боюнча окутуу, атайын бөлмөлөрдү бөлүштүрүү, каржылык жана материалдык-техникалык ресурстарды бөлүштүрүү ж.б. аркылуу ишке ашырылат.

3. Иш кагаздарын жүргүзүү процедурасы

Институттун жетекчилиги тынымсыз иш кагаздарын жүргүзүүнү башкаруу процессии колго алат жана сапатты башкаруу боюнча документтердин жүргүзүлүшүн көзөмөлдөйт. Ички аудиттин негизинде күтүлүүчү натыйжаларга жетүү боюнча жооп бербеген башкаруу тастыкталган учурда, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөр киргизилет. Оңдоп түзөтүүлөр киргизилгенден кийин эскертүүчү иш аракеттер жүрөт,

4. Керектөөчүгө багыт алуу

Институттун жетекчилиги керектөөчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын канаттанууларын жогорулатуунун механизмдерин түзүү жана камсыздоо жоопкерчилигин алат. МУИТОнун негизги кардарлары болуп абитуриенттер, студенттер, институттун бүтүрүүчүлөрү жана иш берүүчүлөр эсептелет.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги МУИТОнун ишмердүүлүгүнө кызыкдар тарап катары, лицензия, аккредитация жана окуу жайды жалпы текшерүүдөн өтүү үчүн зарыл болгон талаптардын сакталышын көзөмөлдөйт. Институттун жетекчилиги окуу бөлүмүн ушул талаптардын жана натыйжаларынын МУИТОдо аткарылышын тынымсыз көзөмөлдөөнү тапшырат.

Окуу жайдын жетекчилиги тарабынан кызыкдар жактардын талаптары жана күтүүсү белгиленет, суроо-талаптар окутуунун мазмунунда, билим берүү технологияларында жана башкаруу ыкмаларында эске алынгандыгына кепилдик берет. Окуу иштери боюнча директордун орун басары инновациялык билим берүү технологияларын ишке ашырууга жоопкерчиликтүү: дисциплиналардын окуу-усулдук комплекстери, модулдук-рейтингдик жана кредиттик технологиялар, компьютердик тестирлөө ж.б.

Окуу иштери боюнча директордун орун басары институттун лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча талаптарынын билим берүү программаларынын мазмунунда сакталышын координациялайт.

Факультеттердин декандары, окуу бөлүмүнүн башчысы, кафедра башчылары адистиктердин жумушчу окуу пландарын түзүүгө жооптуу, анын ичинде жаңыдан ачылган билим берүү программаларынын мамлекеттик билим берүү стандартына, заман талабына жана илим жана техниканын учурдагы өнүгүү тенденциясына жооп берүүсун көзөмөлдөйт.

Окуу жайдын жетекчилиги керектөөчүлөрдү жана башка кызыкдар тараптардын талаптары жөнүндөгү маалыматты бардык кызматкерлерге жеткирүү кепилдигин алат. МУИТОнун жетекчилиги белгиленген бардык талаптардын аткарылышын керектөөчүлөрдүн канааттануусун ченөө жана мониторинг жүргүзүү жолу менен ишке ашырат жана окуу жайдын ишмердүүлүгүн жакшыртуунун туруктуу иш-чараларын иштеп чыгууну колго алат.

5. Сапат жаатындагы саясат

Институттун ББСБ системасы керектөөчүлөрдүн талаптарын аткарууга багытталат жана сапат жаатындагы саясаты МУИТОнун негизги максатына дал келет. Институттун администрациясы ББСБ системасын иштеп чыгып киргизүүнү, ошондой эле анын натыйжалуулугун туруктуу жакшыртууну координациялайт. Институттун директору сапат жаатындагы саясатты бекитет, ошондой эле аны жүргүзүүнү уюштурат. Сапат жаатындагы саясатта жетекчилик тарабынан төмөндөгүлөр эске алынат:

- институттун узак мөөнөттүү максаты;

- институттун ийгиликтүү ишмердүүлүк жүргүзүүсү үчүн зарыл болгон келечектеги иш чаралардын көрүлүүсү;

- керектөөчүлөр жана башка кызыкдар тараптардын институттун ишмердүүлүгүнө канааттануу даражасы;

- кызыкдар тараптардын талаптары жана күтүүлөрү;

- сапат жаатындагы саясатты ишке ашырууга керектүү ресурстар.

Сапат жаатындагы саясатты аныктаган максаттарга жетүү үчүн институттун жетекчилиги:

- сапаттуу билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө жалпы жетекчилик кылууну камсыздайт;

- сапатты башкаруу функцияларын ишке ашырууда жана ал боюнча милдеттердин ишке ашуусунда түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана алардын жетекчилеринин жоопкерчилигин, ыйгарым укуктарын жана өз ара карым-катнашын так аныктайт;

- сапат жаатындагы саясатты бардык кызматкерлерге, ар бир кызмат ордуна маанисин түшүнө тургандай кылып жеткирет;

- институттун бардык кызматкерлеринин сапат жаатындагы саясаттын талаптарын аткаруусун камсыздайт;

- сапат жаатындагы саясаттын кызыкчылыгына каршы турган иш аракет жасаган кызматкерлерге чара көрөт.

Институттун бардык кызматкерлери сапат жаатындагы саясат менен тааныштырылат. Кайрадан же жаныдан ишке алынгандар сапат жаатындагы саясат менен ишке киргенден мурда тиешелүү түзүмдүк бөлүмдө таанышат. Сапат жаатындагы саясат менен тааныштыруу факультеттин деканы, түзүмдүк бөлүмдөрдүн башчыларына милдеттендирилет.

Сапат жаатындагы саясат ар жылы институттун директору тарабынан каралып чыгат. Сапат жаатындагы саясатка өзгөртүү киргизилген учурда аны актуалдаштыруу жоопкерчилиги окуу иштери боюнча директордун орун басарына жүктөлөт.

Билим берүү сапатын башкаруу системасында процесстик мамиле жасоо колдонулат. Процесстик мамиленин артыкчылыгы башкаруунун үзгүлтүксүз болушун камсыздайт. Бул системанын чегинде жеке процесстердин байланышы, алардын комбинациясы жана өз ара таасир этүүсү жөнгө салынат. Билим берүүнүн сапатын башкаруу системасында процесстик мамилени колдонуу коюлган талаптарды түшүнүү жана аткаруунун, пландалган жыйынтыктарга жетүүнүн, процесстерди аткаруу жана алардын натыйжалуулугун камсыз кылуунун зарылдыгын белгилейт. Институт сапат саясаты менен байланышкан SMART (Specifik - Measurable - Achievable - Realistic - Timely) системасын жетекчиликке алып, күтүлүүчү натыйжаларды аныктайт.

Өзүнүн миссиясын долборлоодо институт жарандык коомдогу академиялык баалуулукка багытталган көз карандысыз субъект, өзүн-өзү сыйлоо сезими күчтүү, коомдук жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл алган, ачык коомдо жашай турган инсанды тарбиялаган, адам баласына билим берүүгө арналган социалдык институт катары өзүн тастыктайт. Институттун ниети, миссиясы МУИТОнун 2024-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында төмөндөгүдөй айтылат: “Илимдин, инновациянын жана технологиялардын жетишүүсүнүн негизинде талап кылынган адистерди даярдоо”. Бул миссияны аткарууда эл аралык ISO 9001-2011 сапатты башкаруу стандартына негизделет.

6. Иш берүүчүлөр менен байланыш

Керектөөчүлөрдүн канаттануусу институттун сапатты башкаруу системасынын башкы элементи болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн - иш берүүчүлөрдүн, ата-энелердин, бүтүрүүчүлөрдүн, коомчулуктун талаптары тынымсыз ачыкталат, анализденет жана тиешелүү чечимдер чыгарылат. Тиешелүү иш кагаздары менен тастыкталып, өз ара карым-катнашты улантуунун ыкмалары иштелип чыгат.

ар дайым иш берүүчүлөр менен байланышта болуу үчүн төмөндөгү натыйжалуу чараларды ишке ашырат:

а) билим берүү программалары боюнча маалыматтарды берүү;

б) иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптары боюнча мониторинг жүргүзүү;

в) иш берүүчүлөрдүн сунуштары жана арыздары боюнча керектөөчүлөр менен кайтарым байланышта болуу.

7. Мониторинг жана чен-өлчөмдөр

7.1. Сапатты башкаруу системасынын ыкмаларынын бири катары институт коюлган талаптарды аткарууга байланышкан маалыматтардын мониторингин жүргүзөт.

7.2. Ички текшерүүлөр (аудит)

Институттун администрациясы белгиленген убакыттын аралыгында, сапатты башкаруу системасына пландаштырылган иш чаралардын дал келишин аныктоо максатында ички аудит (текшерүү) жүргүзөт. Аудиттин (текшерүүлөрдүн) программасы жагдайларды эске алуу менен белгиленген аралыкта, институтта иштелип чыккан сапат менеджментинин системасына пландаштырылган иш чаралардын ылайык келе тургандыгын эске алып жүргүзүлөт. Мурда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгын эске алуу менен ички текшерүүчүлөрдүн программасы аныкталат. Критерийлери, колдонуу жааты, мезгилдүүлүгү жана аудиттин ыкмалары институттун жетекчилиги тарабынан аныкталат.

7.3. Мониторингдик ченөөлөр

Институтта сапатты башкаруунун системасы процессии өлчөөгө дал келген мониторингдин усулдары жана ченөөлөрү колдонулат. Эгерде пландаштырылган жыйынтыкка жетпесе, анда зарыл болгон түзөтүүчү иш аракеттер жүргүзүлөт.

7.4. Сапатты башкаруу системасынын жарактуулугун жана натыйжалуулугун талдоо үчүн институт тиешелүү маалыматтарды топтойт жана системага салат.

7.5. Үзгүлтүксүз өнүгүү

Институт сапат жаатындагы башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуунун үстүндө тынымсыз иштейт. Мында сапат жаатындагы саясатты жана максатты талдоо, ички текшерүүлөрдүн жыйынтыктарын жана маалыматтарды анализдөө, түзөтүүчү жана эскертүүчү иш аракеттерди жүргүзүлөт. Институттун жетекчилиги тарабынан талдоолордун негизинде чечимдер кабыл алынат.

8. Билим берүүнү экспорттоо

Институт билим берүү программаларынын экспорттук потенциалынын өсүшүн камсыздоо боюнча саясатты жүргүзөт. Бул: билим берүүнүн сапатын ички камсыз кылуусун жакшыртууга көмөктөшөт жана МУИТОнун билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына болгон жоопкерчилигин жогорулатат; институттун академиялык эркиндигинин шарттарында жогорку жана орто билим берүүнүн системалуулугун камсыз кылат, окуу жайдын ишмердүүлүгүндө маанилүү көрсөткүчтөрдүн болгондугун тастыктайт.

9. Ички баалоо (өзүн өзү баалоо) иш аракеттери

Институтта билим берүү ишмердүүлүгүнө карата өзүн-өзү баалоо жүргүзүлөт. Өзүн-өзү баалоонун максаты катары МУИТОнун ишмердүүлүгүнүн жана билим берүү программаларынын институционалдык жана программалык аккредитациянын стандарттары менен критерийлерине жооп бериши, билим берүү кызматынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына дал келиши эсептелет. Көз карандысыз аккредитациялоодон өтүү аркылуу институт төмөндөгүдөй максаттарды коет:

- билим берүүнүн сапатына объективдүү баа берүүнү камсыз кылуу механизмдерин тынымсыз жакшыртуу;

- башка жогорку окуу жайлар менен өз ара биримдикте билим берүү сапатынын маселелерин чечүү жана талкуулоо.

10. Рейтинг аркылуу изилдөөлөр

Институттун негизги максаты рейтинг мейкиндигинде өзүн көрсөтүү. МУИТО жогорку жана орто окуу жайларынын дүйнөлүк жана улуттук рейтинг боюнча заманбап технологияларын үйрөнөт жана катышат. Билим берүү программаларынын рейтингин жүргүзүү окуу жай, иш берүүчүлөр, абитуриенттер жана алардын ата-энелери, жалпы коомчулук үчүн пайдалуу. Рейтинг - бул алдыга карай өнүгүү, позитивдүү башкаруунун олуттуу куралы. Ошондуктан институт билим сапатын камсыздоонун рейтингин тынымсыз жүргүзүп турат.

Жобону даярдагандар:

Окуу иштери боюнча директордун орун басары Тынай уулу Б.

Окуу бөлүмүнүн башчысы Касымбеков А.А.

Окуу бөлүмүнүн башкы адиси Раманкулов М.

Окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамытова Р.Н.

МУИТОнун юристи Токтосунов М.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!