СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ббббббббббббббббббббб

Категория: Экология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ббббббббббббббббббббб»

Б. з. ч. VII-VI кылымдарда жашаган байыркы грек философу Фалес Милетский: «Суу - бардык нерселердин башталышы!» - деп аныктама берген экен. Чынында эле, суу Жер шарындагы жашоонун булагы болуп эсептелет. Биздин күнүмдүк турмуштагы эң көп колдонгон нерсе суу болгонуна карабастан, ал тууралуу көптөгөн маалыматтарды биле бербейт экенбиз. Төмөндө ошол биз билбеген бир топ кызыктуу маалыматтарды чогуу карап көрөбүз. Баарыбызга маалым болгондой, суунун химиялык формуласы: H2O. Сынуу көрсөткүчү: n = 1,33.

Суу - жашоонун булагы

Суу табиятта үч абалда кездешет: катуу (муз), суюктук түрүндө (суу) жана газ абалында (суу буусу). Суу бүтүндөй Жер шары үчүн бул үч абалында тең эң керектүү зат. Кыбыр эткен жандыктан баштап өсүмдүк, тоо-ташка чейин суунун үч абалынан көз каранды.

ХIХ кылымда суунун химиялык формуласы ачылган жана ал убакта окумуштуулар суу тууралуу толук маалыматка ээ болдук деп ойлошкон. Ал эми 1932-жылы сенсациялуу ачылыш болгон, башкача айтканда, суунун «оор суу» деп аталган изотобу табылган. Мында суутектин ордунда анын оор изотобу дейтерий болгон. Гаральд Юри жана Эльберт Осборн кадимки суунун курамынан «оор сууну» табышкан. Эки жылдан кийин Эльберт Осборн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Учурда суунун көптөгөн изотобу белгилүү. Ошондой эле, суунун курамына жараша таза суу, деңиз суусу, жамгыр суусу, мөңгү суусу, минералдык суу ж. б. у. с. көптөгөн түрлөрү бар.

Суу Жер шарындагы жандыктар жана өсүмдүктөр үчүн эле эмес, жалпы планетанын жашоо үчүн ыңгайлуу болушуна зор таасирин тийгизет. Алсак, атмосферадагы суу буусу жайында өтө ысып кетүүдөн сактаса, кышында сууктан сактайт. Ал эми океандар көмүр кычкыл газын «жутуп алуу» менен абадагы кычкылтектин деңгээлинин сакталынышына жардам беришет.

Суунун организм менен байланышы

Биздин жашоо эле эмес, организмибиз да суудан толук көз каранды. Алсак: эмбрион - 95 пайыз, жаңы төрөлгөн ымыркайдын организми - 75, чоң адамдыкы жашына жана салмагына жараша 55 пайыздан 78 пайызга чейин, ал эми айрым ткандар - 60 пайыз, БНС - 90 пайыз, сөөктөр - 72 пайыз, булчуңдар - 75 пайыз, мээ - 75 пайыз, ал эми булардын баарын суу жана азык зат менен камсыз кылып турган кандын өзү 90-92 пайыз суудан турат. Ушундан улам, нормалдуу иштеген организм күнүнө чөйрөнүн температурасына жана физикалык активдүүлүгүнө жараша 1-7 литр суу ичет. Ар кыл себеп менен денедеги суунун деңгээли нормалдуу көрсөткүчүнөн 2 пайызга төмөндөсө, адам суусай баштайт, 6-8 пайыз (1-1,5 литр) жоготсо, эстен тануу башталат да, 10 пайыз жоготсо, галлюцинацияга учурайт. Ал эми организмдеги суунун 10-20 пайызга чейин төмөндөшү адамдын жашоосу үчүн коркунуч туудурат. Суу организмдеги бардык биохимиялык реакцияларга түздөн-түз катышат, ошол эле учурда санитардык кызматты да аткарат. Суунун жардамы менен организмдеги зат алмашуунун жана керектелген азыктардын калдыгы тышка чыгарылат. Мына ошондуктан, айрым ооруларга сууну көп ичүү сунушталат. Ал гана эмес, 2000 жыл илгери дабагер Ибн Сина 1000 оорунун 999 адамзат пайдаланган суунун абалына жараша пайда болот деген жыйынтыкка келген. Бүгүнкү күндө да, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсү боюнча, оорунун 80 пайызы сапатсыз сууну пайдалануудан келип чыгат.

Тышкы чөйрөдө

Ал эми тышкы чөйрөдө, мисалы, айыл чарбасында билинбегени менен, кадимки түшүм бышканга чейин өсүмдүктөр зор көлөмдөгү сууну талап кылышат. Мисалы, бир килограмм буудай бышып жетилиши үчүн 2 тонна суу керектелет. Ал эми өндүрүштө болсо 1 тонна көмүр алуу үчүн 5 тонна суу, 1 тонна нефть өндүрүү үчүн 30 тоннага чейин суу керектелет. Мына ошондуктан, А. П. Карпинский сууну «эң баалуу кен» деп туура баа лаган. Негизи, Жер шарынын 70 пайызын суу каптап турат. Дүйнөлүк океанда суу запасынын 97 пайызы сакталат. Мындан тышкары, аба катмары да суу буусуна каныккан. Жер үстүндөгү ар бир чарчы километр жерде, болжол менен, 20 тонна суу буу түрүндө учуп жүрөт. Ушундан улам, биздин планетаны Жер эмес, Суу планетасы деп койсо туура болчудай.

Суунун өзгөчөлүгү

Башка суюктуктардан айырмаланып, суу көптөгөн өзгөчө касиеттерге ээ.

1. Алгач анын эритүүчүлүк касиетине токтололу: суу жаратылышта универсалдуу эриткич болуп эсептелет. Алсак, өзү эриткен заттардын химиялык курамын өзгөртпөйт жана өзүнүн курамын да ошол бойдон сактайт. Мисалы, деңиз суусунун курамында Менделеевдин таблицасындагы элементтердин 70ке жакыны кездешет.

2. Суу жакшы эриткич болгондуктан, курамында дайыма ар кандай кошулмалар, туздар, башкача айтканда, оң жана терс заряддалган иондор да болот жана алар суунун электр тогун өткөрүмдүүлүгүн күчөтөт. Практикада суунун электр тогун өткөрүмдүүлүгүнө жараша андагы кошулмалардын деңгээлин, тактап айтканда, суунун тазалыгын аныкташат.

3. Суу башка суюктуктарга салыштырмалуу өтө жогорку беттик тартылуу күчүнө ээ, башкача айтканда, сымаптан кийинки орунда турат. Анын бул кубулушун табигатта көп жерден кезиктирүүгө болот. Мисалы, капиллярдык кубулуштун натыйжасында тамырдан алынган суу дарактын бийик чокусуна чейин жетип турат, ал эми адамдардын жана жаныбарлардын организминдеги курамы 90-92 пайыз суу болгон кан жана лимфа ушул эле кубулуштун натыйжасында бүткүл денени айланып жүрөт.

4. Суу табигаттагы жылуулук алмаштыруучу зат катары да зор мааниге ээ. Жылуу мезгилде деңиз, океандар өтө зор өлчөмдөгү күн энергиясын алганына карабастан, муздак бойдон калышат. Бирок, аба муздай баштаганда, деңиз тараптан кургактыкка жылуу аба агымы жүрөт. Мындай абал көпчүлүк учурда Жер шарындагы аба ырайынын өзгөрүп турушуна өз таасирин тийгизет.

5. Ысытканда суюктуктардын көлөмү чоңоюп, тыгыздыгы кичирейет, муздаганда, тескерисинче, тыгыздыгы чоңоюп, көлөмү кичирейери - мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул - табият мыйзамы. Бирок, суу бул мыйзамга толук баш ийбейт. Суу 4оС температурада жогорку тыгыздыкка ээ болот. Мындан ысык же муздак болгондо, анын тыгыздыгы да төмөн болот. Суунун мына ушул өзгөчөлүгү көлмөлөрдөн баштап деңиздерге чейин суукта түбүнө чейин тоңуп калышынан сактайт. Мисалга көлмөнүн суусун карап көрөлү: алгач суунун үстүнкү катмары муздайт да, муздак суу оор болуп түбүнө түшөт. Ал эми астындагы жылуу суу жеңил болуп, жогору чыгат. Бул кубулуш жалпы температура 4оСге жеткенде токтойт. Себеби, суунун үстүнкү катмары андан муздак боло баштайт да, тыгыздыгы азая баштайт. Ошентип, 0оСде суу тоңот, башкача айтканда, музга айланып, көлөмү чоңоюп, көлмөнүн бетин каптап калат да, астынкы катмардын андан ары муздашын токтотот. Суунун бул касиети суу астында жашаган жандыктардын жана өсүмдүктөрдүн кышында тоңуп калбай, өз жашоосун уланта берүүсүнө шарт түзөт. Бул да болсо Улуу Жаратуучунун табигатты эч кынтыксыз, кемчиликсиз жараткандыгынын бир далили.

6. Газдардын жана суунун түсү болбой тургандыгын ким билбейт. А бирок, «көк мелжиген асман» же «көгөргөн көлдүн үстүндө» деп айтуу менен биз көк түстү аба менен сууга таандык кылып келебиз. Ошондой эле, асман көк түстө, ал эми деңиз суулары аны чагылдырат деп божомолдойбуз. Бирок, абада болгон кычкылтек, азот, көмүр кычкыл газы сыяктуу газдар деңиз сууларында да бар. Бул өзгөчө кубулуштун сыры деңиз суусунун молекуласынын нурларды сиңирип алуу жана чагылдыруу өзгөчөлүгүндө. Күндүн түссүз нуру да негизинен 7 түстү өзүнө камтыйт. Деңиз суусунун молекулалары күндүн нурунан башка түстүн баарын жутуп алып, көк түстү гана чагылдырат. Ал эми атмосферада суунун молекуласы мол болгондуктан, ушул эле кубулуш аба катмарында да байкалат. Чынында эле, көзүбүзгө көрүнбөгөн жана эч кандай зыян бербегени менен, табигаттын көркүнө көрк кошкон «түссүз» түстөрдүн кубулушу - сууга ыйгарылган дагы бир касиет.

Суу тууралуу кызыктуу маалыматтар

- СИ (Эл аралык система) системасында телонун массасын өлчөөчү бирдик катары жогорку тыгыздыктагы, башкача айтканда, 4оС температурадагы 1см3 химиялык жактан таза болгон суунун массасы кабыл алынган.

- Жылуулук өлчөөчү бирдик катары 1 килограмм химиялык жактан таза сууну 1оС ге ысытуу үчүн керектелген жылуулук өлчөмү, башкача айтканда, калория кабыл алынган.

- Ал эми ошол эле температура СИ системасына шведдик окумуштуу Андерс Цельсий тарабынан 1742-жылы сунушталган. Температуралык шкаланын көрсөткүчү да кадимки эле суунун бир абалынан экинчи абалга өтүшүнө негизделген. Башкача айтканда, шкаланын төмөнкү чеги суу тоңгон 0оСге туура келсе, жогорку чеги кайноо температурасы болгон 100оСге туура келет.

- Эгер уюлдарды ээлеп жаткан муздар эрисе суу Жер бетинен 64м бийиктикке чыкмак да, кургактыктын 1/8и суу астында калмак.

- Деңиз суусу кадимки абалында туздуулугу 35 пайыз болот да, -1,91оС температурада тоңот.

- Суу күн нурунун 5 пайызын, кар 85 пайызын, ал эми муз 98 пайызын чагылдырып турат.

- Суунун тоңушу да, муздун эриши да бир эле температурада, башкача айтканда, 0оСде ишке ашат.

- Суунун кайноо температурасы нормалдуу басым болгондо, башкача айтканда, 760 мм сым. мам. (сымап мамычасы) болгондо гана 100°Сге туура келет. Эгер басым төмөн болсо, кайноо температурасы да төмөндөйт. Мисалы, атмосфералык басым 525 мм сым. мам. болгон 2900 метр бийиктикте кайноо температурасы 90°С болот.

Ошентип, күнүмдүк тиричиликте кеңири колдонгон суунун көптөгөн сырлары бизге дагы эле болсо сырдуу экенин көрдүк. Чынында эле, адам баласы табигаттын сырларын канчалык жакшы түшүнгөн сайын, ошончолук терең түшүнө турган көп сыр бар экенине күбө болууда.


Суунун
дарылык касиеттери
Биздин организмибиздин 2/3 бөлүгү суудан турат. Күн сайын дем алуубузга эле 2-3 стакан суу өзүнөн-өзү сарпталып жок болот. Ден соолуктун чың болушу жана теринин эрте картайбашы үчүн окумуштуулар ар бир адамга күн сайын 6-8 стакан суу ичип турууну сунушташат. Эмесе, бүгүн суу тууралуу сөз кылмакчыбыз.


Дарылыгы
Заманбап жашоодо сууну эртең менен эрте туруп ачкарын ичсе дарычылыгы болору көпчүлүккө белгилүү. Суунун дарылык касиети бар экендиги илимий изилдөөдө да далилденди. Белгилүү болгондой, суу менен дарылануу ыкмасы аркылуу төмөнкү ооруларды айыктырууга болот жана изилдөөчүлөр менен медицина кызматкерлери буга 100% кепилдик беришет:
Баш оору
Муундун сыздап оорушу
Жүрөк оорулары
Артрит
Талма оорусу (эпилепсия)
Бронхиалдык астма
Менингит
Бөйрөк оорулары
Гастрит
Геморрой
Кант диабети
Ичтин катышы
Артрит
Көз, кулак, тамак, мурун оорулары
Жатын оорулары
Кусуу
Бул ооруларды айыктыруу үчүн суу менен төмөнкүдөй ыкмада дарылануу кажет:
Эртең менен ойгонор замат 4-5 стакан сууну (ар бирин 160 граммдан) тишти жуубай туруп ачкарын ичиңиз.
Андан кийин тишти жууңуз. Бирок 45 мүнөткө чейин эч нерсе ичип-жебеңиз.
45 мүнөттөн соң кадимкидей тамактаныңыз.
Эртең менен, түштө, кечинде ар бир жолу тамактанып бүткөндөн кийин 2 саатка чейин эч нерсе ичип-жегенге болбойт.
Карылар, оорукчандар, кыскасы, 4 стакан сууну бир ичип жибере албагандар алгач азыраактан ичип, акырындык менен көнүп баштаса болот.
Берилген ыкманы туура жана көрсөтүлгөндөй ар дайым колдоно берүү керек. Бир жумадан кийин, же бир нече күндөн кийин таштап койсоңуз эч натыйжасы болбойт. Анткени, ар бир оору белгилүү убакыттын ичинде гана айыга баштайт. Мисалы, жогору көтөрүлгөн кан басым оорусу 30 күндө, гастрит менен ич катуу 10 күндө, рак 6-7 айда...
Бул ыкма организмге эч кандай терс таасирин тийгизбейт. Жакшысы, суу менен дарылануу ыкмасын айыккандан кийин деле колдоно бериңиз. Алтургай жеке жашооңуздагы бузулгус эрежеге айлантып коюңуз. Эске алуучу нерсе, эгерде ар кандай оорулардан алыс болууну кааласаңыз, эч качан муздак сууну тамак менен бирге ичпеңиз.
Пайдасы
Арыктагыңыз келсе...
Сиз өзүңүздү ачка сезген учурларда, чындыгында, ачка эмес, суусап жаткан болушуңуз да ыктымал. Бирок сиз аны сезбестен, "ачкамын" деп ойлоп тамактанасыз. Ошондуктан, алгач суу гана ичиңиз. Эгерде ачкалык өтүп кетсе, демек, чын эле суусап жаткансыз. Бул ыкма арыктагысы келгендер үчүн жакшы. Анткени, суу ичип курсагы ачканын сезбей калат да, тамакты аз иче баштайт.
Тери жаш, сулуу болуш үчүн...
Сууну күн сайын жетиштүү ичүү терини дайыма суу менен камсыздап, анын серпилгичтигин жоготпойт. Демек, бырыш эрте түшпөйт. Суу организмдеги ар кандай уулуу заттарды (токсиндер) айдап чыгарат. Ал эми суу жетишпесе, дал ошол уулуу заттар организмге чогула берет да, акырында алар тери аркылуу чыгууга аракет кылышат. Мунун натыйжасы безеткиге, экземага алып келет.
Ашыкча терчил
болгуңуз келбесе...
Айрыкча жайкысын адам көп тердей баштайт. Муздак суу организмдеги температураны түшүрүп, кандын коюулугун өз нормасында кармап турат. Ошол себептүү, көп тердебей каласыз.
Бөйрөгүңүздө таш
пайда болуусун каалабасаңыз...
Күн сайын 2 литр суу ичүү бөйрөгүңүздү таштын пайда болуусунан сактайт. Себеби, суу организмде чогулган зыяндуу минералдарды жана туздарды эритип жиберүүгө жана заара менен айдап чыгууга жөндөмдүү.
Иммунитетиңиз начарласа...
Анда сууну көп ичиңиз. Суу организмдеги иммунитетти бир калыпта кармап турат. Сууну аз ичкен адамдын иммунитети түшүп, организми ооруларды тез кабылдайт.
Белиңиз ооруса...
Көп отуруп иштеген адамдын далысы, бели ооруйт. Муну сууну көп ичүү менен жок кылса болот. Анткени, омурткалардын ортосунда суу көп. Дал ошол суунун жетишсиздиги да андагы ооруну пайда кылат.
Кээ бир түрлөрү
Булактын, тоонун суусу. Булактын суусунда минералдык заттар бар. Ал эми тоо суусу канчалык таштан-ташка урунуп, шаркырап тез акса, анын пайдалуулугу да ошончо көбөйөт. Мындай суунун курамындагы пайдалуу минералдык заттар башка сууларга караганда 64 эсеге көп!
Бөтөлкөдөгү суу. Учурда бөтөлкөдө сатылган суулар көп. Жакында канадалык окумуштуулар дал ушул бөтөлкөдөгү суунун курамында зыяндуу бактериялар көп болорун далилдеп чыгышты. Бөтөлкөдө сатылган сууну ичүү айрыкча иммунитети төмөнүрөөк жаш балдарга, кары-картаңдарга, кош бойлууларга зыяндуу. Ал гормондордун иштешин бузуп, жүрөк, кант диабети ооруларын, эркектерде жыныстык жактан проблемаларды пайда кылат.
Крандын суусу. Эң зыяндуу! Курамындагы хлор коркунучтуу уу болуп эсептелет. Ал бир эле убакта суудагы зыяндуу бактерияларды эле эмес, организмге пайдалуу нерселердин баарын жок кылат. Крандын суусун тазалоо максатында кошулуучу хлор жана башка химиялык кошулмалар адамдын организминен дароо чыгып кетпейт, тескерисинче, көпкө сакталат. Бул жүрөк жана ар кандай онкологиялык ооруларды пайда кылат. Жер астындагы суулар жана дары барактар

Өтүү: багыттоо, издөө

Кыргызстан жер астындагы сууларга бай. Алар жерастындагы тузсуз суулар жана минералдуу суулар деп ажыратылат. Республикада дары-баткак чыккан жерлер да көп.

Тектоникалык кыймылдын натыйжасында Кыргызстандын аймагында тоо аралык өрөөндөр жана тоолор пайда болгон. Өрөөндөр начар камдашкан жана борпоң тоотектерге толгон, ал эми протерозой жана палеозой тоотектеринен түзүлгөн тоолор ургаал бузулууларга дуушарланып, ар түрдүү өлчөмдөгү жаракалар менен тилмеленген. Жаракалар зоналарында топтолгон жерастындагы суулар булак түрүндө жер бетине чыгат. Кыргызстандагы жерастындагы суунун негизги (басымдуу) ресурсу өрөөндөрдө топтолгон. Мындагы суулар негизинен жер үстүндөгү суулардын фильтрациясынан топтолот жана толукталат (башка кен байлыктарга караганда жерастындагы суу запасынын толукталып турушу менен айырмаланат, бирок ресурсунун көлөмү чечүүчү ролдо болот). Тооаралык ири өрөөндөр жайгашкан Кыргызстандын түндүк аймагы жер астындагы сууга салыштырмалуу бай, ал эми жерастындагы суунун топтолушуна ыңгайлуу шарт азыраак болгон Фергана артезиан бассейнинин чет-жакасында орун алган республиканын түштүк аймактарында жерастындагы суунун запасы азыраак.

Жерастындагы тузсуз суулар калк орношкон жайларды суу менен камсыз кылууда, айыл чарба жерлерин сугарууда ж. б. тиричиликте жана өндүрүштө мааниси зор.

Жерастындагы тузсуз суулар. Азыркыга чейин Кыргызстанда жерастындагы тузсуз суулардын 40тан ашуун кени чалгындалып, 20сы чарбачылыкка жана ичүүгө, калгандары сугат үчүн пайдаланууга жарактуу экендиги аныкталган.

Минералдуу суулар. Түрк тилинде сүйлөгөн элдерде дарылык касиети бар сууларды «арашан» же «арасан» суулары деп аташат. Алар көптөгөн табигый суулардын температурасы жана курамындагы газдары менен айырмаланат. Кыргыздар байыртадан эле минералдуу сууларды дарылык максатта колдонуп келген.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!