СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим адамды руханий жактан азыктандырат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

тарбиялык саат. 

Просмотр содержимого документа
«Билим адамды руханий жактан азыктандырат»

Билим адамды руханий жактан азыктандырат

Окуп үйрөнүү-ден соолукка түздөн-түз оң таасирин тийгизет

Бул дүйнөдө жашоонун эң маанилүүлүгү жана кызыктуусу- бул окуп үйрөнүү. Бул дүйнө сырлар менен куралган, ал сырлардын ачкычы-б и л и м.

Окуп үйрөнбөгөн адамды уктап жаткан адамга, же үңкүрдөгү жашаган адамга окшоштурса болот. Биз “билем” деп айтканыбыз үчүн жашоодо көп кыйналабыз. Биздин башыбызга келген проблемалардын көпчүлүгү биздин окубаганыбыздын айынан келиши толук ыктымал. Көпчулүгүбуз окуганды мектепти же жогорку окуу жайды бүткөндөн кийин эле таштап салабыз. Анан эле окуганды улантпай,тандаган кесипти же ата-энебизди,мамлекетти ж.б. күнөөлөп баштайбыз. Биз бүгүнкү жашообузда кандай болсок, ага бир гана өзүбүз күнөөлүбүз,башка эч ким күнөөлүү эмес.

Окуу дегенде бир эле барак менен калемди элестетүү эмес. Сиз каалаган нерселериңизди

М: астрономия,география,жаныбарлар,гүлдөр дүйнөсүн ж.б. ар тараптуу окууну элестетүү.

Бүгүнкү күндө бардык нерсе ТЕХНИКА,ИЛИМ ж.б. абдан өнүккөн. Арзан окутуулар жада калса кыска мөөнөттүү акысыз окутуу курстары да абдан көп. Ушундай мүмкүнчүлүктөрдүн бар экенине карабай, биздин окугубуз же өз жоопкерчиликти мойнубузга алгыбыз келбейт. Адам баласы окуу менен гана баардык мүмкүнчүлүккө жана ийгиликке жете алат. Окуганда жашоодон дагы көп ырахат алып,көп нерселерге кызыга баштайт. Жашоонун кереметин жана өзүбүздү тааныйбыз. Окуган сайын түшүнүгүбүз жогорулап, жаман сапаттарыбыздан арылып, ийгиликтүү иштерге жетише алабыз. Дайыма жаңы нерселерди окуп үйрөнгөндө организмибиз жана акылыбыз жаш болуп, эс тутумубуз жакшырат.

Эс тутум жана эс тутумду жакшыртууга болобу

адам баласы кайсы куракта болбосун эс тутумун жакшыртууга болот. Адамдын мээси, анын денесиндей эле дайыма машыктырууга муктаж. Активдүү акыл ден соолуктун абалына жараша таасир берет. Адам өзүн жаш сезип,өз курагынан жаш көрүнгөнгө жардам берет.

Мээни терс ойлордон сактап калуунун негизги эрежеси

Алгач, мээни терс ойлордон сактоонун жана өзүңүздү жакшы сезүүнүн жалгыз жолу-ДЕНЕ БОЙДУ, ОМУРТКАНЫ ТҮЗ АЛЫП ЖҮРҮҮ. Терс ойлор, алсыздык, үмүтсүздүк, көңүлсүздүк түз отурбагандан келип чыгып, мээни ой таштандыларына айландырып салат.

Эгер адамдын башы оң жакка кыйшайып калган болсо, келечекте тынчсыздануусу же кайгысы бар болгонун билдирет. Ал эми адамдын башы сол жакка кыйшайып калган болсо жашоодо өтүп кеткен иштери жөнүндө дагы деле унутпаганын билдирет. Эгер башыңыз, денеңиз, ээгиңиз түз болгон болсо, азыркы учурда жакшы экениңизди билдирет.

МЭЭ- ДЕНЕ ТҮЗ БОЛМОЮНЧА РАХАТ БОЛБОЙТ. Ал эми дене,баш түз болгондо:

  • Аң-сезимдин ойлонуу иш кызматын азайтып, терс ойлор сизден тубү менен жоголот. Адамды жаман ойлор үмүтсүздүккө,көңүлсүздүккө туш кылат.

  • Азыр жана ушул жерде бактылуу жашашыбызга жардам берет

  • Кандайдыр р иш жасасак же жасап жатсак ал ишибизди эң жакшы аткарууга түрткү берет.



ЭС ТУТУМДУ ЖАКШЫРТУУЧУ КӨНҮГҮҮЛӨР

  • Оң колун көп колдонгондор сол колуңузду, сологойлор он колуңуз менен иш алып барып көрүңүз.

  • Айлана-чөйрөгө болгон байкоону арттырыңыз жана ар бир жасап жаткан ишиңизге маани бериңиз

  • Жакшы эмоциялар мээнин иштешине демилге туудурат. Сиздин маанайыңыздан мээнин иштеши көз каранды

  • Мээге толук жарамдуу уйку керек

  • Баш катырма,табышмак,логикалык тапшырмаларды чечип табыңыз

  • Классикалык музыкаларды угуңуз

  • Юмор сезимиңизди өстүрүп,өз алдыңызча тамаша ойлоп табыңыз

  • Чет тилдерин үйрөнүңүз

  • Узун сөздөрдү тескерисинен айтыңыз

  • Китепти тез окуганды үйрөнүңүз

  • Музыкалык аспаптарды үйрөнүңүз

  • Адамдардын атын эстеп калыңыз

  • Дайыма сиз билбеген жаңы нерсеге кызыгыңыз жана үйрөнүңүз

Окуп-үйрөнүү сизге бардык чөйрөдө чексиз мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Бир гана окуп-үйрөнүү менен жаркын жана келечеги кең жашоого жете аласыз. Сиз дайыма өзүңүзгө кубаныч алып келген абалда болушуңуз керек. Мына ошондой абалга үзгүлтүксүз окуп үйрөнүү менен гана жете аласыз.

Эгерде дайыма ден соолугум чың болсун десеңиз анда дайыма жаңы жана пайдалуу нерселерге кызыгып окуп үйрөнүңүз. Мындай кызыгуунун өзү эле ар түрдүү ооруларды айыктыра алат.


























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!